18.09.09 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Адабият

Күздөгү жолугушуу
- Уулуң менен келесиңби?
- Ооба, каяка таштамак элем. Өзүң менен бир азга жаштыкты эскерип, андан соң таксиге алтуруп, саат үчтөргө аэропортко жөнөйбүз.
- Макулмун. Анда саат бирде баягы жайкы кафе дагы эле бар, азыр кеңейтилген, ошонун алдындагы орундуктардын биринен жолугалы. Гүлмайрам дароо макул болуп: "көрүшкүчө", дей трубканы коюп койду. Мен ордумдан тура колумдагы калемди тиштей берип балканго өтүп, оттору жанган түнкү шаарды карай, көз алдыман унутулуп калган Гүлмайрам, Бектемир үчөөбүз бирге жүргөн мектептеги, кийинки университеттеги күндөрдү көз алдыман чууртуп, Гүлмайрамдын мээр төккөн жагымдуу күлкүсүн, тунук үнүн, бакырайган бото көздөрүн, өзүмө жакчу мүчөсүн көз алдыма тартып турдум. Бирок да, айла жок, үчөөбүздү бөлгөн тагдырды эстеп, турмушта дайыма адам баласы ойлогон ойлоруна, тилеген тилегине жете бербесине ынанып, көңүлүмдү эскерүүдөн алып, бир паста токтоо абалыма келип, иш орунума кайра олтурдум.
* * *
Жыл мезгили күзгө таяп калгандыктан, тааныш саябандагы чынар теректердин жалбырактары саргайып, кээлери жерге түшүп жатканын көрдүм. Түш оой ары-бери өткөн, эс алып олтурушкан ар кыл жаштагы эл көп болгондуктан, жайкы кафеден нарыраак четтеги бош орундукка барып Гүлмайрамды күтүп алмакчы болдум. Күн ачык тийип, аба дагы эле жылуу илеп сээп, ошол тегеректен сатып алган гезиттеги кызыктуу макалага көңүл бөлүп, ынтаа коюп окуп олтуруп күткөн кишимди, бул жерде эмнеге олтурганымды унутуп коюптурмун.
- Саламатпы Кекин, - деген үндөн улам колумдагы гезитти арылата берип, маңдайыма уулунун колун кармап, жанымда күлүмсүрөп турган Гүлмайрамды көрдүм. Өңү өзгөрбөгөнү менен денеси эткээл тартып, аябай толуп семирип кетиптир. Ордумдан ыргып туруп колун кармадым. Дароо ээрчите келген уулуна назарымды салып, анын Бектемирге куюп койгондой окшош экенин байкадым. Учурашып болуп, колун коё бербей бетинен өптүм.
- Чоңоюп калган турбайбы? Атың ким чоң жигит?
- Бакир... көкөмө окшошмун.
Мен күлүп жибердим бешенесинен сылай.
- Азамат. Мектепке качан барасың?
Бала сөөмөйүн көрсөттү. - А, аа.. дагы бир жыл калган турбайбы? Бала бакчага барасыңбы? Бала башын ийкеди.
- Кой Кеке... Гүлмайрам экөөбүздүн маегибизди бузду. - Убакыт аз. Жүрү тиги кафеге барып ал-жай сурашалы?
Барып балмуздак, суусундук алып келдим. Четтеги баш орунга олтураарыбыз менен Гүлмайрам маңдай терин аарчый берип назик жылмая сурады.
- Аябай толуп кетиптирминби? Диета кармасам да болбой койду. Таттууга көнгөн жаным тортсуз, шоколадсыз тура албайм. Коё албай койдум.
- Анча деле эмес. Биртке толуп, токтоо тартып калыптырсың.
Жайдары жүзүн карай берип жооп сундум. - Сүйлө эми өзүң жөнүндө. Уулуң өзүңө окшош экен. Эмне иш кылып жүрөсүң, турмушуң кандай?
- Аны байкай койдуңбу? - Ал уулуна баш ийкеди, - албетте мага окшош.
Балмуздак жеп олтурган Бакирди бешенесинен сылап койду.
- Кудайга шүгүр, буюрса баары жакшы. Турмушубуз ойдогудай. Үй-жай, дача, башыбызда бирден машине дегендей. Атама жаңы үй салып бердик. Жылда эки-үч курдай келип, эс алуу үчүн көл жээгинен жер алып, өзүбүз үчүн да эки кабат үй кура баштадык. Жолдошум кызматынан дагы көтөрүлгөнү турат. Өзүм химзаводдо башкы технологмун. Ушул. Анан ойлоно калып кошумчалады. - Кээде өзүм эңсегениме жетпей калгандай, түйшөлүп, санаа тартып эки анжы ойго батам. Кой эми, мени сүйлөтө бербей, өзүң, үй-бүлөң жөнүндө баянда. Уул, кыздуу болдум дебедиңби? Аларың канчада, келинчегиң ким?
