25.09.09 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Маселе

Жакында парламент трибунасынан жарандардын курал алып жүрүү укугу боюнча мыйзам долбооору талкууланып, ал көп талаш-тартыштарды жаратты. Депутат Ибрагим Жунусов курал алып жүрүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок экенине көбүрөөк басым жасаса, башка бир депутат Аскарбек Шадиев коргонуу үчүн курал сөзсүз керек деп көшөрдү, Кыязы, депутаттын корко турган, коргоно турган себептери көп окшойт. Депутаттарды эки жаат болуп катуу талкуулаганга алып барган бул мыйзам чындыгында эле көңүл бурарлык. Курал деген оюнчук эмес. Мындан 15-20 жыл мурун курал көтөргөн адамды токойдогу жырткыч катары кабыл алчу. Жана курал-жарактарды табуу өтө эле кыйын болчу. Ал эми бүгүнкү күндө курал көтөрүү модага айлангандай. Курал сатып алуу үчүн жашы 18ден ашса жана акчасы болсо эле болду. Курал көтөрүү -бул байлыктын жана "крутойлуктун" белгилери катары да болуп калгандай. Бириси куралды өзүнүн коопсуздугун сактоо үчүн колдонсо, кээ бирлери башкалардын өмүрүнө кол салуу максатында алып жүрөт. Курал - жарактарды эмнеге колдонсо болот жана каалаган адам алып жүрө берүүгө болобу? деген суроо менен биздин калаабыздын урматтуу жашоочуларына кайрылганбыз.

Курал-жарак
коркутканга
жакшыбы?
Жангороз Каниметов,
"Ак Жол" фракциясынын депутаты

"Крутойлорду катуу кармоо керек"
- Тапанчаңыз барбы жана аны колдоносузбу?
- Ооба, тапанчам бар, мен аны белекке алгам. Бирок мен аны колдонбойм.
- Кудай сактасын бирок, бирөөлөр кол салса, сиз өзүңүздү коргоо максатында колдоносузбу?
- Антип мага кол салгыдай эч кимге деле жамандык жасай элекмин.
- Колунда барлардын балдары мектеп университеттерде тапанча көтөрүп "крутойлугун" көрсөтүшөт...
- Андай "крутойлорду" кармап иш козгоп, штрафын төлөтүп, керек болсо камакка да алыш керек. Себеби аларды башкалар көрөт, анан алар да эртеси көтөрүп чыгат... анан башталат.


Темир Бирназаров, кинорежиссер
"Мен курал көтөргөн адамдардан корком"
- Курал-жаракты көргөндө эң биринчи кандай ойлор келет?
- Эң биринчиден коркуу сезими, андан кийин өлүм. Курал - темир, муздак, анын бир өзгөчө сүрү бар, ал бир гана коркунуч сезимин пайда кылат. Мен да ошондой курал көтөргөн адамдардан аябай корком.
- Кээ бирлер куралды өзүнүн коопсуздугун сактоо максатында колдонот экен, буга кандай карайсыз?
- Курал эч кандай пайда алып келбейт, курал жалгыз гана өлүм алып келиши мүмкүн. Мына АКШы демократиялык өлкө, ар бир жаран өзүнүн коопсуздугу үчүн тапанча көтөрүп жүрөт. Акыркы эки жыл ичинде эле канча адам жабыркап, өлүмгө кабылды. Мектеп окуучулары мугалимдерине таарынып, канчалаган күнөөсүз окуучуларды атып өлтүрдү. Мына курал-жарак менен колдонуу ушундай кесепеттерге алып келет. Ал эми биздин өлкөбүз да ошол "демократия" деген балекетке акырындык менен жылып келатканына өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар.

Алым Токтомушев, журналист
"Курал албетте керек..."
- Курал колдонуу сиздин оюңуз боюнча туурабы же...
- Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн курал-жарак албетте керек, бирок жеке адамдар үчүн кереги жок деген ойдомун. Тиги Америкада ар бир 3- адамдын тапанчасы бар. Биринин жинине экинчиси тийсе, келип туруп атып салат. Таарынып калса да ошондой...

