06.11.09 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Президенттер!
Алды - элде, арты - үйбүлөсүндө...
"Медвед" - Интернет-персонаж,
"Медвед" - арак, "Медвед" - ...
(Дмитрий жана Светлана Медведевдер)

Таанышуу. Мектеп партасынан, болгондо да мектептин босогосун алгач аттаган курагынан жактырган адамы менен баш кошуп гана эмес, үйбүлөлүк очокту бузбай, кармап кетүү чанда кездешет. Ушундай сейрек кездешүүчү каармандар - Дмитрий менен Светлана Медведевдер. Ар бирибиздин эле өткөн тарыхыбызда классташыбызга арналган тунгуч сезим катылып жатса керек, бирок ал андан ары уланган жок. Демек, бул түгөйлөр сейрек бакыттын ээлери. Дмитрий Медведев башкаларчылап, сүйүүсүн зарыга издеп, көп жыл күтүп отурбай эле, жөнөкөйлөштүрүп айтканда бешиктен бели чыкпай жатып, мектеп босогосун аттаган биринчи күндөрдө эле, 1- класстын партасынан таап алган. Бул сүйүүнүн тарыхын Санкт - Петербургдагы №305 - мектептин окуучулар жана окутуучулар жамааты жатка билишет.
үлпөт ТОЙ. Дмитрий Анатольевичтин кесиби юрист болгондуктанбы, романтик эмес, эртеңин так ченеген адам. Той мектептин бүтүрүү кечесинен соң эмес, экөө тең ЖОЖду аяктап үйбүлөгө күтүүгө толук жараган инсандардын катарына кошулушкан 1993 - жылы болуп өткөн.
Балдар. 1995 - жылы жаш үйбүлөгө Илья аттуу бөбөк келген. Президент - ата Ильянын кичинекей кезинен баштап эле ага чоң адамга жасалуучу олуттуу мамиле жасап, чоң адамга арналчу ишенимди арнап келет. Ата - эне уулун 2,5 жаш толгондо компьютер менен тааныштырган. Ошол кезден баштап үйбүлөдө компьютердин дагы бир колдонуучусу пайда болуу.
Үй жаныбарлары. Алардын үйүндө ит - күчүк жашабайт. Бирок, өзүн өтө баалуу эсептеп, көйрөңдөнүп жүрүүчү Дорфей аттуу мышык бар. Кимге таандык мышык экенин билет да!..
Хобби. Үйбүлөнүн башкы алектенүүсү - спорт (президент ар күнү эртең менен жана кечинде бир сааттык убактысын сууга сүзүүгө коротот), музыка (хард - рок) жана китеп окуу (орус классиктери). Анын кыялы - такымдап жүргөн кайтаруучулардан кутулуп, автожарышка катышуу. Учурда президенттин өздүк машинасы жок, кызматтын машинасында кайтаруучулар менен бирге жүрөт.
Биринчи леди моданы куубайт (жактырга дизайнери Юдашкин), анын стилин жана кийине билүүсүн Раиса Горбачевага көп жакындатышат. Физикалык формасын йоганын жардамы менен бир калыпта алып жүрөт.
Эс алуу. Үйбүлө эс алууну алыска барбай эле, бир тууган Волга, Астрахан, Красный Полянада өткөрүүнү баалашат. Бардыгы тең лыжа тебүүнүн күйөрмандары.
Бир гана фраза. "Медвед" - бул белгилүү Интернет - персонаж жана албан тилин үйрөнүү талабын четке кагуу мүмкүн эмес". (Д. Медведев)
Баса... Орус президенти пайдалуу тамак - аштын жактоочусу. Үйүңүзгө конокко чакыргыңыз келсе билип алыңыз - балык азыктарын, жашылча, жемиш ширелерин жактырат.




Швейцарияга айлантам деп, "москвич" болду...
(Аскар Акаев жана Майрам Акаева)
Таанышуу. Ал кездеги Ленинград, азыркы Санкт - Петербургда окуп эли - жеринен алыс жүргөн студенттер ар жылы 6 - ноябрда "жердешчилик күнүн" белгилешчү. Жердештери менен жолугушууга барган Майрам менен Аскар ошол жерден таанышышкан. Концерт башталганда Аскар Майрамдын жанындагы бош орунга отуруп, күтүүсүздөн бир кезде: "Чоң кыз, мен сизге жакпадым окшойт", дейт. "А сиз мага жагынайын дедиңиз беле?" кыздын жообу ушул болгон.
