п»ї
Баш редакторлорго баш сыйлык
Башкы редактордун махабаты (редактор рейтинг)

Министрлердин эле махабаты болуп Башкы редакторлордун махабаты жок бекен же журналисттер күнүнүн алдында рейтинг жүргүзсө болбойбу? 28 баатыр деген бар эле, 28 номинациянын жеңүүчүсү 28 баатыр башкы редакторлор менен таанышып коюңуздар. Майрамыңыздар менен кесиптештер!

1. "Улуу Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Кыяс Молдокасымов, "Кыргыз Туусу" гезитинин Башкы редактору.
Кыргыздын сакалдуу гезитине баш болуп келаткан Кыяс мырза кылым жашоосун көздөй бараткан "Кыргыз Туусуна" өзгөчө түз, өзгөчө маанай берип, окурмандардын көңүлүн тартып келатат. Улуу гезитке "улуу" адамдар баш болуш керек. Кыргыздын "Улуу Башкы редактор" номинациясына Кыяс Молдокасымов татыктуу болду.

2. "Сулуу Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчү: Элнура Кулуева, "Асман пресс" гезитинин Башкы редактору.
Бул номинациянын ээсин табыш өзгөчө оор болду. Себеби өңү суук Башкы редактор жок экен. Бүт эле сулуу. Бах, чиркин шилекей агат! Акыры ак шуба кийсе толукшуган айдай сулуулугу арткан бийкечке ыраа көрдүк.

3. "Даанышман Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Самсак Станалиев, "Адабий Ала-Тоо" гезитинин Башкы редактору.
Башкы редакторлордун сакалдуусу да, макалдуусу да самсаны сүйгөн Самсак мырза. Колунан көөрү төгүлгөн устат. Чоң чарык кийген аягы гана өзүнө жарашпай келет.

4. "Алтын шилекей Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Рыскелди Момбеков, "Эл сөзү" гезитинин Башкы редактору.
Рыскелди мырзанын оозунан алтын шилекейлер чачырап турат. Анын ар бир шилекейинин баасы базар баасы менен 5 миллион сом, "оптом" 50 миң сом. Шашылыңыздар Рыскелди мырза алтын шилекейин сатат. Сиз төлөбөйсүз Момбеков өз чөнтөгүнөн төлөп берет.

5. "Каухар кекиртек Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Жыргал Шабданов, "Тагдыр" гезитинин Башкы редактору.
Кыргызда "Кызыл-кызыл кекиртек" анан "керней кекиртектүүлөр" бар. Жыргал мырзанын кекиртеги кызыл болбой каухар болуп калды. Камоктогу 18 градустан 96 градуска чейинкилер кыйналбай өтө берет. Анткени Кызыл жарык эмес жашыл жарык "каухар" жарык турат.

6. "Секс-бомба Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Таалай Бакытаев, "Миң бир түн" гезитинин Башкы редактору.
"Өлүп көрдүң беле", - дегендей Таалай мырзанын "секс бомба" экендигин кайдан билмек элек. Бирок "Миң бир түнгө" жазгандары арабдын "Миң бир түнүнөн" ашып, сексология жакта бомба жарылгандай эле болот.

7. "Жазуучу Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Өмүрзак Төлөбеков, "Ак жол" гезитинин Башкы редактору.
Өмүрзак мырза азыркы заманда
№1 мемуарчысы. Ленинге окшоп 45 том жазбаса да, эки-үч томдук шедеврлерин жазып жатат болуш керек. Бир Гана экс-жазуучу-мемуарчы Каныбек Иманалиевдин шыдыр жолуна түшө албай турат.

8. "Казуучу Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Бабырбек Жээнбеков, "Назар" гезитинин Башкы редактору.
Бабырбек мырзанын кесиби юрист. Юристтер де-факто, де-юре менен иштегенди жакшы көрүшөт. Негизи журналисттер "карга карганын көзүн чокубайт" дешип бири-бирин казганды жаман көрүшөт. Журналисттердин арасында "белая ворона" юрист Бабырбек байке казабы, жазабы өзү билер.

