09.10.09 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Акыры "уурулугумду" мойнума алдым
Минтпеске чара жок болуп калды. "Кыңыр иш кырк жылда" деген кыргыз макалынан качып кутулуш мүмкүн эмес экен. Айла жок. Эл сөзүн элебей, топону менен кошо баскан аты уйкаш гезит экинчи жолу Дүйшөнбек Дөкөнбаевдин "Архат" романыма койгон доосун жарыя кылганда, аны болсо "Агым" гезитинде (02.10.09) акын Омор Султанов аргымак сүрөгөндөй сүрөп чыкканда чынында эле айлам кетип калды. Итчилигимди мойнума алып, кетирген кемтигимди оңдоштон башка арга жок. Куру сөз болбосун үчүн бул эки аксакалдын (мындан ары Оморду "Омоке" деп Дуйшекени "Дүкө" деп урмат менен атайын) мага койгон күнөөлөрүн бирден терип мойнума алайын. Эгерде Омоке менен Дүкө айкөлдүк кылып мени кечирсе, мунапыз берсе деген аракетим. Бербесе - айла жок. Бирок баары бир сынчыларымдын мага койгон конкрет күнөөлөрүн гезит окуучулар бүдөмүк болбой, таасын түшүнсүн дедим.
Анда эмесе биринчи уурулугум:
Тибет монастырына окушка өтүүнүн илгертен келаткан эрежеси боюнча жаңы келген ар бир бала монастырга кирээрден мурун анын дарбазасынан кырк кадам аттап барып үч күн үч түн "Лотос" порумунда (малдаш уруп) отуруш керек экен. Максат - баланын окууга болгон эркин сыноо!
"Архат" романымда мен кашайгыр ал эрежени дал ошондой жазып салыпмын. Окуп көрүңүз: "Архат" романы 39-бет, аяккы абзац:
"Дарбазадан ары кырк кадам аттап барып малдаш уруп "Лотос" порумунда храмды карап жерге отургунуң. Былк этпей күнү - түнү отур".
Монастырдын кызматкеринин ушул илгертен канондошкон типтүү сүйлөмү "Третий глаз" деген китептеги дал эле ушундай кырдаалда айтылган сүйлөмгө опокшош болуп калыптыр. Мени Кудай урган да!
Бул уурулугумду моюнга албай кайда барат элем?!
Ошондуктан, эгер Омоке менен Дүкө улуксат берсе ("Архаттын" үчүнчү басылышы жүрүп жатат) бул фразаны мен оңдоюн. "Дарбазадан ары кырк кадам" дегенди "отуз кадам" деп оңдоюн. "Күнү-түнү" дегенди "күндүз эле" деп түнүн алып салайын. Антпесем болбой турган.
Андан кийинки, 43 - бетте дагы бир опокшош сүйлөм кетириптирмин. Анда Адилет түнү таңатканча отуруп, эртең менен турайын деп обдулса буттары уюп калып тоңкосунан кетет да, жер таянып калат.
Мен муну: "Адилет алдыга обдулам дегенде, тоңкосунан эмес, чалкасынан кетип, каракушу менен жерге чабылды" деп оңдодум. Арийне, Омоке менен Дүкө буга макул болоорун же болбосун билбейм.
Омоке менен Дүкө кармап алган үчүнчү уурулугумду ("Архат" 119-бет) окуганда өзүмдүн төбө чачым тик туруду. Ушунчалык итчилике барганыма таңкалам!
Чачымдын тике турган себеби - бул сүйлөм дал эле чачка байланыштуу экен. Анткени тибет окуусуна өткөн ар бир баланын чачы тасырайта алынат да, ага жаңы (астрологиялык) ысым берилет.
