п»ї

 Китепкана

  Дүйнө жылдыздары

Комиссар Катани - Микеле Плачидо
Редакциядан: Кыргыз элинин атактуу акыны Байдылда Сарногоевдин көп жылдардан бери Италияда жашап, иштеп жүргөн кызы Гүлсана Сарногоева биздин гезитке Италиянын атактуу актеру, белгилүү "Спрут" телесериалында Комиссар Коррадо Катанинин образын жараткан актер Микеле Плачидо тууралуу жазып жиберген. Аккан арыктан суу агат демекчи Гүлсана эже көр оокаттын айынан жер шарынын ар тарабына чачылып кеткен миңдеген мекендеш кыргыз боорлорунан айырмаланып, өзүн жогорку маданияттуу, чыгармачылыкты терең түшүнгөн адам катары алып жүргөнү бизди кубандырат. Чет жерде кыргыздар жөнүндө жакшы пикир жараткан эженин иштерине ийгилик каалап, мындан ары да биздин гезит менен тыгыз байланышта иштей берээрин кабарлай кетмекчибиз.

Италиянын атактуу актеру жана режиссеру Микеле Плачидо Италиянын түндүк чыгыш жагында жайгашкан Асколи Сатриано деген жерде 1946-жылы 19-майда жарык дүйнөгө келген. Микеленин үй-бүлөсү чоң болгон. Ал сегиз бир туугандын үчүнчүсү. Микеле төрт баланын атасы. Анын биринчи өмүрлүк жары Симонетта Стефанелли аттуу аялынан Виолента, Микеланжело, Брено аттуу балдары бар. Азыркы Винченти аттуу өмүрлүк жолдошунан Габриэл деген баласы бар.
Микеле 20 жашында Рим шаарындагы Улуттук драма Академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган соң Улуттук телекөрсөтүүдөн өзүнүн иш жолун баштайт. 1977-жылы ал өзүн кино тармагында сынап көргөн. Ал Уго Тониази деген атактуу актер менен бирдикте режиссер Марио Моничелинин "Элдик романс" деген кинотасмасында башкы ролду аткарат. Микеле 40тан ашуун ролдорду аткарып жана 4-5 фильмдин режиссеру болууга да жетишкен.
1980-жылдары режиссер Дамиани тарткан "Спрут" көп сериалдуу телефильминде Комиссар Коррадо Катанинин ролун бийик деңгээлде аткарган. Телефильм Сицилиядагы мафиянын агымын сүрөттөйт. Өз убагында аябагандай популярдуулукка жеткен "Спрут" телефильми Италиядан тышкары 80 өлкөдө көрсөтүлгөн.
1990-жылы Микеле Плачидо режиссердук кызматты аткарып Францияда өтүүчү Канн кинофестивалына "Pummaro" деген тасманы тартуулайт. Тасма башка өлкөлөрдөн келип иш издегендер жөнүндө баян кылат. Алардын башка өлкөдөн келишип башында иш табалбай же болбосо, башка көргөн кыйынчылыктарын, ошону менен бирге алардын жеткен ийгиликтерин сүрөттөйт. Плачидонун ал киносу бийик деңгээлде кабыл алынат.
90-жылдары эр жүрөк магистрат Гованни Фолконинин ролун аткарат. Магистрат Фолкони мафиозиге каршы күрөшкө абдан аракет кылып полиция кызматкерлерине кандай жол менен мафиозилерди кармагандын жол-жобосун түшүндүрүп бир-эки жылдын ичинде 50дөн ашык босс мафиоздорду колго түшүрүшөт. Фалконинин өмүрү дайыма коркунучта болуп жансакчылары менен жүрөт. Ошого карабастан 1993-жылы өмүрлүк жолдошу анан 2-3 жансакчысы менен машинада келе жатканда киллерлер машинасын жардырышат. Фалкони катуу жарадар болуп ооруканага жеткирилет. Бирок катуу жарадар болгондуктан эс-учуна келбей каза болот.
2005-жылы Микеле "Grande Torino" деген фильмде 1940-жылдары Италиянын футбол командасында ойногон Ангело аттуу футболисттин улгайган чагын аткарат. Фильмдин башында улгайган Ангело жаш кезиндеги өмүр жолун бир кишиге баяндап берет. 40-жылдары " Torino" футбол командасы чоң ийгиликке жетип, өлкөнүн футбол чемпионатынын 6 жолу чемпиону болот. Ал команданын капитаны Маззало деген болот. Фильмдин каарманы Ангело ошол кездерде магазинде жардамчы болуп иштейт. Бирок, футбол ойногонго абдан кызыгып бир күнү капитан Маззало менен күтүлбөгөн жерден таанышып калат да, ал кишинин жардамы менен командага кирип машыга баштайт. Бир күнү команда Испаниянын Барселона шаарындагы "Benfika" командасы менен достук беттешүүгө жол тартаардан мурун кече өткөрүшөт. Бир маалда Ангелого энесинен кабар келет: "Иниңдин тартиби абдан жаман болуп ууру кылып кармалып жатат. Сен тез келип иниңди жөнгө салбасаң болбой калды",-деген. Ангело эмне кылаарын билбей аягында энесинин тилин угуп Барселонага учпай калат. Абдан арманда болот. Ал эми анын ордуна ырас даяр билет болду деп абдан баргысы келип жаткан жаш жигит учат. Футболисттер Барселонадан кайтып учуп келе жатышканда күтүүсүз жерден авиакатастрофа болуп, самолет кулап түшүп бүт бардыгы каза болушат. Ошентип инисине моралдык сабак берем деп Барселонага барбай калган Ангелону иниси өлүмдөн сактап калат…
Мен Микеле менен кинофестивалдан таанышкам. Анан ал кишинин киноакадемиясында окуган студенттерге актердук чеберчиликтен сабак бергенине катыштым. Сабак берүү усулу абдан кызыктуу экенин байкадым…

