23.10.09 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дүбүрт

Дүйнөлү
кабарлар
Ашыкча салмактан арылуу үчүн
вертолет талап кылынды
Ашыкча салмактан арылуу үчүн дүйнөдөгү эң "семиз" британиялык Пол Мейсонго вертолёт талап кылынды. 48 жаштагы Пол Мейсондун салмагы 444,5 кг. Ал күнүнө 20 миң калорий тамак жегендиги үчүн жогорудагыдай салмакка жеткен. Дени сак адамга салыштырмалуу Мейсон сегиз эсе көп тамак ичет. Көп жылдардан бери "семирүүнүн" оор формасы менен ооруган Пол Мейсон өзүнүн Саффолк графтыгында жайгашкан үйүнөн сыртка чыга албай келген. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн оор операция керек, бирок, британиялык бул "чоң баланы" ооруканага жеткирүү үчүн атайын вертолетту жалдоо керек. Ашыкча топтолгон салмактан арылуу үчүн Мейсонго 20 миң фунт стерлинг талап кылынат. Бул арада "чоң баланын" күнүмдүк керектөөсүнө сарптала турган акча 100 миң стерлинг. Пол ашыкча салмактын азабын эс тарткандан баштап эле чегип келүүдө. Аны буга чейин энеси багып келген. Бирок бир жарым ай мурун энеси 76 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Дүйнө жүзүндөгү эң салмактуу адам деген атакты Мейсон мексикалык Мануэль Урибе өзүнүн үлпөт тою үчүн 571 кг. Салмактан 300 кг. салмакка чейин арыктагандан кийин жеткен. Мануэль Урибе өз үлпөт тоюна катышуу үчүн автокранды жалдаган.

Дүйнөдөгү эң сонун мультфильм бул…

Бөбөктөр гана эмес, алардын ата-энеси, ага, эжелеринен бери сүйүп көргөн "Оюнчуктардын тарыхы" (История игрушек) бардык мезгилдердин эң жакшы мультфильми аталды. "OnePoll" компаниясынын Улуу Британияда жүргүзгөн сурамжылоосунун негизинде "Pixar" кино студиясынын өндүрүшүнөн чыккан толук метраждуу бул мультфильм "Шрек", "Арстан Король" мультфилмьдеринен дагы көп упай топтогон, деп кабарлайт The Daily Telegraph гезити.
"Оюнчуктардын тарыхы" толугу менен компьютерде тартылган. 1995-жылы бул мультфильмди тартууга 30 миллион доллар кеткен. Ошол учурдун эң көп каражат кеткен мультфильми да болгон. Бирок, кинотеатрларга көрүүчүлөрдүн назарына сунулгандан баштап өзүнүн кассасына 300 миллион доллар чогултканга жетишкен.
Мультфильмде негизги каарман ковбой Вудинин сүйлөгөнүн Голливуд актеру Том Хэнкс аткарган. Экинчи орунда Dream Works кинокомпаниясы тарткан жашыл адам тууралуу "Шрек" мультфильми татыды. Бул мультфильм Уильям Стайгдын балдар китебинин негизинде 2001-жылы тартылган. Бир жылдан кийин "Оскар" кино сыйлыгына "Эң мыкты толук метраждуу анимациялык фильм" номинациясында лауреат болгон.
Алдыңкы он тизмеден орун алган мультфильмдер:
1. "Оюнчуктардын тарыхы"
2. "Шрек"
3. "Арстан король"
4. "Немону издөө"
5. "Муз доору"
6. "Жунглинин китеби"
7. "Монстрлардын корпорациясы"
8. "Красавица и чудовище"
9. "Бэмби"
10. "Алладин"

