25.12.09 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Элдин ууланбай калганына сүйүнбөй, акча жебей калганына күйүнгөн
кимдер?...
Балыкчы шаарындагы таза суу чыгаруу үчүн жасалган аракеттин жыйынтыгы чыкпай, ызы-чууга айланган маселенин чоо-жайын билүү үчүн "Эл көзөмөлү" коомдук уюмунун төрагасы Талгар Аденовко кайрылдык.


- Май айынын башында губернатор келип, шаардын мэри шаардын атка минерлерин, ардагерлерин тоо таянта чогултуп, жыйын курду эле. Телеге тарттырып, газетага жаздырып, облустан 20 млн. сом акча, долбоорго ылайык узундугу 8,2 км болгон каналдын курулушун бүтүрүү үчүн 35 миллиондон ашык сом талап кылынаарын айтып, "таза суу ичесиңер" - деп элди кубанткандары эсибизде. Бүгүнкү күнү ошол убадалар аткарылдыбы? Суу шаарга келдиби?
- 35 миллиондон ашык акча сарпталып Калмак-Ашуудан таптаза, арзан суу келээрин айтып губернатор К. Исаевтин элди сүйүндүргөнү чын. Алтургай ошол салтанаттуу жыйналышты өткөрүп жаткан күнү 1,5 чакырым арыкка (траншея деп жазмак го) суу түтүктөрү төшөлгөн - деп рапорт да берилген губернаторго. ("Балыкчы" гезити №18 (689. 15 май 2008ж.) Таң кала турган нерсе курулуш жаңы башталып салтанаттуу жыйын бүгүн эле өтүп жатса, канча бир чакырым жерге кайдагы трубалар төшөлүп калган? - деген суроо бергендер болгон. Мүмкүн бул трубаларды Каджи-Сайдан казып келишкендир деген сөздөр да пайда болгон, тиги ууланган трубалар жөнүндө жаңжал башталгандан кийин. Бул трубалар тазабы, таза эмеспи, аларды эмне үчүн эрте, текшертпей туруп эле көмүп салышкан деген суроого жооп алуу алдыдагы маселелерден деп ойлойбуз. Ал эми таза суу жөнүндө болгон ызы-чууну чиновниктердин пайдасына токтотушту окшойт чуркап жүрүшүп, ууланган трубаларды саттырышып. "Жападан жалгыз күнөөлүү" - трубаларды каздырып келген "Нур-Энеджи" фирмасынын башчысы У. Бейшенбиев качып жүрөт деген шылтоо менен тергөө иши токтотулган имиш. А суу жөнүндө сөздөр токтогон, таза суу ичем деп айткан бир да жан жок, мамлекеттин, элдин жоголгон акчасын ким, качан, кандай жол менен толуктоо маселеси да ачык бойдон калып жаткан сыяктанат.
- "Ак-Түздөн ууланган трубалар алынып келиниптир, эл аны койдурбай жатыптыр. Борбордон келген санэпидемиялык комиссия, трубалар таза деп жалган акт жазып кетиптир"- деп эл айтса, шаардын мэри Т. Өмүркулов, кеңештин төрагасы З. Шарипов сыяктуу чиновниктер "трубалар таптаза"- деп кайрадан комиссия чакыртып жатыптыр деген ызы-чуу сөздөр болуп атты. Ошол жаңжал басылдыбы?
