09.10.09 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
5000 сом номиналындагы 579 миң 177 акча жүгүртүүдө
Биринчи сентябрга карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күнү 5000 сомдук 579 миң 177 акча жүгүртүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын төрага орун басары Заир Чокоев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусуна таяна турган болсок айлантууда жүргөн 5000 сом номиналындагы купюранын суммасы 2,8 миллиард сомду түзөт. Бул жалпы айлантууда жүргөн сумманын 9 пайызын түзөт. "Акыркы сурамжылоо көргөзгөндөй 5000 сом номиналындагы купюралар калктын кеңири колдонуусуна кыйналбай эле өтүп кетти. Соода жүргүзүүдө бул номиналдагы купюра колдонгонго ыңгайлуу жана ири көлөмдөгү соода кылууда дагы бир топ ыңгайлашкан", деп кошумчалады З.Чокоев. Улуттук банктын нак акчаны башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Кылычевдин айтуусунда жакынкы күндөрү 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы жаңы купюралар колдонууга берилмекчи. Буга чейин 5 сом өлчөмүндөгү тыйындар колдонууда жүргөн болсо, эми 10 сом көлөмүндөгү жаңы тыйын дагы колдонууга чыгып калышы күтүлүүдө,-деп кошумчалады К.Кылычев.

Кыргызстан 120-орунда
Кыргызстан жашаган элдердин турмуш деңгээли боюнча тизмеден 120-орунга татыктуу. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун "адамзаттын өнүгүүсү-2009" докладында айтылат. Ал докладка ылайык жашоо шарты эң жогорку мамлекеттерге Норвегия, Австралия, Исландия, Канада жана Ирландия кирген. Алтынчы орунда Нидерланды, жетинчи орунда Швеция. Франция менен Швейцария 8-9-орундарды ээлешкен. Ал эми Япония мамлекети ондукту толуктады. АКШ бул жолу жашоо шарты эң жогорку 10 мамлекетин катарынан орун алган жок. Мурдагы советтер Союзунун курамындагы мамлекеттерден жашоо шарты эң жогору деп Эстония (40-орун), Литва (46-орун) жана Латвия (48-орун) эсептелинди. Бул тизмеден Россия 71-орунда болсо, Казакстан 82-орунга көтөрүлгөн. Коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстан 119-орун менен 127-орундан орун алышты. Белгилей кетсек СССР тарап кете элекке чейин бул тизмеден 50-орунду алган.

Б.Шамшиевдин детектив фильми тартылып бүтөт
Кыргызстандын белгилүү режиссеру Болот Шамшиевдин "Жаңгак токоюнун ээлери" (Призраки орехового леса )аттуу детектив фильми тартылып бүтүү алдында турат. Азыркы тапта кино тартуучу топ Жалал-Абад областында жүрүшөт. Андан соң алар кино тартууну Москва жана Казакстандан улантмакчы. "Кыргыз тилиндеги бул толук метраждуу фильмдин монтаждоо иштери ушул жылдын акырында аягына чыгып, келерки 2010-жылдын башында көрүүчүлөргө тартууланып калат. Фантастикалык элементтер камтылган бул фильм режиссердун буга чейин тарткан "Волчья яма" тасмасынын уландысы болуп саналат",- деп айтты кинематография департаментинин директор орун басары Урмат Айталиев.

2010-жылы бийликти камсыздоо үчүн 1 миллиард сомдон ашуун каражат керек
Келе жаткан жылы Жогорку Кеңеш менен президенттик администрацияны камсыздоо үчүн 1 миллиарддан ашуун сом керектелет. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев коммунисттер фракциясынын жыйынында айтты.
Анын айтуусу боюнча 2010-жылы президенттик администрациянын корото турчу акчасынын суммасы 830 миллион сомду, ал эми парламенттики болсо 359 миллион сомду түзөт. Депутат И.Масалиев Финансы министрлигинен Жогорку Кеңеш жана Президенттик администрацияга коротула турган акчанын көлөмүн азайтууну сунуш кылды. "Аймаганды токтотуу керек. Ал эми финансы министрлиги 2010-жылдын чыгашасын карап жатканда муну дагы көңүл сыртында калтырбоосу керек", - деп Финансы министринин орун басарына кайрылды.


