25.12.09 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Мыктыбек Арстанбек:

Азыркы жаштарыбыз менен сыймыктанса болот...
Акыркы 2 жылдан бери мусулмандардын саны өсүүдө. Мечиттерге келгендердин көпчүлүгү жаш өспүрүмдөр. Бул азыркы жаштардын Исламга болгон көз карашын билдирүүдө деген ойго барып байланасың. Азыркы жаштардын Исламга болгон көз карашы жөнүндө бүгүнкү коногубуз Мыктыбек Арстанбек менен маектешмекчибиз.


- Учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Мен азыр чыгармачылык эс алуудамын. Мунун бир катар себептери бар. Биринчиден мен быйыл дипломатиялык академияны бүтүрүп жатам жана магистрдик диссертациямдыжазып жатам, экинчи себеби аспирантурага тапшырдым, экзамендер менен алек болдум, үчүнчүсү эл да бир аз менден эс алсын дедим.
- Мыктыбек агай айтсаңыз бүгүнкү күндөгү "массалык Ислам каптоо" эмнеге байланыштуу?
- Мунун себебин рационалдуу түшүндүрүү үчүн өтө көп ислам изилдөө институттары бар, мен алардын нанын талашпай эле коёюн. Тетирисинче эч кайсы илимпоз назар салбаган иррационалдык тарабын бир сөз менен эле айтайын. Бул исламдын табияты, анын Ээси Аллахтын убадасы.
- Азыркы жаштардын Исламга болгон көз карашы кандай деп ойлойсуз?
- Өзү адам кырк жаштан өткөндөн кийин, жаштар жаштар деп эле калат экен. Бир кезде белгилүү Аристотель "Бул жаштар болбой калды", деген экен. Көрсө өтүп бараткан муун келе жаткан муунга дайым эле ыраазы боло бербейт экен. Ал эми биздин муун, өзгөчө азыркы намаз окуп калган муунга биз ыраазы элебиз. Кыргызда "Улууга урмат, кичүүгө ызат" демекчи урмат деген түшүнүктүү, ал эми ызат деген эмне? Ызат деген бул ишеним, булардын колунан да иш келет дегенди билдирет. Ызат - бул жаш муунга ишеним көрсөтүү. Биз азыркы жаштарды динге ишенгендигинен ызаттап жатабыз. Коомубуздун келечеги бар экен, туура тартипте өсүп жатыптыр деген ойго келүүдөбүз. Эгерде мындай болбогондо эмне болмок эле? Кыздарыбыздын баары бузуку, сойку, ал эми эркектерибиздин баары наркоман, алкаш болуп кетмек. Бул турган нерсе, канча коом мындай абалга келди эле. Тилекке ылайык, Кудайым шүгүр биз азыркы жаштарыбыз менен сыймыктанабыз. Толугу менен сыймыктанабыз деп айтууга кудуретим жетет. Ошол эле балдар ичимдик ичип, кыздарды майкандап, ар нерсе кылып, жиндилик, уурулук кылып каракчылыктан алыс. Азыркы жаштарыбыздын көпчүлүгү беш маал намаз окуп, Жараткандан элине-жерине, ата-энеси үчүн жакшылык тилеп турса кантип сыймыктанбайсың? Биздин жаштардан айланса болот...
- Аялзаттын хиджаб жамынганына кандай көз караштасыз, көпчүлүк бул аялзаттын "мен" дегенине "крест" коёт деген ойдо экен..
