09.10.09 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Уулунун уятынан мукактанган… Ющенко
Виктор Ющенконун беш баласынын ичинен өлксүнө таанымал болгону улуу уулу Андрей. Киевдин Тарас Шевченко атындагы улуттук университетинин Эларалык мамилелер институтунун "катардагы" студенти студенттик эмес кадамдары менен айланасындагыларды айран - таң калтырган: кымбат ресторандарга тез - тез сапар, Киевдин чок ортосундагы чоң квартираны ээлөөсү, BMW M6 айдоосу, телефон Vertu... Андрейдин кылыгы Ющенконун прессага уулу кайсы кирешеге керилип атканын түшүндүрүүгө чейин жеткен.
"Уулумдун өз иши бар. Бизнес... бизнести белгилеп атам... бул чоң деле акча эмес, бирок автомобилдин арендасына, мамлекеттик эмес кызматтагы жансакчыларына төлөгөнгө жетет", деп Ющенко кайсы бир пресс - конференцияда мукактанган. Уул "жакшы" болсо ушул да!..
Кызы Виталина Ющенко саясатка жакыныраак: ал Украинанын президентинин алдындагы камкордук боюнча улуттук кеңешти жетектейт. Виктор Ющенко кеңешти түзүүгө жана анын жетекчилигине кызын коюуга өз колу менен токтом жазган.
Виталинага керемет аялзаты болууга жоопкерчиликтүү орун жолтоо болбойт. Ющенко айым "haute couture" кийиминин күйөрманы, өмүрлүк түгөйү Алексей Хахлев менен чогуу "жарык" кечелерде көп жүрөт.

мураскерлери
Байлыкты берди, бакытын бере албады
Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара бардык жагынан бар: саясат изилдөө борборун жетектейт, каратэде кара курдун ээси, ыр жазат, ырдайт.
Гүлнараны келишимдүү мүчөсү үчүн эле "чыгыш ханышасы" аташпайт, ал КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин уул - кыздарынын арасындагы бирден бир бай ханбийке. Ташкенттеги ири түнкү клубдар, ресторандар, дүкөндөр, ал гана эмес газ чыгаруучу өнөр жайлар, Ферганадагы нефть өндүрүү заводу, Бекабад цемент заводу, "Кредит Стандарт" банкы, "Кварц" айнек заводу так ушул ханбийкенин жеке менчигинде. Албетте, периште өзү болсо, байлыгын эл көзүнөн жашырып, булардын баарын төгүнгө чыгарып келет.
Гүлнаранын күчтүү эрки студент кезинен бери эле белгилүү. Өзбекстандын улуттук университетинде окуп жүрүп Гарвардга тапшырган да, эки жылда алуучу билимди бир жылдын ичинде сиңирүүгө үлгүргөн. Нью - Йоркто АКШ атуулуна турмушка чыгып, андан эки баланы жарыкка алып келүүгө да, зергер дизайнерлигин өздөштүрүүгө да жетишкен.
Бирок, президенттин бар турмушта бакыбат өскөн кызына үйбүлөлүк жашоо да жайыл дасторкон болуп жайыла бербеди. Баарына кубаты жетчүдөй көрүнгөн президент ата тагдырдын алдында кадимки көр пенде экен. Гүлнара айым Америка сотунун балдар атасына, топтогон байлыктын теңинен көбү да атасына деген токтомуна өмүрү бирөөгө баш ийип көрбөгөн мүнөзү менен моюн толгоп дипломатиялык виза менен балдарын Москвага алып чыгып кеткен. Ташкентке кайтып барган ханбийке зергер дүкөндөрүн катарынан ачып, эбегейсиз байлыкка ээ болду. Ал эми балдары Москвада билим алышууда: улуу уулу Ислам Бринат мектебинин окуучусу, кызы Иман Чоң театрдын алдындагы балет мектебинде.
Өзбек президентинин экинчи кызы Лола эжесиндей эл көзүндө эмес, көмүскөдө. Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү, жаш бизнесмен Тимур Тиллаевге турмушка чыгып, күйөөсүнүн фамилиясын алган. Бүгүнкү күндө Лола Тиллаева өзбек жетимдерине жардам берген "Сен жалгыз эмессиң" фонддун ишин алып барат. Көркөм гимнастика Федерациясынын да башында отурат. Ташкенттин чок ортосунда "Club24" түнкү клубу да Лоланыкы экенин айтышат. Бирок, эки ишмер эже - сиңдинин ортосунда бир туугандардыкындай эмес татаал мамиле түзүлгөн.
Президенттин биринчи никесинен Петр аттуу уулу да бар. Ал атасы менен апасы сыяктуу Петербургда билим алып, кийинчерээк Москвага көчүп кеткен. Кесиби экономист, Москвадагы ири банктын президентинин орун басары болуп эмгектенет.

