16.10.09 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ордо

Түркмөнбашы, Казакбашы андан кийин кимдин башы?
Чыңгыз хандын урпактары Борбордук Азияга бекем орун алып калган. Ал эмес 1918-жылы Бухара эмири кулагыча жүздөгөн жылдар Чыңгыз хандын, Чачатайдын урпактарынан бийлик кеткен жок. Казактарды Жуучунун Батыш ханынын урпактары бийлеп келди. Өзбек, казак, түркмөн, тажик жана башка кошуна калктар хан бийлигине көнүп калган калктар. Аларга салыштырмалуу кыргыздар хан дегенди уруп ойнобой, өз алдынча тиричилик кылган калк.


Түркмөнбашыны ким ууландырган?
Хан бийлигинен Сталин атанын бийлигине өткөн борбордук азиялыктар башка республикаларга караганда Москвага абдан көз каранды болуп турушту. Айрыкча Түркмөн ССРин Москва эптеп мурдунан сүйрөп, дотация менен жанын бактырып турчу. Кара-Кум каналын куруп берип, пахта аянтын көбөйтүп берди. Советтик Армиянын генералдарына папах тигип берүү үчүн каракүл козулардын терисин өткөрүп, жан багышчу. Каракүл болбой камыран калсын, акын Венера Бөлөкбаеванын бир чыгармасы бар, каракүл койлор туур замат козусун мууздап, терисин ташка жайып атып, бул койлордун боорлору таш болуп калат экен деген.
________________________________________________
СССРдин тарашы түркмөндөрдүн бактын ачты
Себеби, Түркмөнстанда газдын эбегейсиз запасы бар экен. Өткөн жылы Россия Түркмөнстандан 42 млрд. кубометр газ сатып алса, Казахстандан араң 8 млрд, Өзбекстандан 7 млрд. кубометр газ сатып алган. Демек, Түркмөнстан газдын көлөмү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин бирине айланды. Газ көптүргөн Түркмөнстандын мурунку президенти Сапармурад Ниязов өзүн түбөлүктүү президент жарыялап Түркмөнбашы болуп алган. Өзүн жолбашчы санаган Түркмөнбашы толук диктатордук абсолюттук монархияны орноткусу келген. Ата-энесин баласы багыш керек, деп пенсияны жоюп салган. Түркмөн кыздары чет элге турмушка чыкса мамлекетке чоң суммадагы калың төлөшкөн. Ошол эле мезгилде түркмөнбашынын гареминде миңдеген сулуу кыздар бар эле. Түркмөнбашы Ельцинди тоготпой орустарды кодулап кууп чыга баштаган. Түбөлүк бийлик жок. Узурпатор өзүнө-өзү ор казган. Ал тегерегиндеги өзү ишенбеген адамдарды кызматынан сүрүп, камап, акыры өзүнүн коопсуздук кызматынын начальниги А.Режеповко кезек келет. Бирок, Режепов өзүн-өзү сактоо максатында Түркмөнбашыны ууландырып өлтүрөт. Демек, диктаторлордун деле көзүн тазалап коюшат тура.


Өзбекбашы өзү эле башы

Исламжан аке президенттик мөөнөттү беш жылдан тажап жети жылга созгон, анын деле мөөнөтү аяктады болуш керек. Эми тогуз жылдан эки жолу шайланса эле токсонго жетип барбайбы. Токсондон өткөндөн кийин өзбектерге бийлик кылыш оор болуп калат. Ордо оюну деген шүмшүк бар эмеспи. Андан көрө Чыгыш ханышасы аталган КМШдагы президенттердин балдарынын ичинен эң байы Гүлнара Каримовага бийлигин өткөрүп бергени оң. Же болбосо Гүлнаранын улуу уулу Москвадагы Британиялык мектепте окуган Исламга өткөзсө, таята Исламжон жээнебере Исламга бийлигин өткөзүп берди деп дүйнө эли жар салбайбы? Бирок, азыр эмес токсонго толгондо дейбиз да. Агенттери күчтүү эмеспи, кыргыздар акыл үйрөтө баштаптыр деп чек арасын биротоло бекитип алып жүрбөсүн.
Чындыгында казактар Назарбаевди түбөлүк президент кылышса, өзбектер эртеси эле Каримовду түбөлүккө президент кылышат.