Гүлсана Сарногоева,
Италия




 "Китеп-2009" марафону

Ким китепти баалайт?
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги быйылкы жылды "Китепканалар жылы" деп жарыялагандыгына байланыштуу, анын алкагында Улуттук китепканада жалпы улуттук "Китеп - 2009" марафону ийгиликтүү өткөрүлдү.
Бул марафон Улуттук китепкананын фондун байытууга, окурмандардын талаптарын жогорку деңгээлде камсыз кылууга, китеп окууга кызыгуусун арттырууга, кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түздү.
Жалпы улуттук марафондун өтүшүнө массалык-маалымат каражаттарынын көрсөткөн көмөгүн, кошкон чоң салымдарын, Улуттук китепканага терең маани бергендик деп баса белгилейбиз. Өзгөчө, Улуттук телерадио корпорациясы (президенти Эшимканов М. А.), ЭлТР телекомпаниясы (генералдык директору Шакеев Н. Т.) "Кыргызстан обондору", "Белес", "Кыргыз радиосу", "Миң кыял FM" радиокомпаниялары, республиканын басмалары "Кыргыз Туусу" газетасы (башкы редактору Молдокасымов К. С.), "Эркин Тоо" газетасы (башкы редактору Садыков С. М.) ж.б. массалык-маалымат каражаттары жардамын аябай, маалыматтык колдоо көрсөтүштү.
"Китеп - 2009" марафонун өткөрүү боюнча маалымат каражаттарында жарыя, жарнактын бир нече күн бою үзгүлтүксүз көрсөтүлүп берилип турушу, китеп күйөрмандарынын, жалпы эле журтчулуктун активдүү катышуусуна, анын жогорку маанайда өткөрүлүшүнө зор негиз болду.
Улуттук китепкананын китеп марафонуна, өкмөттүк, мыйзам чыгаруу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, коомдук жана эл аралык уюмдар, элчиликтер, көптөгөн акын-жазуучулар, илимдин жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлери, ошондой эле жеке ишкерлер активдүү катышышты.
Улуттук китепкананын марафонуна бардыгы болуп 325 адам чакырылып, 53 ар кандай ишканаларга, уюмдарга чакыруу каттары жиберилген.
Бул акцияга Жогорку Кеңештин илим, билим, маданият жана маалыматтык саясаты боюнча Комитеттин төрагасы И. Ш. Өмүркуловдун, Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри С. А. Раевдин, депутаттар Г. А. Куликованын, М. Т. Мамасаидовдун, Жогорку Кеңештин илим, билим, маданият жана маалымат бөлүмүнүн башчысы

