11.12.09 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Окурмандардын пикирлери
Газетабыз өткөнкү сандарында Жаркын Темирбаеванын "Мураталиевди өлтүргөн Тахминанын тагдыры эмне болот" деген макаласы жарыяланган эле. Ушул эле макала "Азаттык" радиосунун сайтында "Мен аны өлтүргөнүмө өкүнбөйм" деген ат менен жарыяланган. Макаладагы Тахмина Амантаеванын тагдыры жарандарыбызды кайдыгер калтырбаганын ушундан билиңиз "Азаттык" радиосунун сайтындагы макалага үн кошкон пикирлер дүйнөнүн төрт тарабынан келип, сайт үн кошуу пикирлерине толуп чыккан. Газетабызга да бул макалага үн кошкон пикирлер келүүдө. Төмөндө ошол пикирлерге орун бермекчибиз.

кимден: кыргыз каяктан: Бишкек
Бул окуя кыргыз коомундагы жараттын жарылышы катары карала турган экен. Жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын 50 проценти ошол "мураталиевтер". Азыр кыргыз кызынын тарыхый духу, азоолугу тепселенген. Менттер, моссоветтеги мамалар, мугалимдер жана мураталиевтер тарабынан. Бул ооруунун вирусун акаев жугузуп кетти ачкөздугунөн. Азыркы бийлик учурунда эпидемияга айланды. Жанагылардын катарына чон курсак жаны жегичтер да кошулду. Саясатчылар болсо биринчи катарда. Кыргыздын намысын, ошол Манас менен Куманбекти, Тайлак баатырды баатыр кылган да аялзаты болчу. Кыздарыбызды ушунчалык тепсегенге жол берген кыргыздын жигиттери күнөөлүүбүз. Көрунгөн сасыган жундуу чет элдиктер да тепсеп бутту кыргызды. Көрмөксөн, билмексен болбой эле койгула кыргыздар. намысы жок эл экенбиз. Орустун, кытайдын. турктун ырын ырдаган байкуш эл экенбиз. Ушуну көрмөкпуз. Көзунөрду ачкыла. Кеч боло электе этегибизди жабалы. Улуттук боштондукка умтулалы
_______________________________________________________
кимден: asan каяктан: osh
Тахмина сени кудай колдосун сен чыныгы эне экенсин. Соттор кудайдан корксо жон эле актап койуш керек. Жаркын сен эми бул ишти айгына чыгаргын, сенин бул ишин эн кыйын бирок элге керек. Жаркын сага кудай куч берсин. Жаркын сен ушул жазылган пикирлерди Тахминага жеткирип койгун, сооп иш кыласын. КЫРГЫЗДАР биз эмне манкурт болуп баратабыз, ушундай кылмыштарды жасаган айбандар биздин коомдо жашабаш керек. Мен жанагы акмак жонундо жазып жатам.Тахмина сага эрк каалаймын, балдарын сени тушунот. ТАХМИНАГА ЭРКИНДИК ТЕЗ!!!!!!! ЖАРКЫН сен аягына чыгар сага ЧОН РАХМАТ!!!!!!
_______________________________________________________
кимден: Жанызак каяктан: http://www.presskg.com
Суволуш адам болчу. Бирок андай адамды коом өзү, демек, сиз менен биз тартипке чакырышыбыз керек эле. Анын ордуна ошондой нахалдарды "Бу кыйын жигит экен, тигини жайлаптыр, муну ит кылган экен" деп кээде мактоого алабыз. Албетте, милицияга деле оодара салса болот күнөөнү. Бирок жанагы келин эмнеге барат ал итке? Мыйзамсыз ишке эмнеге кызыгат? Эмне үчүн денесин сатып, күйөөсүн чыгарайын деген ойго жетеленет? Эмне үчүн алиги күйөөсү кумарга берилет? Эмне үчүн ошол күйөө сөрөй жанагы суволуш менен мушташат? Эмне үчүн ошол күйөөсү эми тиякта жатып алып катынын сатканга да даяр? Айтор, суроолор толтура. Менимче, жанагы катын жанагыдай күйөөдөн жөн эле кутулса болмок жана балдарын башка бир жолдор менен, мамлекеттик же коомдук балдар уюмдарына кайрылып болсо да, же айылына барып тууган-уруктарына кайрылып болсо да, жамандыктан алыс эле болгону дурус болчу.
