п»ї
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Диний-экстремисттик маанайдагы 15 миңден ашуун китеп колго түшкөн
Кыргызстанда 11 ай ичинде ички иштер министрлиги тарабынан 15 миңден ашуун диний-экстремисттик маанайдагы китептер кармалган. Бул тууралуу ИИМдин башкы штабынын жетекчиси кызматынын милдетин аткаруучу Абай Кожокулов маалым кылды. Анын айтуусуна караганда 11 ай ичинде 13 миң 73 экземпляр китеп, 2 миң 112 электрондук негиздеги материалдар, 11 компьютердик техниканын топтомун кармашкан. "Муну менен катар эле кылмышкерлерден 13 ок атуучу курал, 3 граната, 14 ок жана аммонит жарылуучу затынын 80 капсулу да кармалды",- деп кошумчалады Абай Кожокулов. Буга карата көрүлгөн чараларга ылайык 2009-жылдын 11 айында 69 диний экстремизмди жаюу фактысы катталган. Мыйзам бузгандыгы 74 адамга кылмыш иши козголгон. Сотко 45 иш өткөрүлүп берилип, 31и сот жообуна тартылган. Республика боюнча оперативдүү учетто 1 миң 457 диний экстремисттик уюмдардын тарапкерлери киргизилген. Булардын көпчүлүгү өлкөнүн түштүк аймагында жайгашып, алардын саны 1 миң 208 адамды түзөт. Бул болсо жалпы республика боюнча алып караганда 82,9 пайызды түзөт, дейт Абай Кожокулов.

"Энергокомпаниялардын бир жылдык чыгымы
1,5 миллиард сомду түзөт"
Мындай билдирүүнү Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетика комплексин жөнгө салуучу мамлекеттик департаменттин директор орун басары Кубанычбек Турдубаев Туракжай кодексинин жаңы долбоорунун коомдук угуусунда маалым кылды. Анын айтуусуна кулак сала турган болсок, бул каражаттар коомчулук колдонгон энергияны толтурууга кетет. Анткени жарандар өздөрү колдонгон электр энергиянын жана жылуулуктун өз наркын дагы төлөшпөгөндүгү менен байланыштырат. "Ошонун айынан тарифтерди көтөрүү чечими кабыл алынган. Жаңы баадан түшкөн бардык каражаттар техникаларды жаңылоого жумшалмакчы. Мисалы, 2010-жылы "Электр станциялар" 400 миллион сом алуусу күтүлүп жатат, бирок ал каражаттар кайсыл багыт боюнча жумшала тургандыгы алдын ала пландалып жазылган.

2009-жылдын мыкты футболчусу ким болот?
2009-жылы Кыргызстан боюнча эң мыкты фотболчу ким болгондугун аныкташат. Бул тууралуу спорттун аталган бөлүмүнүн оюндарды уюштуруу жана өткөрүү федерациясынын адиси Спартак Даниленко маалым кылды. Анын айтуусу боюнча азыркы маалда мыкты тренер, мыкты оюнчу, мыкты жарым коргоочу, мыкты чабуулчу жана мыкты дарбазачы багыттары боюнча аныктоо иштери жүрүп жатат. Баалар үч балдык система менен коюлат. Белгилеп кетсек буга чейин добуш берүүдө мыкты оюнчулар болуп төмөндөгүлөр аталган.
1992-жыл - Виталий Кобзарь ("Алга"),
1993-жыл - Асылбек Момунов ("Алга-РИИФ"),
1994-жыл - Шавкатхожа Абдурахманов ("Семетей"),
1995-жыл - Владимир Сало ("Кант-Ойл"),
1996-жыл - Илхом Зайлабитдинов ("Металлург"),
1997-жыл - Фархат Хаитбаев ("КВТ Динамо"),
1998-жыл - Сергей Иванов ("ЦАГ-Динамо"),
1999-жыл - Игорь Кудренко ("ЦАГ-Динамо"),
2000-жыл - Валерий Березовский ("СКА-ПВО"),
2001-жыл - Руслан Жамшидов ("СКА-ПВО"),
2002-жыл - Замирбек Жумагулов ("Дордой"),
2003-жыл - Евгений Болдыгин ("Жаштык-Ак-Алтын"),
2004-жыл - Эмиль Кенжисариев ("Абдыш-Ата"),
2005-жыл - Руслан Сыдыков ("Дордой-Динамо"),
2006-жыл - Руслан Сыдыков ("Дордой-Динамо"),
2007-жыл - Вадим Харченко ("Дордой-Динамо"),
2008-жыл - Руслан Сыдыков ("Дордой-Динамо").


Ажылык учурунда Кыргызстандын эки атуулу каза болду
Кыргызстан зыяратчыларынын Меккедеги штабынан бүгүн "Азаттык" радиосуна кабарлоосуна караганда, Медина шаарында оорудан кыргыз жараны 39 жаштагы Барно Шадманова каза болду. Ал Меккеге зыяратка барган эле. Буга чейин дагы бир кыргыз жараны ажылык сапар учурунда көз жумган эле. Быйылкы жылы Кыргызстандан Меккеге ажылыкка 4800дөй киши барган. Зыяратчылардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келген.