Жанат Жолдошев, жеке ишкер
"Тапанча коркутканга жакшы"
- Курал -жарак колдонууга кандай карайсыз?
- Азыркы күнү курал көтөрүү модага айлангандай. Ар бир чоңураак кызматкердин тапанчасы бар экени эч кимге деле сыр эмес. Тапанча деген бир нерсеге гана колдонулат, бул - жок кылуу, көзүн тазалоо үчүн. Бүгүнкү заманда баарыбыз жырткыч сыяктуу болуудабыз. Тийип- тиелекте тапанча такап, коркутуп өзүбүздү коргогонго көнүп бара жатат окшойбуз.
- Өзүңүз курал колдоносузбу?
- Керек болгон учурда колдонуп деле койсо болот да. Эгерде сенин аброюңа көлөкө түшүрүп, атыңды булгап жатса, коркутуп коюу зарыл иш. Бирок мен коркутуу максатында гана колдоном. Эч кимди атып - сатып, бирөөнүн өмүрүн кыюуга барбайм.

Абдурасулов Үсөнбай, пенсионер

"Чыгайын деген көз эле, чыгып кетти өзү эле "
Курал-жаракты колдонуу бүгүнкү күндө бир ирээт көйгөйлөрдү жаратчу болду, мындай көйгөйлөрдү кандай жол менен токтотууга болот?
- Мен ушул депутаттарга таң калам. Бул мыйзам карала электе эле канча депутат каза тапты. Эми, кабыл алынып калса тиги Жогорку Кеңештен чыгып келатканда эле тырайтып атып кете берет го. Менимче бул туура эмес, себептери көп. Тапанчаны колго алып, жинине тийгенге барып, тиги курогун басканда эле иштин бүткөнү да. "Чыгайын деген көз эле, чыгып кетти өзү эле", - дегендей болуп калат окшойт.


Кабай Карабеков, Парламенттин депутаты
"Сатуучу да, сатып алган да, аткан да жооп бериш керек"
- Курал алып жүрүүгө көз карашыңыз кандай?
- Эгерде ал катталган курал болсо, алып жүрсүн. Бирок бизде катталганы да, катталбаганы да көтөрүп жүрөт, аларга көңүл көп бурулган жок. Биздин өлкөдө куралдын көптүгүнүн өзү бир чоң көйгөй. Ал эми мунун баары тең мурдагы күндөрдүн кесепеттери. Убагында тааныш аркылуу да алганга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бир учурда сыйлыкка курал-жарактарды ардак грамотасын тапшыргандай таратышкан. Ал курал-жарактарды 5 жылда бир жолу атайын текшерүүлөрдөн өткөрүү керек. Ошол 5 жылдын ичинде колдонулдубу, же кандай болгонун текшерүү, тескөө зарыл. Куралды көргөндө эң биринчиден анын негизги максатын ойлойсуң, анын максаты - атууда, ошол эле мезгилде, ал кайсы жерден атылат жана дагы атылабы деген сууроолор да пайда болот эмеспи.
- Жашы жете элек өспүрүмдөр курал көтөргөнүнө кандай карайсыз?
- Жашы жете электерге курал сатууга эч кимдин акысы жок. Эгерде ал курал көтөрүп, андан ок чыгарган болсо, буга сатып алган адам, аткан адам жана саткан адам да жоопко тартылыш керек деген ойдомун. Балким ошондой болгондо биздин өлкөдө кылмыштардын саны азая түшөр деген үмүттөмүн.

Рыскелди Момбеков, "Эл сөзү" гезитинин башкы редактору
"Куралды ички душмандарга эмес, сырткы душмандарга колдонуу керек "
- Мурдагы жумада каралган мыйзам жөнүндө ой пикириңиз кандай?
- Бул Акылбек Жапаровдун чийки мыйзамы, бизге мунун кереги жок…
- Сиздин оюңуз боюнча курал-жарактарды эмнеге колдонуу керек?
- Куралды байлар өзүнүн байлыгын коргоо үчүн, же бирөөнүн коопсуздугуна кол салуу максатында гана колдонулунат. Жанагы заводу, фабрикасы, заправкалары, акча алмаштыруучу жайлары барлардын "крутой - охраналарына" курал бербей жатышпайбы. Андай куралы бар охранникти жалдоо үчүн ИИМ менен келишим түзүүгө туура келет. Ал охраникке 8 миң айлык төлөттүрөт, 4 миңи ал "крутой-охраниктин" айлык акысы, 5 миңи министрдин чөнтөгүнө түшөт. Бул жөн эле байлардын оюну.
- Сиздин оюңуз боюнча курал кармоонун негизги максаты?
- Биздин өлкөдө курал-жарактарды ички душмандарга эмес, тышкы душмандарга колдонуу керек.

Мальвина Уметбекова