_______________________________________________________
кимден: Дос каяктан: Жер бети
Аябай ойлонтчу окуяны жазыптыр Ж. Темирбаева. Азырынча бир тараптуу болуп турат. Экинчи тараптын да оюн бергенден кийин маселе айкын боло баштайт деп ойлойм. Мени окундургон жери Чынгыз менен Илгиздин тагдыры эмне болот. Тахмина айтып атпайбы-вино ичип алдым эле деп. Ичпегенде мындай болмок эмеспи дейм да. Болоор иш болуптур. Эми эки балага кантип жардам бере алабыз. 10-20 сомдон жардам берели деп жазышыптыр. Мен да колдон келген акча-тыйынымды жонотойун. Бирок "тирилей жетим" калган балдарга, балдарынын келечегин ойлобой казинодо кумар ойногон атасын, "аргасыздыктын айынан" вино ичип, адам өлтүргөн апасынын ордун толтура алабы ошол тыйындар. Мейли Сейит жаман адам болсун. Тахмина сен жакшы болбойсунбу. Битке очошуп койногун отко салгандай болду да. Жамандыкты амандык женет. Куйоон да, сен да чыгасынар буйруса бир куну. Балдар кантет. Замандын туру бул болсо. Силерди ушундай күнгө жеткирген... Атандын кору арман кун...
_______________________________________________________
кимден: Ыйлуу КЫРГЫЗ каяктан: Баткен
Бул деген Кыргыздын эркектери мажирөлүккө ыктап жатканы. Эки кыргыз жигитинин ырк келишпестигин Тахминадай аялдар ара чололоп калганбы. Демек биздин атуулдарда ариет намыс азайып калганы, жоголуп барактанынан кабар берип турат. Ушундай милиция менен кызматташкан жазмакер сөрөйлөр, капчыктан башканы ойлобогондор УЛУУ КЫРГЫЗДЫ, АБИЙИР МЕНЕН АР НАМЫСТУУ ЭЛДИ МАЖИРӨӨ КЫЛЫП КОЙДУ АТТИҢ !!!!!!
_______________________________________________________
кимден: Umar каяктан: KG
Мен дагы Мухаметке кошулам. Ушул сыяктуу окуяларга эркектер кунолуу. Эркектер уй-булонун муктаждыгы, коопсуздугу биздин мойнбузда экенин унутпайлы. Тахмина сенден жана сага окшогон кыз-келиндерен биз эркектер кечирим сурайбыз. Эркектер ойгонолу, ыйманыбызды бекемдейли. Уй-булобузду татыктуу багалы. Ошондо ушул сыяктуу окуялар болбойт эле.
_______________________________________________________
кимден: Мухамет каяктан: Красноярск
Эркектер күнөөлүү!!! Аялды, балдарды коргобогон!!! Алар мекенди да коргобойт!!! Күйөөсү казиного барат, күнөөсүз адамды каматып, аялын кордоп, балдарын жетим калтырды!!!
_______________________________________________________
кимден: Таалай каяктан: Бишкек
Жаныл мырза да өзүнүн, кыргыз элинин намысын коргоп ордо туткунда жаткан.
Азаматсыз Тахмина эже! Өзүнүн, өмүрлүк жолдошунун намысын коргогон сиздей кыргыздын кыздары көбүрөөк болсо кана!!!
Эгер баары сиз айткандай болсо, анда сиз кылмышкер эмессиз! Намысын коргой алган, кыргыздын баатыр кызысыз! Эгер илгерки заман болгондо, сиз сөзсүз кыргыз эли сыймыктана турган кыздарынын бири болмоксуз
_______________________________________________________
кимден: Прагматик
Акыйкат, Калыстык, дегендер Президенттен, депутаттардан, соттордон башталат. Ошолор жооп бериш керек. Мындай тагдырлар толтура. Кыргыз мал болуп калды. Анткени ислам дини аларды коргобойт. Тескерисинче алаксытып атат. Баарын Аллахка тапшырып коюп эле, эч чындык үчүн чыркырабай калдык. Аллах болсо эч качан кыргыз үчүн чыпалагын да кыймылдатып койбойт.
_______________________________________________________
кимден: Kyrgyz kyzy каяктан: Europe
Менде сунуш бар.Эч кимди кайдыгер калтырбаган оор тагдыр экен. Бул тагдыр баарыңар айтып жаткан, көмүскөдө калган миңдеген тагдырлардын мисалы. Ошондуктан. "көп түкүрсө көл" дейт, атайын эсеп ачып, эл-журт 10-20сомдон салсак да, күчтүү адвокатка жете турган каражат топтолсо, мүмкүн Тахминаны таптакыр бошото албаса да, жеңилдеткен шартта жазага жетишсе, кандай болот? Жаркын Темирбаева, журналист эжеке сиз кандай ойлойсуз? Адам укугун коргогон бейөкмөт уюмдар "Юридикалык клиника", "Кылым шамы", "Атуулдар коррупцияга каршы" жана башкалар силер кандай салым кошо аласыңар? Балдары кантет? Балдар укугун коргогон бейөкмөт уюмдар, сиздер үчүн да ойлоно турган маселе экен. Балдарына кантип жардам берсе болот?