Пенсияга чыгуу жашын жогорулатуу керек
Дүйнөлүк банктын эксперттери Кыргызстанга, Орто Азиянын жана Прибалтика мамлекеттерине пенсияга чыгуу жашын жогорулатууга жана аялдар менен эркектерди бирдей жаш куракта пенсияга чугууга сунуштап жатат. Бул тууралуу эларалык финансы институтунун докладында айтылат. Дүйнөлүк банктын божомолдоолорунда жакынкы аралыкта Кыргызстан менен бир катар мурдагы Советтер союзунун курамындагы мамлекеттердин пенсиялык системасы катастрофалык таасирлер менен кагылышы мүмкүн. Бул биринчи кезекте глобалдык финансылык кризиске байланыштуу. Ушул жана башка себептерге байланыштуу "пенсиялык дефицитти" банктын эксперттери жогорулатуу керек деген пикирде. Ал эми ДБ аналитиктери пенсиянын индексированиесинин инфляциясын кабыл алуу менен аял-эркектердин пенсияга чыгуу жашын бирдей кылуу керек дейт. Мындан башка дүйнөлүк банк Орто Азия мамлекеттери, Борбордук жана чыгыш Европа мамлекеттериндеги пенсияга эрте чыгууларды токтотуу керек дейт. Муну менен катар финансылык базардагы таасирлерден коргоо үчүн пенсиялык камсыздандырууну өнүктүрүү керек деген өздөрүнүн пикирлерин дүйнөлүк банктын адистери билдиришүүдө.


Журналисттерди коргоо комитети

Жогорку соттун чечимин сынга алды
Жогорку сот 9-декабрда А. Саиповдун өлүмүн кайра иликтөө тууралуу маркум журналисттин атасы Аваз Саиповдун өтүнүчүн четке каккан. Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Жогорку соттун чечими кыргыз бийлигинин бул иштин акыйкат чечилишине кызыкдар эмес деген пикирлерди күчөтөт, деп эсептейт. Аталган уюмдун жетекчисинин орун басары Роберт Мехони белгилегендей, комитет кыргыз бийлигин бул чечимин карап чыгууга жана А. Саиповдун өлтүрүлүшү боюнча тергөөнү тез арада кайра баштан жүргүзүүгө чакырууда. "Сиесат" гезитинин баш редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн. Быйыл жайында ички иштер министри М. Конгантиев А. Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко ашырылгандыгын президентке маалымдаган. Ош шаардык соту А. Саиповду өлтүргөн деген айып менен Абдуфарид Расуловду соттоодо. Маркум журналисттин атасы уулунун өлүмүнө айыпталып жаткан адам эмес, Өзбекстандын атайын кызматы күнөөлүү деп эсептейт.

Ч.Айтматовдун ашына Аскар Акаев чакырылды

Таластын аксакалдары 12-декабрга белгиленген Ч. Айтматовдун ашына экс-президент Аскар Акаевди чакырып жатышат. Бул туурасында экс-мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов билдирди. Анын айтымында Таластагы аксакалдар эгер Аскар Акаев ашка келе турган болсо, аны чек арадан тосуп ала тургандыктарын айтышкан. Ал эми Аскар Акаев Осмонакун Ибраимов менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө азырынча келер-келбесин чече электигин билдирген.

Россия 193 млн. доллар карызды кече элек

Каржы министрликтин тышкы карыздарды башкаруу боюнча бөлүмүнун башчысы Алтынай Бектеналиеванын маалымдоосуна караганда, Кыргызстандын Россияга болгон жеңилдетилбеген 193 млн. 561 миң доллар карызын кечүү боюнча Москва толук чечим кабыл ала элек. Анткени ал Россиянын мамлекеттик ички жол-жоболорунан өтө элек. Белгилүү болгондой Кыргызстан менен Россия 3-февралда Москвада жетишкен келишим боюнча, 193 млн доллар карыздын ордуна Бишкек-Москвага "Дастан" акционердик коомунун 48% акциясын жана орус соода үйүнө Бишкектин Раззаков көчөсүнөн жер берүүгө милденттенме алган. Кыргызстан бул иштерди аткарган. Бирок Россия тараптан чечимдер толук кабыл алына элек. Бул арада Кыргызстандын тышкы карызы 2.5 млрд доллар болуп калды. Каржы миинстрлигинин маалымдоосуна караганда, быйылкы жылы тышкы карыздын көлөмү 2 млрд. 498 млн. 833 миң болду. Өткөн жылы ал 2 млрд.127 млн. 885 миң доллар болгон эле.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
11-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жылдын мыкты саясий идеологу" - Оксана Малеваная
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Саясий портретке штрихтер
4-бет
Кудай казакка берет, Казак Кытайга берет
5-бет
Жоголуп бараткан казак улутуна:
"Кош бол, баурдас, казагым!"

6-бет
Сандан санга
7-бет
Дүйнөлү
кабарлар

8-бет
Азизбектен азил кеп
9-бет
А менин бала бойдон калгым келет
10-бет
Окурмандардын пикирлери
11-бет
ЧЫНГЫЗ
АЙТМАТОВ
жана кино
(12- декабрь улуу жазуучунун туулган күнү)

12-бет
Унутсаң өзүмдү унут, бирок да
Унутпа менден алган ырларыңды...

13-бет
Сүймөнкул - улут күзгүсү
14-бет
Агам Эшмамбетов Нургазы Сулаймановдун жаркын элесине
15-бет
Адам укугун кордогондор Кудайдан коркобу?
16-бет
Босогодо
Жаңы жыл











??.??