Кыргыз гезиттер архиви

  сандан-санга

ЧиполЛинонун
укмуштуу
окуялары
Каармандар:
Ак сөөктөр:
Барон Апельсин
Графинья Алчалар
Синьор Помидор
Мистер Сабиз
Аскер Лимондор
Граф Бала Алча

"Кара сөөктөр":
Ашкабак абышка
Ашкабак кемпир
Өтүкчү Жүзүм
Пияз Чиполлето
Пияз Чиполлино
Скрипкачы Алмурут
Кыз Бүлдүркөн


Конкурс!!!
Сериалдагы башкы каармандардын бүгүнкү биздин күндөгү прототибин аныктоо боюнча окурмандар арасында конкурс жарыялайбыз. Кааласаңыз атыңызды өзгөртүп айтсаңыз да болот. Бизге бир гана кайсы бийликчини эл кайсы жашылча - жемиштин образында кабыл алаары кызык. Каармандын так үстүнөн түшкөн прототипти көрсөткөн окурман "Кыргыз Рухунун" көңүл көтөрөр байгесине ээ болот. Анда эмесе, бүгүндөн баштап 66-45-42, 66-25-05 телефондору сиздер үчүн.
СМСтерге 0773 430317,электрондук дарек gulmairam82@mail.ru

Бул сериалды түшүнүү үчүн италиялык жазуучу Жанни Родаринин "Чиполлинонун укмуштуу окуялары" китебин окуп чыгууңузга туура келет. Бир канча жыл илгери жазылып, чыгарманын негизинде мультфильм, көркөм тасма тартылса да, андагы каармандар бүгүнкү Кыргызстандын элесин чагылдырып тургандай сезилгендиктен, каармандарды кыргыздарга айлантып койдук. Окшоштугун ушундан билиңиз, атын кыргызчага гана айлантып койсок, жашылча - жемиштер жөнүндөгү сюжет менен бүгүнкү биздин жашоо дал келишип калат экен.


