06.11.09 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Саясат

Биринчи кадамдар, биринчи адамдар
"Секелек" бийлик шайлоонун "трамплинен" секирип өткөн соң, эсин жыя албай үч ай убакыт өттү. Ушул үч айдын ичинде чиновниктердин "ичкени ирим" болуп, түн уйкусу бөлүнүп "транс" абалына түшүп, төлгөчүлөрдүн күнү тууду. Төлгөчүлөр төлгөсүн төп келтирдиби көп чиновниктер ордунда калышты.


"Секелек" бийликтин эселек саясаты
Эселек саясатынан ак, карасы бар "секелек" бийлик элди ак, карага бөлгөнүн токтоткон жок. Акаевдин убагында Түштүк, Түндүк деп бөлүнчү, эми болсо ак жана кара болуп бөлүнүп калды. Элге ак ниет кызмат кылгысы келген, ак иштеп, кызматы актай калып, бийликтин карасын чукуган, "Ак жолго" каршы чыккандар актарга кошулуп, "Ак жол" менен кара жолго түшүп, капкара "Мерседестердин" терезесин карартып алып, кара ниет ойлорун "чёрный ходдор" менен ишке ашырып, кара таман элдин кара канын соргусу келгендер караларга кошулду. Өткөн бийлик менен азыркы бийликтин кадр саясатын салыштырып көрөлү.
"Түндүкчүл" Акаевдин тушунда түштүктүн кадрлары Насирдин Исанов 1 жылга жеткен жок, Кубанычбек Жумалиев 9 айга жеткен жок, Курманбек Бакиев 1 жарым жылга жеткен жок. Үчөө биригип өкмөт башына 3 жылга жеткен жок, калган он бир жыл түндүктүк мамлекет башчысы Аскар Акаевдин убагында түндүктүк Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев, Николай Танаевдер өкмөттү кошо бийлеп, түштүктүктөрдү баш көтөрткөн жок. Ал эми Бакиев бийликке келгени чүйлүк Феликс Кулов 2 жылга чукул, чүйлүк Азимбек Исабеков 2 айга чукул, чүйлүк Алмаз Атамбаев 8 айга чукул, Игорь Чудинов 2 жылга чукул өкмөт башында туруп, биринчи мөөнөттө өкмөттү бир гана "местный" чүйлүктөр бийлешти. Ал эми биринчи вице-премьерди таластык Данияр Үсөнов, таластык Искендербек Айдаралиев, таластык Өмүрбек Бабанов "брондоп" алышып, аз жерден "менчиктештирип" алып коё жаздады.
Акаевдин убагында Н. Исанов менен Ж. Ибраимов жогорку постто турушуп, кайтыш болуп кетишти. Т. Чынгышев банкка кетти, А. Жумагулов элчиге, К. Жумалиев губернаторго, А. Муралиев дагы бир жогорку постко, К. Бакиев депутат, Н. Танаев Москвага кетти. Негизи өкмөт башчысын өткөрүп берип, кызматтан кур калган жок.
"Секелек" бийликтин эселек саясатыны курмандыгына "Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылган" премьер-министрлер чалынышты. Өкмөт башчысынан соң кызматы жок Ф. Кулов оппозицияга кирип, бийликтин эсин бир кетирди, А. Исабеков мурунку орду министрге да жетпей туңгуюкка кетти, Алмаз Атамбаев Бакиевдин №1-чи атаандашына айланды. Эми Игорь Чудинов не болоорун ким билет? "Башкы көч каяка барса, калган көч ошол жакка барат" - дегендей ал деле туңгуюкка кетет болуш керек. Мына эселек саясат деген ушул иштетип, иштетип, кереги жок болуп калса таштап салса, тал чыбыктай буралган жапжаш кызды аял кылып алып анан "билген жериңе бар" деп, көчүккө тээп кубалап ийгендей эле кеп болуп атпайбы.
"Ефрейтор Үсөнов, командуй!"
Азыркы бийлик түшүнүп атат, эгерде өзүнөн таза адамды бийликке алып келсе, анда өзүнө сөз тийип калат. Ошондуктан, "чекесинен чертип" кир, булганыч адамдарды алып келиш керек. Булганыч, кир адамдардын Кыргызстандагы эталону - Данияр Үсөнов. Данияр мырзанын кандай адам экенин саясатчылар эмес, бешиктеги бала деле билет. Ошондуктан анын жосунсуз жоруктарын санабай эле коёлу, барак деле түтпөйт. Бир гана байлык, мансап дегенде "генералга" айланган Данияр Үсөнов "ефрейтордун" деңгээлиндеги адамдагы биринчи премьер-министр экендиги. Албетте, фюрерди ефрейтордун деңгээлинде болгон дешет, а бирок Адольф Гитлер дүйнөнүн жарымысын багынтып алган да. Чындыгында ефрейторлор абдан коркунучтуу калк, ошол себептен орустарда: "Чем сын ефрейтор, лучше дочь проститутки" - дешип, ефрейторлорду жээрип, иренжишет. Биздин Данияр Үсөновко болсо ефрейтор куп жарашат, анткени катардагы башка салдаттардан өзгөчөлөнүп туруш керек. "Өрдөк жокто чулдук бий" - деп командири жок кезде чокчолоңдоп чоң болуп, кол алдындагыларга күпүлдөп албаса, анда албетте президент болуш амбициясын, азырынча өтө бекем жерге "Сары майдай" сактап, катып жатат.
