п»ї
  Кайрымдуулук

Кайрыса Нурдинова:
"Жетимдерге жардам берүү сооптуу иш"
Күндөрдүн биринде редакциябызга текст жазып берип койгулачы деп бир апа кайрылып калды. Текстин жаздырып алып, чыгып кетти. Көзүмө жылуу учураган апанын артынан чуркап чыгып, сүйлөшүп калдым. Ал апанын аты Кайырса экен, биз тааныбасак да Кочкордун тургундарынын баарыле таанышат деп кеп улап калды. Көрсө ал апа Кочкор районунда жетим, майып балдарга жардам берген, бир эмес эки жетим балдардын уюмунун башчысы экен. Мындай адамдар азыркы заманда такыр эле жок калган деп жүрсөм, дале бар экен. Айрымдар кара жанын бага албай, тирүүлөй адам катарынан чыгып, бири-бирин көрө албай жок кылгандар да аз эмес. Денесин сатып жан баккан айымдарыбыз да бар. Ал эми мындай апа менен маек курбасак туура эмес болуп калат го, деп чакан маек курганга аракеттендим.


- Көп балалуу энелер баласаак болуп, жардамын аябай, акыркы буюмун бергенге да даяр болчу эле, өзүңүз канча баланын энеси болосуз?
- Менин өзүмдүн беш балам бар, учурда бойго жетип ар бири өз оокатын өзү кылып калган. Ал эми мен баягы жардам бермей адатымды дале таштай алган жокмун. Балдарым кичинекей кезинделе жетим балдарга көп жардам берчүмүн. Кээде өзүмдүн баламдын жонунан чече калып жетим балага кийгизип койчумун. Балдарым түшүнбөй, бизге кийгизбей бирөөгө кийгизесиң деп, таарынышчу. А мен аларга, силердин энеңер бар, эркелетип жөлөк-таяк боло алам, а тигил баланын эч кимиси жок. Ал чермийди кийбей калсаң эч нерсең кемибейт деп соорутуп койчумун.
- Учурда алдыңызда канча балаңыз бар, сиз баштаган кайрымдуулук старттын башына кайрылсак?
- Алгачкы чоң кадам 1998-жылы башталган. Ал жетим балдардын коому "Санробиго" деп аталган. Ал коом уюшулгандан бери бир топ жакшылыктарга жетише алды десем жаңылышпайм. Каратоо жана башка айылдардын турмуш-шарты менен таанышып, чыныгы энелик жүрөгүм менен алардын ден соолугуна кам көрүп жана кийим -кече, тамак-аш менен камсыз кылууну ойлоп, жашоо -шартты оор жетишсиз үй-бүлөлөрдү өзүмө каттап жана тийиштүү документтерин көрүп коомдун алдына уюмга ала баштагам. Алгач бул уюмга 20 тоголок жетим, 10 майып, 120 жарым жетим, 76 жетишсиз үй-бүлөгө жана Чолпон интернатынан 50 балага ар кандай жардамдарды бергенбиз.
- Бул жардамдарды биринчи жылы калсаңыз андан кийинки жылы кандай ийгиликтерге жете алдыңыз?
- 1999-жылдан баштап 2004-жылдын төртүнчү айына чейин кийим-кече (бут кийим, куртка), канцтоварлар, майыптарга коляска, 80 адамга бекер дары-дармек, ун, май, күрүч, Улуу Ата Мекендик согуштун 90 ардагерине күрүч жана гүлдөрдүн ар кандай уруктарын таратып келдик.
- Андан кийинки кадамдарыңыз жөнүндө кеп уласак?
