п»ї

  Саясат

Жутунуп чиновниктер жеп турушкан,
Чалынып журналисттер кеп курушкан.
Оо, өлкөм качкым келет бир өзүңдөн,
Каякка таппай турам… Бектуруштан.

"Жашагым келбейт сенде, КЫРГЫЗСТАН"

Бийликке каршы чыккан саясатчылар бийликке таарынышса Таласка барбай эле, журналисттерге барар эле. Бийликке каршы жазган журналисттер бийликке таарынышса Таласка барбай эле, бийликке каршы чыккан саясатчыларга барар эле. Өткөн жыл баарын теңирден тескери кылып койду. Садыркуловдун өлүмүнөн кийин бийликке каршы чыккан саясатчылардын кокосуна бычактын мизи кадалып тургандай сезилди. Павлюктун өлүмүнөн кийин бийликке каршы жазган журналисттердин кокосуна бычактын мизин такап койгондой сезилди. Оо кудай, баарыбыз тең катындарыбыздын дамбалына башыбызды катып алсак, акыйкатты ким айтат, чындыкты ким айтат??

Иван Грозный жана "шуттар"
Каршы чыккандарын тирүүлөй аюуга салып берип жана ит көрбөгөн кордукту көрсөткөн Иван Грозныйга деле "шут" акыйкатты бетке айтып койчу турбайбы. Канчалык акыйкат оор болбосун "шуттун" сөзү "шутка" аталбасын, бирок чындык деген сандыкка катылып калган эмес да. А биздин чындыкты айтууга жүрөгүбүз даабай турат. Калдайган Ак үйдүн "эки тизгин, бир чылбырын" колуна мыкчып кармаган, кыргыз менен казакка кадыр-баркы өткөн "эти казак, сөөгү кыргыз" Медет Чакановичтин өлүмү табышмак бойдон калды. Бул орусча айтканда өтө "громкий" окуя болду. "Жабылуу аяк, жабылуу бойдон калмак беле ", Садыркуловко удаа эле биздин мамлекетибизде экинчи "громкий" окуя, таламандын тал түшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ак жол" фракциясынын мүчөсү Санжар Кадыралиевди ит аткандай атып кетишти. Калайык-калктын төбө чачы тик турду. Эл оозунда аңыз сөздөр башталды, бул эки "громкий убийствонун" ортосунда байланыш барбы деген.
"Ак жол" канча бала тууйт?
"Скорпиондор" кудайдын каргышына калган жандыктар болсо керек. Башка жандыктар балдарын тууп, төрөп туруп ак сүтүн берип багып өстүрөт. Бир гана "скорпиондор" энесинин жатынында жатып, жатынын кардына кошуп, энесинин ичин жарып жеп жарык дүйнөгө келишет. "Ак жол" партиясы да кош бойлуу болуп калды деп угуп атабыз. УЗИге барып көрүнсө "скорпиондой" болуп жатынына кошуп кардын жеп, жарык дүйнөгө келүүгө эки наристе партия даярданып жаткан имиш. Бирөөнүн ысымын төрөлө электе эле коюп коюшуптур. Анын ысымы "Салым" болот дегендей. Бул Салымбековдун атынан уламбы, же Саалы аксакалдын атынан уламбы, ким билет? Ал эми экинчи партиянын аты, балким...
Кыргыз тилдин кимге кереги бар?
Чын эле кыргыздарга кереги жок кыргыз тилинин кимге кереги бар? Өткөн жылы кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп кабыл алынышынын жыйырма жылдык мааракесин белгиледик. Кыргыз тили мамлекеттик тил болгонуна жыйырма жыл өттү, андан эмне өзгөрүлдү? XIX кылымда Россия империясынын жогорку чөйрөсүндө француз тили кеңири тарап, аристократтар, жогорку деңгээлдеги чиновниктер, падышанын айлана-тегереги бири-бири менен француз тилинде гана сүйлөшүп калган. Ал эми орус тили "мужуктардын" гана тилине айланып калган. Орус тилине жаны ачыган интеллигенция, орус тилинин тебеленип-тепселип калганына жаны ачышып, айгай салып кыйкырышкан. Алардын кыйкырыгын жогорку чөйрө тоготуп да койгон эмес. Пушкин, Лермонтов, Толстой, Тургенев жана башкалар француз тилинин чөйрөсүндө чоңоюшса да, орус тилинде жазышып, орус тилин бир тепкичке жогору көтөрүп коюшкан.Орус тилинин жүзүн Улуу Октябрь революциясы ачкан. Батрак, кедей-кембагалдардын француз тилин түшүнбөгөн балдары орус тилине кенен жол ачып беришти. Арийне, азыр деле орус тилин англис тили сүрүп баратат, бул эми Россиянын жеке иши деңизчи, а биздечи?
Кыргыз тилинин сүйлөө деңгээли XIX кылымдагы орус тилинин деңгээлине түшүп, кедей-кембагалдардын тилине айланды. Тилге анча-мынча болсо да көз салып турган тил комиссиясы, "опальный" төрагасы Ташбоо Жумагулов менен "архивге" кетти.
Эми Ташбоого окшогон эли үчүн таш жүрөк адамдар "архаизмге" айланса айлана берсин. Себеби электрэнергиясы кымбаттаганын кандай кабыл алдыңыз десе, Ташбоо акең, менин акчам жетет, башкалар эмне болсо ошол болсун, мен өкмөт айткандарын чын жүрөктөн колдойм дейт да. Ушундай кошоматчы адамдар тилибизге кожоюн болуп турса, кыргыз тилине баракелде дегенден башка айла жок!
Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр, Путин күйөө балабызды неге сыйлай албай койдук?
Биздин кыргыздагы Кабай аксакалдын небересин орустун "царь-батюшкасы" Улуу Владимир еврей канышасын кетирип, жубайлыкка алды дегенди угуп сүйүнүп да калдык эле. Анын үстүнө Владимир Владимирович "кол бала президенти" менен кеңештиби, кеңешкен жокпу, жубайы Алина Кабаеванын "ачуу басарына" 300 миллион доллар, "жеңкетайына" 150 миллион доллар кыргыз элине берип, эми Кыргызстанга 1 миллиард 700 миллион доллар "калың" берем деген сөз оозунан чыгып кеткен. Алинанын "ачуу басарына" келген 300 млн доллар, "жеңкетайына " келген 150 млн доллар жаамы кыргыз журтуна жетпей, кимдин оозуна куюлду ким билет? Бирок, аны "кылт эткенден баарын" сезген күйөө балабыз Улуу Владимир туюп калса керек. Угушубузча "ачуу басар", "жеңкетайга" берген акчанын баары эле, баардык кыргыздарга жетпей кимдир-бирөөлөрдүн гана капчыгына куюлуп атат деп, "калыңды" толук төлөгөндөн баш тартып аткан имиш. Канчасы чын, канчасы калп экенин белгисиз өзүнүн оозунан чыккан 1 миллиард 700 миллион "калың" долларды доолап барган кайынагасы Данияр мырзаны анча көп жактыра бербей, "ачуу басар", "жеңкетайды" Кыргызстанга бердим эле, мен бир гана үй-бүлөгө берген эмесмин, анткени мен ал үй-бүлөнүн кызын алган эмесмин, жалпы кыргыздын кызын алгам десе керек. Кайынагасы Данияр мырза сүйүнчүлөп, АКШтын авиабазасын жойдук, ордуна транзиттик жүк ташуучу база түздүк десе, Фрунзени деле Бишкек деп алмаштырып койдуңар андан эмне өзгөрүлдү деп сүйүнбөй койгон имиш.
"Крестный тесть" эмнеге капа?
ЕККУнун төрагалыгына шайлана турган Нуракебиздин улам эле шайын оодарган окуялар чыгып, капа болуп жүрөт. Күйөө баласы Рахат Алиев президенттик ордун талашам деп, куугунтук жеп жүрсө да, Европада баш калкалап жүрүп "Крестный тесть" деген китеп жазып, кайнатасынын "настроениесин" Нарынды каратып койду. Андан соң Казак элин жоюп салып, казакстандык деген элди түзөм деди эле, Мухтар Шаханов өңдүү казак шаалары шайын оодарып тилеги ишке ашпай кала тургандай.
Жылдын этегинде "Белый парус" гезитинин редактору, Кыргызстан менен Россия Федерациясынын жараны Геннадий Павлюк Казак Республикасынын түштүк борбору Алматы шаарында алтынчы этаждан учуп, дүйнөгө аттанды. Эртеңки күнү ЕККУнун "эки тизгин, бир чылбырын" чоё турган Назарбаевдин репутациясына үлкөн залака тие турган окуя болду. Анын аркасында кыргыздын "007 агенттери" туускандардын территориясында жүргөндө кармалгандыгы тууралуу, казак оппозициялык маанайдагы ММКлары жарыя кылууда.
Үчилтик
Баарыбыз тең коркуп турабыз. Бирок корксо да коён өлөт, корпосо да коён өлөт деген кеп бар эмеспи. Өткөн жылдагы эң "громкий" өлүмгө туш болгондор Медет Садыркулов, В. Слепченко, Санжар Кадыралиев жана Геннадий Павлюк. Бул үч өлүмдү саясатташтырууга да болот, криминалдаштырууга да болот. Криминалдашкан киллерлер кимдин заказы болсо да аткарышат. Азыр журналистикада деле башын канжыгага байлап коюп иштешкен бир аз эле журналисттер калды. Эртеңки күнү Павлюктун же Алмаз Ташиевдин, болбосо Сыргактын көргөн зордук-зомбулуктарын көрүп калаарын сезип турушат. Сталин деле Троцкийди Латын Америкасынан жайлатып койгон. Ошондуктан чет мамлекетке кеткен киши эле аман калабыз деп ойлобогула.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
15-январь, 2010-ж.:
1-бет
Жакшы башчы үйдө айкөл, жоого чеп,
Жаман башчы жоодо алсыз, үйгө бек
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
"Жашагым келбейт сенде, КЫРГЫЗСТАН"
4-5-бет
Президенттер жана магия
6-бет
Вырождение "демократов" или испытание капитализмом!?
7-бет
Гаитидеги жер титирөөдөн курман болгондордун саны жүз миңден ашышы мүмкүн
8-9-бет
сандан-санга
10-бет
Кайрыса Нурдинова:
"Жетимдерге жардам берүү сооптуу иш"

11-бет
Фораон
13-бет
Улуу жеңишке 65 жыл
14-бет
Матай акылман
15-бет
Ой саптары
16-бет
Кыргыз жери- бейиштин төрү










??.??