- Антип хиджаб жамынган аялзатыбыз өзүнүн "мен" дегенине "крест" коюп жатса, анда жамынбагандар көчөдө "делай со мной всё что хочешь" деп жүрөт экен да. Өздөрүн "рекламалап" жүрүшөт. Ошондой "мен" деп жүргөн аялдардын кесепетинен азыркы жаш кыздарыбыз да өздөрүн "Я" деп көрсөтөм деп үлгү алууда. Мына азыркы күндө ар бир жаш кыз, негизи эле аялзаттын өкүлдөрүнүн баарыле "Эй мен мынакей, мени кара" дегенсип жүрөт. "Мен" дегендердин баары жыңалбаш көчөнү аралап жүрөт. Аларды караган эркек эмне кылат, эми ал белгилүү. Кечээ күнү биз аялзатты эне катары карасак, бүгүнкү күндө аларды башкача көз караш менен кароодобуз. Башка элдерде эркектер аялдарынын беттерин чүмкөйт, ал эми биздин эркектер аялдардын беттерин чүмкөбөйт дешет. Биздин аялдар бетин чүмкөбөгөнү алардын келесоолугунан эмес, бул эркектердин даанышмандуулугунан. Аялдар бетин жабууга муктаж эмес эле, анда эркектер ынсаптуу эле. Аялдарды эне катары карачу. Шариатта аял кишини эки жолу караганга укугуң бар деп айтылган. Биринчисинде бул аял менин энем эмеспи, экинчисинде бул аялга жардам керек эмеспи, деп кароого гана укугу бар жөнүндө айтылып кеткен. Ал эми азыркы эркектер ал аял же кыздын фигурасы андай-мындай экенин "мен" деп азгырык салып жаткандыкка байланыштуу. Аялзатыбыз "Я"лап жатып, жадакалса итке тамак берген табактын сыртына да кыздардын сүрөтүн чаптап чыгармай болду. Аялдын сүрөтү чапталбаган нерсе калбады.. Хиджаб биринчиден "я" дегенин жапса демек жакшы эмес бекен? Ал аял күйөсүнө "я" болсун, күйөсүнө "мен" дебей, көрүнгөнгө "мен" деп жатып көчөгө чыгып кетти. Көрүнгөн жерде саясатташып ар балээ болуп жүрөт. Ошолордон "Сен бактылуусуңбу, күйөөң менен жашап жатасыңбы?" деп сурабайсыңарбы. Көрүнгөнгө "я" лап жүрүп кайсы "Яң" калды деп сурап көрсөңөр. Мисал үчүн Англиядан футбол командасы келсе, биз аларга "Эй кыргыз чапанын кийип алып ойногула " дебейбиз? Биздин ата-бабаларыбыз улуттук кийим кийип алып ойночу деп чыга албайбыз. Себеби футболду футболка-шортикчен ойнойт. Биз аларды түшүнөбүз, анткени футболдо өзүнүн эрежеси бар. Ошондой эле Ислам дининде да өз эрежеси бар. Эгерде бул башка дин болгондо, мисалы аны кыргыз дини же тажик дини дейбизби, же болбосо футбол дини дейбизби ошонун эрежеси боюнча жашаш керек. Эми Ислам дин эрежесинде Кудай өзү орон деп буйруп жатат. Кеп кандай пайда, кандай зыян болот, аялдын "мен" дегенин жабатта эмес. Кудайдан корккон аялдар, муслим аялдар Кудайым жап деп буйруган, жабабыз деп жабынышат. Кудайымдан коркпогон аялдар Европаны туурап, алар киндигин ачып жүрөт экен, мен да ачам дегендер. Алар киндигин көрсөткөндөн уялбайт.
- Айрым тарыхый маалыматтарда Ислам динин бизге зордоп кабыл алдырган. Акча, алтын менен баш ийдирген деп айтылат..
- Азыр беш-алты кыргыз чогулган жерге барып "Эй сенин атаң ким болгон?" деп суроо узата турган болсоң, сөзсүз түрдө жок дегенде үчөө-төртөөнүн төртүнчү же бешинчи атасы чоң молдо болуп чыгат. Өзүмдүн эле чоң аталарым, бабаларым диний аалымдардан болгон. А балким бирөөсүнүн атасы атеист же ууру кески болуп чыгаар. Бирок эң негизгиси ойду туура жүгүрткөн адам эч качан артты карап жашабайт. Келечекти ойлоп жашаш керек. Эгерде артты карап жашай турган болсок, ата-бабаларыбызды тим эле коюшубуз керек. Кечээги эле аракты бизге ким алып келди? Бизди басып алган жокпу, эркектерибизди маңкурт кылып салган жокпу? Аялдарыбызды ушул акыбалга алып келип койгон жокпу? Мунун баары тең эле ата-бабаларыбыздан келип жатабы? Жок мунун баары алардан болгон жок. Биздин ата-бабаларыбыз динди кабыл алган эмес десе, анда мен ата-бабаларыбыз аракты деле кабыл алган эмес, кыздарын майкандаган эмес. Демек, келечекти карап жашаш керек. Бул маселе боюнча мен мындай деп айтам, Ислам Кыргызстанга 20 мүнөт мурун келсе дагы келечекте мобул саздан чыгарып кетеби? Уурулуктан, сойкулуктан чыгарып кетеби? Арак чыгарса аракты кабыл алалы.. Эгерде сойкулук чыгарса кыздарыбызды көчөгө чыгарып саталы.. Демек, Ислам чыгара ала турган болсо, аны сөзсүз түрдө кабыл алышыбыз керек. Кыргыздын окумуштуулары болгон, Советтер келгенде алардын баарын кырып жок кылган. Көптөгөн китептер өрттөлүп, жерге көмүлгөн. А бирок калган эстеликтерде аттар сакталып келген, Абдрахман, Сабыр, Нурайым бул мусулман аттар.