Романымда мен ошол чач алуу учурун дал Лапсангдын китебиндегидей кылып жазып коюпмун. Башкача айтканда, чачтарач Адилеттин башына ысык суу куюп жибергенде бала чаңырып жибере жаздайт. Учурунда Лапсанг да ошентип ордунан секирип кеткен экен. Экөө окшош болуп атпайбы. Ошон үчүн мен бул фразаны: "Башына ысык суу жаба куюлганда Адилет кубанганынан каткырып жиберди", деп оңдодум. Антпесем болчудай эмес.
Кийинки (төртүнчү) уурулугум: Адилеттин үчүнчү көзүн ачууга байланыштуу. Мындай амал Тибетте гана бар. Башка бир да жерде жок. Ошондуктан бул чекеге жасала турган сейрек операцияны мен чынында эле "Үчүнчү көз" китебинде кандай берилсе дал ошондой сүрөттөгөм. Атүгүл мен ушуларды "Үчүнчү көз" китебинен өзгөртпөстөн алдым деп атайын шилтеме да бергем. Бирок ал шилтемемди Дүкө жаратпай атпайбы. Жарабайт дейт, "сен ал шилтемеңе жамынба, ушул айткан жарлыгым күчүндө калат" дейт. Акыры ушуну көрмөкмүн. Эми, анысы да чын.
Дүкөм жарабайт десе жарабайт да. Дөнөнбаев өзү ушинтип атса, мен кайда бармак элем. Келесоомун да. Эгерде акылым ордунда болгондо, ал операцияны таптакыр башкача жазбайт белем. Мисалы: "Дрелге окшогон жалтырык көзөк өспүрүмдүн чекесине кадалып иштей баштады.." дегем. Учурунда Лобсангдын да чекесине дал ошол көзөк кадалып иштей баштаган экен. Китебинде бадырайып жазылып турат. Уурдап көнгөн кишиге дегеле айла жок экен. Мен дал ошол сүйлөмдү кытып ала коюп жатпаймбы. Анымды Омоке менен Дүкө шап кармап алаарын кайдан билдим.
Ошондуктан мен эми: "Дрелге окшогон жалтырак көзөк өспүрүмдүн чекесине эмес, майкуйругуна кадалып иштей баштады..." деп оңдоп коюуга аргасыз болдум.
Бешинчи уурулугум мындай экен. Мен кургур муну уурулук деп деле ойлобопмун. Адилет жер астындагы коридор менен бара жатып жардын бооруна тартылган "Өмүр айлампасы" деген тегерек символду көрөт да башы айлангасып кетет.
Кезинде ал символду Лобсанг да көргөн экен. "Үчүнчү көз" китебинде ошентип жазыптыр. Кыязы ал символду жер астына экскурсияга түшкөн миңдеген окуучулардын бардыгы тең эле көрөт болсо керек деп ойлоп мен жаңылган экем. Анткени Лобсанг көргөн символду калгандар көрбөйт окшойт. Ошондуктан мен китебимдин жаңы редакциясында (249-бет)..." Жарчанын бетинде тартылып турган "Өмүр айлампасы" деген тегерек символду Адилет көрүп эмес, көрбөй өтүп кетти", деп жазышты туура көрдүм. Ушул чындыкка жакын болуш керек деп ойлойм.
Окурманым, жадай элексизби? Кечиргейсиз. Омоке менен Дүкө койгон дооматтар аяктап калды, чыдай туруңуз.
Алтынчысы: Адилет коштоочусу менен баягы жер астындагы коридордо келатып укмуштай бир кабырга (саркофаг) туш келет. Кабырда бойлору беш метрге жакын эки эркектин, анан бир аялдын (байыркы исполиндердин) алтынга чулганган денелери жатканын көрөт ("Архат" 187- бет).
Бул кабыр жөнүндө дал ушундай сүрөттөө Библиядан баштап жүздөгөн булактарда айтылган. Азыр дагы жазылып келе жатат. Дагы жазыла бермекчи. Энөөлүк кылып мен дагы ошол кабыр жөнүндө "болгондо да эки эркек бир аялдын беттери ачык, денелери алтын кабыр менен капталган..." деп так кесер жазып салып атпаймбы. Көрсө муну Лобсанг дагы китебинде дал ушинтип жазган экен. Экөөбүздүкү кайрадан коендой окшоп калып жатпайбы. Лобсанг го мурун жазган, а мен кийин жазып жатпаймбы. Анан ким ууру? Албетте мен! Омоке менен Дүкө бул жерде аябай көрөгөчтүк кылганына тан бербеске айла жок.