кимден: Акелл каяктан: Базардан
Тилеке каршы мындай окуялардын канчасы коомчулука билинбей калууда!Бул бир үзүмү гана...Эгер Тахминанын айтканы чын болсо,анда туура эле кылыптыр! Мына жердештер-закондор иштебеген өлкөдө Эл акыйкаттыкты өз колуна алып, кылмышкерлерди Эл өзү жазалай баштайт!!!Бара-бара традицияга айланып кетеби???...Эми болору болуптур,Тахмина-өзүңдү карма,бекем бол!Коомчулук кайдыгер болбойттур!!!
_______________________________________________________
кимден: Гүлчө
Прокуратура, милиция, сот тууралуу элдин баары айтып, жаны кашайып жүргөн сөздөрдү автор эже өзү айтып коюптур... Авторго баракелде деш керек. СИЗОго чейин кирүү ар бир эле журналисттин колунан келе бербесе керек. Аялдарга чынында оор экени эми түшүнүктүү болуп отурат.
_______________________________________________________
кимден: Окурман
Аялдын айтканына караганда чындык сыяктуу. Бирок өңү-түсү деле анча эмес экен, кылмышкер мунун эмнесине кызыкту экен? Сейит Мураталиевден милиция аттуунун баары коркуп, бирденке тапсанар эле камагыла деп корсотмо бергенин укканбыз. Баарына компроматы бар болчу дешет. Чындык ким тарапта?
_______________________________________________________
кимден: алик каяктан: москва
Тахминага кошулам, ошончолука барган эркек - ал эркек эмес. Күйөөсүн камап аялын зордуктаган киши - ал маняк. Аны жакшы кылыптыр Тахмина. Ошондой эркекке жашоо жок деп ойлойм. Жок дегенде күйөөсүн кое берсе болмок, биздин соторго деле ишенич жок. Акча болгондо экөөнү деле чыгарат эле, ал байкуштарда кайдагы акча.
_______________________________________________________
кимден: B
Жаркын эже азаматсыз! Бул окуя Кыргызстандагы чыркырап чыкпай жаткан чындыктын бир корунушу. Мындай окуялар жуздоп саналат, бирок коомчулукка ачылбай келет. Андыктан мына ушундай журналистердин эмгегин баалаш керек. Тахминаны сот залынан актап чыгаруу зарыл. Ушул макаланы президенттик админстрациянын кызматкерлери окуп, комок корсотуулору зарыл деп ойлойм.
_______________________________________________________
кимден: Малик каяктан: Бишкек
Мен Тахминаны толугу менен акташ керек деп эсептейм. Эч болбоду дегенде Кылмыш-жаза кодексинин 98-статьясы менен иш козгоп, камактан чыгаруу керек. Ага 3 жылга чейин шарттуу жаза колдонсо болот.
А Мураталиевди билчүмүн. Жер жамандап барбасын деп коет го кыргыз. Өлгөндүн артынан жаман сөз айтпайт. Бирок ал өлгөндө ГАИшниктер тойлошту деп уктум.
_______________________________________________________
кимден: Аймира каяктан: Бишкек
Тахминанын, анын балдарынын, деги эле үй-бүлөсүнүн тагдыры кыйын акыбалда калыптыр. Тахмина, албетте, сени өз намысын коргогон аял деп баа берип жатам мен дагы. Бирок, эки уулундун тагдыры эмне болот? Сенин ушул абалынды эми күйөөң түшүнүп, баалап алса болду. Сен ошол үчүн ушул ишке барып, өзүңдү курмандыкка чалдың. Ылайым, ишиң жеңилдеп, акталып чык. Сени менен көптөгөн кыргыз аялдары бирге экендигин унутпа!
_______________________________________________________
кимден: Кыргыз бала каяктан: Америка
Тахминанын азапттуу жеке турмушу менен бүткүл элибиздин, мамлекеттин бүгүнкү жашоосун салыштырсак болот. Кайра эле баары келип коррупцияга, тиешелүү органдандардын өз жумушуна жоопкерсиз экендигин, өлкөдөгү кыйын жашоо, адам укугу акчалуу кишилерде гана каралаарына такалат. Бул окуя акыйкатсыз жашообуздун кичинекей гана кымындый бөлүгүн ачты. Мындай татаал турмуш, түйшүктүү жашоо элибизде толо. Элдин чыдамы да бүттү, сенин укугуңду мамлекет коргобосо ..., албетте өзүң күрөшүүгө туура келет! Рахмат сизге Жаркын эже! Суранарым ушул сыяктуу окуяларды көп-көп жазып элге жеткизсеңиз,эл билсе!!!!