04.12.09 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Муратбек Иманалиев эми ШКУну жетектейт
Шанхай кызматташтык уюмунун генералдык секратары болуп мурдагы Кыргызстандын тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев дайындалды. Белгилүү болгондой М.Иманалиевдин бул орунга талапкерлигин ШКУга мүчө болуп кирген бардык өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү колдошкон. Эске салсак Шанхай кызматташтык уюмунун башкы штаб-квартирасы Пекинде жайгашкан. Бул жооптуу кызматка жаңы дайындалган жетекчи 2010-жылдын январынан баштап кызматка киришет.

"Адам өмүрүнө кол салуулардын 25 пайызы үй-бүлөлүк жаңжалдан улам келип чыгат"
Кыргызстанда адам өлтүрүүлөрдүн 25 пайызы үй-бүлөлүк жаңжалдан улам келип чыгат. Мындай билдирүүнү "Үй бүлөлүк зордуктун алдын алууга" арналган атайын тегерек столдо Ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов маалым кылды. Анын сөзүнө караганда ички иштер органдарына жылына үй-бүлөлүк кордукка байланышкан 10 миңге жакын даттануу келип түшөт. Кайрылгандардын 97 пайызы аялдар. "Үй-бүлөдөгү кордук анын мүчөлөрүнө да терс таасирин тийгизип, зордук-зомбулуктун кесепеттери коомго да терс таасир берет",-деп кошумчалады Ж.Азизов.
Бириккен улуттар уюмунун атайын докладында Орто Азия мамлекеттеринде үй-бүлөлүк кордуктун деңгээли жогору экендиги айтылат.

Камбар-Ата: Жардыруу иштери 22-декабрда болот
Камбар-Ата-2 ГЭСине суу бөгөө үчүн жардыруу иштерин жүргүзүү 22-декабрда ыңгайлуу болоорун 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров билдирди. Анын журналисттерге маалымдаганы боюнча, бул күнкү аба-ырайы жардыруу жүргүзүүгө жакшы шарт түзүп бергени турат. 1-вице-премьер-министрдин айтымында, бул күнү ГЭСке жакын жайгашкан Кара-Жыгач айылынын тургундары, мал-жаныбарлар бир күнгө башка жакка жылдырылат. Жашоочулар үчүн атайын чатырлар тигилип, ысык тамак жана концерт уюштурулмакчы. Адистердин белгилөөсү боюнча, Камбар-Ата-2 ГЭСине суу бөгөө үчүн тоону жардыруу учурунда жарылуунун аймагы 2,5 чакырым, ал эми жардыруудан пайда болгон уулуу булут 4,5-5 чакырымга тарашы мүмкүн. Камбар-Ата-2 ГЭСине суу бөгөө үчүн жардыруу иши буга чейин 20-декабрга белгиленген.

Майлуу-Суу дүйнөдөгү эң кир шаарлардын арасынан үчүнчү орунда турат
Кыргызстандын Жалал-Абад облусунан орун алган Майлуу-Суу шаары 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кирди. Мындай жыйынтыкты "Blacksmith" айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө институту чыгарган. Аталган институт Нью-Йорк шаарынан орун алган. Бул тизме ар жылы булгануу коркунучунда турган 1100 географиялык аймактын негизинде түзүлөт. Бул тизменин башында Чернобль (Украина) аймагы турат. Бул аймактан атомдук авариянын кесепетинен элдерди башка жакка көчүрүүгө туура келген. Экинчи орунда Дзержинск шаары (Россия) турат. Аталган институттун баалоосу боюнча бул аймак дүйнөдөгү химиялык негизде кирдеген эң кир шаар деп табылган. Бул аймакта СССРдин маалында 50 жыл бою аскердик ууландыруучу заттарды өндүрүп чыгарышкан. Бул аймактын калк жашабаган аңыз жерлерине 250 миң тонна уулуу заттар жерге көмүлгөн. Шаардагы жашоочулардын орточо жаш узактыгы 45 жашты гана түзөт. Ал эми үчүнчү орунда Майлуу-Суу шаары турат. Бул жерде урандын калдыктары көмүлгөн. Майлуу-Сууда Совет маалында уранды казуу иштери кызуу жүргөн. Бүгүнкү күнү райондо 23 уулу зат сактоочу жай бар. Бул жерде 2 млн. кубометрге жакын иштетилген урандын калдыктары сакталган.

Алматыдан Кемин шаарына чейин электр берүүчү
жаңы линия курулат

Электр берүүчү жаңы линия Алматадан Кемин шаарына чейин курулат.
Мындай чечим Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусу учурунда кабыл алынды. Муну менен катар Данияр Үсөнов жана Карим Масимов КРнын Бажы союзуна кошулуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу Казакстандын "Хабар" маалымат агенттиги кабарлады. Ошондой эле энергетика маселеси эки өлкөнүн премьер-министрлеринин сүйлөшүүсүндөгү башкы тема болду. Кыргызстан 5,8 млн. долларга бааланган казак көмүрүн гуманитардык жардам катары алат. Мындан тышкары Казакстан Кыргызстандын электр энергиясы үчүн 18 миллион долларды алдын-ала төлөп берет. "Бул бир четинен Токтогул суу сактагычындагы сууну коё берүүнү жөнгө салууга жардам берсе, бир жагынан кыргыз өкмөтүнүн жана кыргыз тараптын кыштан чыгышына пайда келтирет. Бүгүн Кыргызстандын Кемин шаарчасына чейин ЛЭП-500 линиясын куруу чечилди. Инвестициянын көлөмү 150 миллион доллар. Линияны куруу стартегиялык жактан маанилүү жана Кыргызстанды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга мүмкүндүк берет",- деп белгиледи К. Масимов.