Ошондуктан, Лобсанга окшобос үчүн, мен алиги көрдө жаткан эки эркектин бирин аял кылууга мажбур болдум. Китебимдин үчүнчү басылышында: "Болгондо да эки эркек бир аял эмес, бир эркек эки аялдын беттери ачык..." деп окуй аласыздар. Антпесем болчудай эмес.
Эң акырында дагы бир сүйлөм ("Архат" 262 - бет) Ушул бетте: "А эгер баргыңыз келсе мына, биринчи Кытайдан баштаңыз" деген Далай Ламанын Адилетке айткан сөзү бар экен.
Ушуга окшогон бир сүйлөмдү Дүкөм "Үчүнчү көз" китебин баштан аяк бит карагандай тирмейип отуруп акыры тааптыр. Ой шумдук деп жакамды кармап көпкө отурдум. Уурулук деген жерде жатпайт экен го! Жада калса ушул таба албайт го деп мен акырын кымтып алган бир сүйлөмдү да жазем кетирген эмес экен Дүкөм. Эми эмне кылам? Дал ушул сүйлөм романды роман кылып турбады беле! Аттиң, айла жок - муну дагы өзгөртүшкө туура келет. "Эгер баргыңыз келсе мына, биринчи Кытайдан эмес, Гвинея-Бисаудан баштасыңыз болот деди Далай Лама Адилетке жылмайып..."
Ушуну менен эки аксакалдын мага койгон конкреттүү доосу бүткөн экен десем эч кандай бүтпөптүр. Макалада андан ары арифметикалык таккесер жыйынтык чыгарылган экен. "Кыскасы,- дейт Дүкө,- "Третий глаз" китеби 190 бет болсо, "Архат" романы 360 беттен турат. Демек, "Третий глаз"китеби романдын үчтөн эки бөлүгүн түзөт..."
Кокуй деп жүрөгүм оозума тыгылды. Ушул таптак эсеп-кысапты кыргыз адабиятынын сакчылыгында катуу турган бул эки аксакал (макаласында мени түздөн-түз коркутуп-үркүткөндөй) "Третий глаздын" автору Кайрил Генри Хоскиндин туугандарына интернет аркалуу эле жарыя кылып койсо, алар мени сотко берип туруп акыркы штанымды шыпырып кетпейби! Антип шерменде болгуча дедим дагы "Архаттын" үчтөн экисин шылый чаап, алып ыргыттым. Ошондо үч китептин бирөө эле калат экен. Үчүнчү басылышта Кудай куткарса мен "ууру" деген мазактоодон кутулам го деген үмүтүм бар, окурманым үчүн болсо үч китептин ордуна бир эле китепти карай салыш жеңил болбодубу. Ансыз деле Дөнөнбаев "Архаттын" эки китебине кол шилтеп коюп, биринчи гана китебине сын жазып жаткан.