9. "Алмаз тилдүү Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Бекен Назаралиев, "Жаңы Ордо" гезитинин Башкы редактору.
Тилден бал да тамат, тилден уу да тамат дешет. Бекен мырзанын тили болсо алмаз сыяктуу тилип кете берет. Аңды-дөңдү да карабайт, оппозиция, бийлигиңди да карабайт.

10. "Айкөл Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Мундузбек Тентимишов, "Ден соолукка миң кеңеш" гезитинин Башкы редактору
Мундузбек мырзанын айкөлдүгүн дарылануучулар менен дабагерлерден сурасаңыздар эки кол, эки бутун көтөрөт.

11. "Майкөл Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Шаиста Шатманова, "Супер инфо" гезитинин Башкы редактору.
Укук жагына укуругу узун Шаиста бийкеч "Супер инфону" майкөл колу менен суперликке көтөрө алды.

12. "Эл багаар саяпкер Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Мелис Эшимканов.
"Агым", "Асаба" гезиттеринин экс-Башкы редактору журналисттер деле эл, болбосо "журналист багаар" жетекчи деп койсоң болот.Журналисттердин көпчүлүгүн асырап багып, чоңойтуп чочойтту. Бул жагынан кыргызда, балким дүйнөдө Мелис мырза менен ат салыша ала турган Адам жок. Ал таптаган күлүктөр бүгүн да табында.

13. "Чыгаан Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Талант Конокбаев, "Замандаш" журналынын Башкы редактору.
Талант мырза кайсы жерге барса да таланттуулар да таап, газета-журналын таптап, "тар жол, тайгак кечүүдөн" чыгарып, көктү көздөй көкөлөтүп жиберет.

14. "Высший сорт Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Абдувахаб Мониев, "Учкун", "Ош жаңырыгы" гезиттеринин экс-Башкы редактору.
Чөгөмдөн "жөөлүп" келген Вахаб мырза түштүк маселесин көтөрүп чыкса эле, өзүн экинчи сорттогу адам катары сезчү. Сырттан окуп бүттү "ичтен" окугандар жыргатпаган заманда. Эми ал биринчи сорт эсептелген аркалыктар биринчи сорт бойдон калып, Вахаб мырза "вахабисттери" менен высший сортко секирди.

15. "Доктор наук Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Алым Токтомушев, "Агым" гезитинин экс-Башкы редактору.
"Билимсиз" журналисттердин плеядасынын башында турган Алым жездем, төмөндө турган Төкөм, Төлөгөн Карыкеев, Бекен Назаралиевдер филологиялык билими болбосо да искусство жаатында билим алган. Ал эми Алым жездем еврейлердин алдында экзамен бербесе да, билим көрөңгөсү жагынан филология илиминин докторунан өйдөрөөк турат. Салыштырып көрсөңүздөр болот, ишенбесеңиздер…

16. "Мастер Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Аскер Сакыбаева, "Агым" гезитинин Башкы редактору.
Аскер бийкеч эркек болуп калса атын Аскер эмес. Мастер же Лашкер деп коймок болуш керек. Журналистиканын мастери, агымчылардын "Лашкери" Аскер бийкеч "эркек" деген ардактуу наамга татый турган аялзатынан. Аттиң дүйнө, эркектердин арасында канча "катын" деген наам алган эркектер бар.

17. "Мамлекети жок президент Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Шекербек Калыков, "Сенатор" гезитинин Башкы редактору.
"Эшекти отко айдаса, бокко качат" дегендей, колунда "Сенатор" деген газетасы туруп Шекем "сам" болбой эле ар кимге "зам" болуп жүрөт.

18. "Рекордсмен Башкы редактор номинациясы"
Жеңүүчүсү: Эрнис Асек уулу, "Асаба", "Агым" гезиттеринин Башкы редактору.
"Асаба" менен "Агымдын" Башкы редакторуна жүз жолу жетип, жүз жолу кетип Эрнис мырза ааламга абсолюттук рекорд койгон. Мунун Гиннес китеби билбей жүрөт.

19. "Гезитчи Дзюйо Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Гүлбара Турумова, "Кыргыз Караван", "Шамбала", "Кыз жигит" гезиттеринин редактору.
Гезит сатып жүрүп үч гезиттин ээси болгон Гүлбара айым, өзүнүн үч гезитине тең Башка редактор болгону менен, колуна калем кармабай Айтматовдун "Гезитчи Дзюйо" деңгээлинде эле калды.

