25.12.09 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Болот Шерниязовдун Бейнесине сүртүмдөр

Кыргыз деген
бир адам бар
Чындыгы эле Болот Шерниязовдун чыпалагына татыбай турган адамдар бийлик тепкичинде шыкалып турушат. Битта портфель ыргытса баса калып тытып, жегенге.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов өзүнүн эрктүүлүгү, түздүгү менен чагылгандай тездик менен элге таанылып, эл урматына ээ боло бащтады. Үзөңгү-Куушту Кытайга берип жатканда Акаевдик бийлик ар бир депутат менен иш жүргүзүп, бийлик берчүсүнө бийлик, байлык керегине акча берип, "обработкадан" өткөрө баштаган. Мыйзам чыгаруучу жыйында баш көтөрүп чыккандар көп эле, ал эми Эл өкүлдөр жыйынында Бөрүбаевди бөрүлөрдүн Акелиясы кылып, калгандарды бөлтүрүктөй айдап алгысы келген. "Жунгли мыйзамдарына" баш ийбегендер чыкпай койбойт да. Шерниязов нукум жерибиз кандай кан менен келгенин сезген. Карыш жерди да эч кимге бербестигин иш жүзүндө далилдеп, Үзөңгү-Кууштун берилишине каршы чыккан. Көп карганын ичинен "ак каргага" айланган Болот мырзаны бийлик башынан сылаган жок. 2005-жылы парламенттик шайлоодо ага каршы спикери Алтай Бөрүбаевди административдик ресустары, бийлик рычагдары менен койду. Бирок, Шерниязовдун эл үчүн күйүп, ташка тамга баскандай айтылган учкул сөздөрүнүн салмагын сезген таластыктар кош колдоп көтөрүп, бийликти бир "мыш" кылды. Каз-катар келаткан Алтай Бөрүбаев ителги тээп кеткен куш сымал, тырпырап-бырпырап артта калды. Бийлик да алмашып, Бөрүбаевдин бөрү тиштери тиш салганга жарамак түгүл, улуганга да жарабай калды.
"Алга Кыргызстан" сүрөгөн депутаттар менен табакташ болгон Шерниязовду кошелектуу-базарком депутаттар көпчүлүгүн түзгөн парламент вице-спикердик кызматка шайлап алышат. Спикер Текебаев менен жакшы мамиледе болгон Болот мырза Бакиевке айткандай; Аны Бакиев "Ата-Мекен" партиясына мүчө болууга түрткү берди. Ал Бакиевдин бийлиги "А" тамганы "Б" тамгага алмаштырып, керней алкымдарын кере ачышып, Акаевдин жолуна түшүп кеткенин сезген соң "Ата-Мекен" партиясына кирип күрөшүүнү чечти. Анын бийликти таамай мыскылдап, таасын айткан жалындуу сөздөрүн угуш үчүн жабыла эл чогулуп, кокондуктардын Бишкектеги чебин алып аткансып, Ак үйдү курчап алып, далай бийликтин шаштысын кетирген.
Өнөктөшү Текебаевди жалган жалаа менен айыптап, "Матрёшка-гейтти" ойлоп тапканда да Болот Шерниязов тикесинен-тике туруп, күн-түнү көз ирмеп уктабай акыйкатты издеп таап, фактысы менен элге жарыялаган. Ноябрь митингдеринде миңдеген элди баштап келди. Бийликтин айласы түгөнүп "ордо оюнун" баштап жиберип, кимди сатып алаарын байкап, жең учунан саткандарды сатып алып, оппозициянын күчүн алсырата берди. Болот мырза вице-спикердикти өткөрүп берген соң да, тынч отуруп калган жок. Ал "Жер-үй", "Кум-Төр" алтын кендеринде "Крисстал" заводундагы чиеленишкен маселелерди чубактын кунундай чубап чыгып бийликти иши менен "көзгө сайып" турду. Шерниязовдун жана шериктештеринин парламентти ээлеп алып, эки тизгин, бир чылбырга ээ болбой калган бийлик, парламентке ор каза баштады. Бийлик түзгөн Башмыйзам менен шайлоо Кодекси референдум менен кабыл алынып, бийлик тажаткан парламенттен кутулууну чечип таратып жиберди.
Партиялык тизме менен парламентке шайлоо башталды. "Ата-Мекен" партиясына чычкандай жөргөлөп жүргөн "Ак шумкар" баш болуп корголоп келе баштады. "Эшиктен келип, төр меники" дегендерди конок каадасы кылып, төргө өткөзгөн Болот мырза шымаланып шайлооого киришти. Бирок, бийлик эбак эле киндигин кесип койгон "ара төрөлгөн" парламентке "Ата-Мекен" партиясы үчүн бардык жерде кызыл жарык күйүп турган. Легитимсиз өткөн шайлоонун жыйынтыгы качан чыгаары белгисиз, бирок легитимсиз болсо да парламент Казакстанга Каркыра менен 4 пансионатты бере салды. Мекенчил Болот Шерниязов мындайга чыдай алган жок. Жеринен чечип келүү үчүн Түп жергесине аттанды. Түптө бийликтин "жугундукорлору" жумуртка көтөрүп тосуп, бийликтин жүзүн элге дагы бир ирет ачып көрсөтүштү. Истебличмент өз бийлигин сактап калыш үчүн бардыгына даяр экенин билгизди. Бийликтин мындай аракети Болот Шерниязовду иренжитип, англис тилине басым жасап, келечек үчүн кам көрүп жаткансыйт.
