23.10.09 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Турмуш

Күз, той,
Күз мезгили түшүмгө гана бай болбостон, той - аштарга да бай келет эмеспи. Бүгүнкү күндө той-аштарды кафе-ресторандарга өткөрүү модага айланып калган. Ал эми бүгүнкү макалабыз үйлөнүү тойду өткөрүүгө канча каражат талап кылынаары жөнүндө кеп кылмакпыз.
Мурда союз убагында эки жаш табышкан соң, беш жыл сүйүшүп, каражат топтоп анан соң баш кошууга шашылчу. Союз убагындагы үлпөт той: эки жаштын ата-энеси менен жыйырмага жетпеген жакын достору чакырылчу. Дасторкондун үстүнө беш-алты түр салат, 4 бөтөлкө шампанский, боорсок конфет коюлуп той бүтүп калчу. Ал эми азыркы күндө баары башкача болууда. Балким элибиз байып кеткенби, же катышы көбөйгөнбү деген ой келе түшөт. Жылдар өткөн сайын үйлөнүү тойлор жаңы эреже мыйзамдарга байма бай алмашып турат. Ал эми бүгүнкү күндө, үйлөнүү той деген аты эле калбаса ал эми өткөрүү эрежелери такыр башкача болуп калган. Баш кошуш үчүн жок дегенде 4 - 5 миң долларың болушу керек деген санга келип токтолдук. Астыда 4 - 5 миңди чубамай процессин баштайлы:


Кызга кетчү каражат
Эң биринчиден көңүлдүн баары тең баш кошкондордо болгондон кийин, кийим кечесине көңүл бурулат эмеспи. Кыздын кийген көйнөгүнөн баштап тагынган иймегине да көңүл бургандар аз эмес. Калаабыздагы үлпөт көйнөк саткан жайларыбыздын бир-экөөнө кайрылып көйнөктөрдүн бааларын билгенбиз.
"Виктория" салону - көйнөктөрдүн баасы 2000ден - 38 миң сомго чейин
"Офелия" салону - эң арзаны 2000 сомдон башталып "шик" көйнөктөр - 25 миң сом түзөт.
Ал эми гезиттердеги жарыяларга кайрылсак - эң арзаны 2000 - ал эми кымбаты 40 сомго чейин. Жакшыраактары 8 миң сомдон өйдө болгон.
Бут кийими 1500 деп коёлу.Үлпөт көйнөгү менен бут кийими даяр.
Эң негизгиси көйнөк болсо, анын көркүн ачуу үчүн чачты да жасатыш керек. Чачтын жасалганы да чоң ролду ойнойт.
"Dolores" сулуулук салону - чач жасалгалоо - 1000-2000 сомду түзөт. Макияжы - 600 сом.
Ошондо кыздын көйнөгү орто эсеп менен алганда 7 миң сом + бут кийими 1500 сом + макияжы 600 cом, ал эми чачын кризиске байланыштуу арзаныраак 1000 сомго жасаталы = 1100 c.
Үлпөт көйнөк - орто эсеп менен алганда 8 миң сом.
Костюм-шым - кичине түзүрөөгүнүн баасы 7 миң сом
Үлпөт шакектер - 2 жубу - эң арзаныраагы 7 миң сом
Лимузин - 1 сааты - 100 $
Кафеде банкет - 1 адамдын оруну орто эсеп менен 1500 сомго айланат
Куда-кудагыйдын кийити, чапан-жоолуктары - арзан кутулам дегенде
- 20 миңдин тегереги.
Тойдогу оюндардын байгелерине - 15-20 миң