Вертолётко 60 миллион $ бөлүнөт

Бразилия президенти Луис Инасио Лула да Сильва Рио-де-Жанейро шаарынын полиция кызматкерлерине федералдык бюджеттен 60 миллион доллар акча каражатын наркомафияга каршы күрөшүү үчүн бөлөт.
Шаар мэринин айтуусуна караганда каражаттын жарымына жаңы вертолёт алуу каралып жатат. 17-октябрь күнү жергилктүү наркомафия полициянын бир вертолётун абадан атып түшүргөн. Полиция кызматкерлерине абадан жардам берип келген. Ок тийген вертолетту калк жашаган аймакка кулап түшпөөсү үчүн пилот колдон келген аракетин жасаган. Жыйынтыгында вертолет футбол аянтчасына кулап түшүп жарылып кеткен. Борттогу эки адам кайтыш болуп, дагы эки адам ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлердин дагы жаңы кылмыштарды жасап жибербөөсү үчүн Рио-де-Жанейрода ыкчам түрдө 2 миң полиция кызматкери аракетке кирген. Полициянын мындай операциясына жооп кылып кылмышкерлер сегиз жүргүнчү ташыган автобусту өрттөп жиберишкен. Жабыр тарткандар катталган жок. Ок атышуулардан 17 адам каза тапкан. Алардын үчөө полиция кызматкерлери болсо калган 14 кылмышкерлер. Риодо болгон бул окуя бийлик төбөлдөрүн тынчсыздандырууда. Себеби, Рио 2016-жылкы олимпиада өтө турчу шаар катары тандалып алынган.

Бириккен улуттар уюмунун Венадагы имаратынын терезесинен секирип жан берди

Англиялык ядролук эксперт БУУнун Венадагы имаратынын 17-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу австриялык Kronen-Zeitung гезити маалымдады. 47 жаштагы англичанин массалык бүлгүн салуучу ядердик сыноолорго каршы келишим уюмунда иштеген. Анын аты бүгүнкү күнгө чейин ачыкка чыга элек. Анын милдети мыйзамсыз ядердик сыноолорду ачыкка чыгаруу ишин аныктоо болуп саналган. БУУнун өкүлдөрү жана Вена полициясы бул: Өзүн-өзү өлтүрүү же башка себеп болушу мүмкүн экендиги тууралуу азыр эч кандай алдын ала маалыматтар жок экендигин France-Press маалымат агенттигине маалымдаган. Бул инцидент Россия, Франция, АКШ жана Ирандын өкүлдөрү кезектеги ядердик программаны БУУнун имаратында талкуулап жаткан маалда болгон.

Дүйнө жүзү боюнча 1 миллион бала абакта отурат

Бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча 10 миллион адам убактылуу кармалуучу жайларда: түзөтүү колониялары, иликтөө изоляторлору жана түрмө сыяктуу эркиндиктен ажыратуучу жайларда кармалууда. Алардын 1 миллиондон ашыгын балдар түзөт. Мындай маалыматты БУУнун кыйноолор боюнча атайын докладчиги Манфред Новак БУУнун социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча үчүнчү отурумунда билдирди. Навок абактардагы кесилгендерди кармоонун шарттарына канааттанбагандыгын, өзгөчө абакта отурган балдардын жаш өзгөчөлүгү өтө эле жаш экендигин белгиледи. Ал бир нече мамлекеттин абактарын кыдырып жүргөн маалда жашы 9-10 чамасындагы балдар-кыздарды кезиктиргендигин дагы кошумчалады. Абакта отургандардын бардыгы атайын камкордукка муктаж, деп белгиледи Новак. Бул жерде сөз кыйноолор тууралуу эмес, жөнөкөй гана кармоонун шарттары тууралуу болуп жатат. Адамдын адамдык сапатын басмырлабай тургандай деңгээлде шарт түзүү керек. Көпчүлүк мамлекеттердеги абактарда бир камерада бир нечелеген адам кармалат. Бул жерлерде элементардык гигиеналык нормалар да сакталбайт. Мындай шартта абакта жашагандар арасында ар түрдүү оорулар да көп кездешет.

