11.12.09 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кудай казакка берет, Казак Кытайга берет
Казактарда элдик ыр болуп калган мындай саптар бар:
Кудай бизге берет гой,
Биз кытайга беребиз.
Кудай менен кытайга
"Посредник" болуп келебиз.
Бул ырдын чындыгы бар экен. Бекер жеринен Ислам Каримов мамлекеттин энчисинин 70 пайызы чет элдиктердин колунда турган мамлекет да мамлекетпи деп шылдыңдап атпайбы. Биз кыргыздар деле ошол жолго түшүп бараткандайбыз.

Кыргыз истеблишменти Борбордук Азияга эталон болобу?
Максим Бакиевдин истеблишментке келиши орто азиялык "хандардын" шилекейин чубуртуп, түн уйкусун бөлдү. Мураскор дегенде ак эткенде так этишкен Каримов менен Назарбаевке эркектен мураскор буюрбаптыр. Кечиресиздер, Нуракебиз жетимишке келгенде үчүнчү токолунан уулдуу болгон. Бирок, ал "Жетимишбайы" жетилгенче Назарбаев элинин назарынан чыгып калат болуш керек. Ошондуктан, бул эки үлкөн президент кыздарынан, күйөө балдарынан мураскор таптап жүрүшөт. Такты талашуу учурунда Кудаяр хан менен баласы Насреддин бири-бирине каршы чыккандай эле, ата менен баланын ымаласы келбей калат. Ал эми күйөө бала душманга айланат экен. Муну Рахат Алиев далилдеди. Ал ЕККУнун "эки тизгин бир чылбырын" колго ала турган кайын атасы Назарбаевге "Крестный тесть" деп "жогорку наам" берип, абийирин барын чукуп, китеп жазды. Рахат Алиев президенттик креслону мээлеп жүргөн. Ошондуктан кайын атасы менен "бир казанда кайнай албай калып" , чет өлкөдө баш калкалап жүрөт.
"Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет" дегендей, Рахат Алиевке "оозун күйгүзгөн" Нуракең Тимур Кулибаевке өтө кылдат мамиле жасай баштады. Бирок Казакстандын экинчи байы эсептелген миллиардер күйөө бала кайын атасынын көзүнүн агы менен тең айланат. Ал "крышовать" эткен уйгур улутундагы Карим Масимов, Улуу жүз, орто жүз, кичүү жүздүн шымаланган жигиттерине бийлик бербей, үч жылдан бери өкмөттү мыкчып турат.
Казакстанда да азыр кадрдык өзгөрүүлөр болуп, "Нуротан" партиясында Назарбаевдин орун басары Дархан Калетаев шыпырылып түшүп, ордуна Караганда облусунун акими Нурлан Нигматулин келди. Ал эми орду бошогон вице-премьер-министрге көтөрөт деген сөз бар. Анткени Тимур Аскарович бизнестин битин сыгып бүттү, эми элге алына турган кези келди деп эсептейт экен. Акыры ага Масимовдун бийлигин алып берип, "крестный тесть" президент, күйөө баласы премьер-министр болуп кала тургандай.
Биздин кыргыз бийлиги орто Азия хандарын ойготту. Исламжон аке ашынабыз Гүлнара Каримованы таптай баштады. Эмамоли Рахмондун тогуз баласы бар, ошондуктан ал чекесинен чертип, тогуздун ичинен бирин тандап койгондур. Балким улуу кызы Тахминага берер, же жаңы үйлөнгөн улуу баласына берер, ал деле тырмалаңдап өз бийлигин чыңдап атат. Түркмөн башы Сапармурад Ниязовдун таз кейпин кийип калбайын деп азыркы президенти деле жанталашып аткан учуру. Неси болсо да Максим Бакиевдин бийликке келиши менен аларда уйку жок.
Назарбаевке күйөө бала болсоң назарың сынат
"МангистауМунайГазды" (ММГ) 1990-жылдары күлкү келе турган акчага 2 млн 700 миң долларга Рахат Алиев жубайы Дарига Назарбаева баш болгон беш адам сатып алган. Ошол мезгилде Мангистау областында мунай, газ чыга турган 15 жерди чалгындоого контракт түзүлгөн. Кийинчерээк ММГны Central Asia Petroleum Ltd сы 240 миллион долларга сатып алган. Бул жерде да индонезиялык сүткорлор менен махинация кылышкан. Маминвесткомдун маалыматы боюнча бул жерлерде суюк углеводдордун көлөмү - 106,3 млн. тонна, ал эми жаратылыш газыныкы - 10,6 млрд.куб. метр запасы болгон. Перспективдүү эсептелген Каламкас жана Жетыбай кендеринде 100млн. тонна суюк углеводород, 77 млн. тонна мунайзат запасы эсептелген. План боюнча мунайзат Россияга экспорттолуп, анын ордуна Россиядан Павлодарга мунайзат келмек. Негизи мунайзаттын 70% дүйнөлүк баадан 50% төмөндөтүлүп ички рынокто сатылмак.
Арийне, Казакстанды дүңгүрөткөн "Рахатгейттен" соң ММГ маселеси өтө курч болуп калды. Себеби, "опальный" күйөө бала Рахат Алиев ММГнын реалдуу кожоюну болуп эсептелген. Ал эми Рахат Алиевдин айтуусу боюнча ММГнын акциясынын үчтөн бири "Крестный тестке" тиешелүү болгон, ошондуктан өзүнүн үлүшүн сатып алууга тапшырма берген.