- Кызым төрттөн ашты, уулум жакында экиге толот. Келинчегим мектепте мугалим. Өзүм Бектемир менен чогуу иштеп жатам. Илимибизди улантуудабыз. Селен дарысын иликтөөдөбүз.
- Турмушуңа ыраазы экенсиң да. Азамат. Сенин ойлогонуңа жетээриңди окуп жүргөндө эле билгем. Докторлук эмгегиңди качан аяктайсың? - Көздөрүмдү тике карай берип сурап калды. - Жактай турган болсоң кабарла, келип өзүңө дем кошчу болоюн. Сөзсүз чакыр, чыгынып келип кетем.
- Таң... Азырынча айтуу кыйын. Көп шарттарга көз каранды ал эмгек, - колдорумду жайдым. - Буюрган күнү бүтөт деген ойдомун.
- Чыгынып бүтүрүп ал. Али жашсың. Мага караганда аз өзгөрүптүрсүң. Баса, балдар-кыздардын кимдерине жолугуп жүрөсүң? Көбү айыл-апада болсо керек.
Кээде жолугушуп, сүйлөшө калуучу курсташтардын эки-үчөөсүн санап өттүм. Катышыбыз аз болгондон кийин турмуштары жөнүндө айта алган жокмун.
- Жакшы экен анда. Жолугуп калсаң менден салам айт? Көлгө келгенде сага жолугайын деп, жанымда күйөөм болгондуктан батына албадым. Анан уулун карап койду.
- Бакир да чоңоюп, аркы-беркини түшүнүп калды. "Жолугуубуздан эмне майнап чыкмак эле? Азыр менде баягыдай сезим жок, үйбүлөмдү гана сүйөм", - деп айтып ийейин деп, тээ илгертен, жаратылышыман сылык жаным бөлөктү сурадым.
- Кетээрде жолукпай узаганыңа бир топ эле капа болдум. Чекилик кетирдимби, деп да көп ойлондум. Ошондо аябай жолуккум, оюмдагыны айтып сүйлөшкүм келген. Практикадан келсем сен турмушка чыгып, алыска кетип калыптырсың... Бирок түшүнгөм ошондо эле ал да жазмыштын буйругу экенин... Ой толгой сыртты карадым.
- Ал узак окуя, - үшкүрүнүп алды столду сылай, - айтсам көңүлүң чөгүп, мени сыйлабай каласың. Албетте, күнөө менде... Кечирим сурайм. Эми өткөндү козгогондон не пайда? Жаш, анда кем акыл экемин. Ошондо эле сени кармап алганымда... негедир оор улутунуп алды бул саам. Анан жылуу күлүмсүрөдү.
- Баары бир өзүңдү көп ойлоном. А, сенчи? Сен мени эскердиңби?
- Кээде... Суу жутуп жатып кайрадан жоон тарткан, тер сыгылган келбетине назар салдым. Ал эми баягы жүрөк толкуткан Гүлмайрам эмес, жөн эле тааныш аял болуучу. Алдымда турмуштун майда жагын көп сүйлөп жиберген, жетиштүү турмушуна манчыркай түшкөн, таттуу тамакты жакшы көргөн, денесин май тепкен толук аялзат олтурду. Бул сапар денемди толкун баспады.
Ич, жамбаш майы көйнөктөн чыгып, буттары жооноюп, баягы сулуулугу бир топ эле кайтып калганы ойго салды. Эткээл моюндарынын бырышы көбөйүп, улам терин сүртүм, колтуктарын аарчып, биздин жаштыкты эскере күлгөндө дене бою силкилдеп жатты.
- Баягы тоого барганыбыз эсиңдеби? Жаса басып жыгылганымда, кызыл ашыгым шишип, ойго чейин көтөрүп келгенсиң. Ошону көп эстейм. "Келгенсиңер", деген жок, "келегенсиң" деди. - Сонун мезгил экен ошол учур. Анан колумду сылай күлүмсүрөй сурап калды. - Илимий эмгектериңден ала келсең болмок экен, эстеп окуп жүрөт элем. Дагы жолугаарбыз, буюрса, ошондо сөзсүз кол тамгаңды жазгандарыңан ала кел. Биз тарапка келип калсаң, телефон чал тосуп алам. Мына даректерим кооз нукабага жазылган чарчы кагазды мага сунду,- убакыт болсо уул-кызыңды көрөт элем. Баса, келинчегиң сага жагабы? Өңү-башы кандай? Сүйүүсү ысыкпы, тана элексиңби? Мейли эми, өзүңдү көрүп сагынычым бир кыйла тарагандай болду, - ал кол саатын карады.
