09.10.09 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Көйгөй

Мектеп - билимдин булагыбы,
же
кылмышкерлердин башатыбы?
Ар бир мектепте өзүнүн "лидерлери" же башка сөз менен айтканда "отвечалолору" бар. Андай "отвечалолор" коммерциялык мектептерде гана эмес, жөнөкөй мектептерде да кездешет. Андыктан ар бир мектепте талап-тоноо, уруш-талаш дегендер байма-бай жүрүп турат.
Ар бир бала жети жашка чыккыча тентек кылган үчүн апасынан токмок жесе, андан кийинки 10 жылкы өмүрүн мектеп менен үй ортосунда өткөрөт эмеспи. Андыктан мектептердеги акыркы окуяларга байланыштуу балдардын коопсуздугунан тынчсызданбай коё албайсың.
Мына мурдагы жумадагы олимпиядалык резерв мектеби менен № 38-орто мектептин ортосундагы жаңжал болуп өткөнү, шаардын ичинин баарын саранчадай болуп каптап чыкты. Окуучулардын айтуусу боюнча, бул уруш түшүнбөстүктөн чыккан дешүүдө. Бирок, ошондой түшүнбөстүктүн айынан мектептин болгон терезелерин талкалап, канчалаган балага жаракат алып келген. Ал эми башка, мындан олуттуу себеп болуп чыкса бири-бирин өлтүрүүгө барары да анык болууда. Мындай мыкаачылык бүгүнкү мектеп окуучуларына кайдан келип жатат? - деген суроо пайда болот.
Тарбиянын башаты болгон мектепте окуучулар колуна курал алып кырчылдашып, билим уясынан учпай жатып бири-бирин сабап -тоноп жаткан балдар эртең ким болуп чыгат. Мындай чыр -чатактарды угуп-билип жаткан ата-энелер гана балдардын коопсуздугун ойлонууга тийиш эмес. Бул коомчулуктун көңүлүн келечекке, жаңыдан калыптанып жаткан чөйрөгө бурууну талап кылган зор маселе. Мына кечөөкү күндөгү кабыргасы ката элек боз баштар бири-бирин сабап, бирин бирөө өлтүргөнгө да барып жатышат. Бирөөсү өлүп, экинчиси киши өлтүргүч болгон жакшыбы?
Чындыгында эле, мектептердеги бүгүнкү абал, мектеп жашындагылардын ортосундагы чыр-чатактуу мамилелер көптөн бери эле кылдын учуна жетип, коркунуч коңгуроосун кагып калганы сыр деле эмес. Болгону биз, чоңдор, бардыгын көрүп, билип турсак да, "балакайлык" катары баалап келгенбиз. Эми балакайлык талаш чоң маселеге айланып баратканын баамдагандан башка аргабыз жок. Анткени, кырдаал курчуп бараткандыгынан улам өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселе күндөн-күнгө көтөрүлүп жатат. Баласын мектепке жиберген ата-эне кимге ишениши керек? Баланын коопсуздугуна ким жооп берет? Ар дайым кооптонууда өскөн өспүрүмдүн аң сезиминде, жүрүм - турумунда кандай издер калат? Мектептеги "рекетчилик", чыр-чатак, мушташ, тоноо сыяктуу көрүнүштөр эртеңки муун тараптан кандай кабылданып жатат. Баласынын коопсуздугунан коркуп жеке кароол коё албаган ата-эне аларды өздөрү курал менен камсыз кылууга аргасыз болобу?
Кечинде гана баласы менен жолуккан ата-эне күнөөнү мугалимдерге койсо, мугалимдер болсо баланы жакшы көзөмөлдөбөгөн ата-энеге жана жазылбаган мыйзам-эрежелүү көчөгө түртө салышат. Чындыгында, ата-энелер балдарын жаңы мектепке которгондо, же мурдагы мектебинде деле чектен чыккан окуучулардын "разборкаларына" душаар болоорун билишет. Атүгүл, ата-энелер арасында "менин балам биринчи атаман" деп мактанып жүргөндөр да көп кездешет эмеспи. Мындай мактоолор менен баланын дымагын көтөрүп коюп, баласын эмнеге түртүп жатканын өздөрү да билбейт.