Графинья Алчалар башкача айтканда замоктогу байлык ээлери баягыдай эле байлыктарына манчыркап жашоодо. Улуу графинья өзүнүн жакыны барон Апельсиндин кичүү графиньянын жакыны граф Мандаринге караганда сөөлөттүү, чоң байлыкка жана бийликке эгедер экенин айтып боюн көтөрүүсү андан ары күчөдү. Себеби, тамакты өтө жакшы көргөн барон Апельсиндин курсагы барган сайын чоңоюп, таптакыр эле басууга мүмкүн болбой калды. Андыктан анын курсагын атайын арабага салып сүйрөп жүрүүчү Маш буурчактын кызматын чоңойтушуп, аны эми замоктун карамагынан барон Апельсинге түзмө-түз карай турган кызматка көтөрүштү. Эми ал барон Апельсиндин курсагын замоктун ичинде эле ары-бери сүйрөбөй чет мамлекетке чейин сүйрөп жүрө турган болду.
Принц Лимондун графинья алчалар менен сейилдеп келгендиги жөнүндө китепте жазылганды жакшы билсеңиздер керек. Анда принц Лимон аскер Лимончиктерди замбирекке салып ок кылып атып ойногон эле. Ага синьор Помидор: "минте берсеңиз аскерлериңиз азайып, бат эле бийлигиңиз алдан-күчтөн тайып калышы мүмкүн" - деген эле. Аны принц көп таназар алган жок. Чындыгында ок менен ойноо ага жага турган. Бирок, чоң кызматты аркалап, замокту башкаруу ага ишенилип жаткан соң бир аз токтолууга туура келмек. Барон Апельсин курсагын көтөртүп саякаттагандан башкага жарабай калгандан кийин замоктун тагдырын принц токтоолук, акылдуулук менен жүргүзүүнү мезгил өзү талап кылып турган. Өтө эле курсагы чоңоюп, эзилип бышкан Апельсинден көрө жаш Лимон ачуу болсо да мамлекетти көтөрөт деген ишенимдеги кишилердин колдоосуна мындан ары да тереңирээк кирүү үчүн ал ачуулугун, ок менен ойногон балалыгын таштап, балдан таттуу, мандаринден ширин, көсөмдүүлүгү токсондогу карыдан жогору болгондой көрүнсө болмок. Бирок, лимон деген лимон да, кычкыл заарын убактылуу токтото турууну да каалабагандай. Андыктан ал кайра менден коркушсун, барон Апельсиндин таттуу даамына көнүп алгандар эми менин кычкыл заарыман коркуп турушсун деген көз карашын токтотподу. Замоктогу аскер Лимончиктерди аябаган принц Лимон эми кыштактыктарды да кокуйлатканын улантып эки каардуу өкүм чыгарып жиберди.
Биринчиси, тезинен Чиполлинонун планын бузуп анын досун өлтүрүү керек. Бул үчүн из кубар мистер Сабизиге тапшырма берилди.
Экинчиси, синьор Помидор тезинен юрист Буурчакты таап, Өтүкчү Жүзүмдү камакка алуусу керек. Ал миң аяктууларга өтүк тигип берүүчү болсо, анда алар замокту талкалап тебелеп кетет. Буга чейин скрипкачы Алмурут камалган болуучу. Бирок, ал өтө эле интеллигент, скрипкасы алмуруттан жасалып өтө ширин болгондуктан анын түрмөдө отурганы чычкандарга эле таттуу тамак болуп бербесе, бийликтегилерге көп деле пайдалуу боло койгон жок. Чөпкө зыяны жок бул скрипкачы таттуу Алмурутту камагандан көрө ачуу Чиполлинону камоо керектигин синьор Помидор айтып эле жүрөт. Бирок азырынча өтүкчү Жүзүмдү камоо керек деп чечти принц Лимон. Анан да кыштактагылар өзү эмес шибегесинен коркуп туруучу өтүкчү Жүзүмдү камоо аркылуу башка кыштактагыларды да коркутуп коюу керек эмеспи.
Эки тапшырма тең аткарылды. Өтүкчү Жүзүмдү камакка алышты. Камакка кетип жатканда шибегесин дагы алып коюшту. Өмүр бою иштеп жүрүп шибегенин мыктысына ээ болду эле, шибеге эле керек болсо, алгыла деп Жүзүм аны сот залында өз эрки менен берди эле, коргоочу "мындай алтын шибегени кармаганга Буурчак татыктуу эмес" деп өзү алып койду.
Эми Чиполлинонун досун өлтүрүүгө жалдап келишкен мистер Сабизи жөнүндө буга чейин айтыла элек элек, аны окурмандарга китепте кандай болсо ошондой кылып тааныштыралы. Мистер Сабизи ак сарайга Момолойлорго Ак сарай, түрмөгө чейин ор каздырган Чиполлинону издөө үчүн даярдалган из кубар эле. Мистер Сабизи келе элегинде эле, анын кийим-кечеси кандай, мурутунун иреңи кандай экени жөнүндө эч нерсе айта албаймын, анткени, ал кызгылтым-сары, арык, мистер Сабизи муруту жок адам. Анын Ал-Карма деген ити бар. Жабдыктарынын баарын ошол ити көтөрүп жүрөт. Мистер Сабизи өзү менен кошо толуп жаткан дүрбү менен турнабайын, жүздөгөн компасын, ондогон фотоаппаратын алмайынча жолго чыкпайт. Андан башка да микроскобун, көпөлөк салчу торун, туз салган баштыгын ала жүрөт. Мистер Сабизи кылмышкердин куйругуна туз сээп кармай турганы жөнүндө айтканда принц Лимон:
- Бул жолу сизге туздун кереги болбойт. Качкындын куйругу жок болсо керек эле…
- Анда иш абдан чатак, - деп сурдана түштү мистер Сабизи. Эгер алардын куйругу жок болсо кантип кармоого болот. Жок болгон күндө да качарда куйрук тагып коюш керек эле . - Качкындардын куйругуна туз сеппей эле кармаганды мен кинодон көргөнмүн деди чоң улук
- Ал эскирген система, - деп кыжырдана жек көрүп каршы чыкты мистер Сабизи
- Факт, факт! Э-эң бир, э-эң бир эскирген система, - деп коштоду ити.
Акыры мистер Сабизи качкынды кармаганга макул болуп замокко түнөп калды. Уктарда керебетин издемекчи болду. Жөнөкөй көз менен ар ким эле керебетин таба алат. Мен жөнөкөй адам эмес, дасыккан из кубармын, мен керебетти жөнөкөй жол менен эмес, атайын аспаптардын жардамы менен табышым керек деген мистер Сабизи адегенде компасты алды. Компастын багыты ар дайым түндүктү көрсөтүп турат эмеспи. Мистер Сабизи түндүккө көздөй басам деп күзгүнү сүзүп алды. Күзгү жерге чачырап түшүп, итинин куйругун кесип кетти.
- Башка жол издеш керек, балким, башка жолдо күзгүлөр жоктур,- деп ити үрүп калды.
Мистер Сабизи компасын таштады да, деңиз үстүндө карай турган чоң турнабайынын бирин колуна алды.Аны көзүнө койду да, оңго жана солго да айландырып карай баштады.
- Эмнени көрүп атасыз, кожоюнум? - деп сурады ити.
- Терезени көрүп атам. Ал жабык экен, кызыл парда тартылыптыр, ар бир рамага түрдүү түстөгү он төрт айнектен коюлуптур.
Металлдан жасалган бир курулушту көрүп атам. Абдан сонун жасалган экен. Үч буту, анын үстүндө бекитилген алкагы бар окшойт, анын үстүнө ак чатыр турат, ал дагы эмалданган болуу керек.
Ээси менен ити үстүндө ак чатыры бар жанагы металлдан жасалган курулушту көздөй боору менен жылып жөнөштү. Он кадамча жылган соң, экөө жанакы сырдуу курулушка жетти да, анын астынан кысылып өтүп атканда, үстүндөгү эмалданган ак чаты көмкөрүлүп калды.
Экөө эс-учун жыйып алгыча, үстүнө кара нөшөр жамгыр куюп жибергендей боло түштү.
Аңдуучу жана анын ити дагы бир балакети болбосун деп, селдейген бойдон орундарында катып калышты.
- Биз жөн эле кол жуугучтун үстүндөгү эмалдуу чылапчынды кулатып жиберген окшойбуз,- деди мистер Сабизи.
- Мен ойлойм, ошол чылапчында эртең менен жууна турган э-эң бир толтура суу болуу керек, - деп кошумчалады ити.
Мына ошондо мистер Сабизи ойдо жок душтан кийин ордунан туруп, силкине баштады. Жолдош ити да ээсин туурап силкинди. Ошондон кийин аңдуучу керебетин оңой эле тапты.Ал эки эле кадам жерде экен.
Мистер Сабизи Ал-карма итин, дагы бир жөкөрүн ээрчитип алып Чиполлинонун досун коңшу мамлекеттен издеп жөнөдү. Көп өтпөй эле Чиполлинонун досу коңшу мамлекетте өлтүрүлүп, алтынчы кабаттан ыргытылып жиберилгени дайын болду. Мистер Сабизи тапшырманы аткардым деп принц Лимонго доклад кылганга чейин эле анын коңшу замоктун полицайлары кармап алышты. А түгүл коңшу мамлекеттин полицайлары киши өлтүрүүгө шектелгендер жөн адам эмес, атайын из кубар деген документи бар адамдар экенин айгине кылып, телекөрсөтүүсү аркылуу ашкере кылып жиберишти. Тапшырманы так аткарбай башка мамлекеттин из кубарларынан изин жашыра албаган мистер Сабизиге принц Лимон абдан катуу капа болду. Өз керебетин таба албаган мистер Сабизини мындай жооптуу ишке жибергенине өкүндү. Өзүнө окшоп сары сабиз деп ишендиришкен да. Көрсө сары сабиз эмес, барон Апельсинге окшогон кызгылтым -сары былжырак сабиз тура, - деп ойлоду өзүнчө. Ушу "оранжевыйлардыкы" өттү деди сапсары Лимон. Буларды кызыл же сарысын ажыраткыча ушинтип кыйналасың. Мындан кийин "оранжевыйларды" таптакыр жок кылбасам элеби. Мага жалаң сапсарылар гана керек, ыргылжың болгондорду ыргытам деп катуу каарданды. Өзү "оранжевыйлардын" революциясынын арты менен бийликке келген барон Апельсиндин бийлигине али толук отура элегин да ойлоп койгон жок. Оюнда сарыларга катуу ишенип турган.