30.10.09 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Маараке маанай

Кетмен-Төбө кайрыктары
Эзелтен эле кыргыз кыйырынын ар тарабына угулуп, Ала-Тоо арасында таңшыган обондордун кыйласы да, мукамдуулугу да Токтогул башында турган Кетмен-Төбөлүк таланттар таберигине таандык экени эл арасында айтылып келет.
XX кылымда жана кийинки миң жылдыктын алгачкы он жылдыгында Кетмен-Төбө жергесинен кандай өнөрлүү инсандар чыкканы жөнүндө кыска-нуска маалымат топтому, жети бөлүктөн түзүлгөн.
Райондун 80, Токтогулдун 145 жылдыгына карата чыгарылган китептин автору Гутманбек Насыровдун көп жылдык мээнети кайтып, 200дөй талант ээлери менен эл таанышса, алардын бири-бири менен "таанышып алуу" мүмкүндүгүнө ээ болгону да кызык. Маараке маанайын маданий жактан көтөрө турган басылманын бетачары катары айрым авторлордун чыгармаларын "КР" окурман журтуна сунуштоону эп көрдүк.
Калганы менен "Кетмен-Төбө таланттары" китебинен таанышып, таасирленерсиздер. Айтмакчы, таланттардын бардык катмарын камтыган бул басылма республикада эң биринчи жолу чыгып жаткандыгы менен да айырмаланат.


Бир тоголок кар
Кайтаар кезде сабак бүтүп мектептен,
Карды кармап турар элең камынып.
Өтөөр элем мен жаныңдан шашыла,
Жука жааган жаңы карга чалынып.

Кирээр маалда коргонумдун ичине,
Уруп ийсең, бир тоголок кар менен.
Оттон кошуп тоголоктоп койгондой,
Оорубастан ысый түшчү бар денем.

Эстебейсиң азыр мени сагынып,
Эрип кеткен карга окшотуп унуттуң.
Бир тоголок кар деп жүрсөм жаңылып,
Бир тоголок сүйүү менен урупсуң.
Жолдор
Жолдор, жолдор ийри-буйру чубалган,
Түгөнбөгөн улам жаңы куралган.
Жолдо ката ой түрмөгүн чубадым,
Канча адам өтпөдү деп бу жайдан.

Жакшы да өттү, жаман да өттү бул жолдон,
Арам да өттү, адал да өттү түз бойдон.
А жол болсо күбө болуп баарына,
Калып жатты баягы эле жол бойдон.

Ушул жолдун учу кайда болду экен?
Ким узартып мынча чоюп койду экен?
Адамдардын тирүүчүлүк сапарын,
Ким кыскартып жолдон үзүп койду экен?
Нуриза Өмүрбаева,
2008-жылы КМУнун кыргыз филология факультетин бүтүргөн.

Тай бөбөк
Тай-тай бөбөк, тай бөбөк,
Тамашасы бир бөлөк.
Кадам шилте, каз туруп,
Жүрө бербей жөрмөлөп.

Тай-тай бөбөк, тай бөбөк,
Таятаңа бар бөбөк.
Тартуу кылып тай берет,
Энчилетип ал бөбөк.

Тай-тай бөбөк, тай бөбөк,
Таенеңе бар бөбөк.
Куржунунда курут бар,
Таңдайыңа сал бөбөк.

Тай-тай бөбөк, тай бөбөк,
Тамашасы бир бөлөк.
"Жүйө гой"- дейт бакчага,
Чоң энесин жетелеп.
Анаркан Дөөлөтказиева,
билими боюнча тарых мугалими. Эмгек ардагери
Чоң эне менен небере
Тогуз жаш небереси,
Токсондо чоң энеси.
Негедир ынак алар,
Пейилдер төп келеби.

Токсон жыл ай узатып,
Токсонунчу кышты тоскон.
Чоң эне күмүш чачтуу,
Небере эрмегиби.

Эркелеп небере кыз,
Чоң эне чачын тарайт.
Бубактай чыдамы аз,
Кыроо чач токсон жылдык
Наристе кол отуна
Эрийт да, кайдан чыдайт?

Байбиче кылым сүйгөн,
Магдырайт таалайына,
Көздөрү тунарыңкы,
А көңүл кубанычтуу.

