п»ї
  Мезгил

Шымга толгон кир алманы жеген Турусбек Мамашев
Турусбек Мамашев
Бала күнү Ош областынын мурунку Совет, азыркы Кара-Кулжа районунун борборунда өткөн. Чыныгы сүйүү 7-класста келип, 4-класста биринчи жолу кат жазыша баштаган. Азыр, чыныгы сүйүүсүнө жетпей калса дагы, ал учурда борбор шаарда тургандыктан катышып турушат.


- Балалыгыңыздын асманына бир кайрылып келбейсизби.
- "Болоор бала башынан" деп коёт эмеспи. Балким, мен бала кезимде эле ушул даражага жетүүгө умтулсам керек. Бешинчи классымда эле иштеп акча тапчумун. Кой кайтарып чабан да, жүк жүктөөчү да болдум, таш коргон салдык. Атаман тогуз жашымдан калгам. Ошондуктан, жашымдан түйшүккө эрте кириштим окшойт. Башка балдар жайында эс алса, мен акча таап, апама жардам берейин деп, оор балалыкты башыман өткөзгөм. Бирок бул мага жакшы жагын берди, эмгекке үйрөттү, турмуштун ачуу-таттуусун билип, эртерээк көзүм ачылды десем болот. Ошол учурдагы кыйынчылыктар жашоодо тың болууга сабак болду деп айтсам жаңылышпайм. Ошентсе да мен буга эч качан өкүнбөйм. Анткени ошонун үзүрүн эми көрүп отурам.
- Үйдүн улуусу белеңиз?
- Үйдүн кичүүсү болчумун. Үч бир тууган элек. Азыр эки бир тууганбыз.
- Кичине кезиңизде атаңызга жакын болуптурсузбу, же апаңызгабы?
- Атама эркелеп жүрчү экем. Намаз окуганда үстүнө минип алган адатың бар болчу деп апам көп айтат. Атам баланын жүрөгүн оорутуп койбоюн деп урушчу эмес дейт. Атам каза болгондон кийин апама жакын болуп калдым деп айта албайм, бирок жардам бердим. Көр түйшүккө тез аралашып калдым атамдан кийин. Баштан көп нерселер өттү. Кийинчерээк апам да каза болуп калып жетим өстүм.
- Оор балалыкты башыңыздан өткөрүпсүз. Ошол күндөрдө эсте калган күлкүлүү окуялар да болбой койбосо керек.
- Чынында күлкүлүү окуялар көп эле болгон. Ошонун бири али күнгө чейин эсимде. Бир жолу 1-2- класс болсом керек, биздин совхоздун алма багы бар эле. Ошол алма үйдө деле өсөт. Бирок, балдарга кошулуп барып алма уурдабайбызбы. Эми бизге кызык көрүндү да. Илгери резинка менен буттун аягын байлап койгон шым кийчүбүз. ошол шымга толтура алма салдык ар бирибиз. Балабыз да. Анан уурдап түшүп баратсак, кароолчу келип калды. Кароолчу бизди кармап алып, ошол толтуруп алган алмабызды "жегиле" деп кыйнады. "Үйүңөрдө бар туруп, эмнеге уурдайсыңар, жемейинче кетирбейм" дейт. Коркуп башыбызды тырмап турабыз. "Ким тез жесе, ошону тез кетирем", деди. Жуулбаган алманы жарышып жей баштадык. Убагында коркуп ыйлагың келсе, азыр эстеп алып күлөм. Ошондо чындап эле шымга толгон кир алманы жегем.
Айсулуу Жээнбаева




Улуттук "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин уюшулганына 40 жыл

