23.10.09 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргызстанды өнүктүрүү негизги максат
Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы Кыргызстанда 1992-жылы өз ишмердүүлүгүн баштаган. ТИКАнын негизги долбоорлору билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык, маданий жана экономика багыттарында. Бул тармактарга техникалык, финансылык колдоо көргөзөт. 1992-2008-жылдар аралыгында ТИКА Кыргызстандын аймагындагы өз ишмердүүлүгүнө18 миллион каражат сарптаган. Бир катар мамлекеттик органдар менен да биргеликте иш алып барат. Бүгүнкү күндө ТИКАнын 22 өлкөдө координациялык өкүлчүлүгү бар.

Кыргызстандагы ТИКАнын программаларынын координатору кызматына Др. Тайфун Атмажа үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында келген. Тайфун Атмажанын кыскача өмүр-таржымалына көз сала турган болсок, ал мындай:
Тайфун Атмажа 1962-жылдын 20-февралында Түркиянын Элазыг шаарында туулган. Үй бүлөлүү.
Түркиядагы Анадолу Университетинин Менеджмент факультетин бүтүргөн. Кийин билимин Баку Университетинин Эларалык байланыш факултетинен "Жыйырманчы кылымдын аягында Азербайжан менен Түркиянын байланышы" деген темада асспирантурасын жактаган. Ушул эле университеттен "Глобалдашкан доордо Түркия жана Азербайжан" деген темада докторантурасын дагы жактаганга үлгүргөн. Бакудагы "Вектор" илим изилдөө борборуна караштуу Түрк Дүйнөсү Эларалык илим изилдөө борборунун "Ардактуу Доктор" деген наамына татыктуу болгон.
Иш тажрыйбасын массалык маалымат тармагында баштап, "ТГРТ", "ТРТ", "Түркия газетасында" иштеген. Кийинчерээк министрликтин пресс катчылыгына чейин көтөрүлгөн. Андан соң энергетика министирлигинде (ТЕДАШ) пресс-катчы болуп иш тажрыйбасын жогорулаткан. ТИКАда социалдык-маданият бөлүмүндө бөлүм башчылыгында эксперт болуп иштеген. 2002-жылы Түркия мамлекетинин министирлигине пресс-катчы болуп дайындалган. 2004-жылдан 2006-жылга чейин Албаниядагы ТИКА координаторлугунда координатор жардамчы болуп иштеген.
Тайфун Атмажа иш менен эле чектелбестен көптөгөн китептердин да автору. Атай кетсек, "Жыйырманчы кылымдын аягында Азербайжан менен Түркиянын байланышы", "Глобалдашкан доордо Түркия жана Азербайжан", ТИКА басмаканасынан чыккан "Turkistan'эn Piri Hoca Ahmet Yesevi ve Kulliyesi", "Orta Asya'dan Esintiler" жана ушул сыяктуу ондогон китептердин автору.
Мындан сырткары жергиликтүү жана чет өлкөлөрдө бир канча макаласы жарыяланган.


Түркия республикасынын премьер министринин

аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгынын (ТИКА) жүргүзүп жаткан
негизги долбоорлору