Омоке (Омор Султанов), менин сизге берээр жообум ушул. Ат башындай бир гана арманым - көз көрүнөө каратып туруп романдын дээрлик бүтүндөй тагдырын чечип турган жети сүйлөмдөн мени айырдыңар. Жазуучу катары мен ушул жети сүйлөмгө кытайдын кара дарысындай эле муктаж элем. Эми мындай эч жерден табылгыс, экзамен берүүгө, окуу эрежелерине байланыштуу түшүнүктөрдү кайдан көчүрүп алам? Кайдан уурдайм? Ушуну ойлоп койбодуңуз. Анык мыкаачы экенсиз! Эми мындан ары дагы Акматовдун сары изине чөп салам десеңиз курулушчуга жамынбай эле түз чыга бериңиз. Бетиңиз ачылып калбадыбы. Өткөн айда болсо шаардын сыртындагы менин үйүмдү эки шакиртиңиз менен кошо атайын издеп таап келип, "Архаттын" Токтогул сыйлыгын алгандыгы менен "чын жүрөктөн" куттуктап кеттиңиз эле. Аныңызга, албетте инилик чоң рахматымды айтамын. "Агым" гезитинде: "Али да болсо кеч эмес. "Архат" романын өкмөттүк комиссия менен талкалап туруп, Токтогул сыйлыгын мага тартып берсе" дегендей ой айтыпсыз. Ылайым тилегиңиз орундалсын. Аман жүрүңүз. Психикалык ден соолукта болуңуз.
Баса, унута түшкөн турбаймынбы. Дүкө досуңуз жакында казак туугандарга барып, менин "Архат" романым үчүн аябай шерменде болуп, жети өмүрү жерге кирип келген турбайбы. ("Архат" гибрид роман" деген макаласында ушинтип жазып атпайбы).
Көрсө, казак тилинде али чыга элек, орусчасы Казакстанга бара элек романды казактар (биз казакча окубагандай эле, алар дагы кыргызча чыгарманы окубаса керек эле) Лобсангдын "Третий глаз" деген китеби менен сөзмө-сөз салыштырып окуп чыгышып, жерге түкүрүшүптүр. "Былай иштер кыргызда боло береди гой!" деп жапырт каткырып күлүп калышты" дейт Дүкөңүз. Чын ай, казактардын каткырганы менин дагы кулагыма угулгансыган.
Дөнөнбаевдин (Дөкөнбаевдин) макаласындагы ушул сүйлөмдү окуп алып, дароо аркан-жип издеп чуркадым, асылып өлгүм келди. Дүкөмдүн дал өзүн бир тууган казак элине ушунчалык уят кылгандан көрөкчө, о дүйнө кетип жоголоюн дедим.
Бирок ууру адамдын жаны таттуу болот окшойт. Өлө албай койдум. Аным үчүн Омоке менен Дүкө сиздерден миң мертебе кечирим сурайм. Эми өлмөк тургай, "Архаттан" кийин дагы бирдемелерди чиймелеп бүтүп калдым. Ары жок кишиге айла жок деген чын окшойт.
Саламым менен,
Казат Акматов

Омар аке, кечиргейсиз, "өкүм алдындагы акыркы сөзүм" калып калыптыр. Ошонумду айтып анан биротоло жыгылайын. Мени го жети сүйлөм менен жексен кылдыңар. Экинчи тургус болдум. Кантейин - ачуу тагдырым ушул экен. Эмдиги, эң акыркы өтүнүчүм - Вильям Шекспирди, Михаил Булгаковду, Чыңгыз Айтматовду ж.б.у.с. о дүйнөдөн козгой көрбөгүлө. Анткени ал үчөөнүн биринчисинин ааламага атактуу трагедиялары британ театрларында мурда нечен ирет коюлуп жүргөн башка эле сюжеттердин кайра иштелип чыккан "шекспирдик" варианттары эмес беле.
Ал эми кийинки эки классик экөө тең өз романдарын Библиядагы эң чордон окуянын негизинде жазышпадыбы.
Омоке, сизден жалдырап суранарым - Дүкө экөөңөр кошоктошуп алып ушул үч авторго биринен бири көчүрүп алган "плагиат" "ууру" деп тийише көрбөгүлө. Аягыла, тебелебегиле! Гүлбакчаны мал гана тебелейт дегендей, кайыптан буйруп бир жаралган чыгармалар экөөңөргө керек болбосо башка адамдарга керектир. Көрө албастыктын, ичи тарлыктын уусуна чыланган эки дос ушуну бир ойлоп койсоңор деген гана тилек. Уудан тазарсаңыз сыйлык сизден деле качпастыр, Омор аке.