Октябрдын экинчи жекшембиси- элдик көркөм кол өнөрчүлүк кызматкерлеринин күнү


"Кыялда" кылым жаңырат
Байыркы жана дайымкы
Адам Ата , Обо эне урпактары- эң байыркы кыргыз эли жер каймактаганда жаралып, алмустактан не бир сыноолордон өтүп, не бир дөөлөттөргө жетишип, ушул күнгө Адам деген аттын башында туруп, кыргыз деген элдүүлүгүн жоготпой келгенине тарых күбө.
Көчмөн элибиздин түпкү тегине үңүлсөк окумуштууларды кызыктырган өзүнчө бир зор баян, андан дагы дүйнө элин тамшандырып келген дүйнөлүк маданияттардын башатында турган Улуу Көркөм Өнөр дөөлөттөрүбүз.
Балким ошол эң алгачкы ата-бабаларыбыз табият менен шайкеш жашашып, жашоо шартына ылайыктуу эң алгачкы кийимдерин аң-терилеринен жасап кийгендир. Бара-бара табиятты өзүнө багындырып, күндөлүк турмуш тиричиликке зарыл буюм- тайымдарды кантип жасоону муктаждыктан улам изденүүчүлүк менен өздөштүрүп, ал буюм-тайымдар барган сайын адамдын муктаждыгын гана канааттандырбастан, улам өөрчүгөн чыгармачылык ой-чабыт кошулуп, анын көргөн көзүн, көкүрөк көөнүн сүйүнткөн эстетикалык ырахат тартуулагандыр.
Ата тегибиз скифтердин шым кийгендиги жөнүндө Геродот / IV 64) жазса, ушундан кийин мындай маданиятка ээ боло элек европалыктар да шым кийгенди үйрөнүшүптүр. Бехистун аскасындагы сүрөттө сактардын баатыры Билерик (Скунха) 60 см.ге жеткен калпак, шым, накер (скифтердин байыркы бут кийими, таманы төөнүн моюн терисинен жасалат) кийип турат.
Алтын бугу, кабылан илбирстин, багыштын элестери жалпы адамзат сүрөтүнө канон болуп, "Байыркы скиф жырткычтар стили" деген атка ээ болуу менен ушул мурастын ээси- кыргыз элинен зер буюмду кемелине келтирип жасаган не бир чебер усталар, уздар өткөндүгүнөн кабар берет.
Улуттук мурасты уланткан "Кыял"
Мына ошол элибиздин көөнөргүс улуу мурасын улантып, замандын талабына ылайык өнүктүрүп, өөрчүтүп келе жаткан "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине 40 жыл толду, б.а. 1969-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен уюшулган.
Алгач өндүрүш катары 48 кишиден турган жамаатта алгач кичинекей сувенир комуз, анан чоң комуздар жасала баштаган, тагыраак айтканда үч түрлүү: Токтогулдун, Карамолдонун, Ниязаалынын комузунун түрлөрү жасалган. Андан ары боз үй жасоо колго алынган.
Азыркы күндө бирикмеде кол өнөрчүлүктүн бардык түрлөрү боюнча цехтер иштейт. Атап кетсек: Кийизден жасалган улуттук буюм-тайымдар; Улуттук кийимдерди даярдоо; Боз үй жана чийден жасалган буюмдар; Зергер буюмдары жана мүйүзчүлүк; Жыгачты көркөмдөп иштетүү жана музыкалык аспаптар; Ат жабдыктары; Металлды көркөмдөп иштетүү; Керамика; Шелкография (жибекке сүрөт түшүрүү) боюнча цехтер жана заманбап агымдар: Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү сүрөтчү-дизайнер Татьяна Воротникованын студиясы; Чинара Макашеванын "Тумар" Арт группасы; Айдай Асангулованын студиясы иш алып барышат.
Учурунда бул куттуу жайда элибиздин көөнөргүс көркөм өнөрүнүн нарктуу салттарын жандандырып, аны өнүктүрүүгө бараандуу салымын кошкон не бир асыл адамдар: тарыхчы-этнограф К.И.Антипина, көркөм өнөр таануучу А.Акматалиев, уз-чеберлер Ш.Мамбетаипова, Н.Асанова, А.Ишенова, А.Абдылдабекова, А.Касымбекова өңдүү бир канча муундун өкүлдөрү эмгектеништи. Бирикменин аталышы кыргыздын ала кийиз, шырдагынын четтерине түшүрүлгөн "Кыял" оюмунун аталышын алуусуна Клавдия Ивановна Антипинанын сунушу негиз болгон.
Эмгектен кайтып акыбет
Ооба, жогорудагы атап кеткен муундун өрнөгүн улап, бирикмеге алгач сүрөтчү болуп кирип, андан жетекчиликке чейин көтөрүлгөн, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү, иш билгилиги, мезгилдин ыргагына жараша такай изденүүчүлүк жаңыча көз караштары менен өндүрүштү өргө тарткан Султан Макашовдун эмгеги Мамлекет тарабынан жогору бааланып, жакында эле "Кыргыз Эл сүрөтчүсү" деген жогорку наамга, ошондой эле бирикме уюшулган алгачкы күндөрдөн тарта эмгетенип, 20 жылдан ашуун убакыттан бери "Улуттук кийимдерди даярдоо" цехинин башчысы болуп келе жаткан уз Алмадай Исакованын "Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына татыктуу болушу - бул жогорку бийлик өкүлдөрүбүздүн элибиздин руханий маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө кайдыгер эместигинин далили. Албетте эл алдында өтөгөн үзүрлүү эмгекти өз учурунда баалоо, кубаттоо - моралдык демөөр берүү менен кийинки эстафетаны улантуучу жаш муундарды тарбиялоого өбөлгө гана түзмөкчү.Борборубуздагы С.Чокморов атындагы элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн кесиптик окуу жайы (№92) "Кыял" бирикмесине адистерди түздөн-түз даярдоочу окуу жайы катары республикабызга белгилүү.
Бирикме өзүнүн 40 жылдык өмүр жолунда белсемдүү ийгиликтерге жетишип, 50дөн ашуун чет өлкөлөрдө өткөн көргөзмөлөргө катышты. Чехословакиянын Брунов шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө Алтын медаль менен, Лейпциг, Загреб шаарларынан да алтын медаль, күмүш, коло ж.б. көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
Андыктан аларды 11-октябрь- элдик көркөм кол өнөрчүлүк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз жана бекем ден соолук, чыгармачылык жаңы жетишкендиктерди кааалайбыз!

Алтынай Аттокурова, КР сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү, көркөм өнөр таануучу







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
9-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Кыргызстанды кимдер кантип башкарууда?
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
5000 сом номиналындагы 579 миң 177 акча жүгүртүүдө

3-бет
Саясий портретке штрихтер
4-бет
Президент
5-бет
Уулунун уятынан мукактанган… Ющенко
6-бет
Мектеп - билимдин булагыбы,
же
кылмышкерлердин башатыбы?

7-бет
Дүйнөлүк абарлар
Мексикада чочко тумоосунан каза болгондордун саны 245 кишиге жетти

8-бет
Азизбектен азия кеп
9-бет
Шымга толгон кир алманы жеген Турусбек Мамашев
10-бет
Ырдүйнө
11-бет
Кесепеттүү пленум
12-бет
Акыры "уурулугумду" мойнума алдым
13-бет
Сөздүн жүз канаты бар
14-бет
Адабият
15-бет
Демократия, эгемендүү мамлекет










??.??