Кыргыз гезиттер архиви

  Мекен

Кыргыз жери- бейиштин төрү
"Туулган жердин топурагы алтын" дегендей, Кыргызстандын ажайып кооз, көздүн жоосун алган керемет жерлери, шаркырап аккан суулары кейиген жанды кубанттырып турат эмеспи. Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек, Салкын-Төр, Таш-Рабат, Сулайман тоо жана толгон токой кооз жерлерибиз толтура. Айта берсем такыр түгөнбөстөй...


Кыргызстандын кайсы жерин, бурчун айтпайлы бардыгы тең кооз, бирок ар бир жеринин өзүнчө артыкчылыгы бар. Ысык-Көл өзүнүн керемет көлү менен жана Улуу Каркыра жайлоосу менен кооз. Бул кооздук жөнүндө жадакалса "Манаста" да айтылып, Көкөтайдын ашы (чыр-чатактын башы) өткөн жер делген. Бирок эң өкүнүчтүү жана кайгылуусу Каркырабыздын көп жерлери бүгүнкү күндө "баурларга" өтүп кеткендиги. Каркыра суусунун аркы өйүзү Казакстан берки бети биздики.
Ал эми Нарын жергеси көк тиреген тоолору, жайкалган жайлоосу, Соң-Көлү, менен кооз. Ош жергеси өзүнүн, дүйнөнүн кереметтеринин катарына кирген Сулайман тоосу менен кооз. Жалал-Абад негизи жаратылыштын кооздугуна эң бай жер, жаңгак токойлору, Сары-Челек көлү кандай керемет ажайган кооз жер. Чүйдө керемет тоолор бар, эс ала турган кооз жерлер көп. Талас жергеси болсо, улуу атабыз Манас жердеген жер, Кең-Көл , Беш-Таш жерлери жерлери менен Чычкан капчыгайынын кооздугу башты айлантып, кан басымын көтөргөнгө да алы жетет. Ал жердин жаратылышы адамдын жылмаюусун гана пайда кылбастан, таза абасы ден-соолукка абдан пайдалуу. Арсланбаб өзүнүн калың токойлору, жаңгактары менен белгилүү.
Ойлонуп көрсөм Жараткан бизден эч нерсесин аябаптыр. Африкада тамак-аш, таза суу жетишпегендиктен эл-журту кырылып жатат. Ал эми башка өлкөлөр менен салыштырсак деле эч бирөө биздин өлкөдөн ашып түшө тургандай эмес. Башка өлкөлөрдө ичкенге сууну издеп, сатып алууга мажбур. Ал эми биздин мекенде тоо десең тоосу, суу десең суусу (кааласаң мөлтүрөгөн булактары, шаркырап аккан дарыялары, дары суулары дегендей) көл десең көл, токой, жайлоо... Кандай гана керемет жерибиз бар! Бул кооздуктун баарын айтууга сөзүм жетпей калчудай. Кыргызстандын ар бир кымындай ташы ар бирибиз үчүн кымбат болушу керек. Кыргызстандын ар бир атуулу ушундай жерде төрөлүп, жашап жатканына сыймыктанышы зарыл. Биз мындай кооздук, кереметти көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Анткени жерлерибиз акырындан четинен сатылып кетип жатканы баарыбызга белгилүү. (Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Оштун айрым аймактары тажиктерге). Мындай жер сатуулар коркунучту гана пайда кылбаса, башка сезимдерди пайда кылбайт. Акчага кызыгып берип коюп, өзүбүз карап отурабыз, эч нерсе кыла албай...
Бетти даярдаган
Мальвина Уметбекова