04.12.09 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ден соолук

Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министерствосу
эмнени эскертет?
Туурасын айтканда Кыргыз Республикасынын Саламатыкты сактоо министрлиги ден соолугубузга көп нерселердин зыян экендигин эскертип туруш керек. Бул бир гана тамекинин сырткы бетинде болбостон кытай спиртинен, же суррогаттардан жасалган спирт ичимдиктеринин сыртында да болуп туруш керек.Накен Казиев баш болгон ушул министрликке министр болгон чиновниктер Президенттин "мимикасын" өздөштүрүп жүрүшүп министрликте көп нерселер өздөштүрүлбөй калып жатат. Алсак, Кыргыз ССРи жоюлуп, эгемендүүлүктү алып Кыргыз Республикасы болгонуна он сегиз жылдан ашты, а бизде көргөзмөгө илип койгонсуп эмгиче министрликтин бет алдында: "Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министерствосу" деп бадырая жазылып турат. Башка министрликтерге салыштырмалуу оперативдүү "тез жардам " көрсөткөндөрдү тескеп турган бул министрликке "таш бака жүрүш" менен замандан он сегиз жыл артта калышы жарашпайт экен. Балким Кыргыз ССРи менен эмгиче кош айтышкысы келбей жатышкандыр, анда ал заман кайда?

Эстен кетпес СССР
Ал заманда саламатыкты сактоо кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурулаар эле. Медициналык жогорку окуу жайдан окуу социалисттик мамлекеттердеги эң престиждүү, эң оор талап коюлган окуу жайы болуп эсептелчү. Ошондуктан бул окуу жайга мыктынын мыктылары чоң конкурстан өтүп, илелешчү.Илелешип эле жүрүп алышпай, башка жогорку окуу жайдын студенттерине салыштырмалуу баш көтөрбөй окушуп, студенттик курактын таттуусун деле татышпай бүтүп кетишчү. Менин классташтарымдын ичинен Сулайманова Дамира, Асыралиева Динара, Салбарова Нургүл мединституттан окушкан, башка ЖОЖдорго окугандар алтынчы күнү кечинде туулган күн өткөрүп шарактап жүрсөк, үчөө бир мүнөт бош убактылары жок, Лениндин "окуу, окуу жана окуу" осуятын аткарып жүрчү эле, эми эл сыймыктанган медиктерден болушту.
Адамдын саламаттыгына сакчы болуу бул өтө опурталдуу, түйшүктүү, мээнеттүү иш. Саясатчы, мыйзамчы, мугалим, журналист балким кетирген каталарын түздөп коюшу мүмкүн. Оор акыбалда жаткан пациентти дарылоодо кокустан катачылык кетсе, Азиреил кылычын сууруп жетип келиши айгине. Эр болсоңуз катачылыгыңызды түзөп алыңыз. Албетте, мындайда камчы салдырбаган, тажрыйбалуу дарыгерлер далайларды ажалдан аралжы кылып сактап калышат эмеспи.
Совет мамлекети адамдардын жыргалчылыгы, ден соолуктары үчүн өзгөчө көңүл бурушкан. Бул жагынан СССРге эч ким "претензия" коё алышпайт.

"Окуу, окуу жана окуу" эмес, "Окуу, чоку жана тартуу"
Ленинди эстен чыгарган соң , Лениндин "Окуу, окуу жана окуу" деген урааны унутулуп, акаевчил "Окуу, чоку жана тартуу" деген принцип жогорку окуу жайында күч алган. Чөнтөгү калыңдардын иши өйдөлөп, мээси калыңдар эшикте калышкан заман. Мейли, башка жождордо дипломду сатып алышсын, андан кийин мээси жок болсо, бир чоң кызматта иштесе, мээси бар бирөөнү жардамчы кылып алып иштеп жүрө берет. Таң калычтуусу мединститутта бул жат көрүнүш болуш керек. Адамдын өмүрү менен ойногон адам окубай базарда жүрүп кантип диплом алып, саламаттыктын сакчысы болот? Балким миңдин биридир, бирок факт деген факт. Менин бир таанышым айтып калды, өзү Россияга чейин иштеп келген врач: "Менин акемдин баласы мединститутта окуйт" дейт, "таң каласың окубай эле базарда соода кылып жүрөт. "Эй, барып окубайсыңбы", - десем, башты оорутуп окугандан көрө акча берип кутулганым оңой деди" дейт. Убагында өзүлөрү кандай окуганын айтып түтөп кетип атат. Акча берип баа алгандардан кандай врачтар чыгат?

