04.12.09 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан санга

Чиполлинонун укмуштуу окуялары
Каармандар:
Ак сөөктөр:
Барон Апельсин
Графинья Алчалар
Синьор Помидор
Мистер Сабиз
Аскер Лимондор
Граф Бала Алча

"Кара сөөктөр":
Ашкабак абышка
Ашкабак кемпир
Өтүкчү Жүзүм
Пияз Чиполлето
Пияз Чиполлино
Скрипкачы Алмурут
Кыз Бүлдүркөн

Конкурс!!!
Сериалдагы башкы каармандардын бүгүнкү биздин күндөгү прототибин аныктоо боюнча окурмандар арасында конкурс жарыялайбыз. Кааласаңыз атыңызды өзгөртүп айтсаңыз да болот. Бизге бир гана кайсы бийликчини эл кайсы жашылча - жемиштин образында кабыл алаары кызык. Каармандын так үстүнөн түшкөн прототипти көрсөткөн окурман "Кыргыз Рухунун" көңүл көтөрөр байгесине ээ болот. Анда эмесе, бүгүндөн баштап 66-45-42, 66-25-05 телефондору сиздер үчүн.
СМСтерге 0773 430317,электрондук дарек gulmairam82@mail.ru


07782785хх абонентинен:
Апельсин - Курманбек Бакиев
Мандарин - Данияр Үсөнов
Редакцияга телефон чалып өзүн Айша деп тааныштырган айым:
Барон Апельсин - байлыкка тойбогон бийликчилердин бардыгы
Кавалер Помидор - премьер-министр
Мандарин - А. Атамбаев
Чиполлино - Ө. Текебаев
Ашкабак абышка - ипотекага үй беребиз деген "Азия Курулуштун" жана президенттик программанын курмандыктары.

Бул сериалды түшүнүү үчүн италиялык жазуучу Жанни Родаринин "Чиполлинонун укмуштуу окуялары" китебин окуп чыгууңузга туура келет. Бир канча жыл илгери жазылып, чыгарманын негизинде мультфильм, көркөм тасма тартылса да, андагы каармандар бүгүнкү Кыргызстандын элесин чагылдырып тургандай сезилгендиктен, каармандарды кыргыздарга айлантып койдук. Окшоштугун ушундан билиңиз, атын кыргызчага гана айлантып койсок, жашылча - жемиштер жөнүндөгү сюжет менен бүгүнкү биздин жашоо дал келишип калат экен.