Эр болсо чыгарып көрсүнчү, кийирчү жерине кийирип коёт "Ефрейтордун деңгээлиндеги" Үсөнов флотко барса старший матрос болмок, ал эми колхозго барса старший чабан болмок. Конокбай Тезекчиев деген старший чабан эске түшөт. Көзү өтүп кетти, накта кыргыздын "Мюнхаузени" болчу. Аң уулаганы кызык, ал зооканын төбөсүнө чыгып аңдап турчу да, төмөн жакта чубап бараткан эчки-текенин семизин тандап анын үстүнө секирчү. Шак эле лып минчү да мүйүзүн руль кылып үйүнө "кататься" этип келип, анан макисин алып мууздап, бир кыш бою тоодой эт менен элди багып чыкчу.
Данияр Үсөнов старший чабан болбосо да саясатчылардын "Мюнхаузени", ал айткан жомокторду уккан кишинин жаны жыргай түшөт. Эми эки "жомокчунун" кимиси айтканы белгисиз. Бирок көп эле жомоктор бар. Калп жагынан катырган Даникең, дүйнөдө калп айтуу боюнча чемпионат болсо эч кимге алмаштыргыс абсолюттуу чемпион болмок. "Мюнхаузендердин" рекордсмени болмок. Бир тең келсе кожоюну тең келмек, экөө жарашып калды, "таппасаң сыйпалап кал!"
Кудрин, Иванов сыяктуу орус мыкчыгерлери бар. 2005-жылы бийликке келген адамды райкомдун секретарларынын деңгээлиндеги адамга салыштырган экен. Ал эми "ефрейтордун деңгээлиндеги" абсолютту "чемпион" Данияр Үсөнов анын алдында "мышык-чычкан" оюнундагы чычкандын образын аткарат. Мышык чычканды кантип ойнотсо кожоюну Данчикти ошондой ойнотуп келатат. Бирде чоң устукан берет, бирде жумушсуз калат, бирде "дааратканага деле катта начальник" кылып айдап жиберет. Вице-премьер болду, мэр болду эле Нариман Түлеев "2" коюп сабактан кууп жиберди. Садыркуловдун ордун ээледи, эми премьер-министр. Мунун деле себеби бар болуш керек, 2005-жылдын 24-мартында "Жалал-Абад" ресторанынан курсагы ачкан бир кургурга бир каскан манту алып берген дешет. Ал мантуну жеп бүткүчө Ак үй алынып, Даникең сүйүнчүлөп келген. "Манту алып берсең мансаптуу болосуң" деген сөз бекер айтылган эмес. "Мистер 500 миң" атка конгон Данияр Үсөнов 300 миң сомун парламентке чачкан айыбын кийин Кулов чукуп чыккан. Айлык албай иштегиси келген Данияр Үсөнов биринчи вице-премьерге 300 миң доллар чыгымдаса, премьер-министрге канча чыгымдады болду экен?
Башка кыргыздардан өзгөчөлүгү анатомиялык тил менен айтканда тубаса өпкөсү чоң болуп төрөлсө Үсөновдун кызмат деп жүрүп кекиртеги да чоңойду. "Криссталга" окшогон килтейген заводдор, кирип кайра чыгат. Эми кекиртегине ГЭСтер кирип кетсе, кыргыздар архаизмге айланып бараткан Тезекчи, Тезекгүл, Бокбасар, Бокчубай деген аттарды уул-кыздарыбызга кайрадан коё башташыбыз керек. Бул элдин шору болсо, чиновниктер да шордойт. Себеби, өкмөт башына "безразмер" кекиртеги бар адам келди!
Акылбек Жапаров "Золотая серединабы?"
