№35, 16.10.09. • "Кыргыз руху гезити, кыргызча... Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви





  Министрлер кылмышкерлерден корккондо…

Александр Воиновдун
шоу-программасы
Эгер жай карай келсек, жөнөкөй милиционер менен жөнөкөй спортсмендер кылмышкерлерден коркууга укугу жок. Себеби, алар алсыз адам эмес, спортсмен жана милиционер эмеспи. Анан ошол милиция менен спортсмендердин эң чокусунда турган спорт министри менен ИИМ министри кылмышкерлердин алдында алсыз экендиктерин мойнуна алып жатышса жаныңан түңүлөт экенсиң. Мектеп балдарынын ортосундагы урушту чече албаган министр, кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттери менен күрөшө алабы? Жакында болгон спорт мектеби менен №38- мектептин балдарынын ортосундагы мушташ жөнүндө ИИМ министри М.Конгантиев бул мектептердин артында криминал бар. Аларды Бишкек шаары боюнча "смотряший" Алтуха деген көзөмөлдөйт деп айтты. Бул эмне деген шумдук. Министр өзү мектептерди "смотряшийлер" көзөмөлдөп калганын мойнуна алса, карапайым адамдардын жашоосу эмне болот? Бул жерде "смотряший" дегенди атайын которгон жокпуз. Бул кылмыш дүйнөсүнүн термини. Мындай терминди министрдин колдонуп турганынын өзү чиновниктик этикага жат нерсе. Биз эч кандай "смотряший", Алтуха, Малтуха, Боха, Соха дегендерди билбейбиз, билгибиз да келбейт. Өзгөчө биздин балдарыбыз, мектеп жашындагы баёо балалыктын кучагындагы өспүрүмдөрдү андай түрү суук дүйнө менен тааныштырып, аралаштырууга жол берген министрдин бизге кереги жок. Ал эми Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси, кыскартып айтканда спорт министри Александр Воиновдун айтканы ИИМ министринен да өтүп кетти. Анын ою боюнча олимпиадалык резерв окуу жайынын бизге пайдасынан зыяны көп экен. Тамак-ашы жетишпеген, шарты начар, кылмышкерлерди өстүрүп чыккан мындай окуу жайын керек болсо жаап коюу керектиги жөнүндө оозу-мурду кыйшайбай туруп айтты. Спорт мектеби деген үлбүрөгөн "голубойлор", гейлерди тарбиялаган мектеп эмес. Эркектин эркектей азабы бар. Эркек балдар тарбияланган жерде ар качан чоң муштумдук проблемасы келип чыгары жашыруун эмес. Андыктан аларды тарбиялаган педогогдор жогорку даярдыкта болуш керек. Балдардын ашып-ташып турган энергиясын чоң муштумдукка эмес, пайдалуу жумушка, спортко, мекенди сүйүүгө багыттап туруу алардын жетекчилеринин, өзгөчө спорт министри, ИИМ министри, Коргоо министринин биринчи кезектеги милдети. Эгер биз мушташат экен деп корксок, анда спорт мектебин эле эмес, Жогорку Милиция окуу жайын, армияны, аскердик окуу жайларынын баарын жаап салышыбыз керек. Анда келгиле, эркектерибизди кемеге менен былжыраган кепке коёлу да, кыздарыбызды мылтык карматып чекке коёлу. Ошондо башка эркектерибиздин ордун сактай албасак да Конгантиев менен Воиновдун министрлик ордуларын сактап каларбыз. Алар жок дегенде кыздардан коркпой өз кызматтарын аткарганга жарап беришер.

(Уландысы 4-5-беттерде)