13.11.09 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргыз качан оңолот?
Куудул: Илгерки кыргыздар көзгө көрүнүүчү, арбак деп коюшчу көрсө НЛО деген ушул турбайбы.
НЛО: Ой мен деги кайсы жерге келип калдым.
Куудул:
Бөпөлөдү тойгузду,
Бөтөн эмес орус бу.
ГКЧП чыгам деп,
Жинге тийип коюшту.
Бөтөлкөгө алданып
Бөлдү Ельцин орусту.

СССРден бөлүнүп,


Этектен чулгоо көрүнүп,
Байыгандар дагы бар.
Байлыгына чөмүлүп,
Эл-журт калды кур жалак
"Энеңди" деп сөгүнүп.

Зоолору көп а бирок,
Коолору аз кыргыз жер.
Но..лору көп, а бирок,
Боолору аз кыргыз эл.
Тоолору көп, а бирок,
Соолору аз кыргыз эл.


Башкаларга кул болгон,
Аңкоосу көп кыргызым.
Кемсел, чапан жоготуп,
Пальтосу көп кыргызым.
Жатып алган жамбаштап,
Жалкоосу көп кыргызым.

НЛО: Оо Кыргыз жери тура. Деги кыргыз деген кандай эл?

Жайдын күнү кыргыздар
Ысып кетет экен дейт.
Кымыз ичип бат эле,
Кызып кетет экен дейт.
Арак издеп бардыгы
Сызып кетет экен дейт.

Кыштын күнү кыргыздар
Үшүп кетет экен дейт.
Бөтөлкөнүн түбүнө
Түшүп кетет экен дейт.
Карагайды калтырбай,
Сүзүп кетет экен дейт.

Жаздын күнү талаалап,
Чөп жыттанган кыргыздар.
Буркуратып махорка
Өөп жыттанган кыргыздар.
Арак, бозо, самопал,
Көп жыттанган кыргыздар.

Күздүн күнү буудайын
"Тээп" жыттанган кыргыздар.
Кыз-келинге барам деп,
Шек жыттанган кыргыздар.
Аш-тойлорду калтырбай,
Эт жыттанган кыргыздар.

НЛО: Кыргыздын бардыгы эт жыттанып жүрө беришеби?

Жакшы чыгып таздардан,
Жакыр болуп жаш, карыган.
Сугунгандын миллиондоп,
Ышкырыгы таш жарган.
Жетелеген мурдунан
Жеңекебиз башкарган.

Жеңекебиз башкарып,
Чоң эр болуп алыптыр.
Жазуучудан биринчи
Номер болуп алыптыр.
Китеп жазбай, жаздырып,
Гомер болуп алыптыр.

Табамын деп пайданы,
Жамбыл жини кайнады.
Жети тазын чогултуп,
Жеке тазды жайлады.
Жеткире аны кубалап,
Жер түбүнө айдады.
Мен ойлоймун деп койчу
Бирок жалган кеп болчу.
Жубайынын айтканы
Жуда эле эп болчу.
Таап келсе миллионду
Тааныштары жеп койчу.

Шайлоо болсо "элим" деп,
Шак жабышчу желимдей.
Шайлоо эптеп бүткөн соң,
Талас плюс Кемин дейт.
Элинен качып кетиптир,
Эринен качкан келиндей.

НЛО: А эмне президенти жок калдыңарбы?

Бөлүнүшпөй биригип,
Шаң, дем менен келишкен.
Президент, премьер,
Тандем менен келишкен.
Билбейм кандай ким билет?
Мандем менен келишкен.

Кудай өзү сактаса,
Бакиевди жактаса.
Эми кыргыз келер деп,
Күткөн заман башкача.


Акаевке опокшош
Заман келди таптаза.

Министрлик, министр
Миллиондору билиптир.


Билектерин түрүнүп,
Бир өздөрү кириптир.


Шап эткизе мойнуна,


Шаша элдин миниптир.

Чиновниктер тоголок,
Тойго барса жоголот.
Ак үй жакка барганда,
Чуркап калат жорголоп.
Тоймоюнча аларың,
Качан заман оңолот?

Бийлик жакта бек бутак,
Парламентте депутат.
Элин сүйүп шайлоодо,
Акча чачып көп утат.
Төө кыядан өткөн соң,
Төгөрөгүн жеп утат.

Бийлик менен оппозиция
Бири-бирин тузактап,
Көөнү шыбап, чукушуп,
Гезиттерде ушактап,
Ресторанда отурат.
Бири-бирин кучактап.

Котур ташы башкача,
Кошоматтан сактаса.
Себебин таап бат эле,
Серпип салат таптаза.
"Север" жактын балдарын
Сейфке салып катпаса.
НЛО: Деги кыргыздар качан оңолот?

Оптом баарын сугунган,
Сук "киттери" жок болсо.
Жулунушуп алдаган,
Жуликтери жок болсо.
Куудулдардын ичинде,
Кубиктери жок болсо.
Ак көз качан жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Элди соруп миллиондоп
Тапкандары жок болсо.
Камайбыз деп аңдыган,
Капкандары жок болсо.
Куудулдардын ичинде,
Рахмандары жок болсо.
Сугалактар жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Колго тийсе бийлиги
Колкологон жок болсо.
Кошоматка кой союп,


Тоңкологон жок болсо
Куудулдардын ичинде
Шорпологон жок болсо.
Кошоматчы жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Кыргыздарды куруткан,
Эскилиги жок болсо.
Тааныш, тууган, дос деген,
Эски ириңи жок болсо.
Куудулдардын ичинде,
Бешилиги жок болсо.
Эски адат жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Дүңгүрөтүп той берген,
Камылгасы жок болсо.
Баптист-саптист, вахабист
Дамбылдасы жок болсо.
Куудулдардын ичинде,
Абдылдасы жок болсо.
Ашык,чыгым жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Денелерин сатышып,
Жүргөндөрү жок болсо.
Ак үй жакка жашынып,
Үргөндөрү жок болсо.
Куудулдардын ичинде,
Күмөндөрү жок болсо.
Сойкулары жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Шайлагыла дагы деп,
Нөөмөттөрү жок болсо.
Добуш сал деп кыйнаган
Дөбөттөрү жок болсо.
Куудулдардын ичинде,
Дөөлөттөрү жок болсо.
Адилетсиз жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Ак үй жактын ичинде
Бокстары жок болсо.
Элди алдаган тез эле
Фокустары жок болсо.
Сакиш менен куудулда
Бопуштары жок болсо.
Эки жүздүү жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Электрге бүт өтүп,
Газдын баары жоголсо.
Арак ичкен кыргызда,
Мастын баары жоголсо.
Куудулдардын ичинде
Таздын баары жоголсо.
Аракечтер жоголот,
Анан кыргыз оңолот.

Куудулда жок аласа,
Таланттарын бааласа.
Бирге ойноп күлдүрүп,
Жүрөлүчү жанаша.
Оңолушат өзү эле,
Кыргыз эли кааласа.
Жүрөлүчү жанаша,
Мунун баары тамаша.