11.12.09 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Азизбектен азил кеп

Кочкорлук Жүдөө деген адам бар. Түшүнөн чоочутуп ойготуп суроо берсе да такалбай жооп берет. Жүдөө акеме суроо берип калдым.
- Максим Галкин менен Максим Палкиндин кандай айырмасы бар? -деп
- Максим Галкин "Кимдин миллионер болгусу келет?"деген шоу өткөзүп, орустардын мээси иштегендерин миллионер кылган адам. Ал эми Максим Палкин "Кимдин миллионер болгусу келет?" деген шоу өткөзүп, жөөттөрдүн мээси иштегендерин миллионер кылган адам, -дейт.
- Максим Горький менен Максим Кислыйдын кандай айырмасы бар? -дейм.
- Максим Горький сөзү менен академиктердин оозун ачырган адам талант, ал эми Максим Кислый көзү менен академиктердин оозун ачырган "талант" -дейт.
Баса, шайлоо учурунда Кочкорго Акүйдөн "десант" барып калат. Жүдөө акең аткан октой сөз менен тытыратып, тили-тилине тийбей саясатты чемичкедей чагып жөнөйт. Жүдөө сүйлөгөндө Акылбек Жапаров оозун ача албай отуруп калат.
- Бул ким? -дейт президентке талапкер.
- Жүдөө, -дешет кочкорлуктар.
- Ой - деп чоочуп кеткен талапкер -Жүдөгөнүңөр ушул болсо, жүдөбөгөнүңөрдү
эле койгулачы, -деген имиш.

Дүйнөнү чочко тумоосу каптап келатат, Кыргызстанды "бийлик тумоосу". Так талашуу кыргыздарда жок эле, бул Кокон ханынан калган илдет. Алсыз хандын учурунда мураскорлору көзүнүн тирүүсүндө эле так талаша баштоочу. Чыгыштан жуккан бул оору, жарымазиялык орус империясына да жуккан. Чабал падыша Павелди өз баласы Александр муунтуп өлтүрүп койгон. Иерусалимдин "саламандрасын" кийгендер "чокой" кийгендердин баарын бийликтен сүрүп баратат. Эмки кезек парламентте. Парламенттеги "чокойчондорду" чокуга чаап кубалай турган кезек келди. "Чокойчондор" да оңой күч эмес, алар бийликти тартып алышкан.Эми бийлигин жөн эле бере коймок беле? Бийлик талашабыз деп отуруп, "Ак жол" партиясынын ишпалдасы чыгып "чокойчон" большевиктер жана "саламандрачан" меньшевиктерге бөлүнүп кетпесе болду.


Жүдөөнүн "Мауглиси"
Жетим өскөн Жүдөөгө телевизор көргөндү суутуп коюптурбу. Куурайдай арык Жүдөөгө дарбыздай дардайган катын туш болуп, Жүдөө мас болуп жатып калса баладай эки колуна көтөрүп келип жаткызып коёт. Ошентип жүрүп бала-бакыралуу болушат. Жүдөөнүн балдары тың чыгып, эми Жүдөкең неберелери менен япон телевизорун көрүп жүргөн убагы. Бөтөнчө "Маугли" деген мультфильмди кайта-кайта көрөт. Жүдөөгө "Мауглидеги" персонаждар абдан жагат экен. Ошол персонаждары Жүдөөнүн айтуусу боюнча тааныштыралы дедик.


Шер хан
Шер хан бул мультфильмде башкы каарман деле эмес, бирок анын жунглиге кожоюндук кылсам дегенде эки көзү төрт болуп турганы, өзүнүн күчүнө таянып, суу жүрөктөрдүн жүрөгүнүн сары суусун алганды жакшы көрөт. Жалгыз-жарым жүргөндөрдү жара тарып кетип, кандын жытын жыттап тургусу келет. Өзү жаш, келишимдү, көздөрү көпкөк, каардуу, айбаттуу. Анын көзүнө эч ким теше тиктей албайт. Себеби, анын "острый" көздөрү бир ирмелип койбойт. Анын жанында дайыма жагалданып "Шакалы" ээрчип жүрөт. Жунглиде "кыбыр" эткен маалыматтын баарын шакалы ийне жибине чейин жеткизип турат. Бийлик дегенде ак эткенден так эткен Шерхан кумурсканын кыймылынан өйдө маалымат алып турат. Жунглиде бийликти колго алууда негизги конкуренти Акела. Акела экөө бири-биринин баскан издерин аңдып турушат. Жунглиде баш көтөргөндөрдүн баары анын душманы. Бөтөнчө Маугли, Балу, Багира, Каа. Негизи ишти шакалдарына ишенип жасаган Шер ханга көмөктү балким жунглинин кожоюну көрсөтүп жаткандыр?