- Дүйнө жүзү боюнча чоң үч дин бизге белгилүү, ал эми ар кандай секталардын ачылышы эмненин кесепетинен болууда?
- Дүйнөдө белгилүү үч гана дин бар. Биринчиси Иудея, Хрестьянчылык жана Ислам. Ал эми Буддизм бул окуу, Кудай менен эч кандай байланышы жок. Диндин белгилүүлөрү бул Кудайдан берилгендиги. Секталардын көбөйүшү бул табигый көрүнүш. Пайгамбарлар өлгөндөн кийин секталар сөзсүз түрдө пайда болот. Түздөн-түз Кудайдан көрсөтмө алып турган пайгамбар жок. Ар түрдүү адамдар динди ар кандай иштеткенге аракеттенет. Алар өздөрүнүн кызыкчылыктарын алдыга коюп, саясий кызыкчылык же башка кызыкчылыктарды колдонушат. Андай секталар адамдардын башын айлантып, жашап жаткан эрежелерин бузат. Кыргызстандагы дээрлик секталардын 90 пайызын АКШ же Европа каржылайт. А бирок АКШда мындай секталардын аракеттерине тыюу салынган. Аларга тынчтык керек, а бизге кереги жок дегендей кылууда. Бизге да тынччылык керек.. Бизде Казакстанда мындай секталар көп, Тажикстанда жок, себеби алардын эли күчтүү. "Кыргызстан - наш общий дом" деген ушул, бизде андай секталар толтура. Көбүнчө аялдардын баштарын айландырат, анткени аялдар бат алданат. Ал секталарды түзгөн адамдардын максаты кайсы бир элдин жашоосун тозутуу, ал эми секталардын максаты акча иштөө. Бар ошол жакта иштеп ал, биз сага ошол мамлекеттин мыйзамдарын сага ылайыкташтырып беребиз дейт. Биздин мыйзамдар ал секталарга ылайык, ошого байланыштуу биздин өлкөдө секталардын саны өтө көп. Ал секталар аялдардын башын айлантып, күйөөлөрүнөн ажыратып, үйүн алгандан башка эч кандай пайда алып келбейт. Секталардын баары "тотальный" акчанын пайдасына курулган. Баарынын программасы бирдей, жана аялдарга багытталган. Энеси жиндинин баары жинди деп коёт. Аял киши сектага кошулду дегиче, үй бүлөсүнүн баары сектант болот.
- Хизбут - Тахрир эки-үч жылдан бери аябай күч алууда...
- Хизбут-Тахрир бул саясий партия. Бирок мен буга жооп бергим келбейт. Мен анын мүчөсү болбогондон кийин жооп бергенге укугум да жок. Менин билгеним, алардын ою боюнча жер үстүндө Кудайдын гана мыйзамдары иштеши керек, сүнөөт болуш керек дегенди колдойт. Кээ бирлери буларды террористтер деп да атап жүрөт а бирок, курал кармабай туруп кандайча террорист болуп калганын мен да жакшы түшүнбөйм. Балким идеологиялык күчтүү атаандаш болушу мүмкүн. Кыргызстандагы бирден-бир жалгыз Ислам партиясы. Тажикстанда "Исламдын кайра жаралуу" аттуу партия. Бул партия бийликке ийкелген, министр палатасы менен портфелдерди бөлүшкөн. Азыркы акыбалы кандай экендиги жөнүндө маалыматым жок. Бул диний негизде түзүлгөн саясий партия. Кыргызстанда диний платформадагы саясий партияларды каттоого уруксат жок. Ошондуктан алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
- Мусулман дининдегилер башка динге өтүп кетүүсүү эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?
- Улут менен диндин айрымасы бар.Улут деген адамдын канында болот. Кыргыз Кытайда кырк жыл жашаса да кыргыз бойдон өлөт. Ал эми дин адам акылы менен тандай турган жашоо эрежеси. Башка динге өтүп жаткандар демек жашоосун ошол дин менен уюштуралы дегендер. Бир гана кооптуу жери - алар акчага кызыгып өткөндөрү көп, жөн отурбай эл арасында ырк кетиргени. Өзү эле башка динге өтүп алып жөн жүрө берсе кана. Антпейт да, кожоюндары диңкилдетип, эл бөлгөнгө чуркатат. Ушунусу гана жанды кейитет.

Мальвина Уметбекова