Токмок шаарында Эл аралык Борбор

Азия университети ачылды

Облустук администрациянын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы Америка университети 2008-жылы "Ырайым" кесиптик институту болуп түзүлгөн. Анын салтанаттуу ачылышы 30-ноябрда болуп өттү. Аталган окуу жай эл аралык байланыш, батыш таануу, бизнес башкаруу, информатика ж.б. кесиптери боюнча студенттерди даярдайт. Учурда окуу жайдагы 117 студентке Кыргызстан жана Европа окутуучулары билим берип келишет.

Казак пансионаттары маселесине чекит коюлду
"Азаттык" радиосу маалымдагандай кыргыз-казак өкмөт башчылары пансионаттар тууралуу маселени жабык эшик артында сүйлөшүштү. Маалымат жыйынында да премьер-министрлер журналисттерге ачык маалымат беришкен жок. Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов Казакстандын Ысык-Көлдөгү пансионаттары тууралуу келишимге кол коюлганын билдирди. Ал эми кыргыз тараптан барган делегациянын өкүлү, КР мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовдун билдиргени боюнча Ысык-Көл облусунан жер ижаралоо тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюлду. Т. Турдумамбетов: "2006-жылы Казакстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионаты боюнча келишимге кол коюлган, ал 2007-жылы парламенттин колдоосуна ээ болгондон кийин бүгүн биз буга чекит койдук" деп белгилегенин кабарлайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Бишкекте жер ижарага берилбейт
Мындан ары ар түрдүү соода, кызмат көрсөтүү түйүндөрү үчүн борбор калаадан жер ижарага берүүгө мораторий киргизилди. Мындай чечимди Бишкек шаар кеңешинин депутаттары кабыл алышты. Борбор калаанын мэри Нариман Түлеев бул чара шаардын көрүнүшүн жакшыртуу максатында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Түштүк Кореяда 6-декабрга чейин


бардык дүкөндөр жабылды

Түштүк Кореяда накталай акча менен операцияларды жүргүзүү токтотулду, деп жазган The Times британ гезити. Өлкөдө соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары жабылып, коомдук транспорт иштебей калды. Басылманын маалыматы боюнча, Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын (КЭДР) борбору - Пхеньянда шаршемби күнү чет элдик валюталарды кабыл алган саналуу гана дүкөндөр менен ресторандар ачык болгон. Алар валюталарды расмий курстун негизинде алышып, түштүк кореялык валюта - вон менен төлөөгө тыюу салынган чет элдик жарандарды гана тейлөөдө. Улуттук валютаны жүгүртүүдөн токтотуу чечими КЭДРдин өкмөтү тарабынан 30-ноябрь күнү вонду жүз эсе өлчөмдө деноминациялоону жарыялангандан кийин кабыл алынган. Түштүк Кореянын жарандары эски үлгүдөгү купюраларды жаңыларына 6-декабрга чейин алмаштыра алышат. Дал ошол күндөн тартып эски вон керекке жарабайт. Түштүк Кореянын бийлиги деноминациялоонун себептерин билдирген эмес. Эксперттердин айтуусунда, өкмөт мындай кадам менен инфляцияны төмөндөтүүнү жана өлкөдө майда ишкердикти өнүктүрүүнү токтотууну максат кылууда.



Кудайга жагайын десең соопчулук кыл..
1-декабрь эл аралык СПИДге каршы күрөшкөн күн болуп эсептелет. Андан сырткары бул күнү майыптардын эл аралык майрамы. Бул майрамда алардын көңүлүн көтөрүү максатында Биринчи Май районунун акимчилиги концерт уюштурушкан. Ал концерттен кийин 600 адам 300 сомдон алып, маанайлары ого бетер көтөрүлүп үйлөрүнө кайтышты. Бул салтанаттуу азем Сейтектин чоң залында болуп өттү.

Биринчи май райондук акимчилигинин орун басары, Социалдык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси
Байтикова Чынара
1-декабрь эл аралык майыптардын күнү болуп эсептелет. Ошондуктан биз борбор калаабыздын майыптары үчүн кичинекей болсо да көңүлүн көтөрүп коёлу деп ушул концертти тартууладык. Биринчи май районунун акимчилигинен 775 миң сом бөлүнгөн. Биз бул каражатты ар кандай майып мекемелеринин арасындагы майыптарга, каттоодо турган майыптарга бөлүштүрдүк. Жалпы жону менен алардын саны 2269 адамды түзөт. Анын арасынан 46 адам ордунан такыр эле жылбайт. 2269 адамыбыздын ичинен 600 адам бул майрамда 300 сомдон алышты. Мындан сырткары жылыга квартал сайын бул адамдарыбызга 1500 сомдон бөлүнүп турат. Колдон келген жардымыбызды көрсөтүп турабыз. Ошондой эле жакыр үй бүлөлөр баняга, чач тарачтарга бекер барышат.
- Жаңы жылга карата кандай пландарыңыздар бар?
- Мына келе жаткан жаңы жылга карата 22-декабрда саат 13:00, Аким катышкан жаңы жылдык кече өтөт. Ал бал маскарадыбыз Сейтекте болот. Ага калаабыздын майып балдары, начар үй-бүлөлөрдүн балдары катышмакчы. Алар үчүн концерттик программа жана ошондой эле белектерди даярдоодобуз.