18.09.09 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Учур

Акча
башкарабы?
Адамзат көйгөйүнүн баары акчага барып такалат. Акчасыз эч бир маселе чечилбей турган деңгээлге жетти. Илгери "кедей дыйкандын" баласы болуу сыймык болсо, азыр ошол "кедей дыйкандын" балдары тарыхты тытып отуруп, "ак сөөк" тукумдан экендигин таап чыгышууда. Адам акыл - эси, түшүнүгүнөн эмес, кийип жүргөн кийими менен чөнтөгүнүн калыңынан бааланып - барктанып калды.
Акча деген бир минсе таптакыр моюндан түшпөс, күндүз оюңдан, түнү түшүңдөн кетпес бир балээ болот экен. Акчасы көбөйгөн сайын адам акырындык менен акчанын жетелеген жагына басып калат дешет. Акча канчалык көбөйгөн сайын, ошончолук таттуулугу артып, бир тыйынды эсептеген сараң боло баштайт дешет. "Чык татырбас Чынарбай" жомогу дагы адамдын байлыктын алдындагы алсыздыгын айтат эмеспи. Ушундан улам бир ой жаралат: ким кимди башкарат? Акча адам менен ааламдыбы, же тескерисинчеби?..
Биз бул боюнча ар башка катмардын өкүлдөрүнө суроо узатып көрдүк.

Акчаны мен, мени дүйнө башкарат
Бегалы Наргозуев, Жогорку Кеңештин депутаты
- Акча дүйнөнү эмес, дүйнө акчаны башкарат. Себеби убакыт - саатка жараша, мезгилдин агымы менен финансы саясаты өзгөрүп жүрүп отурат. Акча дүйнөнү башкарганда боло жүргөн инфиляция болмок эмес. Финансылык кризистин сазына матырылып атат ушул саам дүйнө. Бул да болсо дүйнөнүн акчаны башкаруу системасын талдай албай калып, көз кырынан чыгарып жибергендиги менен түшүндүрүлөт.
- Эң биринчи айлык акыңызды эмнеге жумшагансыз?
- Эң биринчи ирет 1983 - жылы апрель айында ак эмгек менен тапкан маянамды колума кармагам. Ал кезде рубль болчу, 90 рубль мен үчүн эң чоң сумма эле. "Биринчи айлык акыны ата - энеге арнаш керек", деген сөздү уга жүргөндүктөн апама ошол кездеги бирден бир кездеме болгон помбаркыттан көйнөк, күмүш билерик, атама өзү жакшы көргөн кара тукаба кыюуланган ак калпак (а кезде калпак дефицит товардын катарында турчу), эркектердин жакшы көйнөгүн алып, калган акчама таттуу - паттууну көбөйтүп үйгө баргам.
- Бир айлык чыгашаңыз канча сумманы түзөт?
- Ар айда ар башка сумманы коротууга туура келет. Мурда үйлүү болуш керек эле, машиналуу болууну эңсейсиң, үйбүлөлүк бюджет көбүрөөк суммага чыгаша тартчу. Азыр эми анын баары калыпка салынды. Бир айда болжол менен 20-30 миңдей коротуу болот.
- Акчаңыз көп кезде достор көбөйдүбү, же тескерисинче акча жок кезде көп беле?
- Эки "этапта" тең достордун катары өзгөргөн жок. Бул эми достун адамдык сапатынан көз каранды болсо керек. Чын дилинен берилген дос болот, ага адамдын материалдык абалынын, ээлеген кызматынын айырмасы жок. Эсептешкен дос болот, адамды жогорудагы эки сапаты үчүн ээрчип жүрөт. Менимче, менин досторум биринчи катергорияга таандык окшойт. Бирок, достор эмес, акчалуу болгонуңдан кийин акча сураган тааныш, тааныш эмес да адамдар көбөйөт экен.
- Акчаны ыксыз короткондордун катарына киресизби, же сарамжалдуулардынбы?
- Жоон ортосундамын, кээде жөнү жок коротуп да жиберем, кээде сарамжалдайм.
- Жөнү жок коротулган акчаңызга ичиңиз ачышпайбы?
- Ачышпайт. Адам акчаны коротуу үчүн, бир керегине жаратуу үчүн табат да.
- Бир айлык тамекиңизге канча акча кетерин эсептеп чыктыңыз беле?
- Эсептеген эмесмин, анткени мен тамеки тартпайм.
- Ушул азыр чөнтөгүңүздө канча акча бар?
- Азырбы... ммм... 7-8 миңдей бар го...
(Жөнү жок коротулган акчаларына ичинин ачышпасын айтуу менен Бегалы мырза акчаны каалагандай башкарарын билдирди билдирди. Эне - атасына биринчи эмгегин арнап, алардын батасы менен акча артынан акчаны улаган депутатка же чындап эле акчанын баркы жок, же, азырынча "Чынарбай" стадиясына жеткирчү чөнтөк калыңдыгына ээ боло элек экен.)

