09.10.09 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Адабият

Өкүттө калган
сүйүү
Душмандан абадан кол салуусунан коргоочу ракеталык бөлүктө жоокердик милдет өтөп жүрсөм, аскердик командования тарабынан туулган жерге барып келиш үчүн, он күндүк кыска мөөнөттүү отпуска берилип, жолго чыктым. Колумдагы жолдомонун негизинде темир жол вокзалына келсем, Фрунзе (мындан ары Бишкекке) барчу поезд жаңы эле жөнөп кеткенин айтышты.
Кийинкисин күтпөстөн, Москва-Ташкент маршруту менен Арыс станциясына жетип, андан ары дагы -"Кудайдын салганын көрөйүн", деген ниет менен үйдү көздөй сапар тарттым. Шашсаң эле жол арбыбайт. Поезд темир дөңгөлөктөрүн такылдатып, убакыттын өтүшүн эсептегенсиген добушу гана, шашпа... шашпа... жетесиң... жетесиң... так-така-так... така... так... дешип, көңүл жоотконсушат... Бала болуп эс тартканы туулган үйдөн алыстабай жүрүп эле бир жарым жыл алыска, армиялык кызматка кетип калыш мен үчүн оор эле болуучу ошондо. Жол узарып, барган сайын ата-энемди сагынуу кусалыгы артып барат, андан дагы тоолор, кадимки эле кыргызымдын ак кар баскан аскалуу тоолору, кийинки кездерде байма-бай түшүмө кирчү болгон.
Оо кусалык!... Алыстан дүмпүйүп бир жер көрүнсө, азыр эле опол-тоо болуп кетчүдөй элестейт... Кичинекей дөңсөө болсо эле, көзгө өзгөчө сүйкүм көрүнөт. Элди-жерди сагынуу эмне экенин ошондо түшүнө баштаган экемин... Арадан эки күн өтүп, Арыс станциясына түнкү саат төрттөр ченде жетип токтодук...
Перронго чыксак эшик суук, ноябрь айынын баш чени болсо да кар кылаңгыр жаап, аба нымдуу, бети-башты каарып тызылдатат. Байкасам , Кыргызстанга кетчү кишилер жоон топ болуп перрондо, вокзалдын кеңсесинин ичи-тышында ары-бери басып жүрүшөт. Поезддин каттоо ирээти боюнча Бишкекке кетчүсү эртең менен саат 10до өтөт экен... Аны көрүп алып ого бетер менин ындыным өчүп, шаштым кетти.
"Тезирээк өтсө эмне болот эле?!" - деп ичимден күңгүрөндүм. Аңгычакты арыз-муңумду уккан өңдүү кайдан-жайдандыр бир "Пазик" автобус вокзалдын караңгы тарабына токтоп, - "Бишкекке ким кетет?!"- деп шоферу кыйкырып салып жиберпеспи... Кудай мындайды бербеспи тыз коюп, биринчилерден боло эшигине жетейин деп баратсам, "солдатик", помоги пожалуйста!",- деген ичке үн каптал жактан чыккандай болду, карасам, кичинекей бою бар, башын ылдый чоң жоолук менен чулгана, думбаланып алган бир кемпир колундагы түйүнчөгүн көтөрүшүп койчу деп жардам сурап жатыптыр... Түйүнчөгү да бир топ оор экен, анысын жерден ала коюп каруума сала көтөрдүм да, кемпирди "артымдан калба" - деп, автобуска жүткүндүм.
Эл былкылдап, тез эле салон толуп кетти. Араң дегенде тиги "тырмактай" кемпир экөөбүз эптеп-септеп жатып арткы эшиктин тепкичине илиндик, эшик да дароо жабылды. Жүргүнчүлөрдүн бир канчалары батпай, ызы-чуу бойдон эшикте кала беришти.
Ошентип автобус Бишкекти көздөй сапар тартты. Кышкы жылуу кийимчен элге шыкалган салондун ичи нымдуу абага, ар кандай жытка толуп, толук дем ала албайсың, ичи караңгы, бири-бирин жактырышпай сөгүнгөндөрү канча. Эшиктин кире беришиндеги тепкичте туруп келе жаткан кемпирди аяп кеттим, себеби мен ичкериректе элем.