Баланы өз ата-энеси тыйбаганда, мугалимдин алы жетмек беле? Өз ата-энесин тоготпогон, башка бирөөгө баш ийеби? "Ой, менин балам кыйын, баарынын өпкөсүн үзөт" дегенди уккан боз баш дердеңдеп, "Аа бул жакшы нерсе турбайбы, эртең да бирөөнүн өпкөсүн жулайын, дагы макташсын", деген ойдо калат эмеспи. Ал эми тигил өпкөсү үзүлгөн бала да бирөөнүн сүйүктүү баласы, бирок ал башкача тарбия алып, бирөөгө жамандык кылба дегенди гана уга турган болуп чыгаар. Менимче бардыгы ата-эненин тарбиясынан болот ошондуктан ата-энелер балдарына жаман нерселерге өздөрү түрткү кылбаса. Ушундан улам мектептеги үрөй учурган окуяларды угуп, "балалык, урушуп кетишиптир, эртең эле "Бок - бок экинчи урушмай жок" дешип элдешип алышат" деп тим болушат. Мындай көйгөйлөрдү жараткан балакайлар "балалыктан" өтүп кеткендигин гана билдирүүдө. Мындай "разборкаларды" "криминалдык териштирме" деп айтууга батынбайсың, а бирок бири-бирин жок кылууга барып жаткандыгы криминалдыкка аралашкандыгы эмеспи? Кабыргасы ката элек жатып, бирин-бири өлтүрүп жаткан балдар эртең деле ушуну кайталаар.
Негизинен өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу өскөн шаарлар Бишкек жана Ош. Бишкектегидей эле Ошто да муздак куралдарды колдонуп мушташ-талаштар көп катталган. Бишкек ичинде № 37, № 38-мектептерде № 5-гимназияда, андан сырткары Жогорку окуу жайларында да байкалган, алардын бири Эл аралык Университет. Мындан эки жыл мурун дискотекада эки студент уруша кетип, орус бала кыргыз баланы курсакка бычак менен сайып жиберген. Кудай сактап, кыргыз бала аман калган, ал эми орус бала окуудан чыгып, кылмыш иши козголгон. Орус баланын ата-энеси жок, бир кемпирдин колунда өскөнү белгилүү болуп, кыргыз баланын ата энеси ишин сотко өткөзбөй коюшкан. Кыргыз баланын ата-энеси баласы жабыркаганына карабастан, орус балага боору ооруп эч нерсе кылышкан жок. А бирок элдин баары эле андай эмес да. Ар бир эле ата-энеге кыйналып жаткан баласын карап отуруу, бала жоготуу аябай оор келет эмеспи, ошондуктан анын кесепети ар кандай болуп калышы мүмкүн. Кээ бир ата-энелер өздөрү соттоп, экинчи баланы да өлтүрүп салышы мүмкүн.
Мектептердеги акыркы технологиялык жетишкендерди колдонуу менен гана билим берилбейт. Ошондой эле, жаңы эрежелер менен тарбиялоо жүргүзүлүүдө. Кыздардын кымбат баалуу соткаларын, сөйкө шакектерин чечип алуу - эң жөнөкөй көрүнүш болуп калган. Чоң класстардагы "братан", "сеструха" аттуулдардын ар түрлүү салыктарды да салгандары токтогон жок. Тоноочулар, же урушка чакыргысы келген "отвечалолор" негизинен башка мектептерден келишет. Азыркы күндө ар бир мектепте коопсуздук кызматкерлер иштеп калгандыктан, мектептин ичине бөтөн киши кире албайт. Бул мугалимдердин жоопкерчилигин да бир аз жеңилдетет. Коопсуздук кызматкерлери мектептин ичинде тартипти кармайт, ал эми көчөдө аларды эч ким тыя албайт, балким ушуга байланыштуу азыркы уруш-мушташтар көчөлөрдө өтүп калган. Андай көчөдөгү мушташтар үчүн аймактык ички иштер кызматкерлери жооптуу. Мугалимдер жоопкерчиликтен албетте качышпайт, бирок андай "разборкалардын астында алар алсыз болуп жатышат. Мектептердеги мугалимдердин басымдуу бөлүгү аялзат болгондуктан мушташып жаткан эркек балдарга алы деле жетпейт. Ошого карабастан мугалимдер жалаң гана окутуу-чокутуу процесси менен гана чектелбей, тарбиялоого да аракеттенишет. Ал эми окуучулардын көпчүлүгү, так айтканда эркек жамааты күндүзгү убактысын компьютердик клубдарда, контерстрайктарда, көчөдө колоктоп жүрүп өткөрүшөт. Кечки убактысын ата-энесинин акыл-насаатын угуп, маданий көрсөтүүлөрдү көргөндүн ордуна"боевик" кинолорду көрүп өткөрүүдө. Демек, кээ бир ата-энелерге караганда бала жөнүндө мугалимдер дурусураак билишет. Ал эми ата-эненин убактысынын