Эртеси күнү Майрамдын туулган күнүнө апакай гүл, чоң торт менен келген Аскар ошол бойдон Таластын бир кызынан өмүр бою кете албай калды...
Үлпөт той. 1970 - жылы жайында досторуна, чогуу окугандарына комсомолдук той өткөрүшүп, бири бирине нике шакегин тагышты. Той имараттын жертөлөсүндө жайгашкан студенттик ашканада болгон. Аскар ак калпак кийип, коноктор кыргызча ырларды ырдашып, а эшикте Ленинграддын ак түнү жылмайып турган. Майрам Акаеванын: "Мен Аскарды эркек катары сүйүп эмес, үйбүлөгө карамдуу жакшы ата болоорун билип, турмушка чыккам" - деген сөзүнөн улам эле бул үйбүлөнүн "бакытын" билүүгө болот.
Балдар. Эки кыз, эки уул. Улуусу Бермет атасынын жолун толугу менен жолдоду. Алгач атасынын кесибин алып МГУнун математика факультетин аяктаса, кийинчерээк саясатка келди. Айдар атага жетпеген уул болсо, Саадат атакеси президент болоору менен Кыргызстандан кетип калган. Илим болсо мектеп жашында мүнөт эмес, секундасынан бери эсептеп билим алган мектеп окуучусу катары рекорд койгон.
Эс алуу. Акаевдердин үйбүлөсү убагында бир боор Ысык - Көлдөн өтөөр эс алууга ыңгайлуу жай жок экендигин айтышкан. Анан да Аскар Акаев ат үстүндө эс алууну жактырат. Үйбүлө үйбүлөлүк бош убакыт табылса, тоодо лыжа тебүүнү да баалашат.
Бир гана фраза. "Кыргызстанды Швейцарияга айлантам". (А. Акаев - токсонунда чыдап, тогузуна чыдабай койбодукпу, дагы бир - эки жыл чыдап койгондо Швейцария болбосо да кайсы бир мамлекетке айланып, карамагына кошулуп калат элек да, каап!)
Баса... Аскар Акаевич кыргыздын нагыз тамак - аштарын сүйүп жейт. Эти көп кошулган бешбармакты сагынса, таластык кожойке көп - көп камыры менен бешбармак жасап берчү эле. Эми орустун пюреси менен балыгына өтүп кетиштиби, ким билсин...

Кол алышпагандар - жолу жоктор!..
(Николя Саркози жана Карло Бруни)
Таанышуу. Легендага айланып кеткендиктен чындыкты такташ кыйычылыкты туудурат: башында Бруни президент анын электрондук почтасына кат жазып жолугушууга чакыргандыгын ишенимдүү айтып берген эле.
Саркози Карло акылдуу, амбициялуу жана анын сүйүү тизмесинде Франциянын менмин деген чиновниктери бар экендигин билген. Мындай сулуу менен закондуу аялың башыңды аттап кеткенден соң турмуш куруу - өч алуунун эң сонун ыкмасы. Кийинчерээк башында айтып бергендери Бруниге көңүлсүз, муздак сезилип кеттиби, кошумчалады: "Мен мынчалык бүтүндүктү жашоодон табам деп күтпөгөн элем. Анын өң - турпатына жана акылына арбалып калдым. Ал өтө акылдуу адам".
Ал эми андан кийинки интервьюсунда картина жогорудан да элестүү чагылдырылган: "Мен үчүн бул сезим чагылгандын соккусундай эле болду!"
Үлпөт той. Таанышуудан туура үч ай өткөндөн соң 2008 - жылдын 2 - февралында Елисей сарайында майрамдалды. Бул той Саркозинин жашоосундагы үчүнчү үлпөт тоюу болсо, Бруни үчүн алгачкы эле. Тойду өтө жашыруун өткөрүштү. Президент менен биринчи айымдын колду колго карматышып, бири бирине назиктик менен тигилишерин дүйнө суктануу менен кабыл алышты, демек, нике бакыттан куралган окшойт.
Балдар. Жубайлардын ортосунда бала болбогону менен Николянын биринчи никесинен үч баласы болсо Карлонун кайсы бир сүйүшкөнүнөн тапкан жалгыз уулу бар. Ушул жылдын март айында президенттик үйбүлөдө ымыркайлуу болуу планы жаралгандыгы тууралуу каңшаар таралган.
