18.12.09 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кытайлык кыргыздардын тилине кирген кытай терминдери
Кытайлык акын-жазуучулардын чыгармалары жыл өткөн сайын Кыргызстанга да келе баштады. Бирок, бул чыгармалар да кытай терминдери бар болгондуктан окурмандар толук түшүнбөй калышы мүмкүн. Анын үстүнө тарых, тил изилдөөчүлөргө да бир топ түйшүк. Ошол жагын эске алып окурмандар үчүн аз да болсо жеңил болор бекен деген ой менен Кытайлык кыргыздардын тилине кирген кытайча терминдерге түшүнүк берүүнү эп көрдүм. Эң алды менен ыр саптарына кирген кытай терминдери жөнүндө сөз баштайын.


Китептин аты - "Ой учкундары"
Басманын дареги: "Шинжаң эл басмасы"
Автору - Жаасын Айдарбек.
Басмадан:
Акын Жаасын Айдарбек 1938-жылы Акчый ооданы, Карачий айылынын Чоң кыштоо деген жеринде туулган. 1954-жылы Аксуу сыфанды(1) бүтүргөн соң, 1957-жылга дейре Үрүмчү мал чарбачылык техникумунда окуган. Ал илгер акыры болуп Автоном райондук дың жер ийгерүү назараты (министрлиги) биңтван (2) силиңбу (3) сунда иштеген.
1. сыфан- училища.
2. биңтван- аскердик полк.
3. силиңбу- башкы штаб.
* * *
Чарбачылык сангвантван (1),
Ичкер көздөй аттандык.
Көрүүгө мекен жер-жерин,
Кубанып көңүл шаттандык.
1.Сангвантван- экскурсанттар.
* * *
Сангвантвандын ичинде,
Ар улут эли баары бар.
Атайлап келген Аалыдан (1),
Шизаңдык (2) боордош дагы бар.
1. Аалы - Тибеттеги бир жердин аталышы.
2. Шизаң - Тибет.
* * *
Жетишкен экен өнөрү,
Бейжиңдин түсүн караса.
Алп жумушчу жасаган,
Дахуйтаң (1) кандай тамаша.
1. Да - чоң.
Хуйтаң - чогулуш залы.
Дахуйтаң - чоң жыйын залы.
* * *
Оң-Дөңдү түздөп аябай,
Үстүнө эгин салыптыр.
Сайларга төгүп топурак,
Миң жыңдап (1) эгин алыптыр.
1. Жың - өлчөм бирдиги. Бир жиң бир кг дан аз болот.
* * *
Коммунизимчил жоокердин,
Маузидиң (1) сишияң (2) куралы.
Жузуңли (3) сизди эстейбиз.
Элимдин нагыз уланы.
1.Маузидиң - Мао.
2.Сишияң - идея.
3.Жузуңли-жуинлат - премьер-министр.
* * *
Маужушинин (1) лушенин (2),
Чыныгы туура аткарган.
Токтобой иштеп кызматты,
Өмүрүн элге арнаган.
1.Маужуши- Төрага Мао.
2.Лушен - жол.
* * *
Чыккалы турам сапарга,
Чакырам иним катарга.
Чымырканып үйрөнүп,
Дашөнү (1) бүтүр такалба.
1.Дашө - Жогорку окуу жай.
* * *
Дыйкан айтат: мен жерди айдап терең,
Ооса (1) кылып убагында үрөөн себем.
Угут (2) берип, суляф (3) жаап түшүм алып,
Озот (4) болуп Бейжинге барып келем.
1.Ооса - (кыргыз-уйгур) сугарып.
2.Угут - (кыргыз-уйгур) жер семирткич.
3.Суляф - кытай, салафан.
4.Озот - кыр, отличник.
* * *
Жазып беш том Маужиший акыл зерден,
Аябастан билимин бизге берген.
Алып андан күч-кубат, акыл-кенчин,
Улуу жуңхва (1) элине бакыт келген.
1.Жунхва - Жунго менен окшош, кытай деген мааниде.