Маугли
Караң калган бийлик! Бийликтин колтугуна киргендер эч нерсе эмес экен. Бийликтин шакал сымал алаасына кирип кеткендер жаман экен да. Шер хандын колтугуна кирип кеткендер болсо күбүп салмак, шакалдар анын алаасына кирип алышып Мауглиге айбат көрсөтүп атышпайбы уялбай. Маугли болсо акыйкатты бетке айткан түз жүргөн адам. Керек учурда Шерхандын терисин тескери сыйырып салат. Шакалдарды эмне бир эмес миллион шакал келсе дагы желкесинен алып ыргыта берет. Бул уятсыз, абийири жок шакалдар алаага жашынып алып үрүмүш болуп атпайбы. Маугли жунглиге бейпилдикти каалайт. Ага тоскоолдук кылган арам күчтөргө тартынбай бет алып, эч коркпостон кармашат. Маугли Шер ханга салыштырмалуу өң каарман. Жүзүкара шакалдары менен бийликке умтулган Шер хандан айырмаланып Мауглинин кадыр-баркы жунглиде күн санап өсүп турат. Маугли коргоосуз калгандарды дайыма коргойт, жунглиде жакшы жашоо болушун көздөйт.

Акела
Жунглиде Акеланын кадыр-баркы бар, ал эмес толук болбосо да чоң күчтөргө жетекчилик кылат. Шер хандын келишкис душманы. Экөө бет маңдай чыкса бири-бирин жара тарткандан кайра тартышпайт. Бирок жашы улгайып бараткан Акела жаш, курч, күчтүн ээси Шер ханга алы жетпей калышы мүмкүн. Анын мурункудай зор күчү калбай баратат. "Акела, промахнулся" деген сөзгө калыш үчүн Шер хан ага дайым тоскоолдук кылып турат. Акыры жүрүп Акела "промахнулся" болот.

Шакалдар
Жунглиде шакалдардан көп неме жок. Шакалдын тыңдары Шер хандын алаасына кирип кетет, таманын жалайт. Шакалдардын негизги иштери Шерханга ушак ташуу. Алар шимилеп ар кайсы жерде жүрүшөт, эптеп Шер хандын душмандарынан бир жамандык табыш керек да ушактап келип Шер ханга жагыныш керек. Шер хан жини келсе шакалды көчүккө тээп кубалап чыгат. Бирок Шер ханга деле шакалдар керек, мейли миң күчтүү болсун, а бирок ушак-айыңды кимден угат? Ошондуктан, терисин тескери сыйрып салганда, шакалдар башкага кетерин билсе да Шер хан шакалсыз жүрбөйт.

Карышкырлар
Шакалдарга салыштырмалуу карышкырлар алаага кирип кетпейт. Бирок Акеланын айтканын эки кылбай, кыңк этпей баш ийет. Акела карышкырларга баш-көз болуп алып каалаган бийлигиңдин ташын-талкан кылып жиберет. Шер хан Акеланы жара тартып салмак, ушул карышкырларынан чоочуйт. Акеланын карышкырлары Шер хандын шакалдарын талпак кылып кетишпейби. Шакалдарда эмне тилинен башка, ал эми карышкырларда көк жал күч бар.


Багира
Бул илбирс дайыма Мауглини колдойт, коргойт. Али күчүнө толо элек Мауглини душмандары тытып жеп кетпесин деп, дайым ага акыл айтып, өз көмөгүн көрсөтүп турат. Башка эркектер Шер ханды көргөндө титиреп турса аялзатынан болсо да Багира Шер ханды деле тоготуп койбойт.


Жунглинин кожоюну ким?

Жунгли токоюндагы бийлик үчүн күрөшүүнү сүрөттөйт. Бийликти көздөй үч күч умтулуп жатат. Биринчиси алаасын аралап жүргөн шакалдарына таянган Шер хан. Бирок күчкө күч табылат экен. Маугли күчкө толгон соң Теңирин тааныбай калган Шер ханды жеңет. Дагы бир күч Акела орто жолдо "промахнулся" , болуп калат. Бардык жомоктордой эле "злону" "добро" жеңет.
Жүдөөкең менден сурайт жунглинин кожоюну ким? -деп Кожоюну эч кимге көрүнбөйт экен, эч кимге билинбейт экен. Балким ооруп үңкүрүндө жаткан карыган арстандыр? Негизи Шер хан менен Акела гана кармашып жунглинин кожоюну жөнүндө жазганды унутуп да калышса керек! Деги жунглинин кожоюну ким?

Азизбек Келдибеков