Көчөдө күмүш чачтай
Бийчи кар токсонунчу
Бөлмөдө эки ынак
Курбудай тойго барчу.
Сайкал Аматбекова, журналист.
Сейтек
(Бакайдын кайып болор алдында
Сейтекке айткан осуяты)
Кагылайын калайык,
Калдайтып Сейтек баланы
Кан көтөрүп алдык дейт.
Түйшүктүн баарын чогултуп,
Мойнуна илип салдык дейт.
Кенедей жаш балага,
Кудай кубат берсин дейт.
Кутман элим жалпыңдан,
Кудайым ишиң оңдосун,
Каршы чыккан жалпыңа
Карышып иши оңбосун,
Жамандык кылам дегендер,
Жанында Сейтек болбосун.
Өркүнү өссүн баланын,
Кут болсун тагың карагым,
Ойрону чыккан ордоңдун,
Алды-артын оңдоп карагын.
Калың журт карайт колуңду,
Карагым жакшы карагын.
Калдайган ушул элиңе,
Жаш болсоң да атасың.
Алгын балам чөгөлөп,
Кары-жаштын батасын.
Өркөнүң балам өссүн дейт,
Өчөшкөн өлүп кетсин дейт.
Булутка башың жетсин дейт,
Касташкан жооң каралдым,
Бул жашоодон көчсүн дейт.
Кастарын тиккен кор болсун,
Жабышканы шор болсун.
Алышам деген арамдар,
Алды-артыңда болбосун.
Арстан эле чоң атаң,
Арбагы Манас колдосун.
Семетей атаң Шер эле,
Сени уулум дайым коргосун…
Атамбаева Азаткан Өскөнбай кызы, Аялзатына чанда берилчү манасчылык касиеттин ээси
Кетмен-Төбөм
(Маараке ыры)
Кетмен-Төбөм кеңирсиген кең Мекен,
Кереметиң Теңир-Тоого тең белем.
Таза абаң, балың, кымыз, балыгың,
Ден соолукка деми түшчү эм экен.

Кар жамынган ак элечек тоолоруң,
Талаа-түзүң, капчыгайың, коолоруң.
Төрдө оттойт аркар, кулжа, кийигиң,
Төмөнүндө жылкы, уйлар, койлоруң.

Элиң шайыр, талантка бай эзелтен,
Токтогулдай ырчылар бар безенген.
Толукшуган Нарын агат жайылып,
Токчулук бар, ачкалык жок кезерген.
Көлүңдү да Токтогул деп аташкан,
Көкмөк болуп кучагыңда жайгашкан.
Керегедей кере кулач тоолоруң,
Тегерете бир-бирине жалгашкан.

Өйүш-Булак өргүй турган асыл жер,
Өзгө түгүл өзгөлөргө батыл жер.
"Ак Илбирс" деп аталган жайыңа,
Өткөн-кеткен токтоп өтөт жазып чер.

Атырылат капчыгайда Чычкан-Сууң,
Ташка урунуп агып келип бышкан сууң.
Чычкан ичи арча, кайың, малина,
Карагайлар өскөн бийик, сымбаттуу.

Касиеттүү "Шамшыкал" туз кениң бар,
Көк-Бел менен Ала-Белдей белиң бар.
Уул-кыздарың өсүп чыгат өзүңдөн,
"Кетмен-Төбө - менин жерим" дээриң бар.

Мына быйыл сексен кырга чыгасың,
Дагы далай мактоолорду угасың.
Эгемендүү Кыргызстандын бир бурчу,
Эмгекчи элиң той өткөрүп кубансын.

Куттукташып бул тоюңа эл келер,
Мезгил өтсө жашыңа жаш тиркелер.
Кылымдардын кыйырынан издесе,
Табылбайт жер дал өзүңө тең келер!
Насырова Зуура,
кесиби боюнча юрист
Ысык-Көл
Ысык-Көл мемиреп жатчу эле,
Толкуну ак шуру чаччу эле.
Тоосунан чыккан күн жашынып,
Ысык-Көл ичине батчу эле.

Кыргыздар жүрүшөт чет жерде,
Сүрөтүң тагынып жүрөккө.
Ысык-Көл дегенде жүрөктөр,
Кагуусун токтотот мүнөткө.

Үстүңөн учамын буйруса,
Өңөрүп баламды астыма.
Көрүүгө зар болуп бир жолу,
Ал тургай сагынат Москва.
Сагыныч саламын жөнөтүп,
Кол булгап калды го Москва.
Бурулкан Карагулова,
акын

Ак кыял
Ак шөкүлө, ак көйнөк кийип алып,
Алыс жактан карааның күткөн кезде,
Алып кетчи ак боз ат минип алып,
Ак мөңгүлүү чокулар бүткөн чекке.

Ак чокуга ак сарай курдуралы,
Ак сүйүүнүн көтөрүп асабасын.
Аруулукка жан-дилди тундуралы,
Азыктанып ак карын, таза абасын.

Ачык асман алдында ак той өтүп,
Арзып күткөн бактыбыз ташып турса.
А асмандан теңирим ырым этип,
Аппак кардан чачыла чачып турса.

Ак батасын ыроолоп аскалар да,
Алп кучагын кең жайып сүйүнсө,ээ?
Ак үлпүнчөк алдынан уяң карап,
Ата-энең деп тоолорго жүгүнсөм, ээ.
Айзаада Абазова