Мен өкмөт башына келген үч адамды салыштырып атам. Биринчиси, булганыч иштерди да таптаза жасаган Данияр Үсөнов, экинчиси "күйөөгө тийе элек секелек кыздай" таза адам Аалы Карашев. Үчүнчүсү болсо ушул экөөнүн ортосунда Акылбек Жапаров. Анткени, Акылбек мырзаны даңазалап мактаса да болот, экинчиден жердин жети катар түбүнө жеткире жамандаса да болот. Орустар "Золотая середина" деп коюшат. Данияр Үсөновдун өкмөт башчылыгына келгенин көпчүлүк мыскыл менен кабыл алышты. Жоктон тапкансып Үсөновду алып келип бийлик эселек саясаты менен өз жүзүн ачып койду. Бирок Акылбек Жапаров менен Аалы Карашевди өз ордуларын таап берип бийлик туура "ходго" барды. Акылбек Жапаров саясатка өз жүзү менен келген саясатчы. Ал байлыгын чачып, же бирөөнү оодара тартып тебелеп келген жок. Учурунда биринчи вице-премьерге жардамчы болуп, социал-демократтар партиясын түптөшкөн. Ошол партиянын аппарат жетекчиси болуп уюштуруу иштерин бүт өз мойнуна алган. 2000-жылы шайлоодо партиялык тизме менен парламенттик шайлоодон өтүп, депутаттардын арасында Акылбек Жапаров өзүнүн ким экенин көрсөттү. Ал экономикалык көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, Акаевди бийликти какатып койгон убактар болгон. "Эки кочкорлуктун башы бир казанга кайнабайт" - деп Кочкорго чейин темир жол салдырып берем деп, аксакал башы менен элди алдап Медетбеков Шамшыбек деген кошоматчысын сүйрөй келген Турдакун Усубалиев менен 2005-жылы шайлоодо Жапаров бир округдан чыга турган болот. Жапаровко бут тосуш үчүн Медетбековду Нарын облусуна губернатор коюп, административдик ресурс Акылбек мырзага каршы иштей баштайт. Акылбек Жапаровду эл колдоп кетерин сезген акаевдик бийлик ыплас иштерге барат. Жапаровко бут тосуш үчүн бүжүрөп баш ийген соттор аркылуу Жапаровду оюндан чыгаргысы келишет. Жаны күйгөн кочкорлуктар Акылбек мырзаны колдоп түп көтөрүлө чыгат.
Калыстык үчүн айтып коюшубуз керек. Тогуз-Торо менен Жалал-Абаддан талапкердигин койгон Курманбек Бакиев Кочкор элине келип, баш көтөргөн элди көргөндө көзүнө жаш калтырып, Жалал-Абадды көтөрүү деген ой ошондон кийин гана келген. Бийлик Жапаровду тоготкусу келген жок. Бирок, Жапаров жөн жатып алган жок. Ал Усубалиевке каршы добуш топтоп Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу талапкерге каршы добуш салынып акаевдик бийликтин чирип баратканын тастыктады. Жапаров Акылбек март козголоңуна өбөлгө түздү.
Март окуясынан соң жеңиштин жемишин жеп, финансы министрлигине келди. Карызга баткан жарды Кыргызстанды жакырчылыктан сууруп чыгуу үчүн жанталашып Африкага да кире качкысы келди. ХИПК саясаты Жапаровдуку эмес, Куловдун саясаты болчу. Кулов өзү кулаганда ХИПКти кимдир-бирөөнүн мойнуна асып кеткиси келген. Аны жалгыз Жапаров көтөрдү. Калгандар Кулов кетээри менен култ этип чыга беришти. Жапаровду салып беришти.
Экономика министри катары майда жана орто бизнести колдоо үчүн "коңгуроо" ойлоп тапты. "Күркүл бизнестер" күркүлдөрдүн мойнунда болгондуктан салык инспектору, финансы полициясы жана башка фисиалдык органдар баш көтөртпөй эле майда жана чакан бизнести талап жеп атышкан. Алардын санын азайтып колдоп, Кыргызстан Дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча 41-чи орунга "Бизнести жүгүртүү" боюнча чыкты. Эки жүздөй өлкөнүн арасында бул чоң жеңиш. Экономика илимдеринин докторлугун жактаган Акылбек Жапаровдун дүйнөлүк экономисттердин алдында кадыр-баркы чоң.
Бир гана ой келет, биз кыргыздар көтөрүлүп бараткан адамдарды бутунан тартып түшүрбөй, колдоо көрсөтсөк жакшы болот деген. Мына дүйнөлүк үлкөн уюмдарда еврейлер, европалыктар, армяндар, орустар иш алып барып атышат. Биз деле Акылбек Жапаров, Жоомарт Оторбаев, Болот Шерниязов, Дүйшөн Чотонов, Эркинбек Алымбеков сыяктуу мыкты профессионалдырыбызды ушундай уюмдарга жөнөтүп, өстүрүп турсак болмок. Жок, кыргыздарга андай жарашпайт, биз бутунан тартып түшүп тебелесек гана, анан канааттанабыз?
(Уландысы бар)