- Бул сиздин "Ак-Түздөн" ууланган трубалар алынып келингени чынбы деген сурооңузга жооп-чыңырган чындык. Бирок чындыктын да чыны болот дегендей - бардык алынып келинген трубалардын баарысы "Ак - Түздөн" эмес, анын 81 гана даанасы ошол жактан. "Ак-Түз" химкомбинатынын "Хвостохранилищасына" ууланган заттарды агызууга пайдаланылган трубалар экенин, аны казган жеринен Балыкчы мэриясынын кызматкерлери жүктөп бергенин, трубаларды тартып келген шаферлор айтып беришкен. Ал эми шаардын мэри саламаттык сактоо министрлигине трубаларды текшерип бергиле деп 15-сентябрда заявка жиберишсе, анын эртеси эле 16-сентябрда ошол Ак-түздөн алынып келинген 81 трубанын гамма-нурдануусу 10-15 мкр/ч, трубалар таза деп К. Мамушкина баш болгон төрт кишиден турган комиссия акт жазып берип жатышпайбы. Мындай чагылгандай тездиктеги бир суткага жетпеген убакыт ичинде Ак-Түздөн алынып келгинген 81 трубаны текшерип, анализин алып "трубалар таза" деп акт жазып мэрге тапшырып кеткени бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан шектенүүлөрдү туудурган. Бир справканы турган жерибизден 2-3 күндө алалбай жүрсөк, 200 км жерден келип бир күндө анализ жасап, таза деп актыга кол коюп берген К. Мамушкинага чоң эле рахмат айтышса керек. Бирок ошол Ак-Түздөн алынып келинген трубалардын баары (81) кийин жараксыз, ууланган трубалар деп аныкталган. Ал эми ал трубалардын Ак-Түз химкомбинатында пайдаланылганы сокур кишиге деле көрүнүп турган. Трубалардын датынын калыңдыгы 3-4 мм, кээ бир трубаларда андан калың, мунун баары тасмага түшүрүлгөн.
Барыдан да мэр Т. Өмүркуловдун "ишмердигинин" эң күлкүлүүсү, дагы бир жолку Антикоррупция агенствосунан УБК НАП -тын начальниги Т. Тургунбеков, анын эксперти М. Салихаров, ж.б. 15 кишиден турган комиссия, анын ичинде мурда келген санврач Р. Бейшенкулова баш болгон саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышып, баягы 81 трубаны кайрадан текшерүү үчүн комиссия уюштуруп бизди - "Эл көзөмөлчүлөрүн" да чакырышкан. Барсак өз көзүбүзгө өзүбүз ишенген жокпуз, бардык трубалар өз ордунан козголуп, тизилип, ичиндеги дат-кирлер кырылып, суу менен жуулуп, бир көргөнгө таза көрүнүп калыптыр. Жууп кырганга жараша кырындыларын алысыраак ыргыттырса болмок экен, "уурулары" оркоюп көрүнүп калбадыбы. Ошондо суу эмес май менен жууганда деле радиоактивдүү гамма-нурларынын темирден да кетпесин түшүнүшкөн эмес тура биздин чиновниктер.
Ал аңгыча комиссиянын айрым мүчөлөрү баякы трубалар жаткан жерден 7-8, айрым жерлерде 10м. аралыкта үйүлгөн кырындылардын жатканын көрсөтүп, өлчөөчүлөрдү чакырып калышты. Ондон ашкан кырынды үймөктөрдү текшерип, өлчөп көргөндө гамма-нурлануу бир үймөктө 48-50 мкр/ч-ты көрсөтүп турду. Эң таңкалыштуусу мэр Т. Өмүркулов "бул кырынды эмес топурак, муну бирөө башка жактан алып келип төгүп коюптур" - деп жанталашса, аны көргөндөр таң калып күлүп турушту. Анын ошондогу ой-санаасы, аракети өзүнө ишенип мэр шайланган эл эмне болоорун ойлобостон, өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп далбас уруп жатканы элдин күлкүсүн келтирсе керек. Бул жолку текшерүүдө, ууланган кырынды үймөктөрдүн үстүндө мэрдин жанталашып буларды бирөөлөр ташып келип төгүптүр дегени көрүнүп турган телеберүүдөн. (Тасманын көчүрмөлөрү сакталган).
- Теледен антикоррупция агенствосунун комиссары С. Жапаров нечен жолу өз "эскертүүсүндө", президент менен жолукканын айтып, эгерде Ак-Түздөн алынып келинген трубалар ууланган трубалар экени аныкталса, кылмышкерлер жазага тартылат дегенге чейин айтып жатты эле. Жыйынтык чыгып, жок дегенде бир чиновник жоопко тартылдыбы же эскертүү берилдиби?