"Бабушка, давайте поменяемся местами" ,- дедим орусчалап - "Чтобы вам стоять было удобно". "Спасибо!",- деген жооп айтты, экөөбүз быш-күш болуп жатып араң дегенде орундарыбызды алмаштырдык...
Бир топ жүрдүк, жол арбууда...
Аскерде жүрүп, тикесинен турган боюнча, атчасынан уктап деле эс алып, уйку кандырган көнүмүшкө салып, бир саамга көз ирмеп алдым... Таң куланөөк салып, жерге жарык кире баштаптыр. Айланамда туруп келе жаткан адамдардын өңүнө көз чаптыра баштадым. Мүмкүн тааныштар жолугуп калабы деп үмүт эттим.
Оппа!... О, эй! Жанымда турган тырмактай кемпир... Кыз бала экен!!! Мына сага!... Бабушка!!! Кыз болгондо кандай дейсиңерби?!.. Чүрөк!... Ай чүрөк!!!
Ал тикесинен турган боюнча көздөрү жумулуу, кичинекей болгон кош таноосу билинер - билинбес серпилип, коюу кара каштары чийип койгондой суналат, кирпиктери төгүлө жыш. Жүз албырып, жаш баланыкындай борсойгон эриндери чала кымтылган боюнча эч нерседен капарсыз уйкуга берилген шекилдүү. Ысыганда артка тартып салган тыбыт жоолугун алдынан тармалданган кара көкүл саамай чачы кылаят. Өзүнө бир ажайып көрүнүш... Мадонна!.. Жүрөгүмдү ысык бир нерсе куйкалап кеткенсиди, тызылдай түштү... Ошондо турган турпаты мага бир жомок кино көрүп жаткандай туюлду. Жүрөгүм элжиреп кетти! Күндө көрүшүп жүргөн жакынымдай сезим пайда болду... Бирөөлөр аны менден мурда ойготуп жиберчүдөй кызганып, "бабушка"... "бабушкалап", араң чыккан үн менен быйтыйган мурунунун учуна сөөмөйүмдү тийер - тиймексен кылып ойгото баштадым...
Мына кыймылга келип, чымындан корунгансып мурдун ала кача баштады. Ал анан бакырайта ботонун көзүндөй болгон көздөрүн ачып, ирмеп - ирмеп алды да бир саамга мостоё түштү, мени карап жылмайып, "ой, солдатик... это вы?!", - деп жагымдуу үнүн чыгарды...
"Ооба! Менмин, атың ким бийкеч?! Менин атым Абды, кел таанышып алалы, мүмкүн болсо?" - деп демейдегиден тышкары бежиреп жибердим эмнегедир.
- Алфия, - деди көздөрүн дагы бир ирет ачып - жумуп.
- Кандай жагымдуу ат, кечиресиз... мен... жанараак, караңгыда... силерди байкабай эле... чоң эне деп... гмм... - өзүмдүн болгон дилимди айтып актана баштадым, бир чети сулуулугунан сүрдөп да кеттим окшойт.
- Аа, эч нерсе эмес. Бизде Россияда суук, апам эле ороп - чулгап туруп поездге салып жиберди. Чоң энеге окшош экенминби?! Чын эле окшошсом керек, - деп апакай тиштерин көрсөтө күлүп койду.
Экөөбүз илгертеден тааныш адамдардай эле болуп бирде катуу, бирде шыбыр - күбүр болуп, кээде күлүп, каткырып келе бердик. Эх, ушундай мезгилдер чексиз болсо! Жаштыктын күчүбү, менин ага деген чын сезимимди айтып салдым. Ушул убакытка чейин бир топ эле токтоо болчумун. Эмнегедир бул жолу калбаат боло алган жокмун, "айтып сал! Кечигесиң"-деп, денемдин ички көңдөйүнөн бир күч мени мажбурлап жатты.
- Алфия!
- Аа, эмне дейсиз? Жоокерчем! - капкара көздөрү бакыраят.