көпчүлүгү жумуш болгондуктан, бала таалим - тарбияны мектеп жана көчөдөн алат. Ошол жактагы көргөн билгенин бала сөзсүз кайталайт, кинодон көргөнүн да кайталаган балдар да жолугаар. Болгондо да өтө ташбоорлук менен жасайт. Анын себеби, аң-сезими анча калыптана элек бала жасап жаткан нерсесинин аягы эмне менен бүтөрүнө түйшөлбөйт. Балдардын дүйнөсүнө, андагы тынымсыз жүрүп турган уруш-талаш мушташтарга, тоноочулукка ата-эне, же мугалимдер катышышпайт. Эгерде маселеге ата-эне, же мугалим кийлигишсе, ал бала сыйдан кетип, мектеп ичинде "козел" деген атка конот. Ал баланы балдарга кошпой, орусча айтканда ал бала "изгой" болуп калат, бул албетте ал баланын психикасына да терс таасири тийет. Демек, бул чогулган маалыматтар бир жак чети гана. Ошол себептен, мындай чөйрөдө калыптанып жаткан балдардын маселесине тереңирээк маани берип, үңүлүп, мектептеги тарбия, тартип маселесине коомчулуктун көңүлүн буруп, аны чечүүгө биз чоңдор аракеттенишибиз керек. Келечектеги кадрларыбыздын кыйласын биротоло толук жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ал үчүн бул маселелер мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, Билим берүү министрлиги баланын жагымдуу шарттарда тарбиялашына бар күчүн жумшап, жаңыдан тыңып келаткан ар бир атуул өлкөнүн келечеги экендигин эсине түйүп жүрсө жакшы болмок беле..
Ата - эненин ой-пикири:
Жакшылык Момунбаев, 5 баланын атасы:
- Балдарыңызды бирөөлөр сабап кетсе, эмне кылмак элеңиз?
- "Ар бирөөнүкү өзүнө ай көрүнөт көзүнө" демекчи мен ал баланы таап алып өзүн сабамак. Бир жагынан меники туура эмес болмок, а бирок аныкы туурабы?
- Милицияга кайрылып, аны башка жол менен деле чечүүгө болот да?
- Милицияңа акчасын берип кутулуп кетет, а менин баламдын шагы сынып калат, мен андайды каалабайм.
Садырова Калипа, 4 баланын энеси:
- Мектептеги рекетчиликти токтотсо болобу?
- Рекетчилик деген ар бир мектепте бар, чоңураак класста окугандар кичинекейлерге салык салып эле жүрбөйбү. Ал балдардын тартиби жоктуктан ошондойго барып жатат да. Ата-энеси тыйбайт да, колго чаап, кичине такалап койсо кантип эле токтолбосун.
Депутаттын пикири:
Кабай Карабеков, парламенттин депутаты:
- Аскерлердеги "дедовщинанын" катарында мектептеги рекетчилик да өнүгүп келатат муну токтотууга болобу?
- Бул көйгөй бүгүн эле пайда боло калган нерсе эмес, бул мурдатан эле тамырлап кеткен. Бардык нерсени токтотууга болот, бирок муну токтотуу үчүн чоң иш аракеттерди аткаруу керек. Балдарыбыз десек, балдарыбыз рекеттерге айланууда. Мурдагы жумадагы №38-мектептеги болгон окуя чектен чыккандык. Мектепти тегеректеп, терезелерин талкалап, канчалаган күнөөсүз балага жаракат алып келишкен Олимпиадалык резерв мектебинин балдарын катуурак кармаш керек болчу. Жадакалса милиционерлерди да сабап, токтонгон эмес. Аларды эскертүү атуу менен араң токтотушкан. Бул окуучулар эмес, бул эртеңки күндүн бандиттери. Бүгүн сабап, эртең башкасына бараарына шек деле жок калды. Муну "балалык рекетчилик" деп айтууга болбойт, бул "балалык кылмышкерлик" деп гана айтууга болот. Баарыбыз билгендей Олимпиадалык резерв мектеби көп финансыланбайт, жаш спортсмендерге тамак-аш жетишпейт, бирок бул себептер рекетчилик менен талап-тоноого жол бербеши керек. Башка мектептердеги окуучулар олимпиадалык резервдеги окуучуларга караганда байыраак турат дегенден алысмын. Бул балдар спортсмен болууга эмес, бандит болууга даярдангандай. Булар "криминалдык бандалардын" мүчөөсү болууга машыгып жаткандай. Бул көйгөйдү чечүү үчүн комиссия уюштурулду, анын ичинде "Жашы жетелек өспүрүмдөр боюнча мамлекеттик агенттигинин комитети", ИИМ жана дагы башка комитеттер кошулган. Буюруса бул көйгөй да чечилет дегенге толугу менен ишенем.

Мальвина Уметбекова