№42, 04.12.09. • "Кыргыз руху гезити, кыргызча... Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви







"Баш-канжыгада, кан-көөкөрдө" дечү уулуң барбы, кыргыз?
Замандын ыры Эламанбы?
Барган сайын кыргыз урпактары майдаланып-бырчаланып баратабыз. Оппозиция, бийлик дейбиз. Оппозицияда кайрат көрсөтчү уулдарыбыз болгон менен бардыгы жеке баатыр. Биринин сөзүн бири укпайт. Биринин жакшылыгын бири көрө албайт. Мыктысы суурулуп чыкса, көтөрүп кете албайт. Кайра бут тосушат. Анын ордуна эң чабалын көтөрмөлөп, ошонун айланасына биригишет. Оппозициясына да, бийлигине да мыкты уул эмес, шөлпөйгөн Шералилер керек. Ошондой бирөөнү көтөрүп чыгып, артында өздөрүн арстан көрсөткөндү жакшы көрүшүп, баары эле Нүсүп болгусу келишет. Он Нүсүпкө бир Шералы түтмөк беле шөлпөйгөндөн шөлпөйүп, кимди угарын билбей айласы кетет.


Оппозицияда Алмаз Атамбаев дал ошол Шералы болду. Оппозиция рейтинги нөлдө турган Атамбаевди тандашты. Анын артынан 1 упай, 2 упай, 3 упай, 5 упай аброю бар Бекназаров, Бешимов, Текебаев, Отунбаева өңдүүлөр ээрчип жүрүштү. Аныгы ээрчиген жок, ээрчитип жүрүштү. Тиякка бас, быякка бас деп айдап жүрүштү. Сенин упайың "4" болчу десе, "5"ке татыктуу болчумун деп Темир Сариеви чычалап чыга качты.
Бийликте деле ошондой. Ү.Сыдыков, А.Мадумаров, Д.Үсөнов, Ф.Кулов өңдүү бир кездеги арстандардын жүрөгүн сууруп алып, арстандан койго айлантып туруп, бир киши айдап алган. Жүрөгү жок бечаралар, айдаган жагына басышат, чокуга таяк менен урса, маараганга да жарашпайт. Маара десе, маарашат, токто десе, токтошот. Жүгүр десе, жүгүрөт, бүгүл десе, бүгүлөт. Куутка айдаса-куутка, жуутка айдаса-жуутка жөнөшөт.
Элчи? Эл "ЭрТөштүк" эпосундагы Эламандын кейпинде. "Төштүктү ал да, малымды кой, кемпир, Малымды ал да, жанымды кой, кемпир" деп Эламанча кокуйлаганы кокуйлаган. Кулагын кескен кулдан айырмасы жок. Чапса да-чыдайт, тепсе да-чыдайт. Жерин тартып алса да-унчукпайт, кенин тартып алса да-унчукпайт.
Интеллигенциячы? Кара тамга менен бөлүнүп жазылбай, куруп кал дегидей кургуй абалда. Өзүнүн карагаттай көздөрү бар чолпондой уулун, бирөөнүн көк көз уулуна окшоштурам деген мамакеевдерин айтпай эле коёюн, улут мыктыларыбыз деген Сарыгуловдой улутчулдарынын кейпин көрүп да кишинин боору ооруйт. Азиянын арстандарынын тукумдарыбыз деп ооз көптүрүп сүйлөгөн менен ошол момурайган байкуш улутчул бечараларды бурчтан чыга калып чоочутуп койсоң, тилден калып, сайраган тилден дайын жок калат. Нарктуу, барктуу сөздөрдөн сүйлөйбүз, казактардай эмоциялуу улутчул эмес, кыргыздардай даанышман улутчул бололу деп манапсынышканы менен жүрөктөрү мокок, көздөрү коркок, көкүрөктөрү бош.
Мындай даанышман улутчулдардан көрө, канкор болсо да, каракчы болсо да Рысбек өйдө беле деп үшкүрөсүң. "Кайраттуу уулуң барбы, кыргыз? Кайда, кайда алар?" -деп кан какшап тентип кеткиң келет.
Кечээ эле аянт толо кылкылдап турган эл кана, Акүйдү титиретип турган кайратың кайда кетти кыргызым деп сыйпалайсың. "Туулдум-өлдүм, баш-канжыгада, кан-көөкөрдө" дечү уулдарың кайсыл кылымга сиңип кетти?" деп карашалайсың
Мадумаровдун, Куловдун, Үсөн Сыдыковдун жүрөктөрүн сууруп кеткендей, бүтүн элдин жүрөгүн бирөө сууруп алганбы? Жүрөгү бүтүн уулуң калган жокпу? -деп суроо бергиң келет? Кокустан, "мен бармын!" деп бирөө чыкса, илгери Мусулманкул карышкыр кыйкыргандай: "Бар болсоң, кач! Тоо таянып кач!" дечүдөй зиркиреп турасың. Качып да атышат. Тоо таянып качышкан жок. Америка таянып, Швеция, Швейцария таянып качып жатышат. Качпаганы Текебаевдей "энергетикаңды коргоп кал"" деп чакырык таштоодо.
Эл болсо:
"Текебаевди ал да малымды кой,



кемпир,
Энергетиаңды ал да, жанымды кой,



кемпир",
деп Эламандай жансоогалайт.

Башка жактан бир депутат:
Аман, аман, Эл Аман,
Эламанда мал Аман,
Малды алса, жан аман",
деп кайдыгер ырдап бейкапар.