- Бул сиз айткандай үрөй учурган кырк миңден ашык элин кыргынга алып келе турган шаардын чиновниктеринин кылмыш иши жөнүндө кабар президентибизге жеттиби, ал киши билдиби деген сурооңузга жооп катары айтаарым - Антикоррупция Агентствосунун комиссары С. Жапаров, Курманбек Салиевичтин кабинетинде болуп сүйлөшүп жатканын теледен баардык эл көрүп ишенген. Буюрса кара ниет элдин ырыскысын уурдап чөнтөгүнө салып, элдин убал-сообунан коркпой бүт шаардын элин ууландыргандан кайра тартпаган жексурлар ишинен эле кетпестен, мыйзамдуу жазаларын алышат го дешкен.
Бирок иш андай болбой калды. Шылуундар ак үй, көк үйгө чуркап жүрүшүп, мамилелеш достору көп окшойт, ишти пас-пас кылып тынчытып коюшту. Иш Генпрокуратурада, эң чоң күнөөлүү "поставщик" качып жүрөт, издеп атабыз дешет дейт, мүмкүн ошондойдур. Бирок биздин эң чоң олжобуз эл аман калды, бөөдө өлүмдөн, коркунучтуу айыкпас ак кан оорусунан алыс болду. Ууланган трубалардын көбүн Чүйдөн келген бир бизнесмен сатып алып кетиптир, калган бир машина трубалар шаардык прокуратуранын короосунда жатат деп уктум. Тиги бизнесмен ууланган трубаларды кимге сатып, кайсы шоордуларды уулантып жатканы эч кимге белгисиз.
Кечээ эле президентибиз Курманбек Салиевич 20-октябрда сүйлөгөн сөзүндө айтпадыбы "бүгүн дээрлик көпчүлүк чиновниктер элди ойлобой эле, өздөрүн ойлоп калышкан" - деп. Ошол өздөрүнүн камын көрүп, элди ууландыргандан тартынбаган Балыкчы шаарынын чиновниктери бүгүн, эч нерсе болбогондой эле өз орундарында "иштерин" улантып жатышат.
- Мындай адамдын үрөйүн учурган суук кабар президентибизге жеттиби? Элге массалык зыян (кыргын) алып келе турган кылмыш жасаган чиновниктердин бетин ачып, катастрофаны болдурбай калган ак ниет адамдарга рахмат айткан жан болдубу?
- Ушундай суук кабарды комиссар С. Жапаровтун Президентибиздин кабыл алуусунда болуп билдиргенин жогоруда айтпадыкпы. Бирок бул жерде ууланган киши болгон жок да, эл ууланганга жол бербей койбодубу тигилерге, анан алар эмнебизге рахмат айтмак эле. Чөнтөктөрү тешилип, төбөлөрүнө муш тийип, эл алдында абийирлери төгүлүп, элди соттотобуз деп жатып, соттото албай калышса...
Бирок биздин шаардын чиновниктеринин каршы аракетин түшүнсө деле болот, себеби алардын өздөрүнүн чогуу кеңешип, конкурс жарыялаган болуп, тендер өткөрүү имитациясынын ай-күндөрүнөн адашып, өздөрүнүн жеңүүчүсүн аныкташып, акча болдурушуп, ортодон кичине пайда тапсакпы деп, "арзан же бекер труба бизнесин" (балким афера десек туура болчудай) уюштуруп жатканын түшүнө албаган "караңгы" эл аларга чындыкты бетке айтып орусча "мешайт" этишсе тигилердин жиндери келбей коймок беле? Алардын айыбы кыргызчылык кылып эле түшүнбөстүгү, чыныда билбестиги даана эле көрүнүп турат. Эмне болмок эле, таза суу жууп кетат да. Кадырбек байкебиз эки күн самын суу менен жууп койсо труба таза болуп калат деп ойлошкон да. А тургай шаардын мэри Талант Өмүркулов, 2008-жылы шаар кеңешинин жаңы шайланган депутаттары менен болгон биринчи жыйынында мени күнөөлөп "сен трубалар таза эмес деп газетага жазып менин авторитетимди (кайсы?) кетиргендигиң үчүн жооп бересиң, "трубалар таптаза" -деп депутаттар жана башка чогулган элдин астында "мен сени сотко берем" деп колун кезеп кеткенин жыйында отургандардын баары уккан, көргөн. Бүгүн болсо трубалардын баары (81) жараксыз, ууланган трубалар деп табылды, демек эми мен аны сотко берсем мыйзамына ылайык болот деп ойлойм.
Ал эми ошол тендер өткөрүлүп, акча бөлүштүрүп жаткан кездеги шаар кеңешинин төрагасы З. Шарипов - "пайгамбар жашына барган" "Эл көзөмөлү" коомдук уюмунун төрагасы Талгар Аденов агайыбыз (кандай сылык сөздөр) "жылан чакпай, жылкы теппей"... (кандай орой сөздөр) бөөдө жерден жеке эле мага эмес, башка адамдардын дагы аброюна (Т. Өмүркуловту айтып жатса керек) шек келтирип жатпайбы" - деп жазыптыр Балыкчы гезитинин 19. 11. 09 ж. чыккан санына.
Мен пайгамбар жашына барып "Эл көзөмөлү" коомдук бирикмесин жетектеп туруп, шаар башчылары элди кыргынга алып келе турган кылмыш жасап жатканын көрүп, билип туруп унчукпай койсом буларга жакмак турбаймымбы. Кыргызда лакап бар- "касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы" - деген. Анын сыңарындай, булар элдин кырылбай калганына сүйүнбөй, акча жебей калгандарына күйүнүп, жандалбас уруп жатканын көрбөйсүңөрбү.
Андан дагы Шариповтун акчыланып, сылык сүйлөп "агайдын шагын сындырбайын дедим" - деп "карга көргөнүн чокуйт (лакапта карга эмне чокуурун эл билет), молдо билгенин окуйт" - деп, мени каргага теңеп "б" чокутуп мазактап ("оскорбление" дейт орусча), анан өзүнчө эле рахат алса керек... "Агайыбыз эриккенинен жергиликтүү бийликти (бийлик деп өзүн, мэрди жана башка "ууланган труба аферасына катышкан компаньондорун айтып жатса керек) шаар калкына жаман көрсөтүү максатында эле жазып койсо керек" - деген ойдо калдым деп, тим эле өзүн таза, ойчул, акылман катары коюп жазганы тиги кыргыздардын дагы бир лакабына окшоп кетип жатат. Лакапта айтылат эмеспи - "ууру тойгуча жеп, өлгүчө карганат" - деп. Ак-Түздөн ууланган бекер, түбөлүккө өлүк катары көмүлгөн ("захороненные" дейт орустар) трубаларды казып келип, элге суу беребиз деп элдин миллиондогон акчасын талап алышып, эми беттериндеги кара парда ачылганда, ак ниет, чындыкты айткан адамдарды, ыплас нерсе чокутуп мазактап жатканы сот астында жооп берчү иш экенин түшүнүшпөйт го бул акчага кызыккан шылуундар. Ууланган труба "аферасынын" бети ачылгандан бери силер элдин сүймөнчүлүгүнө айландык деп жүрөсүңөрбү?
Зарылбек Шариповдун акылдуусунуп, макал-лакаптарды келтирип, кыйыта сүйлөп, өзүн акылдуу ак ниет адамдардын арасына кошуп, башкаларды басмырлап, өздөрүн бийликтин ээлери катары эсептеп, "ак ийилет, бирок сынбайт" - деп, өзү газетке карөзгөйлөнүп жазгандай - "эгер агайыбыз шаарыбыздын чыныгы патриоту болсо шаардык кеңешке (ал кезде өзү кеңештин төрагасы болчу) шаардын мэриясына келип билдирүү жасап, туура эмес иштелип жаткан иштер болсо улуу адам катары кемчилигибизди бетке айтса жакшы болмок" - деп каадаланып жазат.