- Сен мага жагасың чынымды айтсам, мен сени жакшы көрүп калдым! - андан да чукул сезимимди билгизүүгө даярданып, комдоно кеттим.
- Аа, сен деле мага жагып турасың, Жоокерчем!
- Сен тамаша көрбө Алфия! Мен чын ниетим менен! А, мен сени сүйүп калдым! өөп-жыттап жиберүүгө эмнегедир чамам келбеди, жооштуктун айы болсо керек.
- Аа, мен дагы! - ал негедир селт этти. Менин айткан сөздөрүмдүн тамаша эмес экенин эми түшүндү, жоодураган бото көздөрү коюуланып, эки бети албыра түштү.
- Анан Аа, сен, чын элеби?... Ушундай да болчубу тез эле?... Мага эч ким мындай сөз айта элек эле... Мен тамашага чаптырып эле... гм... Кечирип кой Абды... Мен ойлонушум керек... Аа... Бир көргөндө эле ушинтип айтабы?...
Деги билбей калдым... Анын көздөрүндө чындыгында эле наристе сүйүүнүн биринчи учкундарыбы, жаш кылгыра башын буруп, терезени тиктей кетти...
Адам баласына чанда келүүчү жооптуу күтүүсүз мезгилдин секунддары, тыкы-тыкы-тыкы этип шаштыра согуп жатты. Жүрөктөр кагуусун тездетип, кулак чуулдайт. Автобус ичи толтура кишилердин ичине жалаң гана Алфия экөөбүз гана тигилишип тургандай сезилет мага...
- Алфия
- Аа...
- Алфия, ишенсең?... Сени сүйүп калдым!...
Мен эми андан башка эмне дээримди билбей, сөзүмдүн баш-аягын таппай калдым... Эриндерим кебездей жумшарып, бир жагына кыйшайгансып, өзүмдү укпай калгандай сезилди.
Автобус өз сапарын улантууда... Талыкшыган эл үнсүз... Кээ бири биздин сөздөрдү укса да, укмаксанга салышып "дагы эмне болуп кетээр экен" дегендей тымпыйышат. Биздин дүйнөбүз тарып, бири-бирибиздин кыймыл-аракетибиз, сүйлөшкөн сөзүбүз экөөбүз үчүн гана болуп, башкалар дүлөй, сокурлардай сезилип жатты.
Биз экөөбүз башка мейкиндикте сүзүп бараткандай туюлду мага...
Бири-бирибизге тирелише келе жаттык, колдорун кыса кармап, жоодураган көздөрүнөн көзүмдү албайм... Ал тиктейт... Мен да тиктейм... Купуя жылмаят... Денем чымырап, жүрөгүм дүк-дүк... күрөө тамырлардын зырп - зырп эткени кулакка угулат...
Алфия болочок фельдшердин окуусунда экен, быйыл бүтүүчү жылы. Мамлекеттик практикасын өзүнүн туулуп - өскөн Казан шаарында өткөрүп, кайрадан окуусун улантуу үчүн Бишкекке келе жатыптыр. Эки иниси мектепте, атасы аскер кызматында, а энеси болсо мугалим. Кыскача ушундай таржымалы деле жөнөкөй. Бишкекте окуп калганынын себеби бул шаарда аталаш туугандарыныкында жашап, ошолорду караан тутат экен.
Автобус шаарга кирип келди.
Экөөбүздүн таанышканыбызга күбө болгон бул кичинекей сары автобус көзгө алда - немедей жакшы көрүнүп, биз түшүп калган аялдамадан ары узай көчөдөгү ары - бери ызылдап өтүп жаткан машиналар агымына аралашып көрүнбөй калды. Биз келдик. Бир саамга айланага көз чаптырдым. Баягы шаар, баягы адамдар баарынын өңү тааныштай. Мени карашып, "Ии... Оии... Армиядан келип калдың беле?" дешип жылмайышкансыйт. Туулган жердин абасы да бир башкача болот экен! Өзүмөн өзүм жылмайып, жанымдагы мөлтүрөгөн сулуунун жанында кол кармашып турганыма жетине албай турдум! Шаар ичинде кыламык кар жатат. Кээ бир жерлери кары жок ала - телек, күн бүркөк, суук болсо да мага күн ачыктай, жылуудай сезилет. Сүйүүнүн күчү болсо керек. Тээ нарыда мен сагынган тоолорум ак карды жамынып, заңкайышат. Кандай гана керемет! Ушинтип толкунданып турганымда:
- Абды, биз эми кандай кылалык, - деген Алфиянын үнү мени өзүнө каратты, карагаттай көздөрүн менден албай күлүңдөйт.
