13.11.09 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Из

Атамды көргөн өлбөсүн
Жума Жамгырчиев - алгачкы кыргыз интеллигенциясынан
же эмне үчүн аны акын, жазуучу, драматург катары билбейбиз?
(Башталышы өткөн санда)
Р. Курманаалы: Анжиян Кыргызстандан кыйла алыс башка жер дегендей да. Аерге да жоро-жолдоштору, тууган-тушкандары көп келишчү. Бир ирээт Төлөн Шамшиев келип конуп кеткенден кийин жездем: - Бул Төкөмдүн үнү жакшы, ырды жакшы окуйт, -деп айтканы эсимде. Дагы бир Ысмалдияр деген жигит келди. Ал кийинчерээк Кыргыз ССРинин жергиликтүү өнөр жай министри болуп иштегенин билем. Ошондой эле силердин айылдан Маанай Кыдырбаев деген инилеринин бири келип эки, үч күн жүрүп кеткен эле. Ал кийин редакцияда иштөөчү. Ушул сыяктуу адамдар келишкендери эсимде.
О. Тенти: Кийин Жума атабыз Анжияндан Ошко которулуп келиптир. Ошол канчанчы жылдар эле? Аерге келишинин себебинен да мүмкүн кабардар чыгарсыз? Сиз да алар менен кошо келип, кошо жүргөн чыгарсыз?
Р. Курманалы: Жогоруда Анжияндагы орто окуу жайы жабылып калып агамдыкына бардым деп эскербедимби? Ошерден жездемдердикине келбестен түз эле Фрунзеге келдим. Педагогикалык орто окуу жайынан окуюн деп ал жерге келсем, аердин кабылдоосу эчак аяктап калыптыр. Бул борбордо башка тааныш, жек жааттан жок бирөө да жок көчөдө сандалып жүрүп бир газетаны карасам, педагогикалык орто окуу жайынын алдында он айлык курс ачылып жатат деген кулактандыруу жүрөт. Аны аяктагандан кийин педагогикалык институтка экзаменсиз кабыл алынат деп да жазылыптыр. Мен ошол эле замат аерге барып документтеримди өткөзүп биринчи октябрга чейин айылда жүрдүм. Окуюн деп айтылган күнү барсам бир жылга 300 сом төлөшүң керек дешти. Мен ошол эле замат, мени ушинтип акча төлөйсүң деп даярдоосуна да кабыл албай атат, -деп байкеме кат жөнөттүм. Акча да бат эле келип калды,бирок даярдоо курсунан окугум келген жок. Ал кезде Алыкул Осмонов Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган шерди" которуп китеп болуп жарыкка чыгып калган кез болчу. 30 сомго ошол китепти жана дагы бир китеп сатып алдым да буерден поездге отуруп Ошко бардым. Ал жерде айыл чарба техникуму деген бар болчу. Ошол техникумга барып анын экинчи курсуна кабыл алындым. Андан жатаканага да ээ болуп орношуп калдым. Ал 1940-жылдын аягы 1941-жылдын башы эле. 1941-жылдын май айына чейин окуп май айынын башында бизди практикага жиберди. Мен техникумдун директоруна барып:
- Мени Чүйгө айлыма жибергиле, -десем ал киши да өтүнүчүмө макул болуп:
- Сен анда биздин техникумдун кулактандыруусу жазылган бир түрмөк кагазды Фрунзеге алып барып көчөлөрүнө, белгилүү имараттарына чаптайсың, -деген тапшырма берди. Мен педагогикалык институтка барып документтеримди тапшырайын десем:
- Сен экинчи курсту бүтбөптүрсүң, - деп документтеримди кабыл албай койду.
О. Тенти: Тиги Оштогу айыл чарба техникуму да калдыбы?
Р. Курманаалы: Ал калды. Ошол мугалимдер институтунун алдында сырттан окуу бөлүмү бар экен. Мен анын экинчи курсуна тапшырып анын экинчи курсун бүткөн соң жездемдикине кайта барбадымбы. Ошентип экинчи курсту бүткөн документимди көрсөткөн соң гана педагогикалык институттун тил жана адабият факультетине кабыл алышты. Анан 1941-жылдын 21-июну келип согуш башталып кетти. Натыйжада элдин баары кымгуут түшүп калды.
