13.11.09 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тагдыр

Акча табам деп, ачка калдым
- Братан, чылым күйгүзүп алайынбы?
- Мейли, - дедим, чөнтөгүмдөгү ширеңкени сунуп жатып. "Иш бар" деп укканыбыздан, теңтуш бала экөөбүз миграциондук полициянын жанындагы айтылган дарек боюнча келип турган элек. Кожоюндун сыртка чыгышын күтүп турганбыз.
- Ушул жакка келип атып, бутум тешилди. Же үмүт үзүлбөйт, -дейт чылым күйгүзүп алган, жашы отуздарга жете элек бала.
- Эмне болду эле? - кызыгып сурап калдым.
- Ээ, брат, эмнесин айтайын. Алданып, Казакстанга барып, аз жерден ал жакта кул болуп кала жаздадым. Дагы жакшы палчаныма жолугуп калып, эптеп мекениме кайтып келдим...
Көрсө, үй салып, үйбүлө куруу максатын көздөп, борбор калаага акча таап алуу үчүн былтыр жазда келген экен. "Тапкан ишим деле, кирешелүү, маянасы жакшы болчу. Бирок, андан да көбүрөөк акча таап алуу үчүн, бир-эки жолу кездешип, таанышып калган бир балага эмнегедир ишеним артып, минтип, алданып, эми анын дайын-дарегин билбей, таппай жүрөм. Тапсам, өпкөсүн үзүп, ошол жакта иштеген мээнетимдин акыбетин кайтарып алайын дегем. Ошон үчүн миграциондук полициянын эшигин күндө тытам. Эч жыйынтык чыкпайт. Колду шилтеп басып кетейин дейм, бирок, илгери үмүт өчпөй койду. Ал акчага шаардан жер келмек. Жок дегенде анын фамилиясын билип, же телефон номерин сактап калганыбызда эмне. Ансыз алдамчыны табыш кыйын болуп атат. Күчүмдү миграциондук полициядан чыгарам. Аты гана эсимде. Башка кошумча маалыматым жок", -дейт безеленип. Баятан бери ишенген адамына айтып аткансып, менден кандайдыр бир жардам күткөндөй.
- Андай алдануулар менин башыман далай өткөн. Анын эмнесине капаланасың. Андан ары жашооңду улап, эми алданбаш үчүн аракет жаса. Азыр бир көзүң бир көзүңө жоо заман.
- Брат, ал жакка барганымда кандай гана күндөрдү көргөн жокмун. Ачка калдым. Суукка тоңдум. Анан кантип ичим ачышпайт. Мен баары бир ошол алдаган баланы таап, андан баарын кайтарып алам. Башында бизге ай менен көктү убада кылган. Бул жерден Казакстанга жол тартканыбызда, биздин алды-артыбызга түшүп, тамактандырып, аябай сыйлаган. Биз көрсө ошондо эле анын капканына түшүп берген экенбиз да. Алма-Ата абдан кооз шаар турбайбы. Барганда бизди бир жатаканага жайгаштырган. Жаткан жериңер бекер деген эле. Жайгашкандан кийин биз иштей турчу жерге алып барды. Үй куруш керек экен. "Акчаңарды ай сайын алып турасыңар. Айына миң доллар жаманбы. Башталышында акча сурабагыла",- деди. Биз макул болдук. Биз менен бирге башында жатаканада жашаганы менен эки жакка көп кетчү. Арадан көп убакыт өтпөй эле жок болуп кетти. Белгиленген убакыт келди, жок. Эки ай өттү, жок. Тамак-ашыбыз да түгөндү. Ачка калдык. Үйдү да салып бүттүк. Жаткан жерибиздин төлөнгөн акчасынын мөөнөтү да бүтүп калыптыр. Ал жерден бизди кубалап чыгышты. Анысы аз келгенсип, "депорт" болдук. Эми анык талаада калдык. Дагы жакшы "палчаныма" кокустук менен жолугуп калып, өз элиме аман-эсен кошту. Болбосо...
Күйүп-бышып, айтып алган жанымдагы жаш баланы бир чети аяп кетсем, бир чети "эчтеке эмес, аны да көрүш керек. Ушинтип, ушинтип бышасың" деп койдум ичимден, өз иниме акыл айтып аткансып. Ал баланын бул айткандарына анча маани бербегеним, алданган жалгыз бул дүйнөдө ал эле эмес. Далайлар алданып, үйсүз, жерсиз калгандар бар. Мына ушундайларды угуп, көрүп отуруп, "деги кыргыз кандай калк болуп баратабыз? Мурда эле ушундай калк белек? Эгер андай болбосо, бизди ким, кандай күч бузду?",- деп өзүмө-өзүм суроо узатып, жооп таба албай келем. Анткени, билинбегени менен акыркы күндөрү, алдуусу алсызына чоң болмой адатка айланып бараткандай. Деги качан бири-бирибизди алдабай, тескерисинче колдоо көрсөтүп, качан жогору көтөрүлөбүз? Айткылачы, качан?
Дөөлөт Белеков,
Бишкек шары





Баламды өзүм эле бакмак экем
Мурда бала кезимде, кулагымдын чала укканына капаланып, көпчүлүктөн кысынып жүрчүмүн. Курдаш болуп, кыз өңдөнүп жигит сүйүп көрбөгөм. Сүйгөн менен пайда жок да. Мени ким жубай кылмак эле деп койчумун. Ансыз деле, кичине кичирээк кезимде, классташтар "дүлөй" деп шылдыңдап кетишчү. Ошол учурда ызама чыдабай өлүп алуудан кайра тартчу эмесмин. Дүлөй болгудай, менин кулагым таптакыр укпай койгон жок да. Аны эмнеге алар түшүнүшпөйт билбейм. Айтор, ошентип жүрүп, бой жетип чоңойдум.
Эсимде, анда кар кыламык жаап басылган. Шаарда эжемдикине келип, ишке жаңы эле орношком. Жолдун аркы четине өтөйүн десем, жаныма бир машина келип токтоду. Андан жездемдикине бир-эки жолу келип кеткен орто бойлуу бала түштү. Колумдан аяр кармап, машинага жетеледи. Мен каршылык көрсөткүчө эле, "коркпо, мен сени эч качан капалантпайм", - деп, турган жеримден так көтөрүп, машинанын арткы отургучуна отургузду. Өмүрү жигиттерден мындай жылуу сөз угуп көрбөгөн жаным, тилимди бирөө бууп салгансып, дендароо бойдон анын үйүнө кандай жеткенимди билбейм. Качан көшөгөнү көргөндө эсиме келдим. Бирок, босогону аттаган соң, кайра артка кайтууга кеч эле.
Жолдошума капам жок. Ал мени колунан келишинче сыйлады. Мен аны ошол сапаты үчүн абдан сүйүп калгам. Кулагымдын чала укканын ал эбак эле билчү экен. Ага карабай, көзүмдү карап, апасынын кыжырына тийип алат. Кайын энеме жагыш үчүн көп аракет жасадым. Эртең менен эрте туруп, кечинде кеч жатам. Үйдөгү болгон түйшүктү мойнума алгам. Бирок, жолдошум кошо талашып, мени аяп, бир топ ишти өзү эле бүтүрүп койчу. Күндөрдүн биринде көңүлүм айнып, бир нерсени эңсеп жегим келип, мүнөзүм өзгөрүлө баштады. Ал аз келгенсип, дааратканага бат-баттан барам. Аны билип калган кайын энем, мени ооруканага алып келди. "Ооруп калган турбайсыңбы. Доктур сени дарылайт", деп койду. Жаштык, билбестик кылып, ишенип алыпмын. Көрсө боюмда бар экен. Кээ бирөө боюна бүткөндө ошентип, тез-тез дааратканага барып калат тура. Аны кийин эжемден угуп билдим. Билген менен өтө эле кеч болуп калган. Ошондо кайын энем боюмдагы ымыркайымдан айрыптыр. Ооруксунгандан улам, апама жалооруп карасам, "эч нерсе эмес, ушинтип анан айыгып кетесиң" деп койгон. Үстүмө үйрүлүп түшүп, үч күн жылуулап карады. Боюмдан алдырганын жүрөгүмдө сезип турганым менен эмнегедир кайын энеме өйдө карап, сөз сүйлөй албадым. Андан кийин "бул төрөбөйт экен, кетир" деп атып, мени кетирип жаны тынды окшойт. Жолдошум келип жүрдү. Келген менен эне да, энесинин сөзүнөн чыкпайт. Акыры эжемдин тааныштары аркылуу Италияга учуп кеттим. Ал жерде буту баспаган бир кемпирди бакчумун. Тапкан акчамды Кыргызстанга ата-энеме салам. Анан ойлонуп отуруп калганымда, көзүмдүн жашын көл кылып, бейкүнөө кеткен ымыркайымды эстеп, ыйлап алам. Жүрөгүмдөгү бир арман мени уктатпай, тынч койбой келет. Эгер сүйгөн жарымдын ардактуу апасы боюмдан алдырбай, жайыма коюп, жөн гана кетирип ийгенинде, эч кимге көз каранды болбой эле, өзүм бакмак экем баламды. Эмдигиче мектеп босогосун аттап калмак. Кайын энем менин кулагымдын чала укканына ыраазы болбой, мени жактырбай атып кетирди. Ага деле капа эмесмин. Эки дүйнөдө кечиргис болгон анын ошол мага жасаган кыянаттыгы болду. Сүйгөн жар болуп, үйбүлө курууга кулагым тоскоол болуп келгени аз болгонсуп, эми эне болуу бактысынан айрыган кайын энеме нааразы болуп келем. Аял болуп, аялдык бакытка балкыбай, бала сүйүп жыттабай калганыма кейийм. Азыр жөн гана акча үчүн, жашоо үчүн Турциядагы бир фирмада тил үйрөнүп, иштеп алгам. Чала уксам да, менин колумдан бир нерсе келет бекен деп, бир кездеги убалыма калган кайын энеме, кичинемде шылдыңдаган классташтарыма көрүнүш үчүн жашап келем. Бирок, көзүмдүн жашы көл болуп, ичтен сызып жүргөнүмдү кантип жашырам.
Зияда Эсенбаева


Ата сени сагындым
Мындан он сегиз жыл мурун айылдан Токмок шаарына үйбүлөбүз менен көчүп келген элек. Анда атам менен апам биздин билимдүү-илимдүү болушубузду максат кылып, ушул чечимге токтолушкан экен. Эсимде, бир чемодан кийим, бир аз гана идиш менен келгенбиз. Алгач абдан эле кыйналдык. Биз кичинекей болуп, акча кантип табыш керектигин билчү эмеспиз да. Шаардагы атамдын инисиникинде эки ай эптеп жашадык. Анан анын аялынын күндөн-күнгө бизди жаман көрүп баштаганы көбөйө баштады. Аргасы түгөнгөн атам батирге үй издеп кирди. Кудай жалгап, жаңы эле орношкон "Айнек" заводунан бир бөлмөлүү жатакана бошоп, ошол жерге көчүп бардык. Үй ичин ылайыкташтырып, коюштурганга буюмдарыбыз деле жок. Ошентсе да, өз үй өлөң төшөгүң дегендей жыргап калдык. Четинен оокаттар да келе баштады. Апам мектепке мугалим болуп кирип алды. Кийинки жылы мен мектеп босогосун аттадым. Апамды уят кылбайын деп жакшы окуганга тырышам. Андан кийинки жылы иним окууга кирди. Ошентип билинбей күндөр өтүп жатты. Ал эми бөлмөбүздүн ичи бирин-экин эмеректерге толуп дегендей, эл катары курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн, айтор жакшы эле болуп калдык. Анан бир бөлмөлүү үй алышты атамдар. Ошондо баарыбыздын кубанычыбызга чек жок. Адамдар болгон сайын болсун дейт турбайбызбы. Ошол бир бөлмөлүү үйгө да ыраазы болбогон атам апам менен кеңешип, чоң үй алыш үчүн Бишкекке барып, соода кылууну сунуштады. Алгач өзү аракет кылып, иштин жүрүшүн байкаган соң, анан бизди кошо алып кетмей болду. Бишкек менен Токмоктун ортосу эки сааттык жол болгондон кийин апам деле атамдын айтканына ойлонбой туруп макул болгон. Соода кылып баштаган күндөрү түшкөн киреше менен бизди кубандырып, жума сайын майрамдатып кетип жүрдү. Анан эки жумада бир келмей адатка өтө баштады. Кийинчерээк таптакыр эле каттабай калды. Беймаза болгон апам артынан издеп барайын деп даярданып жаткан. Эртең менен эрте чыкмак. Ошол түнү атам үйгө кирип келди. Колуна көтөргөн көп базарлыгы бар. Инимди алдына алып, эркелетип, менин сабактагы жетишкендиктеримди сурап отурду. Бирок, анын жүзүнөн кандайдыр бир кооптонуу байкалып турду…
Эртең менен апамдын урушкан үнүнөн ойгонуп кеттик. Атам болсо күнөөлүү кишидей унчукпай туруп берди. Аздан соң кийимдерин чогултуп, бизди бекем кучактап, көзүнө болоор-болбос жаш алып чыгып кетти. Түшүнбөй калдык. Апам болсо, "мына биз эми тирүүлөй жетим калдык. Атаңар эми эч качан бизге келбейт", -деп буркурап боздоп ыйлап баштады. Көрсө ал Бишкектен бир бай өзбек аял менен кадимкидей той өткөзүп, үйлөнүп алыптыр. Апама ал тойдо түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, "баары кеч болуп калды. Эмне кылсаң ошо кыл. Мен эми аны менен жашайм", -деп кеткен экен. Аргасыз башын бошотуп берген апам үйдүн бизге калганына каниет кылып кала берди. Үйүбүз болгон менен атасыз жетимсиреп, алгачкы күндөрү аябай кыйналдык. Айла жок ага да көндүк. Бир кездеги бизди билимдүү кылабыз деген атам-апамдын тилектерин таш каап, мен окууга тапшыраар жылы акчабыздын жогунан калып калдым. Эптеп үч айлык ашпозчулук окууга тапшырып, аны бүткөн соң, турмушка чыктым. Бирок, турмушка чыгууга өтө эле тез шашыптырмын. Кайын энем абдан ажаан чыгып, күйөөм көп ичип кыйналган жашоону башыман өткөрүп келем. Кетип калайын десем, апам "эл эмне дейт. Мен дагы бой болсом, анан сен кошулсаң… болбойт, андан көрө чыдап, эрдиңди тиштеп жаша", -дейт. Жашайын десем, жашоого тоюп кеттим. Атам болсо мындай кыйынчылыктар бир аз болсо да азайаар эле. Атама барып арманымды төгүүгө менде кудурет жок. Анткени, анын эми, бизден башка балдары, үйбүлөсү бар. Аялынын сөзүнөн чыкпайт. Айлам жок, күн кечирип келем. Күндөн-күнгө атама деген сагынычым күч алып барат. Эмне кылаарымды билбей, жүрөкзаада болуп жүргөн кезим.
Жаркын Сапарбекова