Хобби. Саркози футболду өзгөчө сүйөт, саат бою велосипед тепкенден тажабайт. Ал турмак физикалык формасына кам көрө турган жеке тренер да жалдаган. Сорбоннеде искусствого үңүлүп кирген аристократ тукумундагы Бруниге үйлөнгөндөн соң кызыгуусу кеңейди - алар эми биргеликте живопись жана классикалык музыка менен жашоолорун кооздоп атышат.
Эс алуу. "Эң бир романтикалуу жуптар" Брунинин киндик каны тамган жеринде, Кавальеренин Кап - Негресинде, Франциянын түштүгүндө эс алууну жактырышат.
Бир гана фраза. "Жогол, жолу жок!" (Николай Саркозинин колун берип учурашкысы келбей өтүп бараткан адамга айткан кеби).
Баса... Жети атасын тактап келгенде чыныгы француз болуп чыкпаган президент француз ашканасын гана баалайт. Патриот Николянын сүйүктүү тамактары - артишока менен жасалган макарон, кара трюфель жана фуа - гра. Бруни буларды даярдаганды билер бекен?..

Миллион долларга чарк айланган бир кеда!..
(Барак жана Мишель Обама)
Таанышуу. АКШнын чокусуна 44 - болуп отурарынан кабары жок келечектеги президент сүйүүсүн иш үстүндө учураткан. Бул окуя 1980 - жылдын аягында Чикагодо болгон. Жаш юристтердин көп нерселери окшош чыккан: тери өңдөрү, башты айланткан карьера жөнүндөгү кыялдар, үйбүлөгө болгон чыдамкай мамилелери. Мишель менен Барак бирин бири тапкандары үчүн "Sidley & Austin" фирмасына рахмат айтышса болот.
Үлпөт той. Таанышуудан туура 12 жыл өткөндөн кийин, 1992 - жылы мамилелерин официалдуу түрдө каттатышкан. Узак убакыт сыноодон өткөн үйбүлө чебин урагыс кылып орнотту дегенге да болсо керек. Мишель Обама күйөөсүнүн өтө романтик экенин жана дайыма гүл белек этээрин айткан жери бар.
Балдар. Мишель 30 жаштан ашкандан соң энелик бакытка жетишти. Улуу кызы Малия Энн 1998 - жылы, кичүүсү Саша 2001-жылы төрөлгөн. Шайлоо алдында болочок биринчи леди угуп тургандардын карегине жаш айланткан окуяны айтып берген. Көрсө, күйөөсү Энн төрөлгөндөн кийин эне-кызды төрөт үйүнөн чыгарып кетип атып, дүйнөдөгү эң жакшы ата болооруна ант бериптир. Барак атасыз өсүү кандай оор экенин жакшы билет... Ал сөзүн президент болуп, убактысы чектелүү болуп калган ушул убакта да жерге таштаган жок, дагы деле кызынын сабак даярдоосуна жардам берет.
Үй жаныбарлары. Жакында эле Португалья породасындагы Бо аттуу күчүктүү болушкан.
Хобби. Президенттин жазуучулук шыгы бар. Эки китеби жарык көрүп, үчүнчүсү жарыкка чыгаар саатын күтүп жатат. Китептери жөнөкөй эмес - балдар үчүн! Обама аларды кыздары менен биргеликте жазганын моюнуна алат.
Мишел спортко кызыгат. Ойгоноору менен бир саат велотренажердун педалин тегеретет. Кара денелүү биринчи президенттин жубайы мода десе жантыгынан жата калган аялзаттарынын катарына кирет. Өтө стилдүү кийингени менен элдин оозун ачырган леди, жакында конфуз жаратты - кайрымдуулук салтанатка кайрымдуулук актысынын сметасынан да кымбат турган кеда кийип келди.
Эс алуу. Барак Обама үйбүлөсүнүн мүчөлөрүнөн айырмаланып бош убактысында дүкөн кыдырууну жининдей жаман көрөт. Президенттик отпускасын кичи мекени Гавайада үйбүлөсү менен биргеликте өткөрөт.
Бир гана фраза. "Экономиканын калыбына келишине жылдар керектелет, айлар эмес". (Барак Обама)
Баса... Президент балмуздак такыр жебейт, "эң даамдуу жана көңүлгө төп келген" тамагы Чикагонун арзан ресторандарындагы фаст - фуддар.