Демография демди суутабы?
Демографтардын маалыматына караганда 15 миң жыл мурун жер планетасында 3 миллиондон ашпаган калк жашаган, 9 миң жыл мурда 10 млн. 4 миң жыл мурда 50 млн, биздин эранын башында , эки миң жыл мурун 230млн, орто кылымда, миң жыл мурун 300 млн, жаңы замандын башында, беш жүз жыл мурун 440 млн. киши жашаган. Калктын жай өсүшүнүн себеби, тез-тез болуп туруучу согуштар жана эпидемиялар, ачарчылык болгон.
Планетадагы калктын саны 1800-жылы 952 млн кишиге жетсе, 1900-жылы 1,6 млрд, 1950-жылы- 2,5 млрд. 1980-жылы 4,4 млрд, 1987-жылы -5млрд, 2000-жылы 6 миллиарддан ашып кетти. Индияда калктын саны жылына 17 миллионго, Кытайда 14 миллионго, Индонезияда5миллионго, Мексика, Бразилия, Бангладеш, Нигерия, Пакистанда 2-3 миллионго көбөйүп жатат. Демографиялык дүркүрөп өсүү адамзаттын демин суутуп баратат.
Мальтустун мыйзамы боюнча демографиялык өсүүнү ооздуктоонун көп ыкмалары бар, ошолордун бири жаңы эпидемияларды ойлоп таап, калктын санын азайтуу.

СПИД каяктан жуккан?
СПИД каяктан жукканы тууралуу так версиялар жок. Маймылдардан жуккан деген обу жок версиялар бар. Анда суроо туулат маймылдарга каяктан жуккан? Миллиондогон жылдар оорубаган маймылдар деле бул эпидемия таралса, эбакта эле кырылышып калышмак.
Андан көрө ачыгын айтсак, мальтустун теориясынын негизинде бул ооруну эксперимент катары лабораторияларда ойлоп табышкан. Бир карасак туура эле ойлоп табышкан, анткени ата-энесинен жугузуп алган наристелерди эсептебегенде аягы суюк адамдар, баңгилер бул ооруга чалдыгышат. Ошондуктан тарбиялык мааниси да бар. Баары бир оорунун аягы жаман , ошондуктан СПИД оорусу деле миллиондордун өмүрүн алып кетип, адамзатка улуу коркунучка айлана баштаган. Акыркы мезгилде СПИД менен ооругандардын саны азайып баратканы , бул оорунун коркунучтуулугунан улам сактанып, алдын- ала баштаганынан улам.

Куш тумоосу, чочко тумоосу…
СПИД менен ооругандар өздөрүнө-өздөрү көр казып алып жатышса, ал эми ошол эле лабороторияларда ойлонуп чыгарылган "жыйырма биринчи кылымдын чумалары" куш тумоосу, чочко тумоосу бешиктеги бейкүнөө наристеге да карабай, нускалуу аксакалдарга да карабай бардыгын жапырт каптап жатпайбы. Ошондуктан , куш тумоосун, чочко тумоосун ойлоп тапкандардын баардыгы чочколор экен. Бул чочколор лабораторияларда ушул эпидемияларды ойлоп таап, анан ага дарысын да ойлоп таап атышпайбы. Оору деген оңой эле рекламаланат экен. Мындай тумоо чыкты десе эле массалык-маалымат каражаттары бекер эле рекламалап ооздон-оозго өтүп, адамдардын үрөйүн учуруп жиберип атпайбы. Анан андан сактануу үчүн байы деле, кедейи деле жанталашып болгон акчасын чача баштайт. "Бай мактанса чачылат, кедей мактанса көчүгү ачылат" дейт, мына чочко тумоосу деп кыргыз жакырларынын ачылчу жери ачылып баратабыз. Дарыканаларда дарылардын баасы асмандап, ансыз деле каатчылыкка бараткан кыргызбайларды муунтуп баратат.

"Коммерциялык медицина"
"Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак" дегендей, жаман нерселер кыргыздарга тез эле жетип келет . Башка мамлекетте "коммерциялык медицина" деген бар, бул балакеттен сак болгонубуз жакшы. Жогорку Кеңеште депутаттар деле буга каршы чара көрүшүп, алдын-алып жаткандыр, себеби "коммерциялык медицинага" каршы мыйзамдын деңгээлинде, кылмыш иши козголуп чара көрүлбөсө калайык-калк запкы көрүп калат. Азыр ойлонуп табылган оорулар бүт коммерциялык медицинага кирет. Жалган маалыматтарды таратып адамдардын үрөйүн учуруп бааларды көтөрүп, байлыкка туйтунуу да коммерциялык медицина. Ал эми коммерциялык медицинанын эң коркунучтуусу, бул өзүнүн же тааныштарынын кымбат баалуу дары-дармектерин өткөрүү максатында., жалган диагноздорду коюп, ошол дары-дармектерди алууга мажбурлоо. Жалган диагноз коюлган пациент , катуу оорулуу турбаймынбы деп чүнчүп ден соолугу начарлай баштайт. Ал эми өзүнүн ден соолугуна кереги жок , медиктердин таанышынын кымбат баалуу дарыларын сатып алып, дарыланып ден соолугун ого бетер бузат. Бул жагын эми "Кыргыз ССРинин саламаттыкты сактоо министерствосу" ойлонушаар.