О. Тенти: Курманаалы аба сиз жогоруда Оштогу айыл чарба техникумунан соң Фрунзеге келип педагогика институтунан да окуй баштаганыңызды жакшы эскердиңиз. Сөзүңүзгө караганда сиз Жума жездеңизден да сабак алып калган турбайсызбы. Алыкулдун "Жолборс терисин жамынган шерин" ошондой эле Фурмановдун "Чапаев" сыяктуу романдарын окууңуз да бекеринен эмес экен. Ошол жездеңиз эмгектенген педагогикалык техникумдагы шарт кандай эле? Ошол учур жөнүндө да бир аз эскере кетсеңиз ?
Р. Курманаалы: Мен 40-жылдын октябрь айында Ошко бардым. Ошол жылдарда орустарды кыргызча окутар эле. Мен жездеме: -Иштесем кандай болот, -десем ал киши да: -Мен сүйлөшүп көрөйүн -деди. А Ошто Түркөбаев деген көлдүк жигит эле. Райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысынын фамилиясы азыр эсимде жок, ал да көлдүк экен. Аларга жездем: -Менин кайним кайрылат, мүмкүнчүлүк таап мугалимдик кызмат бергиле, -деп айтып коюптур . Түркөбаев Облонодон районого жибергенинен барсам ал:
- Сен областтык типографияга барып орустарга жана Областтык керек-жарак союздагыларга кыргыз тилинен окутасың, -деди. Ошентип типографиядан айлык алсам, Областтык керек-жарак союзунан болсо акча-тыйындан ашык тамак-аш берет. Ал учурда примус жакчубуз. Ага керосин зарылдын зарылы да. Күндөрдүн биринде бир чоң идишке толтура керосин алып барсам, аны көргөн жездем:
- Оо, бу Курман бизди багат го, -деп кубанганы али эсимде. Жездем Ошто турган кезинде сокур ичеги оорусуна чалдыгып, Егембердиев Жыфар деген область боюнча бирден бир чоң дарыгер операция жасаган. Жездем жакшы айыккан соң аны үйгө чакырып коноктогонбуз. Ал жакта деле жездеме келип-кетип сүйлөшкөн кишилер көп эле. Ошол жактан да жогоруда кеп кылган үркүн темасына арналган поэмасын улантып, көбүрөөк иштегенин эртели-кеч баамдап калчумун. Кийин Тоңго көчүп барганда ырларды көбүрөөк жазып калды.
О. Тенти: Курманаалы аба, мына 1941-жылы Тоңго келгениңиздер жөнүндө сөз баштап калдыңыз. Оштон Ысык-Көлгө анын ичинен Тоңго кандай келдиңиздер? Ал учурду азыркы менен таптакыр салыштырып болбойт. Эсимде, сиз деле билээрсиз Мамасалы Абдыкаримов деген жазуучу ошол эле 30-жылдардын башында Оштон Ысык-Көлдүн Түп районунун Монастрындагы айыл-чарба техникумуна жөө-жалаңдап отуруп жарым айда келгенин эскергени бар.
Р. Курманаалы: Ооба 1941-жылы согуш башталып педагогикалык институттун биринчи курсунда окуп жатып мөөнөтсүз эс алууга чыкты, -деген справка жазып беришти. Ошентип баарыбыз көчүп сапарга чыктык. Менин байкем болсо иштеген жеринде эле кала берип: -Мен үйгө барсам деле, бул жерде калсам деле аскерге алып кетет, андан көрө бул жерде турганым оң, -деп кала берди. Биз Оштон Жалал-Абад-Фрунзе, -деген поезд жүрчү эле, аерден билет алууга вокзалына келсек, аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө поездге отурушубуз керек экен. Натыйжада жездем экөөбүз бир вагонго отуруп бири күн мурун чыктык. Ал эми апам баштаган төртөө кийин чыгышты. Жолдо келе жатсак, жолдо эл абдан көп, те-е батыштан качып келишкен, көпчүлүгү еврейлер. Тамак-аш өтө тартыш, көпчүлүгү кезээрип ачка.Чөнтөктө акчабыз деле бар, бирок ага тамак табыш тозок! Ошентип отуруп Казакстандын аймагынан Жамбул шаарына келгенибизде, ошол Жамбул облусунун биринчи катчысы кыргыз жигит келип жездем менен учурашып калды, мурдатан тааныш болсо керек? Анын жанында чемоданын көтөрүп бир кишиси жүрөт. Аны менен кез болгонубузда эле ачка келаткан биздин курсагыбыз тоюп калды. Көрсө жардамчысы көтөрүп жүргөн чемодандын ичи толтура тооктун, койдун эттери экен. Алар эле эмес арак-шарабына да чейин бар экен, аларды ичип-жеп эле жадырап-жайнап калдык.
О. Тенти: Сиз жездеңиз экөөңүздөр Бишкекте канча күн болдуңуздар, кайда түнөп жүрдүңүздөр? Мүмкүн кайсы бир жазуучунукуна баш калкалап турууга туура келгендир? Апаңыз баш болгондор канча күндөн кийин келишти, алар да курсактары ачып жол азабы, көр азабын көрүп келишкендир?
Р. Курманаалы: Чынымды айтсам кайда жатып жүргөнүбүз азыр эсимде жок. Шаарда бир айга чукул жүрүп калдык, бизден кийин эжем, апам, жеңемдер келишти. Алар келишээри менен жездем апам менен эжемди Тоңго жөнөттү. Анда педагогикалык институттун имараты азыркы "Эркиндикте" болчу, жездем ошерден справка алып берди. Күндөрдүн биринде жездем: -Эми сен буерде эле жүрө бербей айлыңа бар, мен Тоңго кетейин, -деген соң мен айлыма кеттим. Айылга барсам аердегилердин ахыбалы жаман, атамдын агасынын баласы, энеси, аялы бар эле. Ал агам болсо аскерге кетип кичине баласы, карган энеси, аялы карар кишиси жок отуруп калышыптыр. Башка туугандар деле начар. Жеңемдин төркүндөрү Кара-Балтанын батыш жагындагы бир айылдан эле. Алардын турмуштары бир топ түзүк экен. Мен жеңеме: -Сиз ошерге барыңыз, мен Тоңго жездемдикине барайын, бул жакта жүргөндө деле тирилик анча жакшы болбойт окшойт, деп бир жакшы пальтомду сатып жол кире кылып Тоңго барбадымбы? Азыркы райондун борборуна жетип, ар кимден сураштырып жүрүп бат эле таап алдым. Алар орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, немец тилинен берген мугалим жана Жума жездем үчөө бир имаратта жашашат экен. Немец тил мугалими мен баргандан бат эле Германиядан келген тыңчы деп камалып кетти. Жездем райондук элге билим берүү бөлүмү менен сүйлөшүп өзү иштеген Горький атындагы мектептин биринчи классына мугалим кылышты. Жездемдердин Оштон жиберген үй эмеректери ал жылы эле эмес кийинки жылы келди окшойт?!
О. Тенти: Курманаалы аба сиз жездеңиз экөөңүздөрдүн турмуштук бирге сапарыңыздар жөнүндө кыйла жакшы эскерип өттүңүз. Сапарыңыздар Кара-Колдогу жаңы көчүп барган мугалимдер институтуна жетпей Тоңдогу Максим Горький атындагы орто мектепте иштей баштапсыздар. Ошерде канча убакыт турдуңуздар? Ошондо деле жазуучу киши жазуусун токтотпойт эмеспи. Анын үстүнө жогоруда үркүн жөнүндө поэма жана ырлар жазып жүрдү деген сөзүңүздү кайрадан эске түшүргүм келет?
Р. Курманаалы: Ошентип октябрь, ноябрь, декабрь айлары аяктап 1942-жылдын жаңы жылы келди. 1942-жылдын башында РайОНОнун башчысы жездеме: -Тоңдун үстүңкү өрөөнүндөгү айылдарда жогорку класстардын мугалимдери жетпей жатат. Буерден эки, үч мугалимдерден которолу, өздөрү барып мектеп жетекчилери менен сүйлөшүп, өздөрүнө айылдан орун таап келишсин, ошого карата биз буерден буйрук чыгаралы дешиптир. Мен Жер-үй айлындагы мектепке барсам, анын директору жездемдин туугандары экен. Ал киши менен сүйлөшүп көрсөм, мага 5-класска арифметикадан, 5-6-7-класстарга тарыхтан сабак берип, 1942-жылдын орто ченине чейин иштеп жүрдүм. Менин баамымда жездем Тоңго келгени көбүрөөк иштөөчү. Ал гана турсун бул Бишкектеги радиокомитетке да кабарлар, макалаларды жөнөтүп турганын жакшы билем. Жездем жазган бир, эки актылуу драмасы боюнча 9-10-класстардын окуучулары оюн коюшканын да жакшы билем. Бирок ал эмне деген аталыштагы драма экени эсимде жок. Ал согуш темасынан алынган чыгарма эле.
О. Тенти: Курманаалы аба, баятадан бери сиздин ангемеңизге, эскерүүңүзгө кулак төшөп Жума Жамгырчиев акындын, жоокердин уулу Алманбет Жамгырчиев отурат. Бул жигит сиз ошерде жүргөн жылы тактап айтканда 1942-жылдын 15-мартында төрөлгөн экен. Кыргызда тукум деген жакшы сөз бар эмеспи. Албетте, Жума ата Алманбети жарык дүйнөгө көз жарганда чексиз кубанса керек, Алманбет деп да Манастын баатыр досунун атын коюшу да бекеринен болбосо керек?
Р. Курманаалы: Ооба, туура айтасыз күн жылый баштаганда Алманбет төрөлгөнүн жакшы билем. Мен жогоруда айтып өткөндөй Жер-Үй мектебинде иштеп жүргөндө жездем уулду болгонун уктум. Жаңы төрөлгөн жээнин мен барганда апам алып отуруптур. Жездем биринчи уулдуу болуп жатса кубанычы чексиз да! Ал эми Алманбет деп ат коюш үчүн жездем да далай ой калчады го, бекер эле кылбаганы айтпаса да белгилүү эмеспи?
О. Тенти: Эми ошол 1942-жылдын мартынан көп узабай эле Жума атабыз майданга аттанса керек?
Р. Курманаалы: Ал жездемден мурун мен аскерге чакырылып калдым. Биринчи жолу май айында чакырылып, Фрунзеден Казакстандын Кызыл-Ордо шаарына чейин барсам, аерге Серпихов шаарынан авиа-механикалык орто окуу жайы көчүп келиптир. Ошол окуу жайына кире турган болуп ага өтпөй кайра Тоңго келдим. Мен келген күнү жездем уулуна той берип жаткандын үстүнөн чыктым. Ал жашап жаткан райондун борборундагы үйүндө эмес Көк-Сайдын батыш тарыбындагы Көк-Жайык деген жайлоодо тоюн өткөзүп жатканда барсам чогулган кыйла эл бар экен. Жездемдер той аяктаганда үйүнө кетишти, ал эми мен болсом Жер-Үй мектебинде ишимди карап, окуучулар каникулга тараган учур болгондуктан балдарды апийим отоого чыгарчубуз.
О. Тенти: Сиз анан жездеңиздин армияга кеткенин качан жана кайсы жерден уктуңуз?
Р. Курманаалы: 1942-жылдын 30-августунда мага экинчи ирээт чакыруу кагазы келди. Ал күндүн эртеси эле мектептен аласа-береселерди такташып жолго чыктым. Жездемдин да майданга аттанганын Россия жергесинен уктум. Ошол боюнча а киши менен көрүшпөй калдым. Кийин гана согушта курман болгонун угуп эжемдикине барып куран окуттум.

Маектешкен Тенти Орокчу уулу