Рахат Алиев Казакстанда "сыртынан" соттолгон соң ММГнын активин кайтарып алуу тууралуу маселе козголгон. Ошондо жогорку чөйрөдөн компаниянын акцияларын тез аранын ичинде сатып алууга көрсөтмө берилген. ММГнын контролдук пакетин сатып алуу демилгесин Рахат Алиевдин бажасы Тимур Кулибаев колго алат.
"Бажасы башын тырмабай" көчүк жагын тырмап атканын сезген Рахат Алиев каршылаш кайнатасынын аймагында калган бул компаниясын сатууну көздөйт. Казак "заңы" боюнча жеке менчик кендерин сатуу үчүн "КазМунайГаздан" уруксат алыш керек. ММГнын баасын көтөрүү максатында чет элдик бир канча компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Төбөдөн урган "төңкөрүш"
Назарбаев күйөө баласы Рахат Алиевди мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык жасагандыгы үчүн күнөөлөп, куугунтуктап жүрөт. Төңкөрүш үчүн да акча каражаты керек. "Бекер эт капканда болот" дегендей төңкөрүш да бекер эле жерден болмок беле, ага да көп каражат керек. Балким Рахат Алиев да жеке менчиги ММГны сатуудан түшкөн миллиарддарына таянгандыр. Анткени, баягы эле бажасы Тимур Кулибаев жубайы Динара Назарбаева менен мунайзат компаниясын россиялык "ЛУКойлга" сатып жиберишкен. Ал эми ММГнын алгачкы баасы 4,3 млрд. долларга бааланган . ММГнын 51% акциясын сатып алууга казак өкмөтү жанталашып аракет кыла баштайт.Өткөн жылы декабрда "КазМунайГаз" 70% акцияны сатып алат деген сөз болгон, муну премьер-министр Масимов да бекемдеген. Ал эми быйылкы жылы январда "КазМунайГаз" ММГнын 50 акциясын 36 мунай, газ кени менен сатып алган. Бир гана Каламкас менен Жетыбайда гана 128,9 млн метр-тонна мунайзат запасы бар.
Чындыгы Рахат Алиев Казакстанда өзүнүн саясий позициясы төмөндөй баштаганда эле ММГны сатууга даярдай баштаган. Ал мезгилде али Рахат Алиевке кайнатанын "каргышы" тийе элек кез болгондуктан "КазМунайГаз" ММГга көз арта элек болчу. Серепчилердин айтуусу боюнча бул компания боткодой аралашып кеткендиктен, мунун баасы ар кайсы убакта ар кандай болуп турду. ММГнын акциясын сатуу жөнүндө алгачкы маалымат 5 жыл мурун эле пайда болгон. Бул ММГга көз арткандар орустар, америкалыктар, кытайлыктар. Албетте, ММГны сатуучулар баасын асмандатып 7 млрд, ал эмес 11 млрд. долларга чейин көтөрүп жиберишкен, бирок кайра 4 млрд. ка түштү.
Кудай казакка берет, казак кытайга берет.
Кудай Казакстанга ченебеген Кен байлыктарды бериптир. Казактар өздөрү ырга салгандай чын эле "шүршүттөрдү" көздөй кен байлыктарын жылдырып атышат. Үч жыл мурун энергия министри тууралуу миф тараткан. Ал Казакстандын мунайзат казуу иштеринде Кытайдын үлүшү 12% болгонун, башка өлкөлөр сыяктуу эле "шүршүттөрдүн" үлүшү көбөйүп баратканын белгилеген. Сатыкка коюлган ММГны да кытайлыктар сатып алары белгилүү болгон.
Арийне, россиялык "ЛУКойл" 2,5-3 млрд. долларга түшсө сатып алууга даяр экендигин билдиришкен. Алар 100% акциясын да сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок премьер-министр Масимовдун айтуусу боюнча негизи акциялар "КазМунайГаздын" колунда калышы керек эле. Бир жарым жыл мурда "ЛУКойл" Казакстандагы мунайзат бизнесинде өзүнүн таасирин күчөтүү максатында Павлодар мунайзат-химия заводунда Казакстан-Россиялык биргелешкен компания түзөт. Өткөн жылы президенттин кеңешчиси Нурлан Балгимбаев ММГнын 49 % акциясы чет элдик компанияларга сатылган атканын билдирген. Россиялыктар ММГнын сатып алуудан баш таркан соң Кытай менен Индия билегин түрүнүп кирише баштаган.
Ал эми жарым жыл мурун кайдыгер карабай турган бир окуя болду. Ушул жылдын апрель айында Нурсултан Абишевич Кытайга визити убагында эки тараптуу келишимге кол коюлду. Кытайдын мунайзат компаниясы PetroChine ММГ үчүн 1,4 млрд. доллар сунуш кылды.
PetroChine ММГнын 50% акциясын, ал эми "КазМунайГаз" 50% акциясына ээлик кылат. Албетте, кытай менен казак бийлиги бекер эле келишимге кол коюшкан жок. Коңшу Бээжин Астанага Казакстандын бюджетинин тең жарымынан өйдө болгон 10 млрд. доллар кредит берүүгө макулдашты. Кудай казакка берген кен байлыкты казактар Кытайдын колуна карматты.
Бетти даярдаган
Азизбек Келдибеков