п»ї
  Дүбүрт

Дүйнөлү кабарлар
Эми өмүр бою бекер учат
Пенанг-Кучинг (Малайзия) каттамдары боюнча өз учууларын жасап жаткан AirAsia авиакомпаниясына тиешелүү учактан наристе дүйнөгө келди. 31 жаштагы жүргүнчү болжол менен 610 метр бийиктиктен көз жарды. Бул учурда учак Малайзиянын борбору Куала-Лумпурга жакындап калган. 31 жаштагы жүргүнчүнүн көз жарып алуусуна самолеттун экипаждары жана учакта учуп бара жаткан врач жардам берген. Учак качан жерге конгондо жаңы төрөлгөн ымыркай жана энеси жакын жердеги госпиталга жеткирилди. Бул салтанаттуу окуяга биринчи жолу туш болушкан AirAsia авиакомпаниясынын жетекчилери наристе менен анын апасына алардын компаниясынын учактары менен өмүр бою бекер учуп жүрүү укугун ыйгарышты.
Бул көрүнүш дүйнөдө биринчилерден эмес. Учактарда жана суу кемелеринде төрөлүп, транспорттун бул түрүндө бекер жүрүү укугуна жаңы төрөлгөн бир нече жүздөгөн балдар ээ болуп турушат. 2005-жылы кувейттик Al-Jazeera авиакомпаниясы алардын учагында жарык дүйнөгө келген наристеге 18 жашка чыкканга чейин дүйнөнүн ар кайсы бурчуна бекер учуу укугун берген. Бирок, мындай жагымдуу окуяларга карабай авиакомпаниялар бортто төрөт алууну сыйлай беришпейт. Ымыркайга докторлордун жана дары-дармектер керек болуп калган учурда, аларга тийиштүү деңгээлде жардам көрсөтө алышпайт. Ушундан улам кээ бир авиакомпаниялар боюнда бар аялдарды тейлөөдөн баш тартышат. Air France жана Lufthansa компаниялары 36 жумалык боюнда бар аялдарды учакка алышпайт. Ал эми Iberia авиакомпаниясы 34 жумалык боюнда бар аялдарды эгерде анын жанында доктору болсо гана учууга уруксат берет. Белгилей кетсек, эл аралык каттамдарды жасаган учактын бортунда жарык дүйнөгө келген наристе учак багыт алган өлкөнүн жарандыгын алууга укугу бар. Эгерде ал мамлекеттин бул тууралуу тийиштүү мыйзамы болсо.

Кредиттен улам өз органдарын сатып башташты
Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу Латвияда экономикалык абал бир кыйла түшүп кеткен. Ушундан улам бул өлкөнүн тургундары интернет баракчаларына өз органдарынын сатыла тургандыктарын жарыя кылып жатышат деп жазат Латвиянын алдыңкы маалымат каражаттары. Латвия ушул тапта экономикалык кризистин оор доорун жашап жатат. Өлкөдөгү көпчүлүк мекемелер банкрот болушту. Жумушсуздардын саны Eurostatтын берген маалыматы боюнча 19 пайызга өскөн. Миңдеген адамдар жумушу жок, көчөдө калышты.
Ушундай оор шарттан чыгуу үчүн жана буга чейин банктар жана лизингдик компаниялар аркылуу алган үй, машиналардын акчасын алар өз органдарын сатып кутулмак болууда деп жазат республикалык "Час" гезити. Интернет баракчаларында өз органдарын сатам деген жаштардын кулактандыруулары биринин артынан бири чыгып жатат. Сатыла турчу органга коюлган баштапкы баа миң доллардан 10 миң долларга чейин деп жазат Ditnas Biznes гезити өз интернет баракчасында. Ал эми Apollo.tv интернет порталы эки жаштын өз бөйрөктөрүн сата тургандыгы тууралуу айткан интервьюсун да чыгарып, коомчулукту таң калтырып жаткан учуру. Интервью бергендердин бири Каспарс өзүнүн бул кадамын мындайча түшүндүрдү. Ал өзүнүн жумушунан айрылган, көп суммадагы карызга баткан, жакынкы убактарда өз үйүнөн да ажырап калышы ыктымал. Ошондуктан ага азыр акча өтө зарыл керек болуп турган маалы. Өз органдарын сатуу менен ал керек болгон сумманы аз убакыттын ичинде таба алат. "Час" гезити белгилегендей Латвияда өз органдарын сатууга тыюу салынган эмес. Бирок, ал жерде өз органдарын легалсыз түрдө алдырууга катуу тыюу салынган. Латвия мыйзамына ылайык адамдын бөйрөгү трансплантация борборунда алмаштырылууга гана тийиш.