Эми аялдар өз алдынча паспорт ала алат

Кувейт мамлекетинин соту аялдардын өз алдынча барып паспорт алуусуна уруксат берди. Эми кувейттик аялдар күйөөсүнөн уруксат албай туруп эле паспортторун ала алат. Бул тууралуу The Arab Times гезити билдирди. Соттун бул чечими 1962-жылы кабыл алынган мыйзамды жокко чыгарат. Бул мыйзам боюнча аялдар күйөөсүнүн кат жүзүндө Берген макулдугу менен гана паспорт ала алышкан. Буга чейин көптөгөн кувейттик эркектер аялдарынын чет мамлекетке чыгып кетпөөсү үчүн өздүк документтерин алууга мүмкүнчүлүк бербей келишкен. Кувейт парламентинин мүчөсү Асил аль-Авадинин билдиргени боюнча кабыл алынган бул чечим өлкөнүн демократиялык багытта өнүгүшүнө шарт түзүп, Конституцияга каршы келген мыйзамдарды жойгонго жардам берет. Бул аялдардын граждандык укуктарынан пайдаланууга болгон алгачкы кадам эмес, 2009-жылкы парламенттик шайлоодо өлкөнүн аялдары тарыхта биринчи жолу шайлоого катышуу укугун алышкан.

Европадагы сөз эркиндиги тынчсыздандырат
Эларалык "Чек арасыз репортерлор" уюмунун башкы секретары Жан-Франсуа Жульяр Европадагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданып жатканын билдирди. "Чек арасыз репортерлор" уюму тарабынан түзүлгөн "Сөз эркиндигинин индекси - 2009" документинде Европа өлкөлөрү сөз эркиндигинин үлгүсү болуудан тыштап бара жатат. Эгер өткөн жылы сөз эркиндигинин абалы эң жакшы деген 20 мамлекеттин катарына Европа мамлекеттеринен 18и кирген болсо, быйылкы көрсөткүч боюнча алдыңкы катардан болгону 15 гана мамлекет өз ордуларын алган.
"Мен тынчсыздануу менен белгилеп кетким келет, Европада демократиянын принциптерин тутунуп келе жаткан Франция (43-орун), Италия (49-орун) жана Словакия (44-орун) жылдан жылга отчеттун акыркы тизмелеринен орун ала башташты",- дейт Жульяр. Жылдагыдай эле тизменин алдыңкы беш орунун Финляндия, Дания, Ирландия, Норвегия жана Швеция мамлекеттери ээледи.
Белгиленген рейтинг 2008-жылдын 1-сентябрынан 2009-жылдын 1-сентябрына чейинки аралыкта камтыган. Ар бир мамлекеттеги сөз эркиндигинин абалын билүү үчүн "Чек арасыз репортерлор" уюму 40 суроодон турган анкетаны ошол өлкөнүн журналисттер коомдору менен укук коргоо уюмдарына жиберишкен. Журналисттер менен укук коргоочулар өз өлкөсүндө сөз эркиндигине болгон тоскоолдуктар жана өз ишмердиги үчүн сот жоопкерчилигине тартылган фактыларды анализдеп жөнөтүшкөн.

Сотко сурак бергени бара жатып дүкөн тоноду

Германиянын Бломберг шаарында сотко бир катар тоноо иштерине шектүү делип суракка чакырылган тургун, сотко сурак бергени бара жатып дүкөн тоноду. Полиция кызматкерлеринин айтуусунда, алар эртең менен жергиликтүү дүкөндөрдүн биринде эки эркек тарабынан тоноо болгондугу тууралуу маалымат алышкан. Муну менен катар аларга ал кылмышкерлердин өң-түзүлүшү тууралуу дагы маалымат берилип, алар кылмыш болгон жерден машинага түшүп качып кетишкен. Участокко келгенде офицерлер сотко сурак бергени келген кишиге көңүлү түшүп калат. Ал киши эртең менен дүкөн тоногон адамдарга түспөлдөш экендигин байкашкан. Муну менен бирге полициянын имаратынан алыс эмес жерде күбөлөр сүрөттөп берген машинага окшош машина турганына да көңүл бурушкан. Ал машинаны текшерүүгө алганда, эртең менен дүкөндөн уурдалган товарлар табылган. "Бул чынында эле таң калыштуу. Сотко сурак бергени келе жатып, дүкөн тоногон адамдарды биз иш тажрыйбабызда кезиктирген эмеспиз",- деп таң калганын жашырган жок полиция кызматкерлери.

Расул ҮСӨНАЛИЕВ