- Бул кадамдар менен гана токтобостон 2000-жылы Проекти жазып, Каратоо айылындагы талкаланган мончону иштетүү үчүн ( ремонттоо боюнча жалпы сметалык суммасы 20005 сомдук) 2001-жылы ПРООНдон 86081 сом каражат алгам, бирок тилекке каршы мончонун ремонту бүтпөй калган. 2003-жылы декабрь айында кайрадан Проект жазып Минфинден грант 77000 сом сом алгам. "Санробиго" коомдук уюмунун жасаган иштерине жергиликтүү өкмөттүк жетекчилер да колдоо көрсөтүп, ал учурдагы биздин облустун администрациясынын губернатору Аскар Мааткалымович 10000 сом, жана ошондой эле райадминистрациянын акими Кулматов Алмаз 6000 сом пиломатериалдан жардам берген. Райондук элди иш менен камсыз кылуу борборунун жетекчиси Аламан Жумалиевич 9000 сомдон иштеген жумушчуларга төлөп берген.
- Ал учурдагы алдыга койгон максатыңыз кандай эле жана бүгүнкү максаттарыңыз кандай болууда?
- Ал учурдагы максатыбыз ошол жетим майып балдарга аз болсо жардам көрсөтүп, маанайын көтөрөйүн деген эле ой болчу. Ал балдар үчүн кичинекей буюм да алардын аң сезимине чоң таасиретет. Алар үчүн кичинекей нерсе ааламдай чоң мааниге ээ. Бул балдар көптү деле сурабайт, ал эми колдон келген жардамды аяп эмне кереги бар? Ал учурда элди кредит менен камсыз кылуу болчу, азыркы күндө ал максатыбыз ишке ашкан. Мал чарбачылыгын жана дыйканчылыкты өркүндөтүү болчу, акырындан болсо да ага да жете алдык. Жалпы жонунан жаман деп айтуудан алысмын.
- Алдыга койгон максаттарыңызды ишке ашырыптырсыз, а бирок баары эле жакшы боло бербейт да, тосколдуктарга да жолугат болушуңуз керек?
- Йи анысы да бар, түн менен күн сыңарындай жакшысы да жаманы да бар. Мындан канча жыл мурун элге кредит алып берели деп чуркаган элем. Чуркаганым текке чыккан жок, а бирок ошол кредиттин айынан көп эл кыйналып калды. Биз жакта проценттик ставкалары өтө эле жогору болгондуктан, элдер убагында төлөй албай жатышат. Айылда мал менен эле жан багышат да, тыйын-тыпыр дайыма боло бербейт. Кичине тыйын боло калса чөп, тамак-аш алыш керек. Кредиттин процентин төлөй албай калгандардын үйүнө барып отуруп алып, коркутканга чейин да болду. Антип элди кыйноого болбойт да.
- Учурда кандай ойлорго багынып турасыз?
- Электроэнергиянын жетишсиздигине байланыштуу мончом иштебей турат. Өзүнүздөр билгендей иштебей турган нерсе бат эле бузулуп кетет эмеспи. Албетте чуркап оңдогонго аракеттенип жатам, а бирок жалгыз кишиники болбойт экен. Азыр проект жазып, газ тарттырайын деген ой менен жүрөм. Буюрса мончону кайрадан ишке киргизсем жакшыле болмок.
Мальвина Уметбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
15-январь, 2010-ж.:
1-бет
Жакшы башчы үйдө айкөл, жоого чеп,
Жаман башчы жоодо алсыз, үйгө бек
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
"Жашагым келбейт сенде, КЫРГЫЗСТАН"
4-5-бет
Президенттер жана магия
6-бет
Вырождение "демократов" или испытание капитализмом!?
7-бет
Гаитидеги жер титирөөдөн курман болгондордун саны жүз миңден ашышы мүмкүн
8-9-бет
сандан-санга
10-бет
Кайрыса Нурдинова:
"Жетимдерге жардам берүү сооптуу иш"

11-бет
Фораон
13-бет
Улуу жеңишке 65 жыл
14-бет
Матай акылман
15-бет
Ой саптары
16-бет
Кыргыз жери- бейиштин төрү










??.??