А. Д. Султанбаевдин, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы А. Т. Алиевдин катышып келгендери китепкана кызматкерлеринин кубанычын арттырды.
Марафондун жүрүшү майрамдык шаңда, китеп күйөрмандары китеп куржундары менен Улуттук китепкананын фондуна туш тараптан көп сандаган китептерин тартуулашты. Китеп марафонуна зор салым кошкон, иштиктүү колдогон ишканалардын, мекемелердин атын атап кетсек болот: "Учкун" басмаканасынын генералдык директору А. Абыкеев (13,5 миң даана китеп), ОсОО "Раритет" басмасынын генералдык директору А. Кадыров (108 даана китеп), Кыргыз-Манас университетинин ректору С. Кайыпов (487 даана китеп), Тышкы иштер министрлиги (156 даана китеп), "Турар" басмаканасынын директору Т. Т. Мураталиев, "Кыргызпатент" кызматынын директору М. У. Мелисбеков, ОАО "Айыл банк" генералдык директору М. Т. Таранчиева, ОАО "Электр станциялар" коомунун генералдык директору С. Э. Балкыбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ж. С. Алиева, акын-жазуучулар Г. Момунова, Д. Усупбекова, Ч. Абыкеевдер көптөгөн баалуу китептерди тапшырышты.
Бул акцияга Германиянын жана Белорусиянын Элчиликтери өз салымдарын кошуп, сейрек кездешүүчү китептерин белекке беришти.
Улуттук китепкананын жалпы жамааты "Кыргызтелекомдун" президенти мырза М. М. Мамбеталиевге жана анын эмгек жамаатына 20,0 миң сом салмактуу колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн чын дилибизден ыраазычылыкты билдиребиз.
"Хаятт Родженси" мейманканасынын генералдык директору урматтуу мырза Пунид Тандон (30 миң сом), Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
Ж. С. Алиева (10,0 миң сом), "Бишкек жылуулук тармагы" генералдык директору М. Т. Батаканов (5,0 миң сом), Дары менен камсыз кылуу жана медициналык техника боюнча департаментинин директору Р. А. Курманов (5,0 миң сом), өкмөттүн алдындагы мамлекеттик каттоо агенттигинин директору А. Ж. Жолдошов (2,0 миң сом), Соода жана өнөр жай палатасы Ж. Т. Нуржанов (1,0 миң сом), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (15,0 миң сом), Улуттук китепкананын атайын эсебине финансылык көмөк көрсөткөндүктөрүн баса белгилеп койсок болот.
Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы А. Т. Алиев китепканага керектүү жаңы технологиядагы 1 (бир) компьютер жыйнагы менен белек катары берсе, өзгөчө эмгеги үчүн бааргер (персоналдык пенсионер), Улуттук университеттин профессору Турду Жыргалбеков өзүнүн киреше булагынан 1,0 миң сом, өздүк китепканасынан 70 китеп белек катары тартуулады. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары Т. Ж. Обозова (1,0 миң сом), тарых музейинин директорунун орун басары А. Исраилова жамааттын атынан (3,0 миң сом), атайын Талас областынын Шекер айылынан ат арытып келген Тажибаева Керез (500 сом), ыр жазып, талантын такшалтып келе жаткан акын Кушубек Өмүралиев (500 сом), И. Арабаев атындагы университети картина (ректору А. А. Бекбоев) ж. б. көптөгөн китеп күйөрмандары жылуу сөздөрү менен куттуктоо билдиришип, өздөрүнүн жардамдарын аяшпады.
Марафондун жыйынтыгы боюнча Улуттук китепканага 91,3 миң сом финансылык жардам каражаттары, китеп фондуна 16,200 даана ар түрдүү тармактар боюнча китептери түштү.
"Китеп - 2009" жалпы улуттук марафон китеп көргөзмөлөрдүн, концерттик программалардын, акын-жазуучулардын, китеп басып чыгаруучулардын жолугушууларынын коштоосу менен кызыктуу өттү.
Концерттик программаны Улуттук консерваториянын студенттери, жетекчиси окуу жайдын деканы А. Текенова, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын корея, түрк, курд диаспораларынын ыр-бийлери, кыргыз эстрадасынын жылдыздары композитор К. Эралиева, А. Карымовдор марафондун катышуучуларына жана көрүүчүлөргө унутулгус сезимдерди калтырды.
Жалпы элдик "Китеп - 2009" марафонунун жыйынтыгы боюнча Улуттук китепканага демөөрчүлүктөн түшкөн 91,3 миң сом акча суммасына китепкана үчүн эң керектүү болгон жаңы технологиялык "Канон" көчүрүүчү аппарат, бир комплект компьютер, китеп фондду толуктоого жаңы чыккан китептер, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга ж. б. пайдалуу каражаттар сатылып алынды.
Улуттук китепканага түшкөн 16,200 китептердин басымдуу көпчүлүгү китепкананын китеп фонд текчесин байытууга калтырылды, калган китептер республиканын областтык, райондук, айылдык китепканаларына жардам катары жөнөтүлүп, китеп фондуларын толуктоого көмөк көрсөтүлдү.
Марафонго колдоо көрсөткөн министрликтердин, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, илим, билим жана маданияттын, басылмалардын, ишкана, мекемелердин жана жеке ишкерлердин ар биринин дарегине, бардык жетекчилерине ыраазычылык каттар жөнөтүлүп, чын ыкластан аларга каалоолорубузду билдирдик.
Улуттук китепкананын
басма сөз кызматы





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Жума каармандары
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Жаңы өкмөт, жаңы кадрбы?
4-бет
Үйбүлөдө
чыгыш аялымын

5-бет
Алтай Бөрүбаев:
"Паракордукту ооздуктамайын, реформада майнап болоору күмөн

6-бет
Түгөйлөрдүн
түндүгү, үйбүлөлүк очогу

7-бет
Барак Обама аялына эмне үчүн жакпайт?
8-бет
"Каражатты казинолорго эмес ден соолукка жумшоо керек"
9-бет
Улуттук каналдын режиссёру, "21-кылымдын жылдыздары" концертинин уюштуруучусу Сагын Ниязалиева:
"Бат жанган "жылдыз" бат өчөт

10-бет
ЖАРЫК
Кызык китеп, кызыктарга ээрчиткен
(Мезгил Исатовдун 2005-жылы чыккан "Издөөнү табуу" деген китебинен улам

11-бет
Сахнага байланган өмүрлөр
12-бет
Манас - кыргыздын кымбаты, кыйбасы, кызыры
13-бет
Турдухан Ибраимова Ак менен кара
14-бет
Маараке маанай
16-бет
Комиссар Катани - Микеле Плачидо










??.??