п»ї
  Адабият

Агам Эшмамбетов Нургазы Сулаймановдун жаркын элесине
Мен айылга барганда агам адатынча алдымдан тосуп чыгаар эле. Бирок агам жалган дүйнөдө жок. А мен болсо агам менен жолугаар күндү самап, үмүттөнүп, Жараткандан суранып жашап келем. А бирок бардыгы биз айтып, тилегендей болбойт тура. Айла жок да. кээде ичим ысып, өксүп-өксүп эч бир жанга билгизбей ыйлап алам. Анан көкүрөгүмдө дайыма жоопсуз суроолор туулат. Бул дүйнөдө түбөлүктүү нерсе бар бекен?..


Өлбөгөн бул дүйнөдө адам барбы?
Бир жан жок түбөлүккө жашап калган.
Жомокто таң калыштуу окуялар,
Мазардын суусун ичип өлбөй калган.

Өлбөгөн бул дүйнөдө адам болбос,
Гүл да жок күз болгондо кургап соолбос.
Ажал шум бир тооруса сугун артып,
Акырын айландырып кетет тартып.

Жазасы тагдырымдын көтөрө албас,
Жаркыраган жүзүңдү мен көрө албайм.
Жашоонун жыргалына жетер кезде,
Таш боор ажал алып кетти сизди бизден.

Жашоомду караңгылык тооругандай,
Жалооруп көктү карайм жалынгандай.
Жалынып таарынамын тагдырыма,
Жалганда жакынымдан айрылганга.

Өзөк түтөп, жүрөк оту сыздатат,
Ким билсин ичтен ыйлап сыздаганды.
Ишене албай бизден алыс экениңе,
Үзүлбөгөн үмүт менен жашап келем.

Айла жок Кудайымдын буйругуна,
Аттанды бизден алыс турмушуна.
Эстегенде жок экенин бул жашоодо,
Аттиң ай, көздөрүмдөн жаштар агат.

Алтынгүл Кукеева
КМУУнун журналистика факультетинин 1- курсунун студенти

Август ырлары (2007)


Балтиканын боюнда, Балтиканын,
Кеме келип, кайрадан узап кеме...
Ээрчиген жок бул ирет мурдагыдай,
Куса деген мендеги узак неме.

Терип ташын деңиздин боюн бойлой,
Аманатын аткарып кымбатымдын.
Алыстагы көгөргөн көлүмдү ойлой,
Бир толкундап кайрадан бир басылдым...

Сезип демин Жер - эне түндүгүнүн,
Түштүк кызын үшүткөн күз күнүнүн,
Эмнени айтат батпаган кубанычым,
Эмнеге арзыйт муңайган үшкүрүгүм?

Күүгүм кечтин сыдырым жели согуп,
Толкун уруп жээгинде шарпылдаган.
Деңиз үстү керемет ай толукшуп,
Сүрөт турду маңдайда айтылбаган.

Кумга улаш созулган кенен мейкин,
Жарашыгы келишкен жайкалган көк.
Ысык - Көлдүн жээгиндей сезилсе да,
Тоолор гана издесем байкалган жок.


* * *
Күнүн көрдүм, көрдүм шамалын,
Көчтү булут, көчтү агарып.
Кол чатырлуу барган жерлерден,
Кол чатырсыз кайра тарадык.

Желин көрдүм жумшак майиндей,
Жээгин көрдүм деңиз бойлогон.
Карай берип карек талытып,
Дүйнө көрдүм көзүм тойбогон.
Жамгыр көрдүм жаашы бир укмуш,
Күркүрөгөн күндүн дабышы.
Асман бүтүн түшүп кетчүдөй,
Жана суунун селдей агышы...
Булут басып түгөл карарган,
Жер шаарынын ушул капталы.
Унутулган эски коркунуч,
Бийлеп турду бала чактагы.

Көлчүктөргө бутуң малынып,
Чуркап өтүү оңой дейсиңби.
Көнөктөгөн жамгыр алдында,
Көөшүп турду эски Хельсинки.

* * *
Кыйыр кезген кылымдар алкагында,
Кыргызымдын дагы көп өнөрү бар.
Кош деп айтып кол булгап жаткан менен,
Бир өзүңө дагы көп келээри бар.

Жер алдынан бүт суулар бириккендей -
Жер үстүндө адамзат байланышы.
Көрөңгөсүн түгөтпөй келген үчүн,
Көркөм нарктын мурасы калган ушул.

Булут үстүн жол кылып ай сызабы,
Булут астын сызылтып сызабы жел.
Ар кыл тарткан таризде айды узатып,
Аз убакыт айырма күн тособуз.

Бир тамырга доо кетсе - экинчиси,
Катаал тагдыр тек койбойт жамандыгын.
Түндүк өбөк, түштүгү жөлөк болгон,
Жер шарынын тилейбиз амандыгын...

Жүрөк туюп тууган жер сагынычын,
Кыттай уюп көп ойлор капарымда.
Кичинекей жан кызым көздөн учуп,
Кайткан элем алыскы сапарымдан.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
11-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Жылдын мыкты саясий идеологу" - Оксана Малеваная
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Саясий портретке штрихтер
4-бет
Кудай казакка берет, Казак Кытайга берет
5-бет
Жоголуп бараткан казак улутуна:
"Кош бол, баурдас, казагым!"

6-бет
Сандан санга
7-бет
Дүйнөлү
кабарлар

8-бет
Азизбектен азил кеп
9-бет
А менин бала бойдон калгым келет
10-бет
Окурмандардын пикирлери
11-бет
ЧЫНГЫЗ
АЙТМАТОВ
жана кино
(12- декабрь улуу жазуучунун туулган күнү)

12-бет
Унутсаң өзүмдү унут, бирок да
Унутпа менден алган ырларыңды...

13-бет
Сүймөнкул - улут күзгүсү
14-бет
Агам Эшмамбетов Нургазы Сулаймановдун жаркын элесине
15-бет
Адам укугун кордогондор Кудайдан коркобу?
16-бет
Босогодо
Жаңы жыл











??.??