Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
2412 адамдын өлүмү - талиб жана НАТОнун моюнунда
2009-жылы Ооганстанда Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча өткөн жылы 2412 жергиликтүү тургандар талиптердин жана НАТО күчтөрүнүн колунан каза табышкан. Бул 2001-жылы талибан кулатылгандан берки эң чоң жоготуу болуп эсептелинет. Эгер 2008-жылы 2118 адам каза болгон болсо, өткөн жылы бул 14 пайызга көбөйүп кеткен. Өткөн жылы каза тапкандардын 1630 адамы талиптердин колунан ажал табышкан, бул болсо наркы жылга караганда 40 пайызга көп дегенди билдирет. Ал эми 596 адам НАТО баштаган эл аралык күчтөрдүн колунан өмүр менен кош айтышкан. БУУнун маалыматы боюнча, бул аркы жылга салыштырмалуу 28 пайызга аз дегенди түшүндүрөт.


Кыргызстанда кумшекердин баасы кымбаттады
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан "Кошой" ААКсы сатыкка чыгарган кумшекердин дүң баасы белгиленди. Маалыматка ылайык, "Кошой" ААКсынын кампасында жалпы көлөмү 2041,6 тонна кумшекердин дүңүнөн баасы тоннасына кошумча наркка салык жана сатуудан салыкты эсепке алуу менен 41 миң сом деп белгиленген. Натыйжада кумшекердин баасы дээрлик 6 миң 385 сомго кымбаттады. Мурда кумшекердин дүң баасы тоннасына 34 миң 615 сомдон болгон. Баанын көтөрүлүшү дүйнөлүк рынокто кумшекерге болгон баанын жогорулоо тенденциясынан улам республикага ташылып келген кумшекердин баасы тоннасына 545 АКШ долларынан 680 долларга чейин кымбаттагандыгынан улам болууда. "Кошой" ААКсы сатыкка чыгара турган кумшекердин партиясынын рентабелдүүлүгү 5 пайызды түзөт.


А.Атамбаев: "Бийлик зөөкүр"…
А. Атамбаев бийлик элге кас болуп, өлкөнү жарандык согушка алпаратат деп айыптоодо. Ал ошону менен катар кыргыз бийлигинин чектен чыккан мыйзамсыз аракеттерине көз жумду мамиле кылып, кош жүздүү саясат жүргүзүүдө деп АКШнын позициясын да сынга алган.
"Бийлик өз эли менен мыйзамдуу жол менен сүйлөшпөсө, мыйзамды сыйлабаса эл аргасыз башка жолдорго өтөт да" - деп билдирген. Акыркы кадамдары мындан да радикалдуу кетет да. Тилекке каршы, эгерде бийлик өзүнүн эли менен мыйзамдуу жол менен сүйлөшпөсө, мыйзамды сыйлабаса, эл да аргасыз башка жолдорго өтөт да. Бийлик минтип отуруп Кыргызстанды акыры Тажикстандагыдай жарандык согушка жеткирет го. Бийлик мынчалык зөөкүр, элин сыйлабас болбош керек. Кыргыздын эски сөзү бар, " Ханды кудай урарда калкы менен кас болот", деген. Эл башкаргандар элине душман болбош керек. Эл күнөөлөш болбойт, элге ырахмат, элибиз жакшы! Бирок элди алдагандар көп болуп атпайбы. Тилекке каршы элибиз бийликке ишенип койду. Кандай провокациялар болду. Шайлоону бурмалаган бийлик өзү камалбай, Балыкчыдан 19 киши шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды, конституциялык түзүлүшкө каршы чыкты деп айыпталып, түрмөгө отуруп чыкты. Мунун баары калп да. Элибиз ушинтип акырындык менен бышат. Биз эл мененбиз, деп кошумчалаган.


"Сорос-Кыргызстан" веб-сайттардын түзүүлүсүн колдоодо
"Сорос-Кыргызстан" фонддун маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, "Сорос-Кыргызстан" фонду Жаштар программасын колдоо максатында социалдык веб-сайттарды ачуу боюнча конкурс жарыялаган. Ага 49 арыз түшүп, алардын ичинен тогузу жеңип алган. Долбоорду ишке ашырууга жеңүүчүлөргө тиешелүү акча каражаты да бөлүнөт. Жеңүүчүлөрдүн бири Фарида Лансарованын kagaz. Kg же blank.kg долбоору боюнча ачыла турган сайтта иш кагаздарын кандай толтуруу боюнча кеңештер берилет, үлгүлөр көрсөтүлөт.


СДП фракциясы БЭКти колдойт
Жогорку Кеңештин СДП фракциясы мыйзамсыз камалган Исмаил Исаковду колдоо иретинде 13-январда оппозициянын тарапкерлеринин саясий ачкачылык акциясын баштоого тийешеси бар Бириккен элдик кыймылдын кайрылуусун карап чыгып, буга И.Исаковго Бишкек гарнизодук аскер сотунун өкүмү себеп болгонун белгиледи.
И.Исаков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда 2008-жылы 10-октябрда президент Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан кадрлык, ички жана тышкы саясатына макул эместигин билдирип, өз каалоосу менен кызматтан чегингени президенттин жана укук коргоо, сот органдарынын тез реакция кылышына себеп болуп, ошол жылы ноябрь айында ага карата кылмыш иши козголгону айтылат. Ошондой эле сот мурдагы Коргоо министрине тагылган оор айыптардан актаганы менен судья Серик Абдиев И.Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимде өткөрүүгө, генерал-лейтенант чинининен ажыратууга чечим чыгарганы белгиленген.
Муну СДП фракциясы оппозициянын мүчөлөрүн саясий куугунтукка алуунун, укук коргоо жана сот органдарынын кезектеги мыйзамсыз иш аракеттери катары баалап, БЭКтин кайрылуусун колдоорун билдирип, буга бийликтин коомчулуктун жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу зарыл деп санайт.