20. "Д.Артаньян жана үч мушкетер Башкы редакторлор" номинациясы
Жеңүүчүлөрү: Арслан Сартбаев, "Учур" гезитинин Башкы редактору

21. Манас Осмонов "Апта" гезитинин Башкы редактору

22. Азамат Кыязов "Апта" гезитинин экс-Башкы редактору

23. Кубаныч Зайнидинов "Апта" гезитинин экс-Башкы редактору
"Учурда" бирге иштешип аткан Д.Артаньян менен үч мушкетер шайлоо өнөктүгүн көркүн ачып, үч мушкетерду айда асманга учурушту.

24. "Крутой Башкы редактор номинациясы"
Жеңүүчүсү: Жыпара Жээналиева
"Жаңы кылым" гезитинин Башкы редактору
Служебный иномаркасында чалкалап отурган сулуу Башкы редактор "крутой" кезинде министр менен губернаторду сөөмөйү менен чакырчу. Аны көргөн чиновниктер чимирилип чуркап келишчү.

25. "Генерал" Башкы редактор номинациясы
Жеңүүчүсү: Бакыт Сейитов
"Бетме-бет", "Статья" гезиттеринин Башкы редактору Полковник Сейитов эми бир секирсе эле генералды чапчып жыгып, кыргыздын тарыхында биринчи генерал Башкы редактор болот. Генералыбыз гезит башкарып калса кыргыздар кеңеле түшөт белек.

26. "Мюнхаузен Башкы редактор номинациясы"
Жеңүүчүсү: Кенжебай Арыкбаев
"Айгай" гезитинин Башкы редактору
Журналисттердин арасында "Мюнхаузенчилик" жактан кочкорлук Кенжебек мырза кочкорлук Жолдошбек Зарылыковго жетпесе да, Башкы редакторлордун деңгээлинде куржунунун көзү итапкан эле.

27. "Балмуздак" Башкы редактор номинациясы
Жеңүүчүсү: Сакы Садыков
"Эркин-Тоо" гезитинин Башкы редактору
Бакы мырза менен бирге гезитке Башкы редактор болгондор, эбактан ээрип жок болушса, Сакең "муздаткычка салган балмуздактай" тоңгон бойдон турат.

28. "Шеф-повар Башкы редактор" номинациясы
Жеңүүчүсү: Айзада Абазова, "Кыргыз Руху" гезитинини Башкы редактору.
"Ай Айзада, Айзада жазгандары найза да" деп айтылгандай Айзада бийкеч кайнаткан "Какшык казандан" даам таткан адам уйкуну унутат. Чыңгыз хан кайнап аткан казанына тирүүлөй адамды салса, Айзада жиликтеп салат.

Эскертүү: Урматтуу номинациянын жеңүүчүлөрү сыйлыгыңыздар 100 сомдон, каалаган убакта берсеңиздер болот.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
6-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Жаңы өкмөттүн жыйыны
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Биринчи кадамдар, биринчи адамдар
4-бет
Жангороз Каниметов
Жогорку Кеңештин депутаты:
Рейтинг системасына өтүшүбүз зарыл

5-бет
Маданият:
алдыдабы - алга сүйрөйт өлкөнү,
артка тартат - артта турса капилет...

6-бет
Президенттер!
Алды - элде, арты - үйбүлөсүндө...

7-бет
Дүйнөлү кабарлар
8-бет
Ысмыңыз эмнени билдирет?
9-бет
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу Жанышбек Кочкоров:
"Аялзатына Ай менен Күндү алып берем"

10-бет
СОГУШ- апаат эле эмес, БИЗНЕС да...
11-бет
Сахнага байланган өмүрлөр
12-бет
Балдардын тубаса борбордук нерв тармагынын оорулары
13-бет
Баатыр жана дербиш эле
14-бет
Сүйүүдөн курулган таң калаарлык үч бурчтук
16-бет
Баш редакторлорго баш сыйлык










??.??