Карысы бардын, ырысы бар
Карылар күнүнө карата Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети 100дөн ашык кары адамга 1000 сом өлчөмүндө материалдык жардам берип, жана камкордук кылуу бир айлыгынын алкагында аларды акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү уюштурушту.





Ким?
Юрий Фрик: ТЭЦ тешилди
Бишкек шаардык ТЭЦинин техникалык абалы 90 пайызга эскирген. Бул тууралуу ТЭЦтин директору Юрий Фрик "24.kg" агенттигине маалымдады. Анын айтуусуна караганда ТЭЦтин техникалары совет доорунан бери иштеп, алардын эксплуатациялык мөөнөтү мурда эле бүткөн. ТЭЦти толук түрдө реконструкциялоого 300 миллион доллар каражат талап кылынат. Бирок, мындай каражаттын жакын арада табылышы кыйын, жана ага үмүт этип отуруунун дагы кажети жок. Бүгүнкү күнү ишкананын жумушчулары эскилиги жеткен техникаларды кайра-кайра оңдоп убара. 2009-жылы көгүлтүр отунга болгон баанын кымбаттыгынан улам ТЭЦ газы жок калды. Бирок, жылуулук борборунун иштешине бул жолтоо болбойт. Юрий Фриктин айтуусунда ТЭЦке бүгүн 36 миң тонна мазут сатып алуу пландаштырылып жатат. Ал эми көмүргө келе турган болсок, шаардыктардын үйүн кышы бою жылуулук менен камсыз кылуу үчүн 550 миң тоннадан ашуун көмүр керек. Бүгүнкү күнү ТЭЦтин резервинде болгону 210 миң тонна гана көмүр бар.
Болотбек Ногойбаев: Кыргызстандын 1%ы наркоман
"Кыргызстандыктардын 1%дан ашыгы наркоман",- деп белгиледи наркотикалык заттын алдын алуу боюнча агенттиктин директору Б.Ногойбаев. Анын айтуусу боюнча Баткен жана Нарын областарынан башка областтарды маң затка көз каранды болгондордун саны дайым өсүүдө. "Расмий булактарды карай турган болсок, наркологиялык каттоодо тургандар Кыргызстан боюнча 9 миң 100 кишини түзөт. Бирок, чынында бул көрсөткүч мындан дагы бир кыйла жогору",-дейт агенттиктин директору. Наркотикага болгон баанын өскөндүгү дагы байкалып жатат. Бул болсо агенттиктин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кылып жаткан ишинин натыйжалуулугунан кабар берет. Алар наркоткалык заттардын ээн-эркин сатылышына бөгөт коюуда,- деп кошумчалады Б.Ногойбаев.


Эмне?
Кыргыздын Гиннес китеби
Биринчи жолу "Кыргыздын гиннесс китеби" электрондук версияда интернет желесинен орун алды. Китеп алгачкы жолу кыргыз тилинде 2008-жылы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору тарабынан чыгарылган. Китептин түзүүчүсү кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу жана журналист Ысмайыл Кадыров. Китеп 500 нуска менен чыккан. Эми минтип Кыргыздын Гиннес китебине кызыккан окурмандар интернеттен эле китептин мазмуну менен таанышып, Кыргызстанда дагы дүйнө жүзүн таң калтыра алган адамдар бар экенине күбө боло алышат.
"Нооруз" майрамы ЮНЕСКО тарабынан коргоого алынды
Кыргызстанда эле эмес башка чет мамлекеттерде да майрамдалып келген улуттар аралык "Нооруз" майрамы ЮНЕСКОнун адамзаттын маданий мурасы тизмесинен орун алды. Мындай чечим үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында уюмдун адамзаттын маданият мурасы комитетинин IV сессиясында кабыл алынган. "Нооруз" майрамын ЮНЕСКОнун адамзаттын маданий мурасы тизмесине киргизүү үчүн бул майрам майрамдалган өлкөлөр (Иран, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан жана Түркия) керектүү документтерди даярдап, комиссиянын кароосуна жиберишкен.
Белгилей кете турган болсок, адамзаттын маданий мурасы тизмесин дүйнө жүзүндөгү уникалдуу 166 шедевр түзөт. Алардын катарында Кабуки театры (Япония), каллиграфия исскуствосу (Кытай), Сицилиялык куурчак театры (Италия), Камбоджанын падыша операсы (Камбоджа), танго бийи (Аргентина) жана башкалар кирет.
Кыргызстан маданий мурас тизмесинен ушуну менен экинчи жолу орун алып отурат. Буга чейин 2003-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын маданий мурасы тизмесинен өзүнүн эң кайталангыс түрдүүлүгү менен "акын, төкмө акын жана манасчы өнөрү" аталган тизмеге киргизилген. Кыргыздарга таандык болгон бул өнөр өзүнүн оригиналдуулугу менен чет элдиктерди таң калтырып келет.


