23.10.09 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Калем

модага айланган заман келдиби?
Ак көйнөк кийген соң, баары ак болсо..
Ак барпыраган көйнөк кийип, кара костюмчан зыңкыйган жигитти колтуктап, кайын энеңдин колунан ак жолук салынсаң. Анан ата-энеңдин батасын алып, бактылуу жашап кетсең, кандай сонун. Ар бир жашаган күнүң бакытка, курчалып, жүзүңдөн күлкү кетпей турса, кандай жашоо керемет.. Эки жаш баш кошкон соң, түтүн булатып, жашап кетсе го жакшы. Ал эми ар бир жаш үй-бүлө антип бактылуу боло албай, ажырашып кеткендер да аз эмес. Кыргызстанда бүгүнкү күндө ажырашуулардын саны жыл санап көбөйүүдө. Адистердин айтуусунда, мунун негизги себептеринин бири - пайда көрүп турмуш курууда.
Акчалуу чүрөктөргө үйлөнгүсү келген эркектер
Чынында эле азыркы жаштар, эркек болобу, же кызбы материалдык жактарына көбүрөөк маани берип калышкан. Баланчанын кызы жакшы үй-бүлөдөн, ошого эле үйлөнсөңчү балам. Баланчанын баласы тың жерден, ошого турмушка чык деген кеп-сөз элди аралап жүрөт эмеспи.
Эркектер бири-бирине мындай кеңеш беришет экен: Аялдагы үч нерсеге көңүл бургула, биринчиден: ыйманына, экинчиден: сулуулугуна, үчүнчүдөн: байлыгына. Ушул үч нерсе болсо эң жакшы үй-бүлө курулат дешет экен. Эгерде кыздын ыйманы болсо ал баарына сыбыр кылат сенин көңүлүңдү алат, үй-бүлөң менен жакшы мамиле кылууга аракет кылат. Аялың сулуу болсо, башканын аялына суктанбайсың. Колунда бар болсо, кыйналган учурларда аялыңдын туугандары жардам бере алат. Ким муну бекем кармаса, ал эркек бактылуу жашайт" дешүүдө. Ал ыймандын артында, эркектердин ою боюнча, үн- сөзү жок назик аялзатты элестетишет. Ал эми баары жетиштүү болуп, курсагы ток, балдары ичинип-кийинип турса, кайсыл эле аял ызылдап, күйөөсүнө асылсын. Байлык жөнүндө кеп кылсак, ал бай кыз да байга тийгиси келет чыгаар. Кайсы жаш кыз өзүнө колунда жок жерге барайын десин. Ар бир ата-эненин тилеги да ошол кызы жакшы жерге туш болуп, бардар жашоодо жашасын дейт. А бирок жалаң байлыгына көз артсак жалаң гана байлык менен бакыт курууга болбойт, себеби байлык түбөлүк болбойт эмеспи. Сулуулук десең эртең эле бетине бырыш түшөт, ал чүрөгүң да карыйт, андан да сулуу жашыраак бирөө алдыңдан чыгат, ошондо эркек карабаганын көрөсүң. Үйүндөгү чүрөгүн унутуп, жаш кыздын башын айлантып далактап чуркаар. Эркектерибиз ушинтип байлыгына сулуулугуна көз артып жатышса, ал эми аялзатыбыз да дал ошону каалайт. Эй эмнесин айтасың, мурда эркек дегенде аялын да, баласын да бага алган, "эркекти" элестетчүсүң. Ал эми азыркы күндө тескеринче болуп жатпайбы, эркектерибиздин көпчүлүгү бизди аялыбыз бакса деп отурушат. Канчалаган аялдар талаалап, эрин, бала-чакамды багам деп, күнү-түнү иштеп жүрөт. Мындай жанды эркек деп айтууга тилиң да бурулбайт. Азыркы коомдо аял менен эркектин орду алмашып бараткандай сезилет. Аялынын тапканы менен күнүн өткөргөн эркектерди альфонс деп эле коюш керек.
Спонсор издеген сулуу эркектер..
Кечээ телевизор көрүп отурсам, СМС чаттан шумдуктуудай каттар келип жатты, бирөөсүн жаза кетейин: "Мен сулуу жигитмин, боюм узун, жашым 22. 35-45 жашка чейинки спонсор боло турган аялдар менен таанышам. Тел.номери 0550 хххх17" дегенди кандай түшүнөсүңөр. Элестетсеңер, 22 жаштагы мөлтүрөгөн бала, ден соолугу таза, эң негизгиси ишке жарактуу. Маңдай териси менен акча тапкандын ордуна спонсор издейт экен. Эң кызыктуусу, ал спонсор аялга да жооп кайтарыш керек, үйүн жыйнап берип кутулмак беле, бул "сулуу мырза" өзүн-өзү сатып жатат десек да жараша берчүдөй. Эркектер бузулду десек аялдар деле бузулууда. Эл бузулду десек, заман да бузулду. Карыган чалдар жаш кыздарга үйлөнүп, жаш кыздарыбыз атасы менен теңдерге акчасына кызыгып турмушка чыгып жатышат.
Сүйгөндөр да сүйүү отуна күйүшөт
Пайда көрүп турмуш кургандар гана көп ажырашат десек да туура эмес. Бирин-бири сүйүп-күйүп, төрт-беш жылдап жүрүп, баш кошкондор деле ажырашып жатышпайбы. Бир тааныштарым төрт жыл сүйлөшүп жүрүп былтыр үйлөнүштү. Кыргызстаныбыз дагы бир бактылуу үй-бүлөгө көбөйдү деп, беймарал жүргөнбүз. Арадан тогуз ай өтүп, кыздуу болушту. Мына жакында эле ажырашып кетишти. Ал экөө бири-бири жок бир саат да жашабай калышкан. Кайын энеси менен бирге туруп калып, келиндин катасы ошол болду окшойт. Кылганын жактырбаган кайын эне, акыры баласы менен ажыраштырып жаны тынды окшойт. Ошондон улам "Келген келин жаман эмес, келген жери жаман", деп коюшат окшойт.
Баарына күнөөлүү болгон жеңил-желпи мамиле
Калаабыз боюнча ушул жылы 3692 үй-бүлө ажырашкан. Бул былтыркыга салыштырмалуу кырк үй-бүлөгө көп. Айрым маалыматтар боюнча, никесин расмий түрдө каттабагандарды эске алганда, ажырашуулардын саны отуз пайызга жогору. Өлкөдөгү көбөйүп жаткан ажырашуулардын орчундуу себептеринин бири, азыркы жаштардын көпчүлүгү турмуш куруу, ажырашууга жеңил-желпи мамиле кылат. Жашоо, турмуш деген оңой нерсе эмес, мунун экөө тең көптөгөн сындардан турат. Сындан өтпөй сынып калсаң, баарын кайрадан баштаганга туура келет эмеспи. Ошондуктан ар бир адам кыйналсак дагы эптеп үй-бүлөнү сактап калалы деген принципти алдыга коюп жашаса, балким ошондо ажырашуулар азайып, бактылуу үй-бүлөлөрдүн саны көбөйөр.
Мальвина Уметбекова