25.09.09 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Балеттин жаш жылдыздары
- Бул кесипти кандайча тандап алдың? Бала чагыңдан көксөгөн максатың ушул беле, же ата - энең себеп болдубу? Балет - бул жүйөөлүү иш да!
- Эл алдында жүзүм жарык болуу үчүн өзүмдүн кесибимди ардактап иштөөм керек. Балет бийине өз каалооң менен аралашсаң, чын ыкласыңды коюп, ички эмоцияңды берүүгө талбай иштөөгө аракеттенесиң. Балет албетте, бир көргөн адамга да оор көрүнөт, ал эми аны аткарган бизден өтө чоң эмгек талап кылынат. Табийгат берген талантка ылайык мен бийди өзүмдүн тагдырым деп карадым. Балетке өз каалоосу жок эч ким келе албайт. Жөнөкөй иш деп көпчүлүгү аны кесип катары көрүшпөйт. Бийчи болуу үчүн талантыңа кошулуп ички демилгең да күчтүү болуш керек. Балеттин босогосун бир аттаган соң артка жол жок, эмгек… эмгек… жана эмгек…
- Асель, опера жана балет театрынын жаш солисткаларынын бирисиң. Сүйгөн кесибиңден да чарчаган учур болобу?
- (күлө карап) Чарчап калганыңда иштен качып кеткиң келет. Эс алып кайра сахнага чыкканда кайрадан жүрөгүңө сүйүнүч келет, жадырап - жайнап бийлей бересиң. Анан кантмек элек. Улуу муундагы Бүбүсара Бейшеналиева өңдүү бийчи эжелерибиз, Чолпонбек Базарбаев агабыз, Инга Левченко, Тухбулатова өңдүү эл артисттери бизге зор таасир калтырышты. Театрдын артисттери колдон келишинче балеттин жүзүн ачууга ар дайым аракеттенишет.Ал эми көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары бизди аткарып жаткан ролдорубузду ансайын ийнине жеткирүүгө аракеттенүүгө жана алдыга умтулууга шыктандырат. Эл артисттери дагы бир кезде биздей болуп, балет өнөрүнүн секичесине жаңы конуп, анан талыкпас эмгек менен чыгармачылык өнөрүн курчута билишкен. Балет - сүйүүнү, күлкүнү, шаңшыган музыканын шарапатын, кең дүйнөнү ачат. Мына ошентип ушундай ыйык сахнада татынакай бий менен кең дүйнөнү ачып атып, чарчооңду да унутасың.
- "Ажар", "Чолпон", "Асель" балеттерине көз карашың кандай? Ушул спектаклдерде образ жараттың беле? Образыңды ийгиликтүү чыгарыш үчүн ким көмөктөштү?
- Мен опера жана балет театрына келгенден бери көптөгөн спектаклдерге катыштым. Алардын алгачкысы "Чолпон" балетиндеги Айдайдын ролу. Балетте каарманыңдын ички туйгусун, маанайын бий менен гана жандап түшүндүрө аласың. "Чолпондогу" өзгөчөлүк-композиция көп берилет. Бийчилердин такшалышына бул жакшы нерсе. Ал эми "Ажар" балети элдик хореографиялык легендага айланган балет. Бул улуттук калориттеги бий. Бул шаңдуу да, мелодиялуу, жанга шерик спектаклдин бири. Анан да бир сүрөтү эмнени гана түшүндүрбөйт. Өзүнчө эле сыйкырдуу көрүнүш. Бийлеричи?.. Тамшандырат. Таң калтырат. Табышмак сыяктуу…
"Асель" балетинде бийчилер топтомуна кошулдум. Менин кесиптешим, бирге өскөн курбум Гүлайым Садыбакасова экөөбүз аткардык. Бул балет Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" поветинен алынган сюжет. Буттун башы менен тикеден тик туруп айлануу. Бутту керип - чоюу, таптак секирүү… Мында мен балеттин солисти, сценанын алдыңкы устаты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аскарбек Төлөбаев менен көп - көп иштештим, мурдагы балетмейстер Кыргыз Республикасынын эл артисти Догдурбек Бийсеев, керемет аткаруучу - бийчи, чыгармачыл ойлоп тапкыч Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кубаныч Сыдыков өңдүү агайлар жардамын аяшпады.

Гүлайым Садыбакасова
- Гүлайым, опера - балет театрынын бир жүгүн көтөрүп келатасың. Иштеген жылдарыңа бир көз чаптырып көрөлү.
- Мен ушул А. Малдыбаев атындагы опера - балет театрында эмгектенип, аздыр - көптүр бийчилик милдетимди аткарып келдим. Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолунда" Алимандын образын мен жаратсам, Толгонайдын образын Асель Айдарова ойноду. Балетте жеке эле кыргыз чыгармалары менен чектелбестен чет элдик классикага да кайрылабыз. Декорациялык көрүнүштөр эскирип кетсе да "Айчүрөктү", "Манасты" коюп келүүдөбүз. Артисттер Вишнякова, Бекишев, Осмонов, Базарбаев, Инчина, Эрматова өңдүү көптөгөн жаш балетчилердин көрсөткөн иштери, күжүрмөн эмгектери зор. Кээ учурда иш кайнап кетет. Жандалбастап бийлейсиң. Чаңкаганда муздак суу ичебиз, көк жөтөлгө көп чалдыгабыз. Чарчоо жөнүндө айта турган болсом - күндүз- кечке кетмен көтөргөндөй эле болобуз.
- Силерде педагог мугалим б.а. алып баруучу устат, же таалим - тарбия берүүчү адам бар. Ошонун иши таасир береби?
- Педагог болуу үчүн өзүн жогору сезип гана тим болбостон, өзүнүн ишин түз, жеткиликтүү алып барса. "Мен силерге мугалиммин", деп жөн эле айкыра берсе, ишин жөндөп алып барбастан. Балеттин ишин түшүнбөгөндөр көп. Балеттин ишин туура билген педагог тарбиячы өз ишин сүйгөн адам. Бирок, Кудайга шүгүр бизде ишин жакшы билбеген мугалимдер жок. Тарбия үйдө да, иште да керек. Мугалимим жакшы болсун деп урушса таарынбайм. Мүмкүн туура эмес бийлеп аткандырмын. Сындан тактык жаралат да. Сынды туура кабыл алуу керек.
Ар бир улуттун өзүнүн бийи болот. Аны аткара билген бийчилер тобу бар. Андан балериналардын өзгөчөлүгү - кенедей кезинен чоңдорго теңтайлаша иштеп, ар кандай кыйынчылыкка жеңилбей, эрдин кесе тиштегендер бар. Алар оор түйшүккө малынгандар. Көптү көргөндөр. Артисттин жүзүн ача билген гана педагог өз учурунда таасын, зирек…
Кылган кемчилигиң үчүн титиреңдеп урушуудан эмне пайда? Аны бетке түз айтса. Аркасынан ушак айтса он сөз сөзсүз кошулат. Иштин ийгилигине жетүү үчүн тынбай иштөө керек. Тарбия-таалим берүүгө ынтызаары күчтүү гана педагог артисттин духун жогору баалап, ишке да ар дайым алдыга жылдыра турган маанай, шарт, колдон келсе сыйлоо жагынан тартынбоо керек.
Уркалый Акчуриев