п»ї
Кош жылдыз
"Кош жылдыз" шоу- сынагынын
3- турунун Программасы
1. Селкиге - Г.Куликова, А.Сапаралиев
2. Смуглянка - Р.Алканов, Ү.Тилегенова
3. Ак кептер - Ж.Акималиев,Г.Байзакова
4. Лирикалык эссе - Г.Кулманбетова,Токтобек Асаналиев
5. Туулган жер - Ч.Баекова, С.Бейшекеев
6. Обондордон куралган Мюзикл - К.Тажиев, А.Турдалиева
7. Булуттар - Э.Кыязов, Назель
8. Жолугарым билгемин - Б.Осмонов, Юлия




9. "Аста секин колукту" Сапарбай менен Зыяданын дуэти - Т. Мамашев,Жанета
10. Саанчы жеңе, Жылкычы бозой - Б. Төрөбаев, Динара Акулова
11. Кыргызстан - Т.Касымбеков, Гүлнара Тойгонбаева
12. Бар,болгула - Д.Иманбердиев,Каныкей Эралиева

Ал эми үч айлампанын жеңүүчүлөрүнүн финалы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү 31- август 2010-жылы өткөрүлмөкчү.
Кош жылдыз үчүнчү айлампасы 29-октябрда саат 18:00 Токтогул Сатылганов атындагы Филармонияда "Кош Жылдыз" теледолбоорунун үчүнчү чечүүчү туру болот.
Мыктылардын мыктысы чоң финалга тандалат. Негизи "Кош Жылдыз" теледолбоору бир финалга тандалат.
Үч айлампага өткөрүлүп, элибиздин атак-даңктуулары үч айлампада сыналып ар бир айлампадан мыктылары тандалып олтуруп чоң финал 2010 - жылдын 31-августуна уюштурулмакчы. Демек, алдыда дагы жаңы катышуучулар менен эки айлампа өткөрүлөт.
"Эл ичи өнөр кенчи" - демекчи, өнөрлүү атак - даңктуулар абдан көп экен. Тизмектери тизмеленип сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
1- турда элдик маанайдагы жүрөктө калаган мыкты ырларды ырдашкан.
2-турда ырдын драматургиялык сюжетин ачуудагы өнөрлөрүн көрсөтүшкөн.
3-турда классикалык чыгармаларга көңүл бурушту. Композиторлордун обонунан, оперетталарга чейин тандашып, эркин темада өз өнөрлөрүн көргөзгөнү жатышат.
"Кош Жылдыз" теледолбоорунун үчүнчү туру болоруна бир жумага жетпеген убакыт калды. Азыркы учурда даярдыктар кызып жаткан учур. Ошол кызып жаткан репетициялардын бирине мен да катышып калдым. Ал репетицияда Жамин агай менен Гүлзат эже даярданып жатышыптыр. Репетиция бүткөн соң аларга суроо берип, сүйлөшүп калдым:
- Жамин агай бул долбоорго өзүңүздүн каалооңуз менен келдиңиз беле?
- Эң башында, ушундай теледолбоор өтөт, сиз катышсаңыз жакшы болмок деп сунуш келди. Мен ойлонуп туруп, макулдугумду бергей койгом. Анан Калипа чалып "Сиз катышпасаңыз болбойт" деп калды. А мен ошентип арадан 2 жума өттү. Жумушка келсем, кабылдамамда эки сааттан бери күтүп отуруптур. Ошентип катышууга макулдугумду берип, катышып калгам.
- Жамин агай, Гүлзат эже, репетицияңыздар кандай өтүп жатат?
- Мына өзүңүздөр көргөндөй кечке карабай ушул концерттик студияда даярдык көрүп жатабыз.
- Сиздердин түгөйүңүздөр өз каалооңуздар менен болдубу же..
- Экөөбүздө тең каршылык жок болчу, ошондуктан бул экөөбүз тең макул болуп, мына назарыңыздарда отурабыз..
- Эгерде өз каалоңуздарга койсо катышуучулардын кимиси менен ырдайт элеңиздер?
- Экөөбүз жуп болуп калгандан кийин, бул да буйрук..
- Гүлзат эже сиздердин номериңиздерде кандай өзгөчөлүктөр болот?
- Өзгөчөлүгү биз улуттук аспаптар менен чыгабыз, ал эми калган өзгөчөлүктөрдү концертте көрө аласыздар. Азырынча кичине болсо да сыр боло турсун..
- Гүлзат эже сиз ооруп жатканыңыз тоскоол болгон жокпу жана Жамин агай менен дуэтте болу кандай экен?
- Тоскоол деле болгон жок, бирок кичине кыйналып калып жатам. Өзүңүз көргөндөй азыр оронуп, чүмкөнүп алып, репетицияга келип жатам. Жумуштун көптүгүнө байланыштуу өз убагында келе албай, кичине кечигип калчумун. Ал эми Жамин агай партиянын тартибин көргөнгө байланыштуубу, аябай пунктуалдуу. Ошол сапатын мага да үйрөтүп койду окшойт. Азыр мен да пунктуалдуу болуп, өз убактысында келгенге көнүп калдым..
Калипа Сейдалиева, долбоордун автору жана редактору
- Калипа эже мына чечүүчү үчүнчү тур да жакындап калды, кандай өзгөчөлүктөрдү күтсө болот?
- Үчүнчү турдагы репертуар абдан кызыктуу болду. Тур сайын катышуучулар кызуу, жоопкерчилик менен эмгектенишип улам бир тепкичке өйдөлөп өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Катышуучулар эмгекчил, жолдуу адамдардан болгон соң алар менен иштөө жакшы өтүп жатат.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
23-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Иттин гана баласы…
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
"М" жана "Ж" командасы
4-бет
Кыргызстанды өнүктүрүү негизги максат
5-бет
Жогорку Кеңештин депутаты
Нарынбек Молдобаев:
"ГЭСти менчикке берүүдөн коркпош керек"

6-бет
Саммиттен "гамбитке", Каркырадан Камбар-Атага
7-бет
Дүбүрт
8-бет
Кош жылдыз
9-бет
Опера жана балет театрында хордун солисти Бурулкан Ниязбаева:
Биздин үйбүлө - театрдын коллективи

10-бет
Бийлик номенклатурасы
11-бет
Сандан санга
12-бет
Сулууларды сулуу кылган кимдер?
13-бет
модага айланган заман келдиби?
14-бет
Ааламдашуу, ата журт
16-бет
Турмуш










??.??