"Кыргыз Республикасындагы финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын иш сапары долбоору" (1-7-февраль, Анкара-Стамбул)
"Кыргыз Республикасынын Улуттук Теле-Радиокомпаниясы адистеринин ТРТ "Түркиянын үнү" радиосунда тажрыйба алмашуу долбоору" (16-Февраль - 16-Апрель, Анкара)
"Үрөнчүлөр Ассоциациясынын Аймактык (EIT) чогулушу" (14-16-Март, Анталья)
ПСООН (FAO) аймактык жыйналышы (25-26-Март, Анкара)
Түрк тилдери арасында котормо ишинин бүгүнкү абалы жана проблемалары ТҮРКСОЙ симпозиуму (30-Март - 10-Апрель, Анкара )
Кыргыз-Түрк сөөк чучугун которуу борбору адистерине тажрыйба алмашуу программасы (19-Апрель - 9-Май, Анкара)
Ветеринардык кызмат башчыларынын 2-чогулушу (20-21-апрель, Анталья)
Сугат иштери боюнча эл аралык курс (21-30-Апрель, Измир-Менемен)
SAYGEP долбоору (27-Апрель - 2-Май, Анкара)
"Укук коргоочуларга эл аралык билим берүү кызматташтык долбоору" алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милиция академиясынын академиялык жамаатынын Түркияга иш сапары (26-30-Апрель, Анкара)
Жасалма уруктандыруу боюнча билим берүү программасы (4-8-Май, Анкара)
2009 -жылдагы Түркия Республикасында билим алган студенттердин бүтүрүү кечеси салтанаты (9-Май, Анкара)
Эмбрио которуу боюнча билим берүү программасы (11-15-Май, Анкара)
Гепатитке каршы күрөшүү боюнча 5.APASL Single Topic конференциясы (17-19-Май, Стамбул)
Адам укуктары боюнча эл аралык конференция (21-23-Май, Анкара)
7-Эл аралык Түркчө олимпиадалар (27-Май - 10-Июнь, Анкара)
2009-Конья азык-түлүк жана тегирмен көргөзмөсү (28-31-Май, Конья)
"База, транспорт, жол коопсуздугу жана парк системалары эл аралык көргөзмөсү (28-31-Май, Стамбул)
Түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү программасы (31-Май - 14-Июнь, Анкара-Стамбул )
Кыргыз Республикасы "Кыргыз Темир Жолу" компаниясы адис окутуу проектиси (29-Июнь - 4-Июль, Анкара, 2009)
Түркологияны өнүктүрүү проектисинин алкагында Түрк тилин үйрөтүүнү, Түрк маданиятын жана улуттук билим берүү системасын таанытуу билим берүү семинары (20-Июль - 6-Август, Стамбул)
"Интеграциялуу суу реабилитациясы" билим берүү программасы (10-15-Август, Амасья 2009)
Кeч күзгү дан эгиндеринин өстүрүлүшү жана селекциясы боюнча билим берүү программасы (12-17-октябрь, Измир, 2009)
Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялоо Комиссиясына техникалык жардам.
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин конференция залын модернизациялоо долбоору.
Кыргызстандагы жангак жана мөмө токойлорундагы зыянкечтерге каршы күрөшүү долбоору.
Тоң балык-чарба станциясынын реабилитациясы долбоору .
Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасына техникалык жардам долбоору.
Кыргызстандагы Ахыска Түрктөрү жана Карадеңиздик сүргүндөр үчүн материалдык жардам көрсөтүү долбоору.
Эгүү технологиясын өнүктүрүү проектиси.
Кыргыз-Түрк Манас университетинин "Осмон Маданиятынын Орто Азиядагы Издери" CIEPO эл аралык симпозиумуна колдоо көрсөтүү долбоору.
"Кыргыз ресурсу" мамлекеттик мекемесинии адистеринин билимин өркүндөтүүсүнө колдоо көрсөтүү долбоору.
Кыргыз Республикасы Салыктар жана Жыйымдар боюнча Мамлекеттик Комитеттин адистеринин билимин өркүндөтүү долбоору.
Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонду адистеринин билимин өркүндөтүү долбоору.
Кыргыз Республикасы монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги адистеринин билимин өркүндөтүү долбоору.
Ош Мамлекеттик Университетинын Теология Факультети "Куттуу жумалык"долбоору
Кыргыз Улуттук Китепканасына колдоо көрсөтүү долбоору.





  Пикир

ОППОЗИЦИЯНЫН ТАКТИКАЛЫК ТАЛКАЛАНЫШЫ
(Башталышы 3-бетте)
юшат, а өздөрү эмнеге качып кетишти. Шектүү шекшинет болушуп...
Нанаев, Ашыркулов, Сарыгуловдор эмне үчүн өз элинде тынч жашай алышпайт башкаларчылап. Кенедей бойлуу Барыктабасов качан келээр болду экен өз элине? Булардын бардыгы эле жанынан коркобу, же малынан коркобу?..
Качан эле көчөгө чыгып кыйкырып койсо, же Америкадан дубай салам айтып койсо эле бийликти бере койчу эле, карт тарыхты карасаңар. Акаевдей апенди эми миң жылда бир келет.
Ыйман деген эмне, нысап деген эмне деп сурагылачы, жогоруда айтылгандардан бири дагы оң жооп бере алаарына ишенбейм. Жооп бере алышат, бирок ал жалган жооп болот. Болбосо качышпайт эле да, же сатышпайт эле да. Уурунун көчүгү кууш дегени ушудур...
Төртүнчү себеби:
Коомду оңдойбуз демиш болуп кызмат күткөндөр. Кур чирен, текебер, коркок, жалган илимдин ээлери, амалкөйлөрдүн тобу. Булар эл билбейт деп ишенип оппозиция күчөп кетсе алар тарапка оой, бийлик күч алса биякка оой түшкөндөр. Булар экс премьер-министрлер, министрлер, академиктердин айрымдары. Аларга Иманалиев, Муралиев, Ибраимов жана башкалар кирет.
Бешинчи себеби:
Эми эле Орус империясы Француздарды генерал Де Голду туурап царь Борис Орто Азиялыктарды таштап кетсе. А бу дегиче Акаев качып кетсе.
Кыргыздар айтмакчы " чапкан сайын эле көз чыга бермек беле". Баш-аягыбызды жыйнайлы, тилибизди калыбына келтирели, тарыхыбызды талдап чыгалы, аңгычакты өзүбүз да бир топ бышып жетилип калаарбыз бирдемеге. Өзүбүз даяр болбой туруп коомду түп тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүн эместир. Жаңы намазы бузулбаган жеткилең муун келээр, Илекең айткан тарихый шарт деген болоор...Коомдун өзүнүн дагы кандайдыр бир өнүгүү мыйзам -ченемдүүлүктөрү бардыр. Мына ушундай шарттар болбосо бардарлардын бадыраң талашынан эч майнап чыкпасы билинип калды. Андай болсо салт-санааны кастарлоого өтүп, жок дегенде жети атаны таанып, алыбыздын жетишинче билимге бел байлап, ар кимдин көкүрөгү падыша боло бербей абийирибизди сактайлы...

Ахунбай Кошой