23.10.09 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Жакшы жөрөлгө
Кечээ Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинде "Кыргыз тили күнү" деп жарыяланды. Анткени Мамлекеттик тил комиссиясы сентябрь айынан баштап "мамлекеттик тилдин үч айлыгын" жарыялаган. Агенттик тарабынан аталган иш - чараны өз деңгээлинде өткөрүү үчүн атайын комиссиянын мүчөлөрү жана иш план иштелип чыгып, жетекчилик тарабынан буйруктун негизинде бекитилген. Планда белгиленгендей эки айдын ичинде Агенттикте иш кагаздары, көрнөк-жарнактар, мамлекеттик тилде жазыла баштады. "Мамлекеттик тил бурчу" жасалгаланды. Агенттикте кыргыз тилинде даярдалган дубал гезиттер сынакка коюлду. Комиссиянын курамы тарабынан дубал гезиттердин арасынан жасалгасы, мазмуну, мааниси боюнча мыкты деп бааланып, биринчи орунга Агенттиктеги Коррупцияны алдын алуу боюнча башкармалыгынын" "Тил тагдыры эл тагдыры" темасындагы дубал гезити ээ болду. Мындан сырткары малекеттик тилде иш алып барган кызматкерлер мактоо баракчасына жана атайын сыйлыктарга ээ болушту. Мамлекеттик тил боюнча Агенттикте бекитилген "тегерек стол", "диспут" жана башка иш чаралар ноябрь айында улантылат.

Бишкек циркинде аюу адамга кол салды
Маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Бишкек циркинде аюу адамдарга кол салып, андан бир киши каза тапты. Аюу чайнап салган киши анын үйрөтүүчүсү (дрессировщик) болгон. Жырткычты Свердлов райондук милициясынын кызматкери атып өлтүргөнү кабарланууда. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бул окуя учурда такталып жатканын билдирди. Ал эми Бишкек цирки окуя тууралуу эч кандай маалымат бере албасын маалымдады.

М. Ниязов: Министрлер алмашуусунан натыйжа чыкпайт
Мындай оюн Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов "Азаттыкка" жаңы дайындоолорго байланыштуу билдирди. "Мамлекет башында турган адам мамлекеттик кызматты толугу менен өзүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына бурган. Ошондуктан бүгүнкү кызматка келген адамдар ошол үй-бүлөнү колдош керек. Антпесе мамлекеттик кызматка батпайт", - дейт М. Ниязов. Мындан сырткары ал реформа жасоодо өлкөдөгү кемчиликтерди көтөрүп, кыйынчылыктардан чыгуу жолун ачык көрсөтүш керектигин белгиледи. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы муну "чычкандын оюну" деп сындады.

И.Өмүркулов:Ө.Бабанов өз ордун таба алган жок
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов мындай оюн "Азаттыкка" айрым министрлердин алмашуусуна байланыштуу билдирди. Анын айтымында, министрликтер иштин көзүн таап, ишти илгерилете алганда гана эл реформаны кабыл алат. "Менимче Ө.Бабанов өзүнүн ордун таба алган жок окшойт. Ал өзүн ыңгайсыз абалда болгонун байкап, анан кетти го деп ойлойм. Болбосо анын билимин деле, ишмердүүлүгүн алганда деле тың жигиттерди бири. Бул жерде көп жагдайлар бар", - дейт И.Өмүркулов. Эл өкүлү министрликтердин көбүндө жетекчилери өзгөрүүсүз калышын күчтүү, профессионалдык деңгээлде иштеген кадрлардын аздыгы менен байланыштуу деп сыпаттады.





  Ким?

Жаңы өкмөт келди
Бул жуманын эң маанилүү саясий өзгөрүүсү болуп өкмөттүн отставкага кетиши жана жаңы өкмөт курамынын түзүлүшү болду. Ага ылайык өкмөт башчылыкка мурдагы президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөнөв келип отурду. Муну менен кошо кээ бир министрликтердин башчылары алмашса, кээси өз орундарында калды. Ал эми кээ бир министрлер чоң секирик жасашты.
Секирик жасагандар мурдагы экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаров эми биринчи вице-премьер министр болуп дайындалса, Ош облусунун губернатору Аалы Карашев вице-премьер-министр-аппарат башчы, ал эми социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетова вице-премьер-министр болуп дайындалды.
Мурдагы ордунда калган министрлер: Турсун Турдумамбетов Мамлекеттик мүлк министри, Ильяс Давыдов энергетика министри, Абдылда Мусаев билим берүү жана илим министри, Айгүл Рыскулова Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, Марат Мамбетов Саламаттык сактоо министри, Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри, Нурлан Турсункулов Юстиция министри, Нурлан Сулайманов Транспорт жана коммуникация министри, Марат Султанов финансы министри, Искендербек Айдаралиев Айыл чарба министри, болуп өз ордуларында калды. Буга чейин геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикти жетектеп келген Капар Курманалиев Жаратылыш ресурстары министри болуп дайындалды. Өкмөттүн жаңы структурасында агенттик министрликке айланганы белгилүү. Президенттин жардыгы менен Таалай Таткулов Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Президенттин жардыгы менен Жеңишбек Байгуттиев Экономикалык тескөө министри болуп дайындалды. Буга чейин ал "Толубай" банкында иштеп келген.

  Эмне?