Шатыдан чыгып ат менен,
Т. Адылов абам келди.
Кызыл-Суунун жужаңы (1) Турсун Ороз,
Көп атынан көк тайга бата берди.
1.Жужаң - губернатор.
* * *
Көксекидей тулаңда,
Көп эле оюн салынды.
Кыраңда кыргыз элимдин,
Кылганы диянши (1) алынды.
1.Диянши - телевизор.
* * *
Баякы кезде байланып,
Фангимиң (1) деп кармалдың.
Баркына жетет экен го,
Өлгөндөн кийин адамдын.
1.Фангимиң - ыңкылапка каршы бузуку адам.
* * *
Жаадынан чыкпайт элиңдин,
Жан үрөп кызмат кылганың.
Жарышта алган баш байге,
"Жефаңжүңдөй (1)" ырларың.
1.Жефаңжүң - азаттыкка чыгаруучу армия.
* * *
Адамдын көөнүн сергиткен,
Абасы салкын жер экен.
Армия болгон тегинде,
Алп билек тванчаң (1) эли экен.
1.Тван - полк.
Чаң - майдан.
Тванчаң - полк майданы.
* * *
Сарынкөй, Тыкыя,
Ынтымак мучаң (1) кыштагы.
Секиге чыкса аңкыган,
Сары кымыз жыттары.
1.Мучаң - мал-чарбачылык жайыты.
* * *
Бактылуу турмуш ушу деп,
Ар улут эли шаңданат.
Газ очок жагып бар үйдө,
Зилайшуй (1) менен камданат.
1.Зилайшуй - водопровод.
* * *
Жаш урпактар, ашыкпай тай токууга,
Жаның үрөп, көңүлүң бер окууга.
Жаш өмүрүң кадырлап бир билим алып,
Жавшу (1) болуп чыккыла туу чокуга.
1.Жавшу - профессор.

Көөнөлөр чыгып туйшуга (1),
Из басар жаштар болуптур.
Машина каттап таң күнү,
Жол жасап таштан оюптур.
1.Туйшу - пенсияга чыгуу.
* * *
Покейде(1) туруп уялбай,
Бет-оозун боёп түрдөнөт.
"Берекем мал сат" дегендин,
Бетинен алып сүйлөнөт.
1.Покей - товарларды койгон орун.
Автордун бул китеби 1995-жылы басылып чыккан.





  Президентке ачык кат

Ууруларды бийлик колдойбу?
Урматтуу Бакиев Курманбек Салиевич, сизге кайрылганымдын себеби төмөндөгүчө: мен 2005-2007-жылга чейин, тактап айтканда үч жыл катары менен сизге арыз менен кайрылгам, бирок жооп болгон жок. Ушул сизге жазган арыздын негизги себептери: Сокулук райондук мамлекеттик каттоо бөлүм башчысы Эртабылды Ражапов, Новопавловка айыл өкмөтү Болот Мамышев, азыркы Сокулук районунун акими менин жеген жана жеп жоготкон ууруларымды кайтарып тур деп, өзүнүн өкүл баласы Манас Жумабаевди Новопавловка айыл өкмөтү кылып дайындаган, орун басары Селина Светлана Грегорьевна. Ушул жогорудагы адамдар менен карапайым элдин үлүш жерин бербей сатышкан. Ушул тууралуу карапайым калктан Чүй облусунун мурунку башчысы Кубанычбек Сыдановго, азыркы иштеп жаткан Болоткан Кумаровго көптөгөн арыздар жазылган, бирок эч кандай чечим чыгарышкан жок. Ушул эле арыздардын негизинде текшерүүчү келип Новопавловка айыл өкмөтүн карап чыкканда 1740 га жерди ар кандай айла-амалдар менен сатып жок кылышкан деген жыйынтык чыгарып берген. Бирок, жогорудагы жазылган цифрадан эки эсе көп сатышкан. Буга күбө 243-контур БЧКнын жээги, 216-контур мүрзөнүн жаны, 204-контур аскердик бөлүм, МТФ нын жанындагы жерлерди сатып жатышат. Жогорудагы текшерүүнүн негизинде эл арыз менен сотко кайрылышкан. Сот элдин арызын карап, азыркы Сокулук райондук акими Болот Мамышевге сатып жиберген жерлерин элге таратып берүү тууралуу чечим чыгарган. 2009-жылдын 20-январында Болот Мамышевдин өзүнүн кабат тамы жана Полечудес деген айылдан кайнатасына кабаттуу там салып берген. 2008-жылы мектептин тушундагы жерге кабат там салган, "Элнур" деген тегирмени бар, өзү, баласы мерседес машина минип жүрүшөт. Ушунчалык көп каражатты кайдан тапты деген суроого: Мамышев "элдин жерин бербей сатып, жогорку бийликти колго алгам, мага ким ооз ачмак эле" -деп айткан сөзүнүн чындыгы бар окшойт. Мен 27-октябрда "Кыргыз туусу" газетасына "Пейли кеткен жетекчилерге кимдин сөзү өтөт" деген макалам жарык көргөн, бирок дагы деле эч жооп жок. Айтибай Тагаевге 21-октябрда катты жана соттун чечимин кошо жөнөткөм, андан бери эки ай өттү, жооп жок. Ууруларды колдоп жүргөн жогорку жетекчилер да карапайым элге жакшылык кылса боло, сөзүн укса боло. Ушул кайрылуу катымды соттун чечиминде жазылган карапайым калктын атынан жаздым.
Каттын ээси 10 баланын атасы, 75 жаштагы Төлөндү Токтогонов Сокулук району, Новопавловка айыл өкмөтү, Бейшеналиева №1 үйдүн тургуну.