30.10.09 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Турдухан Ибраимова
Ак менен кара
Ачып койчу жандүйнөмдүн терезесин!
Жаратканым, билесиң го кебелбесим,
Жамандардын жамандыгын кенебесим.
Жадап бүттүм жалпы журттун кайгысынан,
Жаап койчу жандүйнөмдүн терезесин!

Жаратканым, жалгыз өзүң дем бересиң,
Жалпы журтка Жакшылыгың келе берсин.
Жалпы журттун кор болгону сезилбесин,
Жаап койчу жандүйнөмдүн терезесин!

Жакшылыктын адал туусу желбиресин,
Жамандыктын арам туусу тебеленсин.
Жаратканым, жакшылыгың мага деген,
Жаңылбастан жалпы журтка бара берсин!

Адамдардан башкачараак сезим бердиң,
Ак-караны ажыратып сезсин дедиң.
Ата-журттун арыз-муңун сезе билсин,
Ачып койчу, жандүйнөмдүн терезесин!
Жалган дүйнө
жаман эмес!
Өмүр өттү, өткөрбөскө айла барбы?
Өчөшкөн өмүр аны аймап алды!
Өлгөнүңдө өзүң менен эмне аласың,
Өзүң билип байкап көрчү айланаңды.

Жаштык жалын өмүрүңө жарык болуп,
Жашооңо жакшынакай жарык конуп.
Жан талашып байлык издеп жүргөнүңдү,
Жаштыгың да карып болду, тарых болуп.

Убакытты убакыттан уткан өмүр,
Убактылуу өмүр шамын туткан өмүр.
Улуу жолдо убаралуу шайтандарга,
Уттурбастан, ыймандуу бол, кутман өмүр!

Жалган дүйнө бир карасаң жалган элес,
Жалган дүйнө бир карасаң жалган эмес!
Жараткандын жазмышынан жаңылбасак
Жалган дүйнө анча деле жаман эмес!

Ак менен Кара
Ар ыраңды үстүртөдөн карабагын!
Ар ыраңды үлүшүнөн айырбагын.
Ак, карадан башка дагы ыраңдар бар,
Адегенде ак, караны айрып алгын!

Ак боёктон күчтүү келет кара боёк,
Ак нерсени кара кылып боёп коёт.
Ак нерсеге кара боёк сүртүп туруп.
Акмактардын катарына коюп коёт.

Алла Таалам ак нерсени жакшы көрөт,
Ак нерселер жашаш үчүн жашап жүрөт.
Ак нерсени кара кылып көрсөтүүгө
Ар убакта кара боёк шашып жүрөт

Алла Таалам ар нерсени көрө билген,
Ак нерсеге адамдыкты төгүп берген.
Акыретте караларга азап белен,
Ак-караны ажыратпайт ажал деген!
Сыйы да келет Теңирдин!
Жамандык жолго баспаса,
Жакшылык жолдон жазбаса
Жаманы болбойт адамдын,
Жараткандан коркуп жашаса!

Өзүмдөн башка ким деген,
Өзгөнү көзгө илбеген.
Өзүн дагы сыйлап жарытпайт
Өзгөнү сыйлай билбеген!
Чегине күндүн ким жеткен?
Чегинен ашып ким кеткен?
Жанынан кечип турса да,
Жашоодон качып ким кеткен?

Тагдырдын жолу тар экен,
Таберик жолуң чектеген.
Таарынган менен тагдырга,
Тагдырын жеңген бар бекен?

Сынбасын тиле көңүлдүн,
Сынына чыда өмүрдүң
Сынактан өтсөң сынбастан,
Сыйы да келет Теңирдин.
Азаматтар ар күнү туула бербейт
(Белгилүү журналист


Б.Назаралиевдин 50-жылдык
юбилейине)
"Жаңы Ордону" жетектеген Бекен экен,
Жалпы журттун намысына бекем экен.
Жакшылыктын жарчысы "Жаңы ордо",
Жаңылганда жакшылыкка жетелеген.

Акылын ачуусуна алдырбаса,
Арам байлык туткунуна багынбаса,
Ата-Журттун абийирин бийик тутуп,
Өз жанынан бийик тутуп кабыл алса,
Эр жигиттин бактысы ошол эле.

Эңсеген максатыңа жетпегенде,
Эл алдында кейигениң эстей бербе!
Эли-журтуң эмгегиң эстей билсе,
Эр жигиттин бактысы ошол эле.

Адамзат - асылзаты Жараткандын,
Ар нерсени өз атынан атап баргын.
Азаматтар ар күнү туула бербейт,
Айкөл элим, Бекен уулуң барктап алгын.
Замандаштан
сураныч
…Улай албай үмүтүмдү убарамын,
Улап алсаң, замандашым кубанаармын.
Убаралуу жашоодо убайым көп,
Кыргыз Руху кыйналбасын, суранаарым.

Жамай албай үмүтүмдү убарамын
Жамап алсаң, замандашым кубанаармын
Жалганы көп жашоого жагылам деп,
Кыргыз Руху жаңылбасын, суранаарым.

Түптөй албай үмүтүмдү убарамын,
Түптөп алсаң, замандашым кубанаармын
Түбү түшкөн жашоону түзөймүн деп
Кыргыз Руху, түгөнбөсүн, суранаармын.