Х.Карзай кайрадан өлкө президенти болду
Афганистанда 20-августа болгон президентин шайлоодо азыркы президент менен анын атаандашы Абдулла ат салышкан. Бирок Абдулла шайлоо маалында бир топ укук бузуулар болду деген шектенүү менен бир катар шайлоо участкаларындагы бюллетендерди кайра санап чыгуу тууралуу арыз менен кайрылган. Соңку текшерүүдөн кийин Карзай 49,67% добуш алгандыгы белгилүү болгон. Афганистандагы мыйзамга ылайык жеңишке жетүү үчүн 50% добуш жана ага кошумча дагы бир добуш алуу керек болчу. Шайлоонун экинчи турун Борбордук шайлоо комитети 7-ноябрга белгилеген. Бирок бул белгиленген датада президенттик шайлоо болбой калды. Себеби, анын атаандашы Абдулла өзүнүн талапкерлигин шайлоо баары бир таза өтпөйт деп алып салган. Ушундан улам борбордук шайлоо комитети президенттик шайлоонун экинчи турун өткөрбөө тууралуу чечим кабыл алды жана азыркы иштеп жаткан президент Хамид Карзайды өлкө президенти деп жарыялады.

700 млн. адам башка өлкөдө жашаганды каалайт

Дүйнө жүзүндө 700 миллионго жакын адамдар мүмкүнчүлүгү болгондо башка өлкөгө барып жашамак, деп айтылат атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында. Бул жерде өз мамлекетинен кетүүнүн каалагандардын көпчүлүгү Африканын тургундары. 165 миллион адам өзү жашаган жерлерин которуу мүмкүнчүлүгү болсо, чет жактарга кетүүнү каалашкан. Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү АКШга барып жашагысы келгендигин билдиришкен. Кийинки орундарда - Улуу Британия, Канада жана Франция турат. Бул өлкөлөрдүн ар бирине 45 миллионго жакын адам көчүп баргылары келет. Ал эми дүйнө жүзү боюнча башка жакка көчүп кетүүнү каалабагандардын көбү Азиянын тургундары болуп саналат. Мында сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, он бойго жеткен адамдын бирөө гана өз аймагынан кетүүгө бел байлай тургандыгын айтышкан.

Арнольд Шварценеггер Сильвестер Сталлоненин киносуна тартылды
Колифорниянын губернатору Арнольд Шварценеггер Сильвестер Сталлоне сценарист жана режиссердук кылган "Расходные материалы" киносуна тартылды. Бул тууралуу лента.ру WorstPreviews булагына шилтеме берүү менен маалым кылды. Маалым болгондой кино тартуу маалында бир гана Арнольд Шварценеггер эмес Сталлоне өзү жана Брюс Уиллис да биргеликте тартылышкан. Жаңы фильмде Арнольд - Тренч аттуу каарманды, Брюс Уиллис болсо Черч аттуу каармандын образын жаратмакчы. Буга чейин Сталлоне италиялык гезитке берген маегинде Шварценеггер эпизоддук гана ролду ойнойт деген. Ал жерде ал фильмдин каарманынын ишин тартып алуу менен алек болот. Кыскасы Сталлоненин айтуусунда фильм бүгүнкү күнү кино тармагында колдонулуп жаткан жаңы техникалар менен тартылат. Эгерде биринчи кино ийгиликтүү болуп калса фильмдин экинчи, үчүнчүсүн тартууну пландап жатканын Сталлоне жашырган жок. Фильм көрүүчүлөргө 2010-жылы тартууланат.

Идиш жууш үчүн жогорку билим керек

Кытай полициясы өздөрүнүн ашканасында идиш жуугучтун ордуна жогорку билимдүү кызматкерди издөөдө. Фуцзянь провинциясынын коомдук коопсуздукту коргоо департаментинин кызматкерлери абсурддук маанидеги жарыясы үчүн коомчулуктан кечирим сурады деп кабарлайт China Daily гезити.
Департаменттин расмий сайтында бул жумушка сулуу, бою 1,58 метр келген жогорку билимдүү жана секретарь кызматында кеминде эки жылдан кем эмес иштеген жумушчу керек деп жазылган. Муну менен катар кандидат жуугуч кызматында 3 жыл иштеши керек эле.
Мындай кулактандырууну интернет колдонуучулар окуп алып аябай таң калышкан. Ушундан улам жумуш берүүчү тарап бул кулактандыруу үчүн кечирим сурашты. Бюронун атайын өкүлүнүн билдиришинче алардын департаментке эки башка жумушка эки жумушчу талап кылынган. Бирок, департаменттин бир гана жумушчуну алганга мүмкүндүгү болгонун айтат.