Акчаны сурагыча, жандүйнөнү сурагыла
Шайгүл Алсейитова, актриса
- Мен үчүн жандүйнө байлыгы 1- орунда турат. Анткени мен бизнесмен эмесмин, коммерсант да эмесмин, ички дүйнөнүн кишисимин. Акчаны тирүүлүк башкарат. Адам үчүн биринчи орунда байлык эмес, жандүйнө, көңүл, тирүүлүк туруш керек.
- Ай сайын канча сумманы коромжуга учуратасыз?
- Ошол айдагы керектөөлөрдүк өсүү - кемүүсүнө жараша 5-6 миңдей коромжу болот. Мен көбүнчө тамак - ашка көңүл бурам. Кыргызбыз да, кенен - кесири жеп - ичкенди жакшы көрөбүз. Муздаткыч сына жаздабаса да, керектүү тамак - ашка толуп, казанда боркулдап тамак кайнап атканын жактырам. Байлыктын артынан кубалаган жан эмесмин. Үстүңдө үйүң, ичинде буюм - тайымың болсо болду да, ашык нерсенин кимге кереги бар?
- Ак эмгек менен тапкан маянаңыздын эң чоң суммасы канчаны түздү эле?
- Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде америкалыктар тарткан кинодо күнүнө 50 - 70 доллардан алып аткам.
- Бир тыйыны жок калган учуруңуз болду беле?
- Жашоонун кээде ак чыйырына кез келип акчалуу болсоң, кээде кара чыйырында акчасыз калган учурлар болот. Бирок, мен акчасыз калган учурда да карыз сурабоого аракет кылам. Бирин - бирине жалгаштырып, сарамжалдап андай кырдаалдан чыгып кетүүгө аракеттенем.
- А өзүңүз сураган таанышыңызга карызга акча бересизби?
- Бар болуп турса эмнеге бербейсиң? Алыш - беришиң болбосо, анда адам тааныш да күтө албайт. Ал эми таанышың жок болсо, анда сен жашоодо жок катары каралып каласың го.
- 100 сом карызыңызды доолайсызбы?
- Жок, айланайын...
- "100 сомуң болгуча, жүз досуң болсун", деген макалга кандай карайсыз?
- Туура карайм. Дос деген дос, ар кандай учурда керек, ысык - суукта таянасың, бирге болосуң. А акча - байлык колдун кири, бүгүн бар да, эртең жок.
- Акчаңызды көбүрөөк эмнеге жумшайсыз?
- Искусство адамы болгондон кийин парфюмерияга көп акча коротушка туура келет. Бирок, королгон акчама эч убакта ичим ачышпайт.
- Базарга барганда ала турган буюмуңуздун сапатына карайсызбы, же баасынабы?
- Кийим алчу болсом жарашканына, сапатына карайм. Негизи арзанбы, кымбатпы, сапаттуу буюм алганга аракеттенем.
- Канча сумма калганда акчам калбады деп эсептеп баштайсыз?
- Жолго жетерлик...

(Искусство адамы ушинтип билинип калат. Өзү негизи биздин заманда искусство адамдары гана эч кимден коркпой - үркпөй байлыгын даңазалап жар сала алышат. "Арзан кийим сатып алгыдай мен бай адам эмесмин", деген жашоодо лакапка айланып калган бир кептей , кымбат болсо да көп убакыт колдонууга жарай турган буюм сатып алган актриса акчанын көзүн карабай, акчага өзүнүн көзүн каратып жүргөн учуру экен. Суроолорубузга "жандүйнө суроолорун бербей, кайдагы акча тууралуу сурайсыңар", деп наалып алганды да унутпады актриса эжекебиз. Дайым эле жандүйнөнү жаза берсек, акчаны ким жазат?..)