Кайда ?
Бишкекте
туберкулез дарты өспүрүмдөр арасында өсүүдө
Бишкек шаарында 2009-жылдын 9 айында өспүрүмдөр арасында туберкулез менен ооругандардын саны 1,6 пайызга өскөн. Бул тууралуу милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу жана дарылоо-профилактикалык фондунун Бишкек аймактык башкаруу ишинин жыйынтыгында айтылды. Жыйынтык боюнча 2009-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында туберкулез дартына чалдыккандардын саны өткөн жылдын деңгээлиндей. 100 миң кишиге 81,3 оорулуу адам туура келет. 731 адам бул илдетти жуктуруп алган болсо, алардын 79у жаш балдар, 42си өспүрүмдөр.
"Туберкулездон көз жумгандардын саны 1,4 пайызга азайып, 100 миң кишиге 6,4 киши туура келип, көз жумгандар 58 киши. Шаар тургундарынын 71 пайызы флюорографиядан өткөн. Жыйынтык боюнча 2 миң 564 адамда туберкулез бар болуп чыкты",-деп айтылат милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу жана дарылоо-профилактикалык фондунун Бишкек аймактык башкаруу ишинин жыйынтыгында.
Бишкекте жөтөлгөндөр көбөйдү
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында борбор калаада жөтөлгөндөр дээрлик 4,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу борборунан маалымдалды. Муну менен катар Бишкектиктердин арасында эхинококкоз менен ооругандардын саны 3 пайызга көбөйгөн. Ошол эле убакта бактериялык менингит оорусуна чалдыккандардын саны 1,9 эсе азайса, паротит менен жабыркагандар 6,8 эсеге азайды. Иче-карын оорулары 31 пайызга, гепатит 10 пайызга төмөндөдү.


Качан?
2014-жылы бүтөт
Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун бөлүнгөн атайын аймактарын оңдоп-түзөө иштери (булар 75 км) 2014-жылы бүтөт. Бул тууралуу Коммуникациялар жана транспорт министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаев маалым кылды. Бул ишти иш жүзүнө ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар бөлөт. Алардын 22 миллиону грант түрүндө берилсе, калган 28 миллиону кредит түрүндө бөлүнөт. Кредит катары бөлүнгөн каражатты 32 жыл аралыгында кайтарып берүү керек. 32 жылдын 7 жылын 1 пайыздык жеңилдетилген түрдө төлөөгө туура келет. Статс-катчы белгилегендей эгер Кыргызстан тарап менен Азия өнүктүрүүү банкынын ортосунда бул келишим түзүлүп кала турган болсо, анда Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо иштери 2010-жылы башталып калышы керек.
10 миллиард сом болсо Камбар-Ата - 2 ишке кирет
Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКтын башкы директор орун басары Пулат Иманов маалым кылды. Анын айтуусуна баам сала турган болсок бул каражатты кредит түрүндө табуу керек. "Кыргызстанды өнүктүрүү фонду 100 миллион бөлүүгө даяр. Бирок, бул үчүн ага күрөө коюу керек. Камбар-Ата ГЭСин куруу жана аны ишке берүү тууралуу" мыйзам буга жол бербейт", дейт П.Иманов. Ошого карабастан каражат бөлүнүп кала турган болсо Камбар-Ата ГЭСинин биринчи агрегаты 2009-жылдын аягына чейин ишке кирип калат деп кошумчалады. Орун басар белгилегендей улуттук долбоорду тез аранын ичинде ишке ашыруу зарыл. Өзбек тарап жаңы электр линиясын куруп бүтүп калгандыгына байланыштуу Кыргызстан менен Казакстандын орток энерго ситемасынан "Өзбекэнерго" чыга тургандыгын расмий түрдө жарыя кылды. Ушундан улам Кыргызстандын түндүгүнө электр тогун берүү кыйла төмөндөйт. Ошондуктан Камабар-Ата - 2 ГЭСин ылдамыраак ишке берүү керек,- дейт Пулат Иманов.