Синьор Ашкөк тартипти бузгандардын тизмеси жазылган дептерчесине "Өтүкчү Жүзүм баронго оңурайып тигилип койду", деп жаза салды.
Синьор Буурчак ордунан туруп, үнүн жасап жөтөлүп коюп, өпкөсүнө абаны көбүрөөк тартып алды да, жайбаракат сүрдүү түрү менен документти окуй баштады:
"Төмөндө кол коюучу урматтуу Апельсин тукумунан таралган журт башчы өз мамлекетиндеги абага ээ болуу менен катар, бир жылдын ичинде жаан - чачынга да ээ болууну талап кылат. Ошондуктан кыштакта турган ар бир киши жөнөкөй жамгыр үчүн жүз сомдон, күркүрөп жааган чагылгандуу нөшөр үчүн эки жүз сомдон, кар үчүн үч жүз сомдон, мөндүр үчүн төрт жүз сомдон төлөй турган кылып соттун аныктоосун сурайт". Анын артында (....), (....), (....) деп колдор коюлган. (Урматтуу окурман, мындай мыйзамга кимдер кол коюшат деп ойлойсуз? Ойлоруңуз менен токтоосуз биз менен байланышыңыз да, жеңүүчү болуңуз).
Синьор Буурчак окуп бүтүп отурду.
Анда төрага:
- Өтүнүч герби бар кагазга жазылган дедиңиз го? - деп сурады.
- Ооба, синьор төрага, герби бар кагазга жазылган, - деп жооп берди синьор Буурчак ордунан ыргып туруп.
- Барон менен принцтин колдору коюлганы аныкталганбы?
- Аныкталган.
- Эң жакшы, эгер өтүнүч герби бар кагазга жазылган болсо жана коюлган колдору анык болсо, анда баары түшүнүктүү. Сот кеңешүүгө кетет, - деп билдирди Помидор.
Кавалер ордунан туруп, улам ийнине шыпырылып түшүп аткан кара чепкенине оронду да, чечим кабыл алуу үчүн катардагы бөлмөгө кирди. Башкалар бир кесипке ээ болуп чыгыш үчүн беш жыл талыкпай билим алса, бу кавалер деген эме бир кызмат менен кошо бир далай дипломсуз "кесиптердин" ээси болду. Керек учурда мамлекеттин аскеринин жетекчисинин да, сотунун да, премьер - министринин да, тарыхчысынын да, дагы - дагы далай - далай кызматтарын аткарып коёт. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" ушул да, убагында банктан банк ачып байлыкты мол камдап койгон экен, эми ошол байлыктары минтип бир канча "кесиптин" өтөөсүнө чыгуусуна жардам берип атат. Барон менен принцтин айткан жагына кыңк этпей барып, айтканын аткарып, аткарганда да "бөрк ал десе, башты кыя чаап" коёт. Бүргө деген эме адамдын канын соро берип кыпкызыл болуп шишип кетет эмеспи, бу каапыр да каратаман калктын канын шимий берип кыпкызыл болуп чытырап турат. Барондун аягында жүрүп, жугундусун ичип... көрсө жугундудан адам опсуз семирет тура...
Скрипкачы Алмурут катарында отурган Пияз Порейди түртүп койду да:
- Мөндүр үчүн биздин налог төлөшүбүздү сен адилет иш деп ойлойсуңбу? Эгинге пайда келтире турган жамгыр менен карга налог салышынын жөнү бар. Бирок эгин үчүн барып турган кырсык мөндүр да, ал үчүн налогду көп алганын карачы! - деп акырын шыбырады.
Пияз Порей жооп берген жок, ал ойлонгон түрдө узун мурутун сылай берди.
Өтүкчү Жүзүм калтаарып чөнтөгүн аңтара берди. Ал желкесин кашымакчы болуп шибегесин издеп атты. Бирок кыштактын адамдары залга кирбестен мурун канжар, бычак өңдүү миздүү куралдарды жана атылма куралдарды тапшыруу керек деген буйрук эсине түшө калды. Анын атылма куралы жок эле, ал эми шибегесин миздүү курал катарында алып койгон болчу.
Соттун өкүмүн күтүп аткан кезде синьор Ашкөк залдагылардан түк көзүн айырбастан карап отуруп:
"Алмурут бирдемедеп шыбырап атты. Пияз Порей мурутун сылай берди. Ашкабак байбиче ордунда ойдолой берди. Ашкабак абышка эки жолу оор үшкүрүп койду", деп дептерине жазып алды.
Мугалим өзү коридордо сүйлөшүп атканда класстын тартибин карап турган бала досканын бетине өз жолдошторунун аттарын ушундай кылып жазчу.
"Үлгүлүүлөрдүн" графасына синьор Ашкөк:
"Адвокат Буурчак өзүн эң жакшы алып отурду. Барон А. эң жакшы отурду. А ордунан турган жок, тартипти сактады да, кымбатчылыктан заарканган элдин көрүнүшүнөн ырахат алып отурду", - деп жазып алды.
Өтүкчү Жүзүм шибегеси болбогондуктан, тырмагы менен желкесин кашып: "Эх, эгер биздин Чиполлино ушул жерде болгондо буга окшогон балакеттер болбойт эле. Чиполлино түрмөгө түшкөндөн бери бизге кулга окшогон мамиле кыла башташты. Синьор Ашкөк өзүнүн каргыш тийген дептерине жазып алмайынча биз кыймылдай да албайбыз", дечү.
Синьор Ашкөктүн дептерине кара тизмеге жазылып калгандар түз жолдон кетип атып эле авария болуп кетишет, же машине менен кошо өрттөнүп кетишет, же атылып калат, же эбепке себеп табылып түрмөгө жөнөтүлчү, эч болбогондо доого жыгылып, айып төлөчү. Иши кылса бул дептердин кара тизмесиндегилердин иши чатакка айланчу.
Бир кезде сот, башкача айтканда Помидор заседание залына кирди.
- Көңүл бургула! Мен азыр силерге соттун чечимин угузамын, - деди кавалер, - "Барон менен принцтин өтүнүч арызын уккан соң сот токтом кылат: жогоруда аттары жазылган кожоюндар ар бир жааган жамгыр, кар, мөндүр үчүн, ошону менен катар асман тарабынан жиберилген аба ырайы ачык болобу, жаан - чачындуу болобу, анысына карабастан аренда акысын алууга укуктуу. Ошондуктан сот: кожоюндарга караштуу кыштактын ар бир адамы, кожоюндар талап кыган суммадан эки эсе көп кылып, аба ырайынан пайдалангандыгы үчүн акы төлөшсүн деп белгиледи".
Залдан нааразычылык билдирип күңкүлдөгөн үн угула түштү.
- Жаагыңарды баскыла! - деп кыйкырып жиберди кавалер Помидор, - Тынч отурбасаңар залдан айдап чыгарамын!
Аныгы кавалер ичинен кыйкырды. Каарданганынан жүзү кыпкызыл да болуп кетти. Кечээ эле кызматка келсе да ата мурасынан бетер сезилип, башта бул креслосуз кантип жашап жүргөнүн элестете да албай калган. Чын эле Помидор кырктан ашканда келчү эң улуу, эң керемет сүйүү сезимине кабылып, ал үчүн ак урганга даяр болуп, бакыттан алапайын таппай калды. Кавалердин сүйүүсүнө арзыган бийкечи ким болмок эле... креслосу да... Креслосунун "атакеси" принц Лимонго калың да төлөдү, эми минтип "күйөө балалык" кызматын аткарып байкуш элдин 60ка түшүп, анемияга айланган канын да соруп, биротоло эле "ак кан" кылып салгысы келип атат.