Акчам көбөйсүн дебе, жашоом көбөйсүн де
Дүйшөн Байдөбөтов, актер:
- Акча да, дүйнө да бирин - бири башкарбайт. Экөөнү жашоо башкарат. Жашооң барда акча керек, жашооң түгөнгөн соң байлыгыңды аркы дүйнөгө көтөрө кетпейсиң.
- Акча менен достуктун байланышы барбы?
- Байланышы жок деп айта алам. Анткени, достук түгөнбөйт, а акчаны түгөнбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Досторуң бар болсо турмуш сени ур - токмогуна алалбайт, жокчулук да, барчылык да чөктүрбөй - көптүрбөй бирдей деңгээлде алып өтөт.
- Бир айлык чыгымыңыз канча болот?
- Мен андай нерселерди эсептебейм. Эми ал керектөөгө, ошол айдагы абалга жараша болчу нерсе.
- Канча акчам болсо деп кыялданасыз?
- Жашоом көп болсо деп кыялданам. А акча эмне... Акчаңды батыралбай турсаң да ден соолук менен өмүрдү сатып алалбайсың. Жашооң түгөнсө эсепсиз байлыгың шоона эшпей калат. Ошон үчүн акчадан биринчи мага жашоо кымбат.
- Эң биринчи эмгек акыңызга канча сом алдыңыз эле?
- 1966 - жылы декабрь айында биринчи эмгек акыма алган 30 рублди колума кармагам. Ага өзүмө носки сатып алгандыгым эсимде.
(Бир айлык чыгымын эсептебеген дүйнөдө жалгыз гана Дүйшөн Байдөбөтов болсо керек. Бул - адамдагы токпейилдиктин, каниеттүүлүктүн кабары. Дүйшөн агайдын жашоо девизи: "Кудайым берээрин унутпасын" менен "Тирүү адамдын ырыскысы түгөнбөйт" болсо керек.)

Тумандаган көзгө акчадан башка көрүнбөйт
Бактыгүл Бадыева, ырчы
- Ал ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Кээ бир адамдар бар, акчанын көбүнөн көздөрү тумандап калган. Андайларга акча дүйнөнү башкаргандай сезилип, акчасы менен дүйнөнү сатып алгыдай болушат. А кээ бири акчанын азы - көбүнө карабай, адамдык сапатын бекем сактап калышат. Кудай бизди дүйнөгө жылаңач жараткандыктан, ашыкча дүйнө - мүлк пайдалуу деп ойлобойм. Кээде адамдар арасында "неге бул бай да, мен бай эмесмин", деген ич күйдүлүк болот. Менимче, бул туура эмес. Иштеген тиштейт болгон заманда эмгектенбеген адам ырыскысын таба албайт эмеспи.
- Акчага катуусуңбу, же...
- Тескерисинче, колум ачык, берешенмин. Карыз сураганга жок дей албайм, бирок, анын жаманы карыз алган адам өзү билип кайтарбаса, өзүмдүн акчамды өзүм сурагандан уялып жүрө берем.
- Акчаңдын көп бөлүгүн эмне сатып алууга жумшайсың?
- Акчаны тапкан мен, сыйланган да мен. Өзүмдөн эч нерсе аянбайм. Тапкан акчамдын басымдуу бөлүгү өзүмдү сыйлаганга эле кетет. Адам биринчи өзүн урматташ керек, андан соң гана башкалардын баркына жетет.
- Акчасы жок калган учуруң болду беле?
- Кудайга шүгүр, андай учур боло элек.
- Эгер жашыруун болбосо ушул азыр жаныңда канча сумма жүрөт?
- Жаңы үй сатып алгандыктан, анын ичин жасалгалоо ишин баштап, азыр кафель сатып алганы баратам. Ошондуктан, суммасын айтпай эле коёюн, бирок, азыр жанымда жакшы эле суммадагы акча бар.

(Бактыгүл Бадыева, жаш ырчы кызыбыз талыкпас эмгекчилдигинин аркасында жаш туруп анча - мынча үйбүлөлүү адамдар жете элек жетишкендиктерге жетишти. Финансы маселелерине таптакыр тушугуп көрбөгөн ырчыга ким кимди башкарарынын деле айырмасы жоктой.)

Гүлмайрам Турусбекова