- Эми мындай, сени үйүңө жеткирип, байке - жеңеңдин колуна тапшырып коёюн, же болбосо жоголуп кетесиң, - деп тамашалай ал жашаган көчөнү көздөй ээрчише бастык. Ошентип он күндүк отпускам да кандай өтүп кеткенин билбей калдым... Экөөбүз барбаган кино, театр, концерт калган жок... Чоң ташка лыжа базасына чейин жетип жылгаяк тээп... байке - жеңеси менен да таанышып жибердим. Жаштык, мастык. Эх! Чиркин!..
... Сүйүү бизди курчап алды...
Кайрадан аскердик милдетти аткаруу... күндөр өтпөйт... Күткөнүм кат... кат... кат келет, алам, кат жазам, кайта күтөм... күн санайм...
Аскердик машыгуу, мамлекеттик абадан кол салуудан коргонуу полигону...
Ашуулук... Каспий деңизинин жээги...
Кадимки эле согуш абалындагы деңгээлде ракета атуу... ашыгымды көрүүчү күн жакындаган сайын жүрөгүмдө тынчтык жок. Түндөсү кирпик какпай таң атырам. Түйшүктүү күндөр да болду. Кусалык... сагынуу... кат - кабар да жок... Кайдагы кат?
... Каргаша басып аскердик машыгуубуздун мөөнөтү созулду да калды. Эмнегедир убакыт казактын кең талаасындагы бархандарга басылып, кум шилеп калган өңдүү, жылбайт... Күндүзү ысыктан жумуртка бышат, түнкүсүн суук, суу үстүндө муз кылаңгырлайт.
"Өлүмдөн башкасынын тездиги жакшы", деген сөздүн калети жок белем, акыркы сынакты "5" деген баага татыктуу болуп, июль айынын биринде Москванын бир аэропортуна жеттим. Бишкекке учуучу рейске - самолетко билет алгандан кийин гана өзүмдү бир көп жылдык туткундан кутулгандай сездим.
Бирок Алфия менен болжошкон убакытдан минтип бир айча кечигип бара жатканыма жүрөгүм дүпөйүл. Ал экөөбүздүн шартыбыз бар, быйыл окуусун бүтүп шаардагы кайсы бир ооруканада кесиби боюнча иштемекчи, мен армиялык мөөнөттү аткарып келип, айыл чарба институтуна өтүү, анан экөөбүз баш кошуп келечекте үйбүлө күтөбүз деген... Ал азыр кайда болду экен?.. Башым маң... Акыркы эки айдай аскердик машыгууга байланыштуу кат жазып жооп алалбай калганмын. Самолеттон түшөөрүм менен эле таксиге отурдум, каякка дегенсиген шофердун баш жаңсаганына, "Московский менен Жаш Гвардиянын кесилишине айдаңыз", дедим.
Шаар үп, чагылгандуу жаандын кара булуттары тээ түштүк - батыш тараптан аскалуу тоолорду чулгап, бөксө тоо кыркаларын каптай күңгүрөнө, жерди астын - үстүн кылып сапырып жиберчүдөй сүрдүү жылып, жакындап келе жатат.
Жаратылыштын бул кубулушун байкап, эмоцияга берилдим окшойт, денем жыйрылат. Бир укмуш нерсе болчудай денем таштай түйүлүп, жүрөгүм алеп - желеп, жаман түш көрүп жатып чоочуп ойгонгонсуйм. Өзүмдү алаксытып, алдыда боло турган жолугушууну эстеп, көңүлүм чайыттай ачыла түштү.
(Уландысы кийинки санда)
А. Ажыкулов, Кызыл-Суу айылы