Генадий Павлюктун өлүмү боюнча биргелешкен тергөө иши башталууда
Бул маалымат тууралуу Башкы прокуратуранын эл аралык иштер боюнча бөлүм башчысы Тилек Мурзакулов "Азаттыка" билдирген. Анын айтымында, 12-январда Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза Казакстан полициясынын өкүлдөрүн кабыл алып, журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшүн биргелешип иликтөө боюнча сүйлөшүү өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн тергөөчүлөрү биргелешип иштөө чечимине келишти. Азырынча тергөөнүн жыйынтыктары жок. Кыргызстан журналистти Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-буту таңылып ыргытылып, 22-декабрда өзүнө келбей жатып көз жумган. Казакстан полициясы бул ишке кыргыз жарандары тиешеси бар экенин буга чейин билдирген.


Чүй аймагында ачкачылык акциясы башталышы күтүлүүдө
Бул туурасында "Ата Мекен" партиясынын Москва районундагы тескөөчүсү Калык Рүстөмов "Азаттыкка" билдирген. Маалыматка ылайык, партиянын Чүй аймагындагы мүчөлөрүнүн жыйыны болуп анда, генерал Исмаил Исаковду жана Петровка окуясынын уюштуруучулары катары сегиз айдан бери камакта жаткандарды боштондукка чыгаруу талаптарына кошулуу маселеси талкууга алынат. Алдын ала маалымат боюнча, Чүй аймагынын айрым райондорунун борборлорунда ачкачылык иш чарасы башталышы мүмкүн.


Ачкачылык жарыялагандардын тизмеси
13-январдан тарта Бишкекте тогуз киши ачкачылык акциясын башташты. Алар Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылышууда. Ачкачылык жарыялагандар тизмеси мындай:
1. Топчубек Тургуналиев
2. Дөөлөт Шадыбеков
3. Акбар Койчуев
4. Жибек Бокушева
5. Зулайка Калыева
6. Анакан Жолдошева
7. Бактыгүл Турганбаева
8. Сейилкан Кыштобаева
9. Тинатин Тойчуева.
Маалыматтар боюнча ачкачылык жарыялагандардын ден-соолугуна медицина илимдеринин доктору, дарыгер-кардиолог Ташболот Балтабаев көз салууда


Өткөн жылы 41 миңден ашуун кыргызстандык Россия жарандыгын алган
Кыргызстандын жарандары Орусиянын жарандыгын алууга эгемендүүлүк алгандан бери басым жасап келет. Такталбаган маалыматтарга караганда Россиянын аймагында жумуш иштеп жүргөндөрдүн саны расмий маалыматтарга салыштырмалуу бир кыйла жогору. 2009-жылы 41 миңден ашуун кыргызстандык Россия жарандыгын алган. Бул туурасында россиялык ММКлардан алынган маалыматка таянып, "Кабар" маалымат агенттиги билдирди. Ал эми 2008-жылы бул көрсөткүч 42 миң 809дү түзгөн. Маалыматта айтылгандай Россия жарандыгын Кыргызстан, Беларусь жана Казакстандыктар сейрегирээк ала баштаган.


Бишкек дүйнөнүн эң кир шаарларынын тизмесине кирди
Бишкек шаары дүйнөнүн эң кир шаарларынын тизмесинде 16-орунду ээледи. Бул туурасында Орусиялык маалымат каражаттары билдирген. Эл аралык рейтинг компаниясы дүйнөнүн ММКларында дүйнөнүн эң кир шаарларынын тизмесин жарыялаган. Планетанын 245 эң ири шаарларын жана борборлорун салыштырып чыгып, рейтинг компаниясынын адистери 30 шаардан рейтинг түзүшкөн, алар бир нече жалпы көрсөткүчтөр боюнча эң кир деп таанылган. Баку шаары ошондой шаарлардын биринчи орунуна чыккан. Рейтинге киргизилген жалгыз европалык шаар 12-орунду ээлеген Москва болду. Мындан тышкары КМШнын дагы эки шаары - Бишкек жана Алма-Аты тизмеде өзүлөрүнүн рейтингдик орундарын алышты. Бул сыяктуу тизме 2008-жылдан бери түзүлүп келе жатат.


Лейлекте кутурмадан бир киши каза тапты
Бул тууралуу Баткен облустук ветеринардык кызматтын башчысы Эркин Таштанов билдирди. Анын айтымында, Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 40 жаштагы тургуну Усманали Муратов кутурмага шектүү деген аныктама менен аймактык ооруканага 13-январда түшүп, бир күнгө жетпей каза болгон. Өткөн жылдын ноябрь айынын акыр ченинде жолбун ит тиштеген Усманали Муратов жергиликтүү дарыгерлерге кайрылган, бирок ал эч кимге маалымдалбастан ошол боюнча калып кеткен. Андан кийин ит каап алган анын аялы жана кызы азыр ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ушул эле айыл өкмөттүн аймагында мындан 3 жыл мурда да кутурмадан бир киши кайтыш болгон эле.