Ушак үчүн 25 миң фунт өндүрдү
Белгилүү актриса Кейт Уинслет The Daily Mail гезитинен ал тууралуу ушак тараткандыгы үчүн 25 миң фунт, же болбосо 40 миң доллардай акча каражатын өндүрүп алды деп маалымдайт Associated Press маалымат агенттиги. Ушул жылдын январь айында гезит актриса өзүнүн спорт менен машыгып жаткандагы тууралуу айткан кептери калп деген мааниде кабар жарыялаган. Жыйынтыгында гезит Кейт Уинслеттен кечирим суроого аргасыз болду.
2009-жылы "Чтец" (Окуучу) фильми үчүн "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарын алган Кейт: "Мен өзүмдүн туруктуу спорт менен машыгып жаткандыгым тууралуу тараган жалган маалыматка аябай капа болдум. Менин дарегиме айтылган мындай так эмес маалыматты мен кандай жол болбосун тактап коюшум керек",-деп айтат актриса. "Титаник" киносунун жылдызы азыркы учурда 34 жашта. Ал көп убакыттар бою диетага жана ашыкча спорт менен алектенүүгө каршы ой-пикирин билдирип келген. "Ал аялдар кандай болсо аны айланасындагылар ошондой кабылдаш керек",- дейт ал. Буга чейин 2007-жылы актриса британдык Grazia журналынан да компенсация өндүрүп алууга жетишкен. Бул басылма Кейтти диетологдун кызматынан пайдаланат деп жазып чыккан.

Роберт Де Ниро япон ресторандуу болду

Белгилүү Голливуд актеру Роберт Де Ниро Мехикодо өзүнүн япон ресторанын ачты деп кабарлайт РИА новости агенттиги. Өзүнүн жаңы ачылган ресторанында орун алган пресс-конференцияда актер өзүн жеке эле кинематография жаатында гана эмес бизнес жаатында дагы жемиштүү иштеп жаткандыгын белгиледи. "Мен өзүмдү бул турмушта бактылуумун деп эсептейм. Актер катары да белгиленген ийгиликтерге жете алдым, эми бизнес жагында дагы жаңы бийиктиктерди багындырып жатам. Менин эки багытта алып барып жаткан иштерим мени көп тажрыйбага маарытты",- дейт 66 жаштагы Де Ниро. Актерга эки жолу америкалык кино индустрияда эң жогорку сыйлык болгон "Оскар" ыйгарылган. Де Ниро белгилүү япон ашпозчу Нобу Мацухиса менен биргелешип Мехикодо 21 ресторанын ачты. Голливуд жылдызынын Нью-Йорк, Гонгконг, Лондон, Москва сыяктуу чоң мегаполистерде ресторандары бар. Буга кошумча актердун Нью-Йоркто чоң киноборбору бар. Бул жерде белгилүү режиссерлор өз кинолорун тартышат.

Расул ҮСӨНАЛИЕВ











кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
6-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы өкмөттүн жыйыны
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Биринчи кадамдар, биринчи адамдар
4-бет
Жангороз Каниметов
Жогорку Кеңештин депутаты:
Рейтинг системасына өтүшүбүз зарыл

5-бет
Маданият:
алдыдабы - алга сүйрөйт өлкөнү,
артка тартат - артта турса капилет...

6-бет
Президенттер!
Алды - элде, арты - үйбүлөсүндө...

7-бет
Дүйнөлү кабарлар
8-бет
Ысмыңыз эмнени билдирет?
9-бет
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу Жанышбек Кочкоров:
"Аялзатына Ай менен Күндү алып берем"

10-бет
СОГУШ- апаат эле эмес, БИЗНЕС да...
11-бет
Сахнага байланган өмүрлөр
12-бет
Балдардын тубаса борбордук нерв тармагынын оорулары
13-бет
Баатыр жана дербиш эле
14-бет
Сүйүүдөн курулган таң калаарлык үч бурчтук
16-бет
Баш редакторлорго баш сыйлык










??.??