email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак
кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
30-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Жума каармандары
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Жаңы өкмөт, жаңы кадрбы?
4-бет
Үйбүлөдө
чыгыш аялымын

5-бет
Алтай Бөрүбаев:
"Паракордукту ооздуктамайын, реформада майнап болоору күмөн

6-бет
Түгөйлөрдүн
түндүгү, үйбүлөлүк очогу

7-бет
Барак Обама аялына эмне үчүн жакпайт?
8-бет
"Каражатты казинолорго эмес ден соолукка жумшоо керек"
9-бет
Улуттук каналдын режиссёру, "21-кылымдын жылдыздары" концертинин уюштуруучусу Сагын Ниязалиева:
"Бат жанган "жылдыз" бат өчөт

10-бет
ЖАРЫК
Кызык китеп, кызыктарга ээрчиткен
(Мезгил Исатовдун 2005-жылы чыккан "Издөөнү табуу" деген китебинен улам

11-бет
Сахнага байланган өмүрлөр
12-бет
Манас - кыргыздын кымбаты, кыйбасы, кызыры
13-бет
Турдухан Ибраимова Ак менен кара
14-бет
Маараке маанай
16-бет
Комиссар Катани - Микеле Плачидо


п»ї

Л€У…Р’Жђ




  Жума каармандары

Султан Раев
Султан Раев башында турган маданият министрлиги агентикке айланышы чөмүчтөп чогулткан мээнетти кашыктап чачкандай эле болуп калды. Канча жылдан бери маданият министрлигин өзүнчө кылабыз деген белгилүү инсандарыбыз таманы тешилип, үнүн кудайга жетип отуруп, А.Акаевдин бийлигинин акыркы жылдарында максаттарына жетип-жетпей токтошкон. Бул мээнетти А.Акаевдин ордун алмаштырган президентибиз Курманбек Бакиев туура түшүнгөндөй бийликке келери менен эле эч кандай талаш-тартышы жок эле маданият министрлигин өзүнчө кылып, башына Султан Раевди алып келген. А түгүл маданият кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруп, далайларынын моралдык эле эмес, материалдык да көйгөйлөрү чечилип, зар какшагандардын көбү мамлекеттин эсебинен үйлүү болуп, заматта коммунизм орной түшкөндөй болгон. Курманбек Салиевич төбөсү көрүнгөн маданият ишмерлеринин баарын Акүйгө атайын чогултуп, алардын куудулдар айтмакчы рухун, духун катуу көтөрүп койгон эле. Буга ылайык Маданият министри Султан Раев да бел чечпей эмгектенип, музыка, адабият, маданият эле эмес, студент кезинде лекцияда дүйнөлүк адабият шедеврлеринин китептерин партанын алдына катып окуган министрибиз китепканаларга чейин өзгөчө камкордукка алып, быйылкы жылды китепканалар жылы деп да атап жиберген эле. Баары бир тең да Султан Раевдин тынымсыз демилгесинин арты менен Сулайман тоосунун дүйнө кереметтери катары ЮНЕСКОнун тизмесине киришинин өзү бир тең болбоду беле. Анан эле ошонун баары бир күндө урап түшкөндөй болду. Бирок, урап түштү дегендер жаңылышат. Маданият министрлигинин статусунун төмөндөшүнө нааразы болгондор эмитен эле редакциянын эшигин жырта баштады. Президентке кайрылуу жазып, чоң казатка чыкканы турушат. Газетабыз "Кыргыз Руху" гезити болгондуктан биз дагы бул иш чараны колдой турганыбызды билдире кетмекчибиз.