Казакбашы, же

"Крестный тесть"
Казак мажилиси Нурсултан Назарбаевди түбөлүк президент кылуу тууралуу маселени көтөрүп атат. Ханды көргөн эл ханды каалап турат. Ансыз деле Динмухаммед Ахметович Кунаев казактарды жыйырма төрт жыл бийлеп келсе, Нурсултан Абишович Назарбаев жыйырма эки жылдан бери казактардын башында келатат. Комбинди эсептебегенде казактар ансыз деле кырк алты жылдан бери жеке бийликтин алдында келатат. Кунаевдин жетекчилиги аркасында Казакстан провинциалдык аймактан индустриясы өнүккөн цивилизациялуу аймакка айланган. Кунаевдин убагында 30 шаар, 500 совхоз түзүлгөн. Ал эми Назарбаевдин убагында Астана шаары курулуп, казактар экономикасы өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кошулуу үчүн күч жумшап жатат. Албетте, эки лидер тең Казакстандын илгерилеши үчүн күч жумшаган, эми өз күчүн жумшай турган казактын үчүнчү лидери жокпу?
Нуракебиз башкаларды кой, өзүнүн канынан чыккан кызынын күйөөсүн да аябайт. Күйөө баласы Рахат Алиевди кармап туруп жилигин чыгара чабайын деди эле, чет мамлекетке кире качып, ал жерде жөн жүрбөй "Крестный тесть" деген китебин чыгарып жатпайбы. Жөн жазбай үйбүлөлүк сырларды чукуп жазып атпайбы. Ал эми экинчи күйөө баласы Тимур Кулабаев миллиардер (3,5 миллиард доллары бар дешет) кокус ал жылы койчу болсо оңдурбайт да, үчүнчү күйөө баласы биздин Айдар Акаев эмес беле, эми ким экенин ким билет? Эптеп Назарбаевке үчүнчү аялынан жетимишке келгенде араң төрөтүп алган мураскорунан бийликти эч ким талашпай турганы оң.


Кыргызбашы, же кыргызга да хан керекпи?
Азыркы бийликтин негизги стратегиясы, бийликти "үй бүлөнүн" колунан чыгарбоо. Программа-минимум жеңил-желпи эле аткарылды. Экинчи мөөнөткө шайланды. Программа-максимум бул мөөнөт аяктагандан кийин башталат. Үчүнчү мөөнөт же жети жылга узартылган биринчи мөөнөт. Азырынча кыргызбашы болом деш эртерек. Анан кошоматчылар чыга баштайт, тигине башка мамлекеттерде президентти түбөлүккө шайлап атышат дешип. Ошондо ойлонсо болот.
Кыргызбашыга каршы бизде үч аргумент бар. Биринчиден, кыргыз калкы тарыхий жактан башка Борбордук Азиянын элдерине салыштырмалуу демократиялуу түзүлүштөрдө жашап келген эл. Экинчиден дүйнөлүк цивилизациялуу коом башкаларда монархиялык система орносо да, биздин Кыргызстандын демократиялуу өлкө болуп калышына кызыкдар. Акаевдин диктатурасына каршы март көтөрүлүшүн колдоп беришти. Үчүнчүдөн кыргыз эли монархиялык-демократиялык режимге каршы. Кыргыз эли демократиялуу коомду каалайт. Кимдир-бирөөлөр өз ойлорун улам таңуулай берсе, кайрадан Нүзүп аталыштар чыгат да, элди көтөрүп, бийликти алмаштырып коёт. Менимче, кыргыз үчүн Кыргызбашы абсурд.

Тажикбашы, же "Менин падышам"

Бизде "Улуу урматтуу" деп койсок уялып кетебиз. Манас бабабыздын кайын-журтунда Эмомали Рахмонго "менин падышам" деп кайрылып калышыптыр. Ал эми "Улуу урматтуу", же тажикче "джаноби оли" деп официалдуу бардык жерде кайрылышат. Эмомали Рахмондун бир эрдиги тажиктердеги чыгым көп кеткен аш-тойлорго тыюу салып койгон. Бирок өз уулу 24 жаштагы Рустам үйлөнгөндө, ага-тууган туушкандары,министр, бизнесмендер канчалаган машинанын ачкычын тапшырбады. Рустам Россияда, Германияда, Тажикстанда бир нече ЖОЖдордо окуса да, бирин да аягына чыгып окубаптыр. Ал "Корстон" деген казиного далай миллиондорду коромжулап жүрсө да, атасы ТИМде жогорку кызматка коюп, дайым чет элдик визит болгондо өзү менен кошо ала жүрөт.
Рахмондун жети кыз, эки баласы, бардыгы тогуз баласы бар. Ар бирин айтып отурса жомок. Ушул балдардын келечеги үчүн "Менин падышам" Рахмон деле түбөлүк президенттиктен качпас.


Азизбек Келдибеков