16.10.09 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Көйгөй

"Талкалоо оңой, сактоо кыйын"
Кадырбек Эргешов, Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги Республикалык окуу жайынын директору:

- Мына үч жумадан бери сиздердин олимпиядалык резерв окуу жайы жөнүндө ар кандай жакшы да жаман да пикирлер айтылып жатат, ал эми сиздин жеке пикириңиз кандай? Жана ошондой эле бул окуу жайды жабыш керек деген сөздөр да чыгып кетти...
- 28-сентябрдан бериле баардык жаңылыктардын эпицентри болуп калды. Ал эми бул инцидент уландысы, негизи ал 26-сентябрь күнү башталган болчу. Жыйырма алтысы күнү кечки саат 9.30 чамасында Аламединдин тегерегинде жашаган белгисиз мас абалдагы өспүрүмдөр биздин окуу жайдын дарбазасына келип алышып "Чуркалар, мыркалар чыккыла, биз силерди талкалайбыз" деп ар кандай уят сөздөрдү айтышып, жулунушат. Алтынчы күн болгондуктан, окуу жайда балдар аз болчу, жатаканада болгону 18 бала калган. Биздин окуу жайда дежур администратор, дежур болгон тарбиячы калат, биздин балдар топтолуп артынан барабыз дегенде эч кимисин чыгарбай кармап калышкан. Ал эми келген балдар качып кетишкен. Алар кеткенден кийин милиция чакырып, менин орун басарым арыз жазган болчу. Нурдин Жусупов аттуу машыктыруучубуз түшүнүк кат жазып берген, кандай болгонун баарын ошол катта жазган. Милицияга биз ошол эле күнү кабар бергенбиз. Муну менен токтобойт, бизге бир патруль бериңиз деп суранганбыз, же чараларды көрүңүздөр деп өтүнгөнбүз, мейли патруль бөлүп беребиз деп кетишти. Дем алыш күнү биздин участковыйды чакырып Кудаярова Керез деген кыз экен, ал экөөбүз менин кабылдамамда сүйлөштүк. Бизде 20 дай эле тарбиячыбыз бар, балдарга күчүбүз жетпей калышы мүмкүн деп түшүндүргөм. Макул, макул деп түшкө маал биз да тарадык, кечинде келип балдарыбыздын баарын өзүбүз жаткырып кеткенбиз. Дем алыш күнү биздин окуучуларыбыздын көпчүлүгү үйлөрүнөн келишет, биз алардын баарын чогултуп милицияга арыз жаздык, силер буга кийлигишпей эле койгула деп окуучуларыбызга айттык. Ошентип биринчи күнү (28-сентябрь) окуу башталып балдарыбыз сабакка киришти. Саат 12лерде чоң класстагы окуучулардын машыгуусу бүтүп, душтан чыккан кезинде, баягыбы же башка балдарбы дубал жакка келип алышып, кыйкырынып сөгүнүшкөн. Аны уккан балдарыбыз ызалынып дубалдан секирип түшүп, артынан кууп кетишкен. Кубалаганда ал балдар качып, Аламединде жашаган балдар окшойт, ошол тарапка жана кээ бирлери Лебединовка жака качып, калгандары жолдон чачырап кетишет. № 38 мектептин терезелерин талкалашты, балдарды сабашты деген сөздөр да бир заматта аралап кетти. А бирок менин балдарым терезелерди талкалаган эмеспиз деп, мойнуна албай коюшту. Муну менен азыр тергөөчүлөр иштеп жатышат. Мен барган учурда ал жерден менин бир окуучумду кармап алышыптыр. Мен барганда №38 мектептин директору отуруптур, эмне болду деп сурасам, "Мына терезелерди талкалап салышты" деп жооп берди.
- Жаңылыктарда, кеп-сөздөрдө жалпы жону менен 56 бала камакка алынган дешкен..
- Жок бул туура эмес маалымат, камакка эч ким алынган эмес. Участковый менен биздин бир эле бала кармалган. Саат 1 болуп түшкү тамакка даярданып жаткан кезде, иттерди ээрчиткен милиция кызматкерлери, эки автобус спецназ келип калды. Алар бандиттерди кармаганга келишкендей даярданып алышкан экен. Эми бул жөн эле шоу, ушул кичинекей балдарга ошентип келишкени уят эмеспи.
- Ал эми кээ бир маалыматтарда балдарды токтотуу үчүн пистолеттен ок атып, анан араң токтотушкан деген каяктан чыкты?
- Бир эмес алты жолу атылган экен, бул биздин бир балабызды ОМОНдун кызматкери кармап алганда биздин балдар аны колунан сууруп алабыз деп жулунуп жатканда болуптур. Балдардын айтуусу боюнча, ал ОМОН кызматкеринин салмагы 100 кг чыгат дешүүдө, ал эми биздин балабыздын салмагы 38 кг эле чыгат, бирөөсү бир чапканда ал кулап түшкөн экен. Ал ОМОНдун жанында турган экинчиси пистолетун алып чыгып алты жолу аткан экен. Биз арыз жазган күнүле бизге патруль берип, көңүл бурганда албетте, мындай чыкпайт болчу. Бир эмес эки сутка убакыттын ичинде эч кандай иш-чара кылышкан жок. Биздин талкалап кеткен дарбазабыздын баасы 3000 доллар турат, ал ага 3000 сомдук зыян алып келди деп жазып коюшту. Дарбазабыз кыйшайып калды,аныго оңдоп коёбуз, ал эми биздин окуу жайыбыз жаман атка конгонун ким оңдоп берет?