- Коштошоор саат да жакындап калган турбайбы? Мени көргүң келсе телефон чал. Кааласаң бир-эки күнгө учуп кел, жолкирең менден болот. Бир гана өкүнгөнүм, өзүңдүн балалыгыңды, ак сүйүүңдү кыйбай ошондо эле сени кармап калсам болмок экен. Сен мени кечирип кой, бул жеке пикирим. Эми эч нерсени өзгөртүүгө болбойт, ошондогу чечимиме да өкүнбөйм. Жашы улуу болсо да ынтымактуубуз.
Ордумдан турдум.
- Силерди узатып коёюн. Кечикпей учуп кеткидей болгула, - саатымды карадым.
- Келинчегим, уул, кызым болуп баруучу жерибиз да бар эле.
- Туура айтасың. Кап, убакыттын тардыгын карачы. Бүрсүгүнү ишке чыгам. Жайма жай мейманканага барып сырдашсак болот эле, - ал да олтургучту таяна ордунан обдула берип, уулуна кайрылды.
- Бакиртай, Кемелбек агаң мени менен мектепте чогуу окуган. Барып коштош. Уулу экөөбүз кол алыша бергенде Гүлмайрам өзүмдү бет ала үн катты.
- Бизди узатпай эле кой, Кеки. Ырас, шаарда такси көп экен. Тиги бурчта тургандардын бирине түшүп кетебиз. Кел эми, кучактап алтын чекеңден өөп коёюн. Ык көрсөң келинчегиңе салам айтып, уул-кызыңдын бетинен өөп кой. Жардам керек болсо телефон чал. Басып келип кучагын жая бооруна кысып чекемден, бетимден, анан алкымымдан өбө, колдорун коё бербей көздөрүмдү карады.
- Дагы эле сүйөсүңбү бирин-экин бизди карай токтоло калышкан тегеректегилерден иймене берип, оролгон колдорун акырын өзүмдөн ажырата тарттым. Чагымда кызарып кетсем керек. - Менин эми өзүң менен бирге болгум келет.
- Кой, көргөндөр таң калып карап жатышат, же илгеркидей жаш болбосок.
- Карай беришсин. Алардын биз менен иши эмне? Жытың ушундай сонун экен, ээн жай болгондо койнумдан чыгарбай эле жыттай берет элем, - ал кайрадан алкымымдан искей өөп алды. - Көбүндө өзүмдү жалгыз сезем, алтыным,- үшкүрүндү.
- Болуптур айный элегимде кетели, - четтей берип жылмая колумду кармады. - Сен өтүнүчүмдү ойлонуп көр. Ишиңди тездет. Мен дайыма даярмын.
- Шашпай жолугалы эмесе. Кош Кеке, сөзсүз телефон чал. Оюңа жамандык алба. Сага карызым толтура эмеспи, жүрөгүмдү өйүтпөй ошону актап, көңүл букмамы жандырайын деп эңсеп жүргөм. Кеттик балам, - уулун колунан жетелеп, экөө бирдей кол булгаша төмөн бет алып кетишти. Дендароо боло турган ордумда каттым да калдым. Узап бараткан Гүлмайрамды карап ичим ачыша ойго баттым. "Аттиң десең... карачы мезгил адамды кандай гана тез, көбүнчө таанылгыс кыла өзгөртөт". Гүлмайрамдын узап кеткен караанын карап, бир кезектеги өзүм жан дилим менен сүйгөн бакыракай сулуу кыз экенине ишенип турсам да, бүгүнкү жолугушуубузда мага жасаган мамилесинен кулк-мүнөзүнүн жеңил ойлуулукка өзгөргөнүнө түшүнө албай, ичимден күйөөсүн сыйлаарын болгоолоп, дилимден жаркын сезим заматта өчүп, ичимден бул эмнеси дей маң болдум. Бир аз мурун эле Гүлмайрам өзүмдү сыга кучактап өпкөн жаагыма, алкымыма үстүмдөгү чынар теректен каалгып келип түшкөн сары жалбырактан ойгонуп, толук өзүмө келип, эки жагымды абайлап карай берип, эмнегедир оор улутунуп алдым. Андан соң жолукканыма өкүнгөндөй, жашаган үйүм тарапка кадам шилтедим. Эми бүгүнкү жолугушууну көңүлүмө тартпай, Бектемирдин кызынын төрөлгөн күнүнө келинчегим экөөбүз кайсы белекти алаарды ойлоп бараттым.
* * *
Арадан алты чамалаган убакыт өтсө да, мен Гүлмайрамдын бир курдай Атажуртуна кайрылып келип Бектемирге, же өзүмө сөзсүз жолугаарына, болбоду дегенде телефон чалаарына дилимден терең ишенчүмүн. Мезгилдин кайсы айлары, сутканын кайсы сааты, мүнөтү болбосун, анын бөлөктөрдүкүнөн айырмаланган шыңгыр үнүн, айтчы сөзүн, берүүчү суроолорун тез-тез айтуусунан улам келип чыккан өзгөчөлүгүнөн дайыма, качан болбосун жазбай дароо таанымакмын.

К. Догдурбеков