Түркмөнбашынын арманы:
"Мекениңди мендей сүйө албадың…"
Түркмөнстандын каза тапкан түркмөнбашчысы Сапармурат Ниязовдун чоң уулу Мурат Ниязов (үйбүлөсүндө Володя деген аты бар) өлкөсүнөн кенедей кезинде эле чыгып кеткен. Петербургдан жогорку билимге ээ болгон улан андан аркы жашоосун дүйнө борборлорунун биринен экинчисине "секирип" улантып жүргөн.
Кызы Ирина 1990 - жылдардан баштап эле апасы Муза Соколова менен чогуу Москвада жашайт. Энесинин фамилиясын алып жүрөт. Мекенине кайтуу оюнда жок. Сапамурат Ниязовдун бийлигин уулуна тапшыра албаганынын да бирден бир себеби перзенттери өз өлкөсүнө сүйүүсү жок болуп жаралып калгандыгы.
Мурат Ниязов - түркмөн мыйзамына калыптап айтканда, түркмөнбашынын мыйзамдуу мураскору. Мурат Ниязов белгилегендей Гурбангулы Бердымухаммедов какшыган казан акыбалында мыйзамсыз такка отурду. Ал эми мыйзамдуу мураскер жаштыгын "зериктирбей ар кандай жаңжалдуу окуяларга кабылтып турган плейбой - картежник, финансы аферисти " репутацияга татып өткөргөнүнө ыраазы. Атасынын каршы чыкканына карабай толук кандуу түркмөн кызына эмес, татар кызга үйлөнгөн. Топтоп алган байлыгы жашоосуна кеңири жетет, эгер эле президент атасынын тушундагыдай бир кирген казиносуна 12 миллион доллар калтырып чыгуусун токтотсо. Учуп - күйгөн өткөнүндө Мурат экспорттоо операциясын: тамеки жана алкоголь ичимдиктерин Түркмөнстанга жеткирүүнү жүргүзгөн, Москвада жана Тбилисиде менчик казиносун ачкан. Көптөгөн бизнесмендерди нефтибизнесин өнүктүрүп берүүгө көмөгүн көрсөтүү тууралуу "жомогун" айтып, ири суммага "сындырган". Украинанын нефтигазга төлөгөн карызына алган курал - жарактарды Пакистанга саткан деген да аңыз кептер бар. Сапармурат Ниязов өмүрүнүн акырына чейин адашкан уулун тактысына мураскерлердин катарынан чийген эмес. Эсине кирип, мекенине кайтып келет го деп күткөн көрүнөт. Бирок, бир гана Мурат эмес, өлкөдөн кеткен башка балдары да кайрадан атасы башкарган династияга кайтууну каалашпаган. Учурда Мурат тынбаган "саякатын" жыйыштырып Москвадан орун - очок алды. Мурдагы түркмөнбашынын уулу эч кимден жашырынбаган, алды - артынан сактанбаган кенен жашоону тандап алган. Бир гана милдети - түркмөн бийлигине каршы кеп чыгарбоо.
Маркум түркмөнбашы мекенин сүйүп, жетимдерине кайрымдуу ата болуп, элине байгерчилик заманды орнотууга жан үрөсө дагы уулдарын мекенин сүйүүгө тарбиялай албады. Көрсө, башка нерсе генден берилген менен ушул нерсе берилбейт тура.
Экинчи президент Гурбангулы Бердымухаммедов өлкө башчыларынын ичиндени жеке жашоосун караңгылап сыртка бир шоола жибербей бекем сактаган президент. Ушул убакка чейин анын үйбүлөсү тууралуу маалымат алууга кичинекей да илинчек табылган эмес.

Кофеге айланган ханзаада
Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин жаап - жашырынбаган, эл көзүнө ачык көрүнгөн эки уулу бар. Улуусу Марат Бакиев өз кызматын аркалайт, аты көп да аталбайт. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиевдин өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү ийгилик коштогон бизнеси парламенттин депутаттарынын, оппозиционерлердин уйкусун качырганына көп болду. Анын аты ар кандай "тайгаланма" окуялардын байланышында, өлкөнүн ири маммекемелеринин жана ММКларынын жеке менчикке өтүүсүндө көп эске салынат. Ал турмак орусиялык олигарх Борис Березовскийдин Кыргызстанга болгон жашыруун сапарын да Бакиевдин кичүү уулуна "байлап" коюшту. Олигархты Манас аэропортунан Максим тосуп алып, Ысык - Көлгө жеткириптир дешти. Максим болсо ар кандай айып тагууларга "көпчүлүк меники деп ойлоп жүргөн жогорку кирешелүү компаниялар чындап эле меники болсо кана..." деген жооп айтат. 2006 - жылы Латвиядагы Maval Aktоvi фирмасы латвиялык белгилүү бизнесмен Валерия Белоконго жана кыргыз ишкери Максим Бакиевге таандык болуп каттоодон өткөндүгү белгилүү болгон. Белокон 2000 - жылдан бери Максим менен биргеликте көптөгөн бизнес - проектилерди түзүшкөнүн төгүнгө чыгарбайт, алардын басымдуу бөлүгү нефть, газ, Россия, Казакстан, Түштүк Америка, Украина, Африка кыймысыз мүлктөрү. Maval Aktоvi Латвия, Россия жана Болгария кыймылсыз мүлктөрүнө каражат топтошот, Kimmels Латвия пиво чыгаруучу заводун заманбапташтырууга аракет кылышууда. Бул проектилерде 25 млн долларга чамалаш сумма каралган. Белконь да, Максим да бизнестин экзотикалуу түрүнө ык салышат. Буга Европа футболисттерин сатуу жана сатып алуу кирет. Максим ММКларга бир боор Кыргызстанында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө оппозиция мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын бир канча ирет жарыялады. Ал эми президент атасы парламенттин суроолоруна жооп берип жатып, кичүү уулун Москвадагы дипакадемияга мекениндеги көрө албастардын көзүн күйгүзбөй эле жөнөтүп жиберүүнү каалай тургандыгын жүрөгүнөн моюнуна алды.

Гүлмайрам Турусбекова