- Молдомуса Конгантиевдин айтуусу боюнча сиздердин "крышаңар" Бишкектин "смотрящийи" Алтуха дейт, ага кандай жооп бересиз?
- Крыша деген кимде болот, ал мүлкү бар, каражат байлыгы бар же болбосо күчү жетпеген, өзүнө-өзү ишенбегендерде болот. Ал эми бизде, мүлк каражат деген жок, а бирок биз күчү жок өзү өзүнө ишенбегендерден дагы эмеспиз. Андай "Алтуха" же "Балтуха" деген ким экенин да билбейбиз. Бизге крышанын кереги жок. Биздин балдардын түшүнүгү башка, алар эч кандай "крышаларга" баш ийишпейт. Азыр көпчүлүк, биздин балдарды бандиттер деп атап, "зверь" катары кабыл алышууда. Ал эми менин айтаарым, биз жакшынакай спортсмендерди өстүрүп жатабыз демекчимин. Мына Бегалиев менен Түмөнбаев биздин окуучулар, алар бандит эмес. Бүгүнкү күндө Каныбек Жолчубеков аттуу кыйын күрөшчү балабызды Турция мамлекети 200 миң доллар беребиз ошол балаңарды бизге бергиле деп жатышат. Мындай балдар аз эмес, мектепте 325 бала окуйт, алардын ичинен да келечектеги чемпиондор өсүп жатат. Кээ бир депутаттар биздин балдарды "отморозки" деп айтышыптыр биз алардын атына арыз жазабыз, айткан сөздөрүнө жооп беришсин. Отморозки деп бүткөн кишини айтат, биздин жаш өспүрүмдөрдү антип айтканга акылары жок. Айылдын балдары эмне башкача болот экенби? Булар кадимкидей эле балдар. Өзүңдүн балаңды "жинди, отморозок" деп айтпайсың, ал эми биздин балдарды да сыйлай жүр демекчимин.
- Окуу жайыңыздардагы балдарга бир суткага тамак ашына 71 сом бөлүнөт экен, бул жөнүндө кеп кылсаңыз..
- Ооба ар бир окуучубуз суткасына 71 сомго тамактанат. Ал жөнөкөй адам түшкү тамакта мындан көбүрөөк акча коротот болушу керек. Албетте бул аябай аз. Балдар колониясында бир суткага 72 сом кетсе, бизде 71 көрдүңөрбү? Бир күндө 3-4 жолу машыгышат, анын баары күчтү талап кылат. Биздин балдар спортсмендер, күчтүү тамак аш менен тамактанышы керек, ушуга бир көңүл бурушса болмок.
- А. Воинов бул окуу жай жабылышы мүмкүн деп билдирген, сиздин буга көз карашыңыз..
- Мына акыркы 17 жылдан бери биздин окуу жайыбызга эч кандай акча-каражат деген бөлүнбөйт. Бирок буга карабастан биздин окуу жайдан чемпиондор чыгып эле жатат. Мунун үстүндө иштөө керек, талкалап бузуу оңой, ал эми сактап калуу, иштөө татаалырак көрүнүп жатат окшойт. Спорт залыбыздын абалы жылдан жылга начарлап баратат. Мат алыш керек, балдарыбызга "тренировочный костюмдарды" да алуу керек. Мунун баарын биз чечишибиз керек эмес. Биз бере турган костюмдарды окуучуларыбыз өз каражаттарына сатып алышат. Майка трусасы, бокс перчаткаларды да өздөрү алууда. Мамлекет каражат бөлүп, биз такыр эле иштей албай койсок, мейли жабышсын. Мамлекет шарт түзүп, ошол Кыргызстан боюнча жалгыз окуу жайды колдой албаса, жаап салышсын. Кытайда мындай окуу жайдан 1150 сү бар, Казакстанда 17 облусу болсо, ар бир областа бирден мындай окуу жайы бар. Ал окуу жайларды республикалык жана жергиликтүү бюджет колдойт. Кантип биздин мамлекеттин жалгыз окуу жайыбызды сактап калууга алы жетпесин? Биздин спортсмендер башка өлкөлөргө барып келгенден кийин албетте башка көздөр менен карап калышат, анткени ал жакта жатаканалары, тамак ашы башка, бизге келгенде көз карашы да өзгөрө түшөт. Бир күндө ар бир спортсмен 5.500 кк тамак аш жеши керек. 71 сом ал 5.500 килокаллорийдин 10% гана түзөт. Биз күнүнө эки жолудан тренировка кылабыз, 71 сомго чакталган тамак жеген баланын жүрөгүнө чоң күч келет. Андан өмүр бою жүрөгү оорулу болуп калышы мүмкүн.
- Үч жумадан бери сиздердин мектеп тууралуу терс маалымат гана айтылып келе жатат. Бул мектепте Кыргызстандын атын чыгарган спортсмендерден кимдер тарбияланып чыккан?
- Кыйын чыккан спортсмен, чемпиондордун баарыле биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү. Бегалиев, Түмөнбаев, Санатбаев, дүйнөлүк Олимпияданын чемпиону Мария Кулченова болгон, Жеңил атлетика боюнча, Сергей Фокин 1988-жылы Сеулда өткөн олимпиадада дүйнөнүн чемпиону болгон. Бүгүнкү күндөгү көрүнүктүү саясатчы Темир Сариев, Кара-Балта шаарынын мэри Казакбаев Оомат, Т.Коеналиев жана көптөгөн башка көрүнүктүү адамдарыбыз бизде окуган. Алар бандит болуп чыккан жок, элиме кызмат кылып жүрөт. Эң негизгиси, биздин окуу жайга көбүрөөк көңүл бурулса, биз ал көңүлдүү, каражатты актай алабыз. Жылына 2 эмес, жок дегенде 5 чемпион, андан ары ондон чемпионду да чыгыра аларыбызга толугу менен ишенем.

Мальвина Уметбекова,
Расул Үсөналиев