email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак






  Тышкы дипломатиянын чебери, ичке да дипломат болууга тийиш

Жакшы башчы үйдө айкөл, жоого чеп,
Жаман башчы жоодо алсыз, үйгө бек
Казак президенти Американын алдында алсыз, Кытайдын алдында алсыз экен. Американын алдында алсыздыгынан "американец" деген сыяктуу, "казакстанец" деген улутту киргизем деп "Эл бирлиги" деген мыйзамды өткөрүүгө аябай жан үрөдү. Кытайдын алдында алсыздыгын далилдеп миң гектар жерди Кытайдын карамагына берүүгө дилгирленди. Бирок, казак президенти Нурсултан Назарбаев Американын алдында, Кытайдын алдында алсыздыгынан мурун да казак интеллигенциясынын алдында да алсыз экен, казак интеллигенциясынын, казак оппозициясынын кысымы алдында "Эл бирлиги" мыйзамын да өткөргөн жок, миң гектар жерди Кытайга да берген жок.
Биздин бийликтин алдында да ошондой маселе турат. Россиянын Камбар-Атага бөлүнгөн 1миллиард 700 миллионун алыш үчүн АКШнын алдында тизе бүкпөө керек, Кытайга жер бербөө керек. Биздикилер ошол маселени чече алышпай, транзиттик деп атын өзгөрткөнү менен АКШнын алдында алсыздыгын далилдөөдө, ошол эле учурда АКШ базасын кетире албай Россияга жаман көрүнүп, Россиядан кредит алам деп АКШга жаман көрүнүп, айла кеткенде минтип Кытайга атайын делегация жөнөтүп, АКШдан, Россиядан таба албай жаткан пайданы Кытайдан өндүргүсү келишүүдө. Бирок, Кытайдын, АКШнын, Россиянын алдында алсыз болгон бийлик негедир өз оппозициясына келгенде эле баатыр болуп, камачусун камап, оозун басчусун басып жатат. Эгер биздин бийлик оппозицияга баатыр болгондой башкаларга да баатыр болсо, кош колдоп тирек болгонго даярбыз. Анда, Кытайга да баатыр болсун, Россияга да баатыр болсун. Эгер боло албаса, "үйдө баатыр, жоодо жок" болбой, өз үйүндө да компромистүү саясат жүргүзүү керек да.




  Теңир баарын көрүп турат

Гаитидеги жер титирөөдөн курман болгондордун саны жүз миңден ашышы мүмкүн

Кийинки кездери бул өлкөдө бул өлкөдө кара магия аябай күч алып, адамдардын ишенимдерине туура келбеген иштер көбөйүп кеткен дешет. Ошондуктан ушундай жаратылыш кырсыктары менен өз жазасын тартып жатышат дегендер да четтен чыгат. Мындан бир нече жыл мурун Индонезияда болгон цунами да бир нече миңдеген адамдардын өмүрүн алган. Деңиз жээктерине жакын жайгашкан курорттук аймактар адам баласынын ыплас иш-аракеттерине жык толгон деген маалыматтар да тараган. Адамдар өз колдору менен жасаган ишин ушинтип жаратылыш да жазалады деген маалыматтар да чыкканы ырас.