"Ассеман Эйр" жоопкерчиликти алган эмес
Иран авиакомпаниясына тиешелүү "Ассеман Эйр" 2008-жылы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан алыс эмес жерде болгон авиакатастрофадан курман болгон жүргүнчүлөр үчүн жоопкерчиликти алган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчимай райондук сотунун чогулушунда айтылды. Кырсыктын келип чыгүү себептерин изилдөө маалында иштин материалдарына таянып Иран авиакомпаниясынын юристи билдирген. Соттук угууга суракка алынып жаткан кыргызстандык "Итэк Эйр" авиакомпаниясынын директору буга жооп катары мындай деп билдирди. "Бул Иран тараптык жетекчилердин жеке пикири. Келишимде көрсөтүлгөндөй камсыздандыруу милдети эки авиакомпания ортосунда бөлүштүрүлгөн. Учактар жана экипаждар үчүн кыргыз тарап жооп берсе, жүргүнчүлөр жана алардын жүктөрүнө жооп берүү милдети ирандык тарапка жүктөлгөн". Вера Перелыгинанын айтуусунда, алар ирандык компанияга жабырлануучулар үчүн төлөнө турган камсыздандыруу маселеси тууралуу кайрылышкан бирок, бүгүнкүгө чейин бул маселе ордунан козголо элек. Жүргүнчүлөргө билетти ирандык бул компания саткан, ошондуктан жүргүнчүлөр үчүн алар жооп берет, деп кошумчалады Вера Перелыгина.

  Кайда ?

Сөз эркиндиги тизгинделүүдө
Кыргызстан эл аралык сөз эркиндиги рейтингинде 15 орун артка кетип, 125-орунду ээледи. Бул тууралуу "Чек арасыз репортерлор" уюмунун бул жыл үчүн чыгарган рейтинг маалыматында айтылат. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин таканчыктап артка кетүүсүн адистер журналисттердин артынан акмалоо иштеринин болушу жана шайлоо кампаниясы маалында журналисттерди маалыматты бир жактуу гана чагылдырууга үндөгөн аракеттер менен байланыштырышууда. "Чек арасыз репортерлор" уюмунун ырасташынча Кыргызстанда чет элдик радиостанциясына дагы бир жактуу маалымат чыгалдырууга болгон басмырлоолор байкалгандыгы айтылат. Аталган уюмдун билдирүүсүнө таяна турган болсок, сөз эркиндиги мурдагы советтер союзунун курамындагы өлкөлөрдөн Прибалтика аймагында жайгашкан мамлекеттерде абал дурус деп бааланган. Эстония чыгарылган рейтингде 6-орунду ээлесе, Литва, Латвия 10 жана 14-тизмеден орун алган. Ал эми грузиядагы абал болгону 81-орунду камсыз кыла алса, Украина (89),Армения (111), Молдавия (114) орунду ээлеген. Коңшулаш Казакстан болсо 142-орунду ээледи. Эң сөз эркиндиги басмырланган мамлекеттердин катарынан адаттагындай эле Өзбекстан (160-орун) менен Түркмөнстан (173-орун) орун алышты. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен сөз эркиндигинин абалы эң жакшы деп Тажикстанга берилди. Бул мамлекет рейтингден 113-орунду ээледи.

Карыларды кайгыртып...
Кыргызстандын Ош шаарында жайгашкан "Боорукерлик" үй-интернатындагы карыларды кемсинтип,балдарды сабашкан. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлаган. Балдарды сабагандыгы жана карыларга начар мамиле жасалгандыгын түзүлгөн атайын комиссия иликтеп чыкты. Үй-интернаттын тарбиячысы балдарды сабоо жолу менен аларды эффективдүү тарбялаганга аракет кылгандыгын айтты. Ал эми бул үй-интернетты жетектеп келген директор ээлеген ордунан бошотулду. Шаардык "Боорукерлик" үй-интернаты 2004-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күнү ал жерде 29 жетим бала жана 25 кары-картаң күн кечирип келишүүдө.

  Качан?

Россияда кыргыз элчилигинин алдында пикетке чыгышты
Россиянын борбору Москва шаарында Кыргызстандын элчилигинин алдында ноокат окуяларына катышкан 32 адамдын укугун коргоп алты киши пикетке чыкты. Бул тууралуу "Фергана.ру" агенттиги маалым кылды. Пикет "Мемориал" коомдук укук коргоо борборунун активистери тарабынан уюшулган. Алар колдоруна "32 ноокаттыкка эркиндик", "Мусулмандарды аңдууну токтоткула", "Кыйноо-мыйзамга туура келбейт", "Өлүм жазасына - жок", "Суталинов менен Мадумаров - отставкага" деген ураандар жазылган плакаттарды кармап алышкан. Пикеттин катышуучуларынан айткандарына караганда алар Кыргыз өкмөтүнүн жетекчилигене ачык кат жазышкан. Ал кайрылууну элчиликтин кызматкерлерине тапшырышты.

58 журналист ур-токмокко алынган
Кыргызстанда акыркы 4 жыл аралыганда 58 журналист ур-токмокко алынган. Мындай маалыматты "Медиаөкүлчүлүгү институту" коомдук фонду "Журналисты" коомдук бирикмесине шилтеме берүү менен таратты. Белгиленгендей 2005-жылы Кыргызстанды 6 журналист өмүрүнө коркунуч туулгандыгы үчүн тыштап, башка мамлекеттен баш паанек издеп чыгып кетүүгө мажбур болгон. Муну менен бирге жылдан жылга ММКга карата болгон айыптоолор дагы катуулагандан катуулап бара жатат. Сот 2009-жылы бир газетадан жабырлануучунун пайдасына 3 миллион сом төлөп берүү чечимин чыгарган. Жыйынтыгында ал өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болгон. "Сот бир гана жабырлануучунун пикири жана ал айткан сумманы өндүрүп берүү менен чектелбеш керек. Ишти бардык жактын кызыкчылыгы эске алуу менен гана кароо керек", - деп кошумчалады медиа өкүл Акмат Алагушев.