13.11.09 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Ички иштер органдарында 2 миңдей аял иштейт

Кыргызстандагы ички иштер органдарында 1 миң 992 аял иштейт. Бул тууралуу "Аял милиционерлер демократиялык коомдо" аттуу эл аралык конференцияда ИИМдин кадрларды башкаруу начальниги Гүлсара Алиева маалым кылды. Бул тармактагы аялдардан 83 пайызы жогорку билимге ээ. Жалпы аял милиционерлердин 60 пайызын 35 жашка чейинки аял милиционерлер түзөт. Алардын көпчүлүгүнүн иштөө тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес. Аялдардын көпчүлүгү паспорт-виза кызматтарында иштейт. Аталган эл аралык конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык аял-милиционерлер ассоциациясынын өкүлдөрү, коңшу Казакстан, Россия жана АКШ, Испаниядан өкүлдөр катышууда.

Президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөн

9-ноябрь күнү ЕККУ Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу өз отчетун жарыялады. Бул документте президенттик шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар орун алгандыгы айтылып, кыргыз бийлигине атайын сунуш-кеңештер айтылган. Бул документте басма сөз эркиндигинин абалына да олуттуу маани берилип, "Азаттык" радиосунун берүүлөрү Улутук биринчи каналдан берилбей калгандыгы да айтылган. Эл аралык байкоочулар шайлоо болгон күнү бир нече мыйзам бузуулар катталганын белгиледи. Аны шайлоону уюштургандар көнүмүш адат катары кабылдап, айтылган сын-пикирлердин бирин да моюндаган алышкан жок. Бир адамдын колундагы бир нече шайлоо бюллетендеринин урнага салынышы, кайрадан добуш берүүгө кирип жаткан адамдар байкоочулардын баамына алынганы менен бул көрүнүш шайлоо комиссиясынын тынчын алган жок. ЕККУнун жыйынтык отчетуна кыргызстандык кээ бир атка минерлердин пикири башкача. Президенттин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институнун директору Сергей Масаулов, ЕККУнун аталган отчету Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына төп келсе гана карап чыгып, тийиштүү чараларды көрсө болот деп билдирди. Чет элдик уюмдардын өз сунуштарын таңуулоосу, алыстан туруп үйрөтүп-окутканы - тескерисинче, өлкө ичиндеги бир катар проблемаларды жаратаарын кошумчалады Масаулов.

Акаев 65ке чыкты

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 10-ноябрь күнү 65 жашка толду. Акаевдин бийликтен кетиши тууралуу ар түрдүү сын-пикир, ойлор бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Кээси Акаевди бийликке үй-бүлө мүчөлөрүн аралаштырып жибергендиги анын бийлигинин түбүнө жетти дешсе, кээси бийликти тууганчыл кылып коррупциялаштырып жибергендиги менен байланыштырышат. Ал эми кээси Акаевдин бийлиги алмашкандан кийин анын ордуна андан да бекем үй-бүлөлүк бийлик системасы түзүлүп келе жатат деп баамдашат. Аскар Акаев кыргыз мамлекетин 15 жыл башкарды. 1990-жылы күзүндө ал Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй анын өлкөнү башкаруу укугу 2000-жылы аяктоого тийиш болчу. Бирок, баш мыйзамга кайрадан өзгөртүүлөрдүн киргизилип отурушу жана өлкө Акаевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна өтүшү элдин кыжырын кайнаткан дейт айрым саясат толдоочулар. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча: -Аскар Акаев өзү бийликте он беш жылдап отуруп алганы аз келгенсип, 2005-жылы уулу менен кызын парламентке мүчө кылды. Ага чейин эле Кыргызстанды анын үй-бүлөсү башкарып жатканы элди тажатып келе жаткан. Чынын айтуу керек, ал башында ишти жакшы баштады, Кыргызстанды демократиялык өлкө кылууга аракеттенди. Бирок анын аягына чыгалган жок. Ал экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин тескерисинче өзүнүн бийлигин чыңдоого киришти. Бул үчүн 1998-жылы Конституцияны реформалап, Референдум аркылуу бийликтин көп бөлүгүн өзүнө алууга жетишти. Белгилей кетсек, Акаевдин бийлиги 2005-жылы 24-мартта болгон элдик ыңкылап менен аягына чыгып, өзү Россияга качып кетүүгө мажбур болгон.

Чочко тумоосу Ысык-Көлгө да жетти

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан Саламат Алиев аттуу 32 жаштагы жигит чочко тумоосуна чалдыкканы аныкталды. Райондук оорукананын башчысы Токтобек Мамаевдин Азаттыкка билдиргенине караганда, Саламат иниси Сапар, келини Айжан менен Санкт-Петербург шаарынан келишкен. Чочко тумоосунун белгилери азырынча Саламаттан гана аныкталып, дарыланып атат. Айжан менен Сапар да ооруканага жаткырылып текшерүүдөн өттү, азырынча Бишкектеги лабораториянын жыйынтыгын күтүп атышат. Башкы дарыгер Токтобек Мамаевдин баамында, Алиевдердин үй-бүлөсү шаардан Ысык-Көлгө келгиче жүргүнчүлөргө да чочко тумоосунун жуктурушу мүмкүн экен. Учурда Ак-Суу районундагы дарыканаларда даки беткаптар таңсыкка айланып, баасы 5 сомдон 13 сомго кымбаттады. Бишкекте болсо бет каптын баасы 25 сомго чейин көтөрүлүп кетти.