Ташбоо Жумагулов
Жаңы кадрдык өзгөрүүлөрдөн айрымдарына аш ыргыса, айрымдарына таш ыргыды. Өзгөчө кыргыз маданиятын, адабиятын, тилин көтөрөм дегендер таш бараңга илине турган өңдөнүп калды. Себеби, мамлекетибиздин үстүнөн чет элдик күчтөрдүн басымы күчөп бараткансыйт. Эми кыргыз тилин, маданиятын жазгандар улутчулдар деп репрецияланбаса болгону. 23-сентябрда Кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп кабыл алынышына 20 жыл толуп, ошого ылайык бул жаатында көп иш-чаралар болуп жаткан. Октябрь, ноябрь, декабрь айлары мамлекеттик тилдин үч айлыгы катары жарыяланган да эле. Ушуга ылайык, мамлекеттик тилди билбеген жогорку кызматтагы адамдар арасында иш-чаралар өткөрүлүп жаткан. Буга ылайык жогорку кызматтагы чиновниктер тил үйрөнүүгө басым жасашы керек эле. Анан эле жаңы кадрдык өзгөрүүлөрдүн толкуну менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов кызматынан бошотулду. Анын кызматтан бошотулушуна башка тилдүү кыргызстандык чиновниктерди, депутаттарды тил үйрөнгүлө дегени себеп болуптур. Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат деген ушу. Башка тилдүү мыкчыгерлерибиз кыргыз тилин сыйлап, аны үйрөнөлү деп дит коюштун ордуна, минтип мамлекеттик тилди окуткусу келген эргулдун өзүн окутуп коёлу дешиптир. Кыргызстанда кыргыз тилин көтөрөбүз дегендер минтип кысмакка алынса, мамлекет болгонубуз кайсы?


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров кызматынан бошотулду. Опаң-чычаңдын тактайындай болуп, досу Данияр Үсөновдун чоң кызматка келиши менен Адахан Мадумаровдун чоң кызматтан ыргып кеткени кызык. Бир муштумуңу бекем түйүп туруп, экинчи колуңду ачып кой саясаты деген ушу. Баарынан да Адахан Мадумаровдун кызматтан кетиши башкалардай "башка жумушка которулганына байланыштуу", "жаңы түзүүлөргө байланыштуу" деген сооротмо формулировкасы жок жыпжылаңач кызматынан бошотулду деген кыска гана сөздөр менен берилди. Мындай жарлыкка президентибиз билип туруп кол койду бекен, же байкабай калдыбы? Же Адахан Мадумаров байкабай калгыдай майда чиновник болуп калганбы? Адахан Мадумаровду сыйлаган айрымдар, жок байкабай калышы мүмкүн эмес, атайын кылды дешүүдө. Ал эми Адахан Мадумаровду сыйлабаган Адахан Мадумаровдун өзү "байкабай калды го, Курманбек Салиевич антпеш керек эле, мага мындай мамиле жасабаш керек эле", деп айткандан да жазганып жүрөт дешет. Кайран гана бир кездеги кашкөй жүрөк, кор болду го кызмат кызыкчылыгынын алдында. А түгүл Турцияга элчиликке да жарабай калды деген каңшаар бар. Эмне кылалы, бечара деп аягандан башка арга жок. "Ырас болду, Каркыра казактарга кеткенде, сатканда кандай элең", деп табалаганга да дитиң барбайт экен бөжүрөгөн бечараны.


Алтын ардагер
Жусупбек Бакиев атындагы кайрымдуулук фондунун каржылоосу, көмөгү менен кыргыздын 62 жаштагы спортсмени Абакир Рысов Каунастагы (Литва) самбо боюнча ардагерлер арасындагы таймаштын жеңүүчүсү аталып, Кыргызстанга алтын медаль көтөрүп кайтты. Ал 60-64 жашка чейинкилер арасында 100 кг салмак категорияда мелдешке ат салышкан. Учурда канча таланттарыбыз каражат жоктугунан алыс баралышпай, ачып - ташкан күч эларалык сынактарга төгүлбөй, башка элге кыргыз кимдигин жарыя кылалбай, аз жерди сапырган куюндай гана буюгуп жүргөндөрү жашыруун эмес. Ал эми ушундай шартта буюгуп жүргөн жердешибизге пайгамбар жашына келип калганда, бирден бир максатын орундатып, чоң сынакта чоң мөөрөй алышына жол ачып, демөөрчү болгон Жусуп Бакиев атындагы кайрымдуулук фондуна учурда жалпы кыргыз спортсмендери ыраазы болуп турган чактары.
Ал эми спорт жаатындагы башка да мекендештерибиздин ийгиликтери жөнүндө газетабыздын ушул санында 8-беттен окуй аласыздар.








Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1030_1.htm on line 79

Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1030_1.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1030_1.htm on line 79

КИТЕПКАНА



а ­е¦Є.НҐй«