Болот Шерниязов көтөрүлбөй жаткан "Көк бөрүнү" кас-кас тургузуп, Эл аралык деңгээлге жеткизген. Ичи тардык кылып, бул федерация колдон-колго өтүп акыры ичкки иштер министри Молдомилиса, "тоюс" Молдомуса Конгантиевке тиешелүү болуп калган. Молдомуса акебиз кылмыштарды иликтөөчү министрликтин башында туруп, таң калыштуу кадамдарды жасап жатат. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата президент акесин "Көк бөрү" боюнча кубогун өткөрсө, бир нече күндөн кийин көл кылаасында кылмышкердин авторитети Камчы Көлбаев атасы Көлбайдын урматына ошол эле көкбөрүчүлөр менен Көлбай кубогун өткөздү. Мейли кыргыздардан бирден-бир "вор в законе" болгон Камчы Көлбаев атасынын кубогун өткөзсө өткөзө берсин, бирок даңазалуу бул кубоктун аркасында "Көк бөрү" федерациясы, анын жетекчиси №1 чи милиционер М. Конгантиевдин карааны көрүнгөн жокпу? Эгерде ИИМ министри атакеси Бакиевке кубок өткөзүп, авторитет Көлбаевдин атасы Көлбайдын кубогуна далдаланса баракелде дегенден башка айла жок.
Албетте, Болот Шерниязов саясат үчүн "Көк бөрүнү" бутунан тургузган жок деңизчи. Ошентсе да азыркы "Көк бөрүнүн" ал-ахыбалы жанды кейитет.
Негизи Болот Эсентаевичтин баскан жолу өзүнчө бир легенда болсо, айткан даанышман сөздөрү лакапка айланып баратат. Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет сатиралык маанайдагы чыгармаларды көтөрмөлөп Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыкты уюшуруп, өзү каржылап келатат. Ал саясатка гана жеңин түрүнүп киришпестен адабиятты, искусствону, маданиятты, улуттук оюндарды көтөрмөлөп келе жатат. Эгерде кыргыздын беш эле пайызы Шерниязовдой болгондо кыргыздар бутубуздан туруп кетмекпиз.
Кыргыздардын башына кут конуп, эл таянган Шаа аталар пайда болуп, Кыдыр даарып элдин оюн, тилегин кабыл кылган учурлар көп эле болгон. Ошол үчүн кыргыз кыргыз болуп кылымдардан бери келатат. Шаа аталар ар кылымдарда кыргыздын башына кыйынчылык түшкөн мезгилде жөлөк-таяк болуп, кыргыз элинин дөөлөтүн сактап, ырыскыбызды, насибибизди ач көздөргө тебелетпей, намыска чакырып, ыйманга чакырып кыргыздын туусун көтөрүп чыгышкан. Эл Шаа аталардын артынан ээрчип, кыргыздардын жолу ачылып, кут конуп, ырыс толгон.
Биз Шаа аталар десе эле орус адабиятынын "духовный отецтерин" эске алабыз. Байыртадан намысты туу тутушкан кыргыз элинде улуттук дөөлөттөрүбүздү, руханий байлыктарыбызды, ата-бабалардан калган мурастарыбызды баалап, даңазалап, улутубуздун келечеги үчүн кам көргөн инсандарыбыздан куру эмеспиз. Укум жерибизди башкаларга ыраа көрбөй, өз жерибизди башка мамлекеттерге тартуулап жибербей, туулган жерибизге кайдыгер караган кыргыздын жүрөгүндөгү отун тутанткан инсандарыбыз бар. Алардын бири Болот Шерниязов. Болот мырзадай инсандарыбыз турганда кыргыз эли дилин жоготпойт, тилин жоготпойт, жерин жоготпойт. Үзөңгү-Кууш Каркыра сыяктуу ата-бабаларыбыздын жерлери сатылып кетсе да жүрөгүбүздө кала берет.
Улуттук намысыбызды, атуулдук намысыбызды ойготкон Болот Эсентаевичтей мыкты инсандарыбыз турганда, күнүмдүк көр тириликке алданбай, кыргыз элинин келечеги үчүн, биздин урпактарыбыз "кыргызбыз" деп сыймыктаныш үчүн, ар бир укум жер үчүн, тикебизден тик турууга даяр болушубуз керек. Мен Болот Шерниязовду Шаа аталардын катарына койгум келет. Себеби, кыргыз эли үчүн, кыргыз жери үчүн чөмүчтөгү сууга чөгүп кетүүгө даяр инсандар азыркы учурда чөптүн арасынан ийне издегендей эле табылбай калды.
Болот Шерниязовдун эл алдында чыгып 2006-жылы айткандары бар эле: "Казактар азыр байлыгыбыз бар деп мактанбай калды. Казактар эми канча кыргыз кулубуз бар деп мактанып калышты",-деп. Арийне, кыргыз кулубуз бар деп мактанып аткан казактардын жолун дүйнөлүк кризис тескери буруп кетти. Канчалаган бай казактар кризистин запкысына чыдабай муунуп өлүштү. Эми минтип казак улутунун тамырына балта чаап, Мухтар Шаханов сыяктуу улуттук-патриоттору баш көтөрүп, ачарчылык жарыялаганы турушат. Биздин кыргызда Мухтар Шахановдой жазуучулар, интеллигенциялар барбы? Жок болсо мейли, бирок эл үчүн көкүрөгүн ДЗОТко тосуп бере турган Болот Шерниязовдой азаматтарыбыз бар.