Б.Бешимовдун депутаттыгы токтотулат

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Социал-демократиялык партиянын чечими каралды. Партиянын саясий кеңешинин чечимине ылайык социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимовдун депутаттык ыйгарымын токтотуу сунушталган. БШКа бул маселени карап, Бешимовдун депутаттык ыйгарымын токтотуу маселеси алгач Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетинде каралып, андагы чечимдин негизинде БШКга жөнөтүлүш керектигин белгиледи. Бакыт Бешимов 23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурда аны АКШда жүрөт деп кабарланууда. 11-ноябрдагы жабык отурумда Социал-демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясы депутат Роза Отунбаеваны фракция башчылыгына шайлашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов билдирген. Бул фракцияны буга чейин учурда чет жакта бозгунда жүргөн профессор Бакыт Бешимов жетектеп келген. Бешимов буга чейин Кыргызстандын Индиядагы элчилик кызматын жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин проректору кызматтарында иштеген. 23-июлдагы президенттик шайлоодогу бурмалоолорго кескин нааразычылыгын билдирип, Кыргызстанда "хандык" негиздеп жатат деп азыркы бийликти айыптаган. Ал август айында өзүн күч менен жок кылуу аракети болгондугун айтып, өлкөнү убактылуу таштап кетүүгө мажбур болгонун билдирген. Расмий Бишкек анын айыптоосун четке каккан эле.

Ө.Текебаев Конституциялык сотко кайрылат

Бул тууралуу "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыка" билдирген. Анын айтымында, Конституциялык сотко алар партиянын 11-ноябрдагы билдирүүсүнүн негизинде кайрылышат. Билдирүүдө президент Курманбек Бакиев Конституция берген ыйгарым-укуктарынан ашып кеткени белгиленген. Президент тарабынан Конституция жана мыйзамдарды бузуусунун жети фактысын "Ата Мекен" партиясы келтирген. Алардын ичинен Конституцияда каралган Президенттик администрациянын, Мамлекеттик катчы кызматынын жоюлушу, Конституцияда тыюу салынган президенттик кызмат менен партиялык ишмердүүлүктүн бирге жүргүзүүсү, өкмөт жөнүндө мыйзамдын бузулуусу көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө Президент мамлекеттик бийликти басып алып, конституциялык түзүлүштү өзгөрттү, деп белгиленген билдирүүдө. Президент тарабынан бул билдирүүлөргө азырынча жооп боло элек.

Кыргызстанда 28 миң адам кант диабети менен ооруйт

Кыргызстанда азыркы күндө кант диабети менен ооруган 28 миң бейтап катталган. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган маалыматка таянсак бейтаптардын 95%ы экинчи типтеги диабет жана 5%ы биринчи типтеги (инсулинге көз каранды) диабет менен оорушат. 13-ноябрда Кыргызстанда Кант диабети менен күрөшүү боюнча эл аралык күн белгиленет. Иш- чаралар Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде болот. Иш-чарада каалоочуларды кант диабетине акысыз текшерүү, диабет менен ооруган балдарга белектер, концерттер берилип жана башка бир катар иш-чаралар белгиленет.

Барак Обама Азияга сапарга аттанууда

АКШ президенти Азияга болгон өз иш сапарын баштады. Анын аймактагы сапары бир аптага созулат. Барак Обама оболу Жапонияда токтомокчу. Жапониянын азыркы премьер-министри Кошмо Штаттар менен коопсуздук чөйрөсүндөгү байланыштарын басаңдатууну көздөөрүн айткан. Алдыдагы дем алыш күндөрү болсо АКШ президенти Азия -Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун Сингапурдагы саммитине катышат. Андан соң Шанхайга жана Бээжинге барып, кытай президенти Ху Цзиньтао менен сүйлөшүүлөрдө өткөрмөкчү. Барак Обама Азиядагы сапарын Түштүк Кореяда аяктайт. Жолго чыгар алдында ал экономкадагы абал боюнча сөз сүйлөгөн жатат. Өткөн айда АКШда жумушсуздуктун көрсөткүчү капыстан эле 10,2%га чыгып кетти. Бул акыркы 26,5 жарым жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Мындай жагдай экономикада жандануунун белгилери бар экенине карабай, Обаманын администрациясын жумушсуздук менен күрөшүү үчүн көбүрөөк чара көрүүгө мажбурлоодо.

Электр энегрияга болгон баа 2 эсе, ысык сууга болгон баа 5 эсе көтөрүлөт

Кыргыз өкмөтү электр энергияга болгон бааны эки эсе, жылуулук жана ысык сууга болгон бааны беш эсе көтөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу маселени министрлер кабинети карап чыгышат. 2010-жылдан баштап өкмөт электр энергиянын бир кВт саатына болгон бааны 1,5 сом кылууну пландап жатат. Белгилей кетсек бүгүнкү күнү ар бир жаран 1 кВт саат энергия үчүн 71 тыйын төлөсө, өндүрүш мекемелери 1,09 сом төлөшөт. Өкмөт белгилегендей электр энергияга болгон баанын көтөрүлүшүнө карабай Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында эң төмөнкү төлөм төлөгөн өлкө катары калып кала берет. Өкмөт жылуулукка болгон тарифти дагы көтөрүүнү көздөөдө. Азыр шаар тургундарына жылуулук берүүдө 1 гигакалория 507,5 сом болгон болсо, келерки жылдын январынан баштап анын баасын 1050 сомго чейин көтөрүү каралып жатат. Ал эми 2010-жылдын 1-июлунан баштап 2500 сомго жеткирилүүсү керек. Жашоочулардын ысык сууга төлөй турган акысы 2010-жылдын ортосунан баштап 10 эсеге чейин көбөйөт. Азыр 1 гигакалория ысык сууга калк 253,8 сом төлөп келген болсо, 1-январдан баштап анын баасы 1050 сом болот, ал